Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, борбор калаа?
“Бишкек-2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар” – Шаарды өнүктүрүү программасы
Авторлор: Курманбек МОЛДОКУЛОВ, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору; Камила ТЫНАЛИЕВА, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин мониторинг бөлүмүнүн башчысы.
Бардык эле өлкөлөрдүн ар бир шаары интеллектуалдык иштин, сооданын, маданияттын, илимдин, жемиштүү эмгектин жана социалдык өнүгүүнүн борбору болуп саналат. Дал ушул шаарларда адамдын экономикалык жана социалдык эволюциясы жүрөт. Бирок планетанын урбанизациясы күчөгөн сайын бир катар көйгөйлөр пайда болууда, аларга калктын жыштыгы, социалдык теңсиздик, жакырчылык, инфраструктуранын эскириши, ошондой эле энергоресурстардын сарамжалсыз чыгымдалышы жана катуу тиричилик калдыктарынын топтолушу кирет. Ушул көйгөйлөрдүн бардыгын эске алганда, ар бир мамлекетте шаарды өнүктүрүүнү пландоо адамдардын жашоо сапатына тикелей таасирин тийгизээри талашсыз.
Биз бардык жарандар үчүн каалаган туруктуу келечек калктын бардык катмарлары үчүн каралган шаарлардын инфраструктурасын, адекваттуу энергия менен камсыздоону, натыйжалуу транспорт системасын жана урбанизациянын башка көптөгөн өңүттөрүн камтыйт. Ошол эле учурда адамдык, социалдык жана экономикалык жоготууларга жол бербөө үчүн шаарлардын туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында “Борбордун статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл борбор шаар” аттуу Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын иштеп чыккан. Аталган программа шаарды өнүктүрүүнүн коом менен макулдашылган концепциясы болуп саналат. Программа шаардыктардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү кыймылынын негизги багыттарын аныктайт.
Иштелип чыккан Программа ресурстук потенциалды эске алуу менен тең салмакталган, Бишкек шаарын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн планы болуп саналат.
Борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү орто мөөнөттүү мезгилде Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жалпы максаты болуп саналат.
Өнүгүү жана турмуш-тиричилик процессинде Бишкек шаары ар кандай сыноолорго дуушар болууда, мисалы:
- билим берүү жана саламаттыкты сактоо түрүндөгү негизги байгерчиликтердин тартыштыгы менен коштолгон калктын көбөйүшү;
- транспорттордун тыгыны жана жол коопсуздугу менен коштолгон жол инфраструктурасына күч келиши;
- адаттан тыш аба ырайы, коммуналдык системалар ага ыкчам жооп кайтарууга жана кеспеттерин жоюуга даяр эмес;
- экологиялык өзгөрүүлөр, алар жылытуу системаларын пайдаланууда техникалык ченемдердин сакталбагандыгы жана транспорт каражаттарын пайдаланууда, аймакты көрктөндүрүүдө калктын кайсы бир бөлүгүнүн баамдабай жатканы менен шартталган.
Бул факторлор шаарды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы үчүн алкактарды түзүүдө, алар төмөнкү багыттар менен белгиленет:
- Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо;
- Жагымдуу шаардык чөйрө;
- Заманбап шаардык инфраструктура;
- Көрүнүктүү архитектуралык-көркөм көрүнүш;
- Экономикалык өсүш жана жергиликтүү бюджетти бекемдөө;
- Натыйжалуу шаардык башкаруу.
Табигый өсүштүн жана аймактардан миграциянын эсебинен Бишкек шаарынын калкынын санынын көбөйүшү шаардык курулуштардын жыштыгына алып келди. Бирок бул өсүш дайыма эле саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт тармагында СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу менен коштолбойт.
Алсак, муниципалитеттин саламаттык сактоо системасында материалдык-техникалык базанын чабал болгону көйгөйлүү маселе.
Программаны ишке ашыруунун алкагында жыл сайын тез жардам машиналарынын санын көбөйтүү жана шаардын жаңы конуштарында үй-бүлөлүк медицина борборлорун куруу пландаштырылууда.
Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер менен жетишсиз камсыздоо билим берүү тутумундагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Алсак, мектептерди иш жүзүндө комплекттөө долбоордук кубаттуулуктан 2,2 эсе, бала бакчалар боюнча 1,5 эсе көп.
Программаны ишке ашыруунун алкагында жаңы мектептерди жана иштеп жаткан мектептерге кошумча корпустарды, жаңы бала бакчаларды куруу пландалууда. Мындан тышкары, муниципалитет эки жаңы балдар искусство мектебинин курулушун пландаштырып жатат.
Социалдык чөйрөдө жарандардын муктаж категорияларын социалдык колдоонун бардык түрлөрү менен толук камтуу маселеси курч турат.
Программаны ишке ашыруунун алкагында социалдык жардамды тариздөөнүн жана алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн “Бирдиктүү терезе” программалык продуктусун киргизүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары, оор турмуштук кырдаалда калган шаардыктарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга даректүү жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылат.
ЖАГЫМДУУ ШААРДЫК ЧӨЙРӨ багытында негизги көңүл экология жана коомдук коопсуздук маселелерине бурулат. Бүгүнкү күндө шаарды санитардык тазалоо жана жашылдандыруу калктын санынын өсүшүнө, инфраструктуралык жана турак жай объектилеринин санына толук шайкеш келбей жатат.
Программаны ишке ашыруунун алкагында санитардык тазалоо аймагынын масштабын 20 пайыздан ашык көбөйтүү пландаштырылууда. Ошондой эле ирригациялык тармактарды өнүктүрүү жана бак-дарактардын санын көбөйтүү, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу маселелерин чечүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Жашылдандыруу жаатында, Программаны ишке ашыруунун алкагында 60 миңге жакын бак-даракты отургузуу пландалууда. Жыл сайын 10 километрден кем эмес ирригациялык тармактар реконструкцияланып, атайын техника сатылып алынат.
Шаардык аймактарды видеобайкоо жана жарыктандыруу менен камтуу дагы бир негизги өңүтү болуп саналат. Учурда шаардын 75 пайызга жакын аймагы жарыктандырылган, ошол эле маалда видеобайкоо борбордук көчөлөрдө жана жалпы билим берүү уюмдарында гана орнотулган. Мэрия энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуп, башкаруунун автоматташтырылган системасын киргизүү менен шаарды жарыктандыруунун масштабын кеңейтет, видеобайкоо системаларын орнотуу иштерин уланта берет.
ИНФРАСТРУКТУРА бөлүгүн алып караганда, төмөнкүлөрдү белгилей кетүү зарыл: шаар жолдорунун жалпы узундугу 1 375 км, анын ичинен жарымына гана асфальт төшөлгөн (723 км). Мындан тышкары, өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү жана коопсуздук жагынан алып караганда жол инфраструктурасынын (светофорлор, өтмөктөр, жол белгилери, унаа токтотуучу жайлар) жакшы өнүкпөгөнү дагы бир көйгөй болуп саналат.
Мэрия биринчи кезекте жаңы вело жолчо тармактарын куруу жана өнүктүрүү, шаардын жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүн жана тротуардык тармактарын калыбына келтирүү боюнча иштерди күчөтөт. Иштер заманбап ыкмаларды, көрктөндүрүүнүн тийиштүү элементтерин куруу менен жүргүзүлөт.
Коомдук транспорт жаатында шаардын калкын коомдук транспорт менен камсыз кылуунун деңгээли төмөн болгонун жана алар абдан эскиргендигин белгилей кетүү керек. Программаны ишке ашыруунун алкагында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен газ менен жүрүүчү 250 автобусту жана 120дай чоң электр автобустарын сатып алуу каралууда. Мындан тышкары, кошумча каражаттарды табуунун эсебинен 500 автобус сатып алуу планда бар.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жагында шаардын алдында системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу милдети турат. Шаарда суу түтүк-канализациялык чарба объекттеринин негизги фонддору абдан эскиргени белгилүү. Программаны ишке ашыруунун алкагында иштеп жаткан суу түтүк жана канализация тармактарын реконструкциялоо, ошондой эле канализация коллекторун куруу пландаштырылууда.
