Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: тандап алган жолуңузга ишениңиз! Биз да өз жолубузду тандап алдык
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы 2023-2028-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (мындан ары – СЭӨП) иштеп чыкты. Бул программа КР Экономика жана коммерция министрлигинин 2024-жылдагы буйругу менен бекитилген райондук СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасына ылайык даярдалды. Мындан аркы экономикалык өсүш максатында ички жана тышкы инвесторлорду тартуу үчүн шарттарды түзүү Программанын негизги максаты болуп саналат. Аким Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ “Мунициалитет” журналына берген маегинде райондун башкы документи тууралуу маалымат менен бөлүшүп, анын маанилүү демилгелери тууралуу айтып берди.
– Кандай жагдайларда СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасын колдонууга туура келди жана эмне үчүн район аны биринчилерден болуп колдоно баштады?
– 2023-2028-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүү мамлекеттик администрациянын жана Координациялык кеңештин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы болуп калды, ал коомдун ар түрдүү топторунан – ишкерлерден, дыйкандардан, районду ичинен жакшы билген жарандык активисттерден турган 25 өкүлдүн башын бириктирди. Координациялык кеңеш EGED Программасынын колдоосу менен СЭӨПны иштеп чыгуунун жаңы методикасынын алкагында мүмкүн болушунча көп адамдардын пикирин эске алуу үчүн түзүлгөн жана бул топту жетектөө милдети мага жүктөлдү. Жумуш учурунда биз алты жыйын өткөрдүк, ошондой эле коомдук угууларды жана фокус-топторду уюштуруп, аларга аялдар жигердүү катышты.
Жаңы методика боюнча СЭӨПны биз республикада биринчилерден болуп иштеп чыктык, себеби биздин район Улуу Британиянын өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын пилоттук району болуп калды. Өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүп, ага катышууга макул болдук. Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери бизге чоң колдоо көрсөтүштү: жаңы методиканы үйрөтүштү, Координациялык кеңештин жыйындарын уюштурууга көмөктөшүп, консультацияларды берип турушту. Биз биргелешип, мониторинг жана баалоо планын иштеп чыктык, анда алдыдагы беш жылга райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн көрсөтүп бердик.
– Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында да Ат-Башы районунун келечегине байланышкан жаңы элес барбы?
– Мамлекеттик башкаруу системасында акимдерди дайындоо ротация принциби боюнча ишке ашат, Ат-Башы районуна чейин мен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук администрациясын жетектеген элем. Бул таптакыр эки башка аймак – ресурстары, климаты, экономикасы, ал тургай адамдардын дүйнө таанымы жана жашоо образы да кескин айырмаланып турат. Мисалы, Жалал-Абад облусунда өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен көбүрөөк алектенсе, Ат-Башы районунда салттуу түрдө мал чарбачылыгына көңүл буруп келишет.
Бирок бул жерге келгенде айыл чарбасында, туризмде, тоо-кен өнөр жайында, энергетикада, соодада ишке ашырылбай жаткан зор дарамет бар болгонун көрдүм. Туура ыкмаларды тандап алуу менен райондо өсүмдүк өстүрүүнү да ийгиликтүү жолго салууга болот деп ишенем. Болгону жаңы технологияларды өздөштүрүп, сынап көрүп, ишке киргизүү керек. Ошондуктан мен экономикалык ишмердикти диверсификациялоону, кирешенин альтернативалык булактарын издөөнү программанын башкы милдети катары койдум. Биз салттуу багыттарды сактап калып, бекемдеп гана тим болбостон, ошону менен бирге адамдар үчүн акча табуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууну да каалайбыз. Бул, менин оюмча, районго көмүскөдө жаткан мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана экономикалык жактан туруктуу болууга жардам берет.
Ошондуктан, программада биз ишкерлер менен эриш-аркак иштешүүгө басым жасадык. Ушул максатта Ишкерлер кеңеши түзүлүп, бизнес- ассоциацияны түзүү демилгеси көтөрүлдү. Дымагы күчтүү жаш ишкер Сталбек НАРЫНДЫКОВ ассоциацияга жетекчи болуп шайланып, өзүнүн олуттуу пландарын ишке ашыра баштады.
– СЭӨПны ишке ашыруу эмнеден башталган? Биринчи кадамыңар кандай болду?
– Биринчи ири иш-чара 2023-жылдын августунда өткөн инвестициялык форум болду. Программага киргизилген иш-чараларды ишке ашыруу үчүн биз инвесторлорду издедик. Форумга Кыргызстандын жана Орусиянын бизнесмендери жана инвесторлору, ошондой эле Экономика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (Кыргыз Стандарт) өкүлдөрү катышты. Бул болсо өз кезегинде жергиликтүү бийликтер менен борбордук мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда түз байланышты түзүүгө мүмкүндүк берди.
Форум үч миллиард сомдон ашык суммага 19 меморандумду жана макулдашууларды түзүүгө жол ачты. Бул жөн гана сандар эмес – бул макулдашуулардын артында көп жумуштар жана эбегейсиз чоң перспективалар бар. Бүгүндөн тарта эле жыйынтыктарды көрө баштадык: алгачкы алты долбоор ишке ашырыла баштады, мисалы, Кара-Төр кенинде алтын казуучу, Ак-Алма кенинде яшма жана каптоочу таштарды казуучу комбинаттардын курулушу башталды; ар бири 25 адамды иш менен камсыз кылган эки тигүү цехи курулууда, туризм жана Ат-Башы балын кайра иштетүү боюнча долбоорлор ишке киргизилип жатат.
Форум жемиштүү сүйлөшүүлөргө ылайыктуу форматта уюштурулганы анын өзгөчөлүгү болуп калды. Райондун экономикасынын негизги жети кластеринин ар бири үчүн боз үйлөр тигилип, аларды өнүктүрүү СЭӨПда каралган. Мындай жайлуу аянтчаларда тараптар кызматташуунун чоо-жайын жемиштүү талкуулай алышты.
Артыкчылыктуу кластерлердин лидерлери инвесторлор даяр продукцияны өз көзү менен көрүп, келечектеги кызматташуу үчүн пайдубал түптөй алышы үчүн көргөзмөлөрдү уюштурушту.
– СЭӨПда жергиликтүү экономиканын кайсы кластерлери артыкчылыктуу катары аныкталган?
– Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында биз жети кластерди бөлүп алдык. Алар: эт, сүт, бал, балык, туризм, мөмө-жемиш өстүрүү, дары чөптөр. Райондун деңгээлинде кластерлерди түзүү дыйкандардын ресурстарын жана күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Түзүлгөн бизнес-ассоциация кластерлердин идеяларын жана иштерин түздөн-түз илгерилетет.
Бул кластерлерди аныктоонун алдында биз ишкерлер, жаш активисттер, дыйкандар жана сырттан тартылган эксперттер менен биргеликте мөмө-жемиш өстүрүү, туризм, дары чөптөр сыяктуу Ат-Башы үчүн адаттан тыш кластерлерди киргизип, өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай алдык. Биз тургундардын киреше булактарын диверсификациялоо жана райондун экономикасынын өсүшү үчүн мал чарба тармагына гана көз каранды болбойлу деген максатта ушул багыттарды өнүктүрүү керек деген орток пикирге келдик.
– Картошка Ат-Башы районунун негизги өсүмдүк маданияты болуп эсептелет. Ал өзүнчө кластер катары аныкталган жокпу?
– Жаңы кластерлерге басым жасаш керек деп ойлойбуз, себеби аларда потенциалды жана ерспективаны көрүп турабыз, бирок ошол эле учурда алар колдоого көбүрөөк муктаж. Мындан тышкары, акыркы жылдары картошканын баасы төмөндөдү. Салттуу өнүмдөн баш тартууга эч кандай себеп жок болгону менен, ыкмаларды өзгөртүүгө болот, ошондуктан биз картошканын үрөнүн өнүктүрөлү деп чечтик. Бул үчүн “супер супер элита” сорттук категориясын өстүрүү боюнча голландиялык адистер менен кызматташып жатабыз.
Ошондой эле өзбекстандык агрономдор менен да иштешип жатабыз. Алар климаттык жана экономикалык шарттар менен таанышуу үчүн келип, үрөндүк картошканы өндүрүүгө кызыкдар болуп кайтышты.
“Супер супер элита” категориясындагы үрөндөр вирустар жана генетикалык кемчиликтер болбогон меристемалык маданиятынан өстүрүлөт. Мунун натыйжасында картошканын үрөндөрү ойдогудай болот: чуңкурлары жана мутациялары жок, ооруларга көп учурабайт, жогорку түшүм берет. Андан кийин бул уруктарды дыйкандар жер участокторунда картошканы жапырт түрдө отургузуу үчүн колдонушат. Бир аз убакыттан кийин Ат-Башы районунда картошка отургузуу таза сорттук категорияны киргизүүнүн аркасында жаңы деңгээлге чыгат деп ойлойм. Ал эми келечекте картошканы кайра иштетүү үчүн инфраструктура түзгүбүз келет.
– Ат-Башы району бийик тоолуу аймакта жайгашкан, даамы мыкты экологиялык таза айыл чарба продукциясы менен белгилүү, бул жагдай райондун СЭӨПсында кантип эске алынган?
– Чындыгында эле, Ат-Башы көптөн бери экологиялык жактан таза этти, сүт азыктарын, балды өндүргөн аймак катары белгилүү. Ат-Башынын айыл чарбасы олуттуу жаратылыш ресурстарына негизделген. Бизде миллиондогон гектар жайыт жерлери бар, бирок анын 50% гана колдонулат. Жайыт инфраструктурасынын жоктугунан улам айрым жайыт участоктору 30 жылдан ашык убакыттан бери мал жаюуга пайдаланылбай келет. Райондо расмий түрдө 267 миң кой, 49 миң уй жана 34 миң жылкы бар.
2022-жылы биз органикалык айыл чарбасы бар район деген статусту алдык. Жайыттарыбыз жолдордон алыс болгондуктан, тоют өндүрүү үчүн химикаттарды колдонбойбуз. Жер семирткич катары кызмат кылган табигый продукт – кыктан алынган биогумус. Бизде 20 дыйкан биогумус өндүрүү менен алектенет. Дүйнө жүзү боюнча органикалык продукцияга суроо-талап жогору, бирок ал кадимкиден кыйла кымбатка бааланат. Ички жана тышкы рыноктордогу бардык өнүмдөрүбүз органикалык катары сатылышы керек. Бул биздин стратегиялык милдетибиз. Биз ошол атаандаштык артыкчылыгын колдонууга тийишпиз. Табигый жол менен түзүлгөн мындай артыкчылык бизге чоң жоопкерчилик жүктөп жатат, жаратылышка аяр мамиле кылууга милдеттендирет.
Биз үчүн органикалык продукцияны өндүрүү бул сыймык жана районду өнүктүрүү программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Статусту сактап калуу үчүн биз бардык чараларды көрүшүбүз керек. Анын үстүнө органикалык айыл чарбасы – өлкөнүн өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт.
– Мал чарбачылыгы – Ат-Башы районунун экономикасында салмактуу тармак болуп саналат эмеспи. Эт кластеринде абал кандай?
– Ат-Башы району даамдуу эти менен белгилүү. Буга мал багылган бийик тоолуу жайыттар себепчи. СЭӨПга ылайык, биз эт алып, аны кайра иштетүү үчүн мал чарбасын мындан ары да өнүктүрө бермекчибиз.
Биз мал чарбасын өнүктүрүү боюнча ар кандай программаларга катышып келебиз. Мисалы, конкурстук негизде “Жанар жана Бек” ишканасы (азыр ал Ат-Башы эт комбинаты деп аталат) мал сойгон цехти ишке киргизүү үчүн Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишке ашырган “Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу” долбоорунан гранттык жардам алды. Ишкана менен иштеген беш кооператив – “Азим С”, “Нур”, “Ат Башы Кенч”, “Достук Агро” жана “Келечек Агро” – ошондой эле бул долбоордон тоют базасын жакшыртуу үчүн жабдууларды алышты.
Комбинат топоздун этинен жасалган тушенка, күрүч, гречка кошулган ботконун ар кандай түрлөрүн жасап, өз продукциясын Кыргызстандын Коргоо министрлигине сатып келет. Бул ишкананын кубаттуулугун бир нече эсе көбөйтүү керек, себеби продукцияга болгон суроо-талап абдан жогору.
Жайыт ресурстарын сактап калуу максатындабиз асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүшүбүз керек – аз өндүрүмдүү малдын санын көбөйткөнгө караганда, этти жана сүттү көбүрөөк берген жогорку өндүрүмдүү малды бакканыбыз туура болот. Бул маселеде тоюттун сапатын жогорулатуу да маанилүү: аш болумдуу рацион малга жакшы таасирин тийгизет, көп көлөмдөгү чийки затты алууга шарт түзүп, жайыттарды тебелеп-тепсөө көрүнүшүн азайтат.
– Мал чарбачылыгы өнүккөн жерде, адатта, сүт өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө да жылыштар болот эмеспи. Сүт кластеринде кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Сүттү кайра иштетүү продукциянын кошумча наркын жогорулатат, бул болсо өндүрүштүн бардык этаптарында кайра иштетүүчүлөргө жана дыйкандарга көбүрөөк киреше алып келүүдө, сатып алуучуларды тартып жатат, эгерде продукция атаандаштыкка жөндөмдүү болсо, бизнестин өнүгүүсүнө дем берип, жумуш орундарын түзүп, инфраструктураны өнүктүрөт.
2024-жылы райондо сүттү кайра иштетүүчү эки ишкана, анын ичинде “Ат-Башы Сүт” иштеп жатат. Бул ишканалар Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 11,3 млн сомго сырлардын ассортиментин кеңейтүү үчүн танкерлерди жана технологиялык жабдууларды сатып алышкан.
