Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ат-Башы районунун портрети: уламыштар жеринен баштап, ар тараптуу жана агрардык, өнөр жайы өнүккөн аймакка чейин

2024-12-31 / Абалың кандай, район?
Ат-Башы районунун портрети: уламыштар жеринен баштап, ар тараптуу жана агрардык, өнөр жайы өнүккөн аймакка чейин

Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады

УЛАМЫШТАРДЫН ЖЕРИ

VIII–X кылымдарда Кашкардан чыккан адам баш-аягы көрүнбөгөн талааларды аралап ат минип баратат. Узак сапардан чарчап-чаалыккан аты акыры баспай койду. Жолоочу жаныбарын эс алдырайын деп чечет: түн өткөрөйүн деп, орун-очок таап, атын болсо эркин коё берди. Таңга маал саякатчы тегерек-четин карап чыгып, кадимки чөп деп ойлогон өсүмдүк арпа болуп чыкканын таң кала байкады. Тапканына таасирленип: “Бул чөп эмес эле, арпа турбайбы!” – деп кыйкырып жиберди. Ошондон тарта ал жер Арпа жайлоо деп аталып калган.

Жолоочу сапарын улантайын деп чечет, бирок ат күтүүсүздөн ээсинен кача баштайт. Эс алып, арпа менен азыктанып, мал түн ичинде күч-кубатын калыбына келтирип, колго илинбей калган экен. Ал жолду улантууну каалабагандай улам кача берди. Узак убакыт бою адам атын тынчтандырууга аракет кылган, бирок мындан тыянак чыккан эмес. Айласы кетип, тизгини, ээри менен кошо Арпа жайлоосунан азыркы Ат-Башыны көздөй качып кеткен атты кубалай баштады. Жол бою ал: “Сени кармап алып, башыңды кесем!” – деп какшанып барды. Акыры, чарчаган соң, ат да колго түшүп берди. Ал эми атка өтө ачууланып турган жолоочу акыры сөзүнө турду... Ал аттын башын ары-бери каттагандардын баары көрө ала турган жерге илип коюп, атын да, бул жерлерди да калтырып, жолун улап кетти. Ошондон бери бул жер “Ат-Башы” деп атала баштаган. Ошентип, Арпа жайлоосу жана Ат-Башы жөнүндө эки байыркы уламыш бул аймактын тарых-таржымалынын бир бөлүгүнө айланып, бири-бирине байланып калды.

Бирок уламыштар ушуну менен эле бүтүп калбайт. Башка бир, андан кем калышпаган белгилүү уламыш “ата башы” дегенди билдирген сөз айкашы менен байланышкан. Ылакапка ылайык, Кошой Хан Манасты Алтайдан алып келип, кырк кыргыз ханын чогултуп, алардын баары Манасты хан деп жарыялашкан. Элдин сөзүнө караганда, Манас Кошойдун арты менен улуу хан болгон.

Эгерде биз заманбап уламышты жаза турган болсок, анда ал мындай болмок: “Бул меймандос жерде күчтүү жана боорукер адамдар жашайт. Климаты катаал болгонуна карабастан, алардын меймандостугу жана эмгекчилдиги бул жакка келген ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк табат. Бул жерде таза тоонун жыты уруп турат. Жумшак жашыл жайыттар андан ары тик капчыгайларга айланып кетет, ал эми бийик тоолуу көлдөр күзгүдөй болуп, кар баскан чокуларды чагылдырып турат”.

Бул уламыштардын гана эмес, чыныгы жетишкендиктердин да аймагы. Азыркы атбашылыктар өз тарыхын сактап, аймакты өнүктүрүү менен тайманбас пландарын жана кыялдарын турмушка ашырышууда. Бул – илгери кербен жолдору кесилишкен, эпостогу каармандардын тагдырлары чечилген, кыргыз тарыхынын барактары жазылган жер.

Кийинки макалаларыбызда Ат-Башыдагы адамдар, алардын ийгиликтери жана пландары, жаратылыш байлыктары жана маданий мурастары тууралуу сөз кылабыз. Себеби, дал ушул окуялар аймактын кайталангыстыгын жана өзгөчөлүгүн ачып берет эмеспи.

АТ-БАШЫ РАЙОНУ: КАЛЫС КӨЗ КАРАШ

Аянты 19 миң км2 болгон Ат-Башы району Кыргыз Республикасындагы эң ири район болуп саналат, район Кыргызстандын аймагынын 10% түзөт. Анын курамына 21 айыл, 5 элеттик муниципалитет (айылдык аймактар), 56 мекеме жана ишканалар, 1 орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, билим берүү борбору, маданият үйү, 20 китепкана, 13 элеттик клуб жана музыкалык мектеп кирет.

Калкынын саны 70 миң адамга жетет.

Аймак деңиз деңгээлинен 2 миң метрден 4,2 миң метр бийиктикте жайгашкан, аймактын 70 пайызын тоо кыркалары ээлейт. Бул жердин климаты кескин континенталдык. Жайкысын абанын температурасы +30 °C чейин көтөрүлөт, ал эми кышында -30 °C, бийик тоолуу жайыттарда ал тургай -50 градуска чейин төмөндөйт.

ӨНӨР ЖАЙЛУУ АТ-БАШЫ

Райондун администрациясы аймактык дүң продукциянын көлөмүн 7,5 млрд сомго чейин көбөйтүп, ал эми 2029-жылга чейин 14,4 млрд сомго жеткирүү максатын өз алдына койгон. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Түз-Ашуу жана Шырыкты участокторундагы мрамор кендерин иштетүүгө, Кара-Тар кенинен алтын казып алууга инвесторлор жигердүү түрдө тартылып жатат.

Энергетика министрлиги менен бирге Ак-Сай капчыгайындагы Үч-Суу дарыясына гидроэлектростанция куруу мүмкүнчүлүгү иликтенүүдө. Бул долбоор райондун энергетикалык көз карандысыздыгын күчөтүп, инвестиция тартууга кошумча өбөлгөлөрдү түзөт.

Мындан тышкары, СЭӨПнын алкагында мамлекеттик каржылоону ийгиликтүү координациялоонун натыйжасында, мамлекеттик бюджеттен каржыланган инфраструктуралык долбоорлор аркылуу Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарынын элин таза суу менен камсыз кылуу, Ак-Жар айылындагы спортзалдын жана Ат-Башы айылындагы №32 лицейинин имаратынын курулушун аяктоо, ошондой эле С. АНДАБЕКОВ атындагы маданий-спорттук комплекстин капиталдык ремонтун жана Ат-Башы айылындагы “Улуу-Тоо Мурасы” паркынын курулушун жыйынтыктоо да пландаштырылып жатат. ЖӨБ органдарынын СЭӨПсы аркылуу жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен Абыкеев, Сулайманов көчөлөрүндө жана Ат-Башы менен Ача-Кайыңды айылдарын бириктирип турган көчөдө заманбап инфраструктураны (жарыктандыруу, тротуар) түзүү пландаштырылууда.

Ат-Башы районунун аймагында логистикалык борборду курууда чоң жылыштар бар. Жергиликтүү мамлекеттик администрация бул долбоордун айланасындагы эