Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ачык-айкын бюджет – жарандардын мэрияга жана борбор калаанын шаардык кеңешине ишенимдин кепилдиги

2014-06-05 / Абалың кандай, борбор калаа?
Ачык-айкын бюджет – жарандардын мэрияга жана борбор калаанын шаардык кеңешине ишенимдин кепилдиги

Жылдыз КЕРИМОВА, ӨСИ долбоорунун менеджери

Акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттин ачыктыгы маселесине КР Өкмөтү тарабынан да, жарандык коом тарабынан да көп көңүл бурула баштады. Мындай түрдөгү кызыгуу жарандык коом өлкөнү өнүктүрүүнүн түрдүү маселелерин ачык талкуулай баштаганына байланыштуу болууда. Ал эми өлкөнүн өнүгүүсү мамлекеттик бюджеттин абалына аздыр-көптүр байланган. Шаарлар жана айылдык аймактар деңгээлинде бюджеттик чөйрөдө олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу маселелеринде өз алдынчалуулугу жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүүнүн үлүшүн олуттуу жогорулатуунун, кирешелер курамына салыктардын жана жыйымдардын жаңы түрлөрүн киргизүүнүн эсебинен киреше потенциалын көбөйтүү менен бекемделип жатат. Каржылык ресурстардын көлөмүнүн өсүшү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттик процессти ишке ашыруу үчүн жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти талап кылат. Бул шарттарда бюджеттин айкындуулук маселеси жарандардын бюджеттик маселелерди талкуулоого активдүү катышуусунун маанилүү фактору болуп калат.

Акыркы убактарда көбүрөөк көңүл Бишкек жана Ош шаарларынын бюджетинин абалына бурулуп жатат. Бул биринчи кезекте ушул эки шаардын борбор калаа макамына, ал жактарда олуттуу каржылык ресурстардын топтолушуна байланыштуу. Бишкек жана Ош шаарларынын бюджеттери өлкөнүн жергиликтүү бюджеттеринин бардык кирешелеринин 50% ашыгын түзөт. Борбор шаарларда калкка калкка көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү өзгөчөлүү, инфраструктуранын объекттеринин олуттуу санына, калктын санынын ички миграциянын эсебинен өсүшүнө, мамлекеттик ыйгарым укуктарды олуттуу көлөмдө аткарууга байланыштуу бул шаарларга мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөр бар.  Бул шаарлардагы бюджеттик процесстердин татаалдыгына карабастан жарандык коом, жарандардын активдүү топтору бийликтен бюджеттин ачыктыгын жана шаарларды өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн талап кылып келишет.

Республикалык бюджеттин, элеттик жана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджети, Бишкек жана Ош шаарларынын бюджети ачыктык жагынан алып караганда жарандардын суроо-талаптарына толук өлчөмдө жооп бербейт. Бюджеттердин абалы тууралуу бар болгон маалымат эки шаардын тең бюджеттик процессинин натыйжалуулугун баалоо мүмкүнчүлүгүн бербейт.

Шаардыктар үчүн ачык саясат жүргүзүүнүн маанисин түшүнүү менен мэриянын жана шаардык кеңештердин атынан Бишкек менен Оштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Бишкек жана Ош шаарларында бюджеттик процесстин айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу” Долбоорун ишке ашыруу боюнча Өнүктүрүү саясат институтунун демилгесин колдоого алышты. Долбоорго каржылык колдоону Британиянын Эл аралык кызматташтык боюнча министрлиги көрсөттү.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жашоочуларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө, түрдүү максаттуу топторду камтый ала турган, муну менен карапайым тургундарга шаардык бюджеттерде каражаттардын бөлүштүрүлүшүн түшүндүрүп жана көрсөтүү менен инфографика жана китепчелер түрүндө шаардык бюджеттерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу пландалууда. Жарандык бюджетти иштеп чыгуу практикасы Кыргыз Республикасында жайыла баштады жана өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Бишкек шаарында коомдук угууларды өткөрүү боюнча калыптанып калган практика бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча жаңы жобонун эсебинен өркүндөтүлөт жана колдоого алынат. Анда мындай түрдөгү иш-чарага даярдык көрүү боюнча кадамдар көрсөтүлөт. Жаңыча мамилелер шаардыктардын бюджетти талкуулоого чындап катышуусун камсыздоого жол берет.

Ошондой эле шаардыктар тарабынан жергиликтүү аймактык башкармалыктардын ишин баалоо усулун иштеп чыгуу жана сыноо да пландалууда. Мындай түрдөгү программа жарандар тарабынан бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугун баалоо үчүн алга шилтенген кадам болуп эсептелет. Мөөнөттөрдүн чектелүү болгонуна карабастан жогоруда санап берген иштерди 2014-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө соңуна чыгаруу пландалууда.

Долбоор Бишкек жана Ош шаарларындагы бюджеттик процессти ММКда чагылдыруу боюнча көп иштерди аткарып жатат. Шаардык бюджеттердин абалы тууралуу пресс-сессиялар өттү. Алардын максаты – экономиканын жана бюджеттин татаал маселелерин кесипкөй деңгээлде чагылдыра алышы үчүн журналисттердин дараметин жогорулатуу.

Мисалы, Долбоор Бишкек шаарында саламаттык сактоо чөйрөсүн каржылоо системасын өзгөртүү боюнча маалымат өнөктүгүн коштоп жүрөт. Ошондой эле шаарды өнүктүрүүнүн башка маселелери боюнча жана бюджеттик процесстерге байланыштуу да маалыматтык коштоо пландалууда.

Бишкек жана Ош шаарларында бюджеттик процессти толук жана кызыктуу чагылдыруу үчүн ММК жана авторлор арасында байге фонду 5000 долларды түзгөн “Шаар бюджети – менин бюджетим” темасына сынак жарыяланды. Бул сынак аталган темаларга ММКнын кызыгуусуна дем берүү, тең салмактуу, жогорку кесипкөй деңгээлде материалдарды даярдоо үчүн журналисттерди шыктандыруу максатын көздөйт.

 Бардык иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин Бишкек жана Оштун шаардык кеңештерине 2015-жылга бюджеттик процесстин айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздоо боюнча планды иштеп чыгуу жана кабыл алуу сунушталат. Бул болсо жогоруда аталган демилгелердин туруктуулугун камсыздоого жол берет.