Шаардын АРХИТЕКТУРА ЖАНА ШААР КУРУУ багытын алып карасак, шаардын аймактарында тутумга салынбаган жана башаламан курулуштар уланып жатат, бул шаардын бирдиктүү архитектуралык-көркөм образын так уюштуруунун жоктугуна алып келүүдө. Бул маселелер биринчи кезекте шаардын Башкы планынын жана борбордун образынын концепциясынын жоктугу менен шартталган.
Программаны ишке ашыруунун алкагында 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу каралууда, анда деталдуу пландаштыруу долбоору, жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери камтылмакчы.
Мындан тышкары, башаламан сырткы жарнакты тартипке келтирүү үчүн борбордун эстетикалык көрүнүшүн калыптандырууга багытталган шаардын бирдиктүү дизайн коду иштелип чыгат.
Программанын башка негизги багыты ЭКОНОМИКА маселелери болуп саналат. Бишкек республиканын ИДПсынын 40 пайызга жакынын жана бардык салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн 46 пайызга жакынын камсыз кылат, өлкөнүн калкынын 20 пайызга чейинкисин иш менен камсыздайт. Бул маалыматтар борбор калаа – өлкөнүн экономикасынын негизги компоненти экенин көрсөтүп турат.
Муниципалитеттин иш-чаралар саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугу анын финансылык камсыздоосунан көз каранды болгонун эске алуу менен, шаар үчүн жергиликтүү бюджетти көбөйтүү маселеси актуалдуу болуп саналат. Бюджетти чыңдоонун артыкчылыктуу булактары төмөнкүлөр болот: муниципалитеттин активдерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу.
Муниципалитеттин активдерди башкаруу боюнча ишмердүүлүгү аз натыйжалуу болуп эсептелет, ал мүлктү ижаралоо же берүү процессинин абдан катуу регламенттөөнү, ошондой эле бул иштерди санариптик форматка өткөрүүнү талап кылат. Процесстерди автоматташтыруу жана аларды онлайн форматка өткөрүү бизнеске тандоонун, катышуунун жана чечим кабыл алуунун ачык-айкындуулугу жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында активдерди башкаруудан түшкөн кирешелерди учурдагы 1,0 млрд сомдон 5,0 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда.
Мындан тышкары, муниципалитеттин жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү боюнча саясаты реалдуу керектөөнү, натыйжалуулукту жана максатка ылайыктуулукту эске алуу менен иштелип чыгат. Ошондой эле муниципалдык бюджеттин чыгымдарына комплекстүү талдоо жүргүзүлөт жана чыгымдарды оптималдаштыруу боюнча бирдиктүү механизм киргизилет.
ШААРДЫ БАШКАРУУ өнүгүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Жалпысынан шаарды башкаруу тутумунда 1051 адам иштейт. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын алдында кеңешүүчү-консультациялык аянтчалар – Ишкер чөйрөнү өнүктүрүү боюнча кеңеш, Экологиялык Ккеңеш жана башкалар иштейт.
Муниципалитеттин башкаруу системасын оптималдаштыруу жана процесстерди регламенттөө шаарды башкарууну өнүктүрүүнүн актуалдуу фактору болуп саналат. Табигый жана миграциялык процесстин жүрүшүндө шаардын саны өсүү тенденциясына ээ. Муну менен катар жаңы чакырыктар пайда болуп, муниципалитет үчүн жаңы милдеттер жана функциялар пайда болууда. Бул процесстер заманбап чакырыктарга жана талаптарга шайкештигин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле процесстерди регламенттөөнүн масштабын баалоо боюнча иштерди талап кылат.
Азыркы учурда мындай талаптардын арасында төмөнкүлөрдү белгилей кетүү зарыл: муниципалдык башкарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо зарылчылыгы, башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жана шаардыктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине болгон ишенимин жогорулатуу.
Иш процесстерин санариптештирүү жана муниципалитет менен “Түндүк” маалыматтык системасынын толук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чаралар улантылат.