Жалпысынан алганда райондо өндүрүлгөн сүттүн 50% гана кайра иштетүүгө багытталат. Ишканалардын технологиялык базасын жакшыртып, сатуу рыногун кеңейтип, сүт мал чарбасын өнүктүрүү керек. Булар кластердин алкагында чечиле турган комлекстүү маселелер – Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында биз бул үчүн бир катар чараларды пландаштырганбыз.
– Башка кластерлерге карата кандай жылыштар болуп жатат?
– Балык кластери боюнча: Калинин, Бирлик, Ат-Башы жана Баш-Кайыңды айылдарында балык чарбалары түзүлгөн. Аарычылык кластери боюнча: JICA уюму менен балды кайра иштетүү үчүн логистикалык борборду куруу тууралуу макулдашууга жетишилди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы курулуш үчүн жер тилкесин бөлүп берди. Дары өсүмдүктөрүнүн кластеринде 67 адам окуудан өтүп, төрт гектар жерге валериана себилген.
– Мөмө-жемиш жана багбанчылык Ат-Башы району жөнүндө калыптанып калган көз караштын алкагынан чыгат экен. Мөмө-жемиш кластеринин келечегин кандай көрүп жатасыз?
– Бизде алма, албетте, өсөт, бирок ар кандай маалда бышат. Ошондуктан, биз жергиликтүү шарттарга жакшы ыңгайлаша ала турган чычырканак менен карагатты өстүрүүгө басым жасоону чечтик. Алтайдан чычырканактын тикенсиз сортторун жана карагаттын көчөттөрүн атайын алып келдик. Учурда 10 гектар чычырканак, 2 гектар карагат жана 0,2 гектар кулпунай эгилди.
Бул жылы биз мөмө-жемиш өстүрүүгө арналган форумду өткөрдүк, ага Мөмө-жемиш ассоциациясынын башчысы Тилек ТОКТОГАЗИЕВ катышты. Иш-чарага Испанияда жашаган эксперт онлайн кошулду, ал эми бишкектик адистер өз тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүштү.
Чычырканак бардык маанисинен алып караганда Ат-Башынын “алтын кластери” боло алат. Аймакта бизде өздөштүрүлбөгөн, колдонулбай келаткан жерлер көп жана дал ушундай бийик тоолуу аймактарда чычырканак жакшы өсөт. Базардагы чычырканактын килограммы 300 сом экенин эске алганда, бул бизнес райондун ИДПсын кыйла көбөйтүп, дыйкандар үчүн кирешенин жакшы булагы боло алат. Биз бул кластерди өнүктүрүү боюнча алдыбызга дымактуу максаттарды коюп жатабыз. Жаштар бул мөмөнү өстүрүүгө кызыга башташты.
– Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө райондун мүмкүнчүлүктөрүн өзүңүз кандай баалайт элеңиз?
– Компетенттүү жана комплекстүү пландаштыруу зарыл. Биз маалыматтарга таянып, келечекте экономикалык өсүштү камсыз кыла турган чечимдерди кабыл алышыбыз керек. Райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуунун жаңы методикасын колдонуунун алкагында биз горизонтторду кеңейтип, кырдаалды көбүрөөк талдап, божомолдорду жасай баштадык. Эриш-аркак иштешүү платформасынын жардамы менен чоң жылыштар болду. Координациялык кеңеш жана биргелешкен чечимдерди талкуулоо жана издөө аянтчалары мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча бана жеке сектордун күч-аракеттерин натыйжалуу бириктирүүдө. Биз болжолдоого, көп тараптуу кызматташууга жана аймакты өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоого басым кылып, алгачкы таасирдүү жыйынтыктарды көрө баштадык. Мисалы, туристтердин агымы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү, ошондой эле продукцияны өндүрүүнүн көлөмү боюнча да өсүш бар. Өнүктүрүү аспаптарынын арасында диверсификациялоону жана жаңы ыкмалар менен технологияларды киргизүүнү колдоо өзгөчө жакшы иштейт экен. Аймактын маңызынан да, башкаруу деңгээлиндеги маңызынан да алып караганда район өнүгүүнүн мыкты келечегине ээ. Биз туура жолду тандадык.
– Бул оор, бирок кызыктуу жана келечектүү жолдо ишиңиз илгери болсун!
Окшош материалы:
-
№12 (158) / 2024-12-31 Ат-Башы районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоого себепчи болгон жагдайлар
-
№10 (156) / 2024-11-07 “Ат-Башыдагы туризм – 2024” туристтик фестивалы