Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Борбор Азиялык гендердик контекст: Өкмөттөр жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар

2022-06-01 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Борбор Азиялык гендердик контекст: Өкмөттөр жана жергиликтүү башкаруу органдарына сунуштар

Уландысы. Башы 2022-жылдын №4 санында.

Серепчи-серептин автору: Надежда ДОБРЕЦОВА, “Өнүктүрүү саясат институту” КБ башкаруу төрайымы. Гендердик экспертизаны жүргүзгөн адис: Кайыргул САДЫБАКАСОВА. Талкуунун өлкөлүк фасилитаторлору жана рецензенттери: Махаббат ЕСПЕНОВА (Казакстан); Чолпон АКМАТОВА, Асель ДУНГАНАЕВА, Салтанат СУЛАЙМАНБЕКОВА (Кыргызстан); Рано ДЖУМАЕВА, Азиза ХОШИМОВА, Фарогат МУМИДЖОНОВА (Тажикстан); Дилдора АМИРКУЛОВА (Өзбекстан).

“Гендердик контекст” түшүнүгү

“Гендердик контекст” түшүнүгү илимдин бир багыты болуп саналат. Энтогендердик изилдөөлөрдүн өзөгүндө дисциплиналар аралык мамиле жатат, бул мамиле гендердик-ролдук жүрүм-турум маселеси менен түздөн-түз же кыйыр түрдө алектенген социология, тарых, психология, демография, искусство таануу, лингвистика чөйрөсүндөгү билимдерди бириктирет.

Этногендердик изилдөөлөрдүн максаты “дүйнөдөгү гендердик мамилелердин ар кандай формаларынын реалдуу көп түрдүүлүгүн жана маданий жетиштүүлүгүн, бир катар чөлкөмдүк факторлордун (климаттык, ландшафттык, экономикалык, генетикалык, саясий ж.б.) таасири астында алардын пайда болушунун жана өнүгүшүнүн объективдүү шарттуулугун көрсөтүү (жана далилдөө)1. Этногендердик изилдөөлөр башында эркек менен аялдын жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн салыштырып изилдөөгө, ошондой эле биологиялык детерминизм түшүнүгүнө (социомаданий процесстерде “эркек” менен “аялдын” бинардык карама-каршылыгынын талашсыздыгы) багытталган. Бул белгилүү бир мааниде гендердин социалдык түзүлүшүнүн концепцияларына альтернатива болуп бериши керек эле, ал биологиялык жынысты табигый берилген нерсе катары түшүнүүнү жокко чыгарууга негизделген, ал эркектер менен аялдардын ортосундагы туруктуу жүрүм-турумдук, психологиялык, маданий жана башка айырмачылыктардын булагы болуп саналат2. Андан кийин этногендердик изилдөөлөр биологиялык дихотомиянын жана социалдык түзүлүштүн симбиотикалык түшүнүгүнө айланган.

Этногендердик изилдөөлөр ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлөт. Мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн аймагында бул жаатта Орусия Илимдер академиясынын Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институту (ОИА ЭАИ) лидер болуп саналат. Бул институтта 1990-жылдардын башында этногендерди изилдөө сектору (ЭГИС) түзүлгөн. Изилдөөлөр Казакстандын Гуманитардык-юридикалык инновациялык университетинде, Emporia State College of Liberal Arts & Sciences (Канзас, АКШ) университетинде, Мексикада жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлүп келатат. Айрыкча казакстандык изилдөөчүлөр этногендердин мамлекеттин улуттук коопсуздугуна тийгизген таасирин далилдеп3, түрдүү өлкөлөрдө этногендердин өнүгүшүнүн, ал жерде мамлекеттик башкаруунун өзгөчө саясий маданиятынын калыптанышынын көйгөйлүү маселелерин жана айрым тарыхый өңүттөрүн аныктап чыгышкан.

Этногендердик изилдөөлөргө болгон мамиле изилдөөчүлөрдүн гендердин негизги түшүнүктөрдү канчалык бекем карманганына жараша айырмаланып турат. Бирок бардык изилдөөчүлөрдүн жалпы тыянагы мындай: ар кандай саясий жана маданий чөйрөдө калыптанып калган этногендердик типтерди этибарга албай коюу чоң ката болот. Мисалы, Түндүк Кавказ өлкөлөрүндөгү этногендердик изилдөөлөр баалуулуктардын трансформациясын жана алардын жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасирин аныктоого мүмкүндүк берди: “Эгерде мурда адат системасы (тоодо жашаган элдин мыйзамдар жыйнагы) чоң таасирге ээ болуп келсе, азыр мыйзамдардын шариат жыйнагынын ролу жогорулап жатат. … Коомдо Орусия Федерациясында конституциялык жактан бекитилген Түндүк Кавказдагы жыныстардын тең укуктуулугу башка мазмунга толгон деген түшүнүк бар”4. Этногендердик изилдөөлөрдүн негизинде алардын авторлору айыл жамааттары менен иштөөнүн жаңы ыкмаларын түзүүнү сунуш кылышат: “Элеттик аялдарды өзүнчө максаттуу топ катары кароо керек. ... Ошол эле учурда айрым региондордо жашаган калктын топторунун ар түрдүүлүгүн, алардын жашоо шарттарын эске алуу зарыл. Аймактарда түзүлгөн, аялдар менен көп иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташыш керек. Коомдо гендердик аң-сезимди калыптандырууга салым кошуп, социалдык жана гуманитардык илимдерге гендердик мамилени жайылтуу, илимий жана эксперттик долбоорлордо гендердик методологияны колдонуу тажрыйбасын топтоо, гендердик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн билим берүү системасында гендердик окуу программаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарыл5.

“Борбор Азиянын көпчүлүк аймактарында калк гендердик теорияга караганда аялдардын көйгөйлөрүн жакшы билет. Эркектердин бул маселе боюнча ой жүгүртүүсү аялдардыкынан айырмаланат. Башкача айтканда, “чыгыштын” эркектеринин гендердик маселелерге мамилеси жана негизи эле эркектин аялга аны менен бир социалдык даражага ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө даярдыгы тууралуу суроолор салттуу бойдон калууда. Салт боюнча, аялдар менен эркектердин социалдык абалынын айырмасын, алардын укуктарынын теңсиздигин көптөр биологиялык себептер менен түшүндүрүүгө умтулушат. Бирок тарыхый, этнографиялык жана маданий фактыларга жасалган талдоо көрсөткөндөй, аялдар менен эркектердин ролдорун карама-каршы коюуда социалдык себептер, башкача айтканда, өнүгүү процессинде коом жараткан (курган) ченемдер жана салттар андан кем эмес мааниге ээ... Диндин негиздери, кылымдардан бери калыптанып келаткан каада-салттары жана жашоо образы ... адегенде ал жерде жашаган аялдарга карата гендердик теңсиздик болот деп болжойт. Бул көйгөйлөр адамдардын финансылык туруктуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеген экономикалык кыйынчылыктардан улам тереңдеп отуруп, ал тургай үй-бүлө ичинде аялдардын өз каражатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн чектейт”6.

Этногендердик факторлорду эсепке албай туруп, гендердик теңчилик жаатында кандайдыр бир олуттуу жылыштарга жетишүү мүмкүн эмес. Бул изилдөөнүн маалыматтары өзгөчө Борбор Азия өлкөлөрү үчүн актуалдуу болуп калды, алар биринчи кезекте аялдарга таасир этүүчү үч кошумча факторлор: билим берүүнүн сапатынын жана жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү, жакырчылык, демография, исламдын маанисинин артышы жана ислам жарандык коомунун таасиринин күчөшү. Чөлкөм борбор азиялык гендердик контекстинин спецификалык өзгөчөлүктөрүн али талаптагыдай баамдай элек жана ушул сереп бул багытта кадам таштап жатат.

Борбор азиялык гендердик контекст: спецификалык белгилери

Адам укуктары жана жынысына карабастан алардын тең укуктуулугу БУУ тарабынан аныкталган глобалдык баалуулуктар системасынын чордонунда турат. Укуктарды туюндуруу жана аныктоо процесси ар кандай регионалдык контексттин, ар кандай спецификалык белгилердин жана мүнөздөмөлөрдүн “тазаланышы” менен коштолуп турган. Укуктар чындап эле универсалдуу болуп, планетанын ар бир жашоочусу колдоно ала тургандай формулировкаланган, бул укуктарды идеалдуу кырдаалда каалаган мамлекет өркүндөтүп, толуктай алат. Дал ушул нерсе баалуулуктар системасынын күчтүү жагы болуп саналат. Бирок ошол эле учурда бул анын чабал жагы, себеби өнүгүү контекстинде өтө чоң айырмачылыктарга ээ болгон жамааттар универсалдуу баалуулуктарды бирдей жана тең деңгээлде сиңире алышпайт, аларды дайыма эле кошумча күч-аракетсиз эле өз контексттерине интеграциялап кете алышпайт. Баалуулуктарды киргизүүгө колдоо көрсөтүү чаралары көбүнчө бирдиктүү мамилелерге жана регионалдык контексттерге чабал ыңгайлашкан чечимдерге негизделгендигине байланыштуу сиңирүү жөндөмдүүлүгү да азаят. Бардык адаптация көбүнчө лингвистикалык жана шарттуу-маданий тышкы көрүнүштөргө байланат, ал эми терең психологиялык, тарыхый, диний жана башка процесстер эсепке алынбай калат. Мунун далили – борбор азиялык гендердик контекстти калыптандырууга, баалуулуктардын жана алардын иерархиялар системасынын аймактык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен гендердик теңчиликке жетүүдө ар кандай иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк бере турган, мисалы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактарында кандайдыр бир этногендердик изилдөөлөр жок. Талкуу семинары борбор азиялык гендердик контексттин айрым спецификалык белгилерин аныктоого мүмкүндүк берди.

Уландысы бар

_______________ 

1 Шалыгина Н. В., Снежкова И. А. Становление и перспективы развития этногендерных исследований в России // Власть. 2019. Том 27. № 4. С. 170-174. DOI: https://doi.org/10.31171/vlast.v27i4.6625.

2 Шевченко, З. В. (Уклад.). (2016). Словник ґендерних термінів. Черкаси: видавець Чабаненко Ю. Відновлено з http://a-z-gender.net/teoriya-socialnogo-konstruirovaniya-gendera.html

3 Gulmira URANKHAEVA, Gulnar BAYPEISOVA, Samat SMOILOV, Aliya TOLYSBAEVA, Aizat MUKATAEVA, Assiya KENZHEBULATOVA. Some Aspects of Ethno-Gender Realization: Historical-Political Analysis, Astra Salvensis, VI (2018), no. 12, p. 83-92.

4 Хараева Л.Ф., Кучукова З.А. Гендер и этногендер. – Нальчик: Издательская типография «Принт Центр», 2018.

5 Ошол эле жерде.

6 Суу ресурстарын комплекстүү башкаруунун гендердик өңүттөрү. Республикалардагы репрезентативдүү кожолуктарды изилдөө тууралуу баяндама: Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан. Ташкент, 2005-жыл.

 

Окшош материалы: