Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖЕТКИЛИКТҮҮ ШААР

2012-11-29 / ЖАШООҢ КАНДАЙ, БИШКЕК?

“Жеткиликтүү шаар үчүн” же “Тоскоолдуксуз шаар үчүн” акциясын адегенде шаар мэриясынын алдында өткөрүү пландалган.

 

2012-жылдын 25-октябрында өткөн акция аны ишке ашырганга чейин бир топ убакыт мурда пландаштырылып, калаада калктын социалдык жактан аярлуу катмары үчүн жеткиликтүүлүк көйгөйүнө шаар бийлигинин, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөн.
 
“Жеткиликтүү шаар үчүн” же “Тоскоолдуксуз шаар үчүн” акциясын адегенде шаар мэриясынын алдында өткөрүү пландалган. Анткени Түйүн бийликти алдын ала маалымдап, атүгүл мэр менен жолугушуу уюштурулган. Мэр тынч иш-чарага “эч ким жана эч нерсе” тоскоол болбошу үчүн жолдун бир бөлүгүн бошотууга убада берген. Анткен менен таң калычтуусу – эртең менен мэриянын алдында бир топ транспорттук каражаттар, атүгүл таштанды тазалоочу машинелер турган экен. Эмнегедир тартип коргоо кызматкерлери да көп болду.
 
Республикада 140 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт жана алардын саны өсүүдө. Ошону менен катар шаарда өз алдынча жүрүү, коомдук транспортту колдонуу, административдик имараттарга кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандардын да саны көбөйүүдө. Тилекке каршы майыптар катышкан жол кырсыктары да көп болууда. Мунун баары Бишкек шаарында керектүү объектке чейин эч коркпостон жана тобокел салбастан жетүүгө мүмкүнчүлүк берген инфраструктуранын жакшы, коопсуз дизайны болбогонунан кабар берет. Коляскасында кармагыч-түрткүчү болбогон адамдар, азиздер жана начар көргөндөр “Ай краторун” элестеткен жолду кесип өткөндө, үнү чыкпаган светофордон өткөндө, транспорттун номурун сураганда, дарыкана же дүкөнгө кирүү үчүн башкалардан жардам сурап кайрылганда чоң кыйынчылыктарга дуушар болушат. Тилекке каршы ойдогудай инфраструктуранын жоктугу майыптыгы бар адамдардын гана эмес, кары адамдардын, балдарын коляскага сүйрөгөн аялдардын, велосипед айдаган балдардын, атүгүл жөнөкөй адамдардын да көкөйүнө тийди.
 
Акциянын негизги бөлүктөрүнүн бири – Бишкек шаарынын мэриясы үчүн садага чогултуу болду. Бул үчүн чакан кутуча орнотулуп, ага каалоочулар 1 сомдон таштай алмак. Муну менен биздин талаптарыбызды аткара албай жатканын адаттагыдай эле каржынын жоктугу менен түшүндүрүп келаткан калаа бюджетине жардам берүү үчүн шаардыктар өз каражаты менен бөлүшүүгө да даяр экенин көрсөткүбүз келди. Натыйжада символикалык жыйымдан кийин бир топ эле тыйын-тыпыр чогулуп, аны мэрдин өзүнө тапшырдык. Ал атүгүл “эмне мынча аз?” деп да сурады.
 
Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыгы боюнча көптөгөн коомдук уюмдар (Түйүндүн коллегиясына кирген) интернеттеги өз баракчаларында маалымат жайгаштырып, басма каражаттарында бир катар макалалар жарыяланып, республиканын бардык негизги телеканалдарында ал жаңылык катары чагылдырылды.
 
Биз катышуучуларга жана шаардыктарга мэрге суроо узатуу мүмкүнчүлүгүн бердик. Мисалы, шаардын Башкы планы качан берилет, же тротуарлар деги качан оңдолот өңдүү суроолор болду. Мэр болсо “силер абдан жакшы ырдайт экенсиңер” өңдүү орунсуз тамашалар менен кутулуп жатты. Мэр бул акцияны шаардык кеңешке шайлоого даярданып жаткан бир адам уюштуруп, ага майыптардын тиешеси жок деген пикирин билдирди. Анткен менен мэрге “мен мындай акцияларга катышууга милдеттүү эмесмин” деп айтканына карабастан акцияда болгону үчүн ыраазычылык билдиребиз. Акыйкаттык үчүн белгилеп коюшум керек, мэр майыптыгы бар адамдар жеңил эмес абалда калып жатканын, мэрия алардын алдында карыз болгонун белгиледи.
 
Жакында Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо боюнча түйүн шаардыктар чогултуп берген акчаны мэрия эмнеге сарптаганы тууралуу отчет сурап, кайрылуу жолдойт.