Мындай чараларды ишке ашыруунун натыйжасында шаарды башкаруунун кыйла натыйжалуу жана мобилдүү системасы түзүлүп, калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр өз убагында жана сапаттуу жеткирилет деп күтүлүүдө, бул өз кезегинде ишенимдин деңгээлин жогорулатат.
Чукул чаралар
Программаны ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы өз иш-аракетин биринчи кезектеги тартипте төмөндөгү милдеттерге багыттайт:
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү;
- жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу;
- муниципалдык башкарууну жакшыртуу;
- COVID-19 жайылышы жана кесепеттери менен күрөшүү;
- шаардын экосистемасы;
- коммуникациялык тармактар;
- коомдук транспорт;
- автотоктотмо жана авто коюу жайларын уюштуруу;
- тротуарлар жана вело жолчолор;
- лифт чарбасы.
“Бишкек – 2026. Жашыл жана көрктөндүрүлгөн борбор шаар” өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүү шаардык бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын, бизнес жана шаардык коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын биригүүсүн жана макулдашылган күч-аракеттерин талап кылат.
Өнүктүрүү прогарммасын ишке ашырууга жалпы жетекчиликти шаардын мэри жүзөгө ашырат, ал эми ишке ашыруу - мэрия тарабынан иш-чаралар планын иштеп чыгуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн план алардын мөөнөттөрүн, аткаруучуларды, каржылоо көлөмүн жана алардын булактарын аныктоо менен, программанын белгиленген максаттарына жетүү жана анын артыкчылыктуу багыттары боюнча милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон конкреттүү чаралардын жана иш-аракеттердин жыйындысын камтыйт. Ал мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык райондук администрациялардын учурдагы (жылдык) иш планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот. Программаны ишке ашыруу үчүн заманбап куралдар жана технологиялар, долбоордук жана программалык ыкмалар, натыйжаларга жетишүүгө багыт алуу жана башкалар кеңири колдонулат.
Программаны каржылоо булактарын жергиликтүү бюджет, муниципалдык ишканалардын өздүк каражаттары, бюджеттен тышкаркы булактар (өнөктөштөрдүн каражаттары, эл аралык гранттар жана кредиттер) түзөт.
Иштелип чыккан Шаарды өнүктүрүү программасы шаарды өнүктүрүүнүн башкаруу тутумун түзүү үчүн негизди түзөт жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук администрациялардын учурдагы иш-аракетин стратегиялык максаттарга жетүү жана шаарды өнүктүрүү боюнча жаңы милдеттерди чечүү үчүн багыттоо зарылчылыгын аныктайт.
“Жашыл шаар”
Планетанын жаратылыш ресурстарын жырткычтык менен колдонууга негизделген жана калкты ашыкча керектөөгө түрткү берген мамлекеттердин өнүгүүсүнүн эскирген экономикалык модели натыйжасыз иштеп жатат. Мурда экономикалык өнүгүү физикалык жана адамдык капиталдын тез топтолушуна алып келиши мүмкүн эле, бирок мунун баары табигый капиталдын ашыкча түгөнүшүнүн жана деградациясынын эсебинен жетишилген. Чектелген жер мейкиндигинде адамдын таасир чөйрөсүн чексиз кеңейте берүү, жер ресурстары чектелүү болгон шартта адамдардын улам көбөйүп жаткан муктаждыктарын канааттандырууну талап кылуу мүмкүн эмес. Жер бетиндеги бардык нерсе өз ара байланышта экенин түшүнүү керек.
Эгемендик алгандан кийинки жылдарда ири өнөр жай ишканаларынын, тоо-кен байытуу комбинаттарынын, зыяндуу заттардын абага ташталышы токтоп калгандыктан республикада экологиялык абал бир аз оңоло түшкөн. Бирок, буга карабастан, өлкөдө айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын эмиссиясынын жаңы булактарынын пайда болушунун натыйжасында аба булганып, суу ресурстарынын абалы начарлап, калдыктарды туура эмес башкаруу адамдардын ден соолугуна жана өлкөнүн калкынын 70 пайыздан ашыгы жашаган шаарларыбыздын жалпы экологиялык абалына терс таасирин тийгизип, бул багыттагы көйгөйлөрдү кайрадан күн тартибине алып чыкты. Акыркы жылдары жылуулук станцияларынан жана буу казандарынан чыккан уулуу заттар абага аралашып, бул көрүнүш күчөгөндөн күчөп баратат.
Жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга өтүүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен ЕРӨБ ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандумдун алкагында “Жашыл шаарлар” программасы ишке киргизилүүдө. Консультанттардын тобу “Экологиялык баштапкы маалыматтар жана Жашыл шаардын көйгөйлөрүн артыкчылыктуу маселеге айландыруу” аттуу Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу үчүн документтерди даярдоонун үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Бул документ шаардын инфраструктурасын түзүү жана туруктуу өнүктүрүү үчүн терең талдоо жүргүзүүнүн келечектүү багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге, жашыл экономикада иш менен камсыз кылуунун жана калктын кирешелеринин өсүшү мамлекеттик гана эмес, жеке инвестициялар менен да камсыздалаарын белгилей кетүү зарыл. Бул инвестициялар ресурстарды жана энергияны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мындай инвестицияларды “жашыл” инвестицияларды тартуунун жаңы дем берүүчү механизмдерин жана финансылык жөнгө салуу жаатындагы максаттуу реформаларды киргизүүнүн жардамы менен колдоо зарыл. Өлкөгө “жашыл” экономиканын принциптерине шайкеш келген жогорку технологиялары бар инвестицияларды тартуу үчүн күч-аракеттерди жумшоо маанилүү.
Ошондуктан “жашыл” экономикага толук өтүү өтө маанилүү маселе, себеби Кыргыз Республикасы гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү мөңгүлөрдүн эришинин жана жер ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун кесепеттерин жакында сезе баштайт.
Залкар жазуучу Чыңгыз АЙТМАТОВ өз замандаштарын мындай сөздөр менен эскерткен: “Жаратылыш биз үчүн укуксуз жана үн-сөзсүз кул, бирок эртеби же кечпи ал кул башын көтөрөт, андыктан ал өз өлүмү аркылуу баш көтөргөндүктөн биз, жаратылыш булгоочулары, өлүккө айланган жер үстү менен көк асмандын ортосунда тентийбиз, бирок анда кеч болуп калат...”. Азыркы кыргызстандык жаш муундун ыйык парзы – акылман аксакалдын кайрылуусуна кулак төшөп жана Жаратылыш-энебизге анын үстүндө жашаган замандаштарга жана жаш муундарына айткан эскертүүсүнүн аткарылышына көңүл буруубуз зарыл.
Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн башкы максаты – бул шаарда туруктуу социалдык-экономикалык өсүүгө жетишүү. Ошондой болгондо гана азыркы муун кийинки урпактар үчүн таза, жашыл, өнүгүп-өскөн борбор калааны калтыра алат!
***
Программа шаарды жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн көрүнүшү болуп саналат жана Бишкек шаарынын мэриясы аны натыйжалуу ишке ашырып, белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшамакчы. Келечектеги чындап өнүккөн шаарларды квалификациялуу командалар башкарышы керек, алардын ар бир мүчөсү шаардык кызматтардын ишин жакшыртат. Бирок көп нерсе шаардыктардын өзүнөн көз каранды, себеби шаарлар жөн гана имараттар жана интеллектуалдык тармактар эмес, бул – жакшы жашоо тууралуу кыялдарын жүзөгө ашырууга умтулган адамдар.
Окшош материалы:
-
№6(31) / 2014-06-05 Ачык-айкын бюджет – жарандардын мэрияга жана борбор калаанын шаардык кеңешине ишенимдин кепилдиги
-
№10-11(11-12) / 2012-11-29 ЖЕТКИЛИКТҮҮ ШААР
-
№10-11(11-12) / 2012-11-29 ЖАҢЫ КОНУШТАР – ЖАРАНДЫК КООМДУН КҮЧҮН СЫНОО ТАЛААСЫ