Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
“Ат-Башыдагы туризм – 2024” туристтик фестивалы
Айнура БАЛАКУНОВА, ӨСИнин консультанты; Бакай МОЛДОШЕВ, EGED программасынын ассистенти, ӨСИ
Ат-Башы району 2024-жылдын туристтик сезонунун жыйынтыктарын чыгарып жатат. Мында 2024-жылдын 5-ноябрында өткөн “Ат-Башыдагы туризм – 2024” туристтик фестивалы эстен чыккыс окуя болуп калды. Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары Ат-Башы районундагы туристтик тармакты өнүктүрүүгө көңүл бурдуруп, кызыгууну жаратуу фестивалдын негизги максаты болду. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана Координациялык кеңештин күч-аракети менен Ат-Башы району туризмди өнүктүрүүдө жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды. Координациялык кеңеш райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикасына ылайык, бийликтин, бизнестин жана коомдун ортосундагы диалогдун милдеттүү платформасы катары түзүлгөн. “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы (EGED программасы) Ат-Башы районунда пландоонун жана божомолдоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө көмөктөштү. Мындан тышкары, программа 2024-жылы башка пилоттук райондордо билимин жана тажрыйбасын жайылта баштады. Бул пилоттук райондордун өкүлдөрү Ат-Башыдагы фестивалдын өзгөчө меймандары болушту.
Фестиваль өз алдына төмөнкү милдеттерди койгон:
- жергиликтүү бизнеске жайында гана эмес, кыш мезгилинде да туристтердин агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
- Координациялык кеңештердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн райондордун ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү. Бул Кеңештер мамлекет кабыл алып, EGED программасы колдоп берген райондук деңгээлде социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикасынын натыйжасында киргизилип жатат;
- туристтик дестинациялардын, жергиликтүү бизнес-ассоциациялардын жана бийлик органдарынын ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү;
- райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында каралган иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү.
Фестивалга 100гө жакын адам катышып, алардын арасында Ат-Башы бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү, анын ичинде туристтик бизнестин өкүлдөрү, Ача-Кайыңды айылынын ишкерлери, EGED программасынын максаттуу райондорунун мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, Нарын облусунун туристтик дестинацияларынын мүчөлөрү болду.
Фестивалдын алкагында катышуучулар 2024-жылдын сентябрь айында иштей баштаган Ат-Башы районунун жаңы ачылган инновациялык китепканасында болушту. Китепканада адамга өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн заманбап шарттар түзүлгөн, анын ичинде электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүк, Интернетке туташкан компьютерлер, аудиокитептерди угуу жана видеосабактарды көрүү үчүн мультимедиялык жана интерактивдүү аймактар бар. Ошол себептен китепканага келгендердин саны көп. Жогорку технологиялык жабдуулар менен китепкана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берип, аймактын жашоочуларын жана конокторун өзүнө тарта алды.
Ат-Башы районунун акими Эмиль АБДЫКАДЫРОВ белгилегендей, жаңы китепкана бара-бара жергиликтүү тургундар үчүн да, чет элдик коноктор үчүн да кызыктуу туристтик борборго айланууда. Китепкананын мейкиндиги агартуучу жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын уюштурулган, бул анын райондун негизги объектилеринин бири катары ролуна көмөктөшүүдө.
Фестивалдын алкагында конокторго жана катышуучуларга Ат-Башы районунун тарыхы, туризм чөйрөсүндөгү туристтик дестинациялардын иш тажрыйбасы, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу мүмкүндүгү боюнча дыйкандарды жана ишкерлерди колдоо боюнча долбоорлордун презентациясы, Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана туризмди өнүктүрүү планын ишке ашыруу тажрыйбасы, бизнес жана жарандык сектордун эриш-аркак иштешүүсү боюнча Координациялык кеңештин иш тажрыйбасы тартууланды.
Район жаңы өнүктүрүү программасынын туризм тармагынын өсүшүнө тийгизген таасирине жыйынтык чыгарды. Алсак, 2024-жылдын 9 айында Ат-Башы районуна келген туристтердин саны 30 455 адамга жеткен, ал эми 2023-жылдын ошол эле мезгилинде алардын саны эки эсе аз болчу. Туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында бийлик максаттуу күч-аракеттерди жумшаганы белгиленди: фестивалдар уюштурулуп, өткөрүлдү, анын ичинде 2024-жылдын июнь айында туристтик сезондун ачылышы болуп, июлда “Кыргыз көчү-2024” фестивалы өткөн. Туристтик жерлерге жеткирчү жолдордун оңдолушу да бул жыйынтыкка оң таасирин тийгизди.
Туризм темасы туристтик дестинациянын өкүлү, “Тянь-Шань Турс” компаниясынын жетекчиси Рустам ТАШТАНОВдун презентациясы менен толукталды. Ал Ат-Башы районундагы туристтик объектилер жана туризмди өнүктүрүүдөгү бизнестин ролу тууралуу айтып берип, туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиктерге карабастан, туристтик объектилерди сактап калуу жаатында көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Туристтик дестинациялардын өкүлдөрү биологиялык көп түрдүүлүктү сактап калуу максатында айрым туристтик объекттерге өзгөчө корголуучу аймак макамы берилсе жакшы болмок деген пикирлерин айтышты. Ошондой эле алар бийликтен тарыхый объектилерге көбүрөөк көңүл бурууну өтүнүштү. Өз кезегинде Ат-Башы районунун акими Эмиль АБДЫКАДЫРОВ мамлекеттин тарыхый объект-терге көбүрөөк көңүл буруусу үчүн администрация иш алып барып жатканын айтты. Тактап айтканда, Ат-Башы айылынын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн жалпы региондун символуна айланган атактуу аттын башынын айкелинин тегерек-четин көрктөндүрүү долбоору даярдалууда.
Ишкерлер ассоциациясынын төрагасы С. НАРЫНДЫКОВ райондук мамлекеттик администрациянын жигердүү көмөгү менен түзүлгөн Ассоциациянын ишине токтолду. Ассоциациянын иши ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү жана аянтчаны түзүүгө багытталган. Ассоциациянын мүчөлөрү Соода-өнөр жай палатасы менен жигердүү кызматташып келатат жана ар кандай фестивалдарды өткөрүүгө көмөктөшүүдө, мисалы, 2024-жылы эл аралык эксперттердин катышуусу менен Агрофорум-2024 өткөн.
Фестивалдын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасы жана Нарын мамлекеттик университети сыяктуу өнөктөштөрдүн баяндамалары да тартууланды. Соода-өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү Бейшенбек ТУРСУНБЕКОВ өз баяндамасында палата потенциалдуу мүчөлөргө олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берип, бизнестин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп, ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоп жатканын баса белгиледи. Ал Палата региондун ишкерлерине окутуу программаларын, консультацияларды берип, юридикалык колдоо көрсөтүп, ошондой эле Нарын облусунда ишкер байланыштарды түзүүгө жана бизнес-чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү менен жигердүү колдоп келатканын белгиледи.
Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) Экономика, туризм жана менеджмент кафедрасынын башчысы Динара БЕКИРОВА туризмди өнүктүрүү үчүн адистерди даярдоонун алкагында 11 багыт боюнча окуулар өткөрүлүп жатканын айтты. Д. БЕКИРОВА Ат-Башы районунда иштөө үчүн квалификациялуу адистерди камсыз кыла турган туризм үчүн кадрдык базаны түзүү маанилүү экенин баса белгиледи. Университеттин өкүлү бийликти жана бизнестин өкүлдөрүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, келечекте бул тармак үчүн кесипкөй кадрларды даярдоого көмөктөшүү үчүн даярдоо программасы жөнүндө маалыматты жайылтууга көмөктөшүүгө чакырды.
Нарын облусунун Кепилдик фондунун өкүлү Камчыбек ЧУКУЕВ фонддун күрөөлүк камсыздоо жаатында бизнес үчүн берип жаткан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, фонд күрөөгө койчу мүлкү болбогондор үчүн насыялар боюнча кепилдиктерди сунуштоо менен ишкерлерди каржылоого көмөктөшүүгө даяр. Бул чаралар аймактагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү колдоого, зарыл финансылык ресурстарга жетүүнү жеңилдетүүгө жана Нарын облусундагы экономикалык өсүшкө шарт түзүүгө багытталган.
Иш-чаранын катышуучулары кол өнөрчүлөрдүн буюмдары жана Ат-Башынын экопродукциясы коюлган көргөзмөдө болушту. Фестивалдын жыйынтыктоочу бөлүгү “Жел-Тегирмен” эс алуу борборунда өтүп, анда туристтик дестинациялардын жигердүү өкүлдөрү райондук мамлекеттик администрациянын грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
“Мен буга чейин мамлекеттик органдарда иштегем. Азыр айылда жашап, ички туризмди өнүктүрүп жатам. “Жел-Тегирмен” эс алуу жайында туризмди өнүктүрүүгө жана эс алууга шарттар жок болчу. Биз бул жердин шарттарын оңдогонго аракет кылдык, азыр силер көрүп тургандай, күнөскана, инфраструктура, жолдор бар, жайында өтө көп эс алуучу келет. Ат-Башы Кытай менен чектешкен Жибек жолунун боюнда жайгашкан, аймагы чоң, берекелүү жер. Бул жерде тарыхый жерлер, альпинизм үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Биз агротуризмди өнүктүрүп жатабыз: мал чарбачылыгы өнүккөн, тургундар кара өрүк, карагат, чычырканак жана башкаларды отургузуу менен алек. Бир нече кластер, анын ичинде бал бизнеси, эт багыты ж.б. өнүккөн. Көптөгөн райондор өз аймактарында туризмди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө, Ат-Башыбыз мында жакшы үлгү болуп берет деп ишенебиз”, – деди “Жел-Тегирмен” эс алуу аймагынын ээси Жолдошбек СУБАНОВ.
Ат-Башы районундагы фестиваль мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөкчү болду. Фестиваль бизнестин, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирген маанилүү окуя болуп, Ат-Башы районунун кызматташтыкка жана мындан ары өнүгүүгө даярдыгын көрсөттү. Туристтик агымдын өсүшү жана ишкердикти колдоо бул район туруктуу туризм жана экономикалык өнүгүү багытында баратканын тастыктап турат.
АТ-БАШЫНЫН ТАЖРЫЙБАСЫН БАШКА РАЙОНДОР ДА ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ
Фестиваль райондордун ортосундагы байланышты чыңдоого көмөкчү болду, себеби EGED программасы Ат-Башыга программанын пилоттук региондору болгон башка райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүнүн келишине колдоо көрсөттү.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району-нун башчысы Мирлан КАРАКУЛОВ буга чейин бул кооз жер жөнүндө көп укса да, Ат-Башыга биринчи жолу келди: “Биз райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы, максаттары жана келечекте күтүлүп жаткан жыйынтыктар жөнүндө толук маалымат алдык. Бардык максаттар ишке ашсын. Бул аймакта туризм жакшы өнүгүп жаткан экен, ишкерлердин туризм чөйрөсүндө жасап жаткан иштери жана ийгиликтери чеке жылытат. Биз бул тажрыйбаны сөзсүз өздөштүрүшүбүз керек, себеби биздин аймакта Арстанбап, Кызыл-Үңкүр сыяктуу белгилүү туристтик объектилер көп”.
Жети-Өгүз районунун башчысы Эрмек БАХАВАДИНОВ тажрыйба алмашуу сапары EGED программасынын Ат-Башы районундагы жыйынтыктары менен таанышуунун жакшы ыкмасы болуп калды деп ишенет: “Биз өз районубузда мыкты тажрыйбаны жайылтууга даярбыз. Жети-Өгүз району Ат-Башы району менен чектешет, жалпы тоолорубуз жана жайыттарыбыз бар. Эки райондун аймагында тоо туризмин биргелешип өнүктүрө алмакпыз. Жалпысынан Жети-Өгүз району көптөгөн тарыхый, туристтик, маданий, табигый кооз жерлери менен мактана алат. Биз 5 жылга райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, ошондой эле өзүнчө туризмди өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну көздөп жатабыз. Тажрыйба көрсөткөндөй, туризм чөйрөсүндөгү жыйынтыктардын 70-80 пайызына ички туризмдин эсебинен жетүүгө болот, ал эми тышкы туризм сезондук жана туруксуз болуп саналат. Эгерде биз, райондор, туристтик продукцияларды биргелешип уюштуруу менен бири-бирибизди колдосок, анда бул тармак кыйла туруктуу, ишенимдүү өсүп кетмек. Бүгүнкү фестиваль туристтерге шарт түзүп, аларды тосуп алып, инфраструктураны куруп жаткан ички туризмдин уюштуруучуларынын башын бириктирди”.
Ат-Башынын тажрыйбасы Кемин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Айгүл КУРМАНАЛИЕВАны да шыктандырды. “Кемин району көп жагынан Ат-Башы районуна окшош, анын ичинде экономиканын кластерлери боюнча бир топ окшош өзгөчөлүктөр бар экенин белгилей кетүү керек. Ошондуктан атбашылык кесиптештерибиздин тажрыйбасы бизге пайдалуу болот, биз бул сапарга чоң үмүт менен чыкканбыз. Районубуздун башчысы келе албаса да, биз жети кишиден турган делегацияны чогултуп келдик, биздин катарыбызда районду өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү да бар. Кемин районунда Координациялык кеңеш EGED программасынын колдоосу менен түзүлгөн, ошондой эле СЭӨПны даярдоо үчүн жумушчу топту түзүп жатабыз. Биз EGED программасынын пилоттук району болуу менен мыкты жыйынтыктарга жетебиз деп ишенебиз. Ат-Башыдагы баалуу көрүнүштү байкадым – жалпы максатка жетүү үчүн жарандык коомдун, райондун тургундарынын, ишкерлердин ортосунда натыйжалуу кызматташтык түзүлгөн экен. Биз да Координациялык кеңешибизди ушундай натыйжалуу платформага айландырабыз. Кыргызстандын ар бир жери кайталангыс деп эсептейм. Кемин районунда сонун жерлер көп, мисалы, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Көк-Орок, жайлоолор бар. Туризмди өзүбүздө өнүктүрөбүз. Биз Ысык-Көлгө жана Нарынга бара жаткан жолдо орун алганбыз, бул өнүгүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Биз социалдык-экономикалык жана экологиялык тармактарды жигердүү өнүктүрүп жатабыз. Бирок ички туризмди өнүктүрүү үчүн көп иштерди жасашыбыз керек. Көп кыргызстандыктар өз өлкөсүн толук көрө электиги, өз облусунан чыкпай жүргөнү туура эмес! Биз чакан өлкө болгонубуз менен, чоң дараметке ээбиз”.