Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖАҢЫ КОНУШТАР – ЖАРАНДЫК КООМДУН КҮЧҮН СЫНОО ТАЛААСЫ

2012-11-29 / ЖАШООҢ КАНДАЙ, БИШКЕК?

Азыркы күндө борбор калаабыздын тегерегин туш тараптан курчап турган 50гө жакын жаңы конуш бар. Алардын ар биринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк чече албай келген социалдык көйгөйлөр күн өткөн сайын курч маселеге айланып барууда.

 

Азыркы күндө борбор калаабыздын тегерегин туш тараптан курчап турган 50гө жакын жаңы конуш бар. Алардын ар биринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк чече албай келген социалдык көйгөйлөр күн өткөн сайын курч маселеге айланып барууда, себеби аларды чечүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелген. ЖӨБ органдары азыркыга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү менен кандай кылып туура мамиле түзүү керек экендигин билбей келишет. Бул ресурс жаңы конуштарды жакшыртууда эки тарапка тең пайда алып келишинде жана бул багытта ийгиликтүү кызматташууну ишке ашырууда чечүүчү фактор боло алмак. Мисал катары жакында эле ишке ашкан “ЭрЭп” жаштар бирикмесинин демилгесин алсак болот. Ал демилге жаштардын өнүгүү Борборун ачуу аркылуу жаңы конуштарда жашаган жаштардын дараметин көтөрүүгө багытталган.
 
Долбоордун эң башында уюштуруучулар бир катар тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга туш болушту. Биринчиден, аталган 50 жаңы конуштун ичинен төртөөнүн гана башкаруу органдарынын өкүлдөрү өз аймагында жашаган жаштардын так санын биле тургандыгы анык болду. Андан соң Борборго деп табышталган имараттын эч кандай кагаздары жок болуп чыкты. Акыры Борбор үчүн атайын бөлмө табылганда, ал жерге телефон зымын алып келип, Интернет түйүнүнө кошулуу мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталды. Бирок ар түрдүү жолдор менен бирикменин жаш мүчөлөрү бул тоскоолдуктарды жеңип чыгып, борборду ачышты.
 
– Биз Калыс-Ордо жаңы конушунун аймагында жайгашкан №16 МАБ жетекчилиги менен өнөктөштүк мамиле түзүүгө жетиштик. Биздин долбоордун концепциясын ал жердеги адамдар кызыгуу жана колдоо менен кабыл алышты. Андан соң биз жаңы дем менен долбоор жана
анын алкагында аткарылуучу иш-чаралара тууралуу маалымат кагаздарын таратууну уланттык. Маалыматты жергиликтүү калк арасында таркатуу менен бирге биз аларды болочокто компьютердик класстар ачылса, ал жердин тургундарынын балдары заманбап билимге жетише ала тургандыктарын түшүндүрүп жаттык. Биз бийлик өкүлдөрү менен бат-бат жолугушуп, долбоор жүргүзүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдап турдук. Кызыкдар болгон төрт тарапты камтыган кызмытташтыкты сунуштадык: жергиликтүү бийлик, жергиликтүү коомчулук, “ЭрЭп” коомдук бирикмеси жана эл аралык уюмдар. Аталган төрт тарап өз аракеттерин бириктирбесе, коюлган максаттар аткарылбай тургандыгын жана өнүгүү мүмкүн эместигин айтып аларга жеткиргенге аракет жасадык, - деп эскерет “ЭрЭп” коомдук бирикмесинин лидери Мирзат Аджиев.
 
Жаштардын өнүгүү Борбору төрт багытта иш алып бармакчы: социалдык, экономикалык, маданий жана саясий. “Калыс-Ордо” жаштар борборунда жаңы конуштун ар бир тургуну компьютерде иштөөнү жана англис тилин үйрөнө алат. Окуунун жүрүшүндө жаштардын катышуусунда өткөрүлүүчү семинарлар жана “тегерек столдор” уюштурулат. Жаштар Боробрунун башкаруусунан улам аталган мекеме башкаруу жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү, өз демилгелерин сунуштоо жана аларды ишке ашыруу, клубдарга биригүү аркылуу тажрыйба жана кеңеш алмашуу, өз конушунун өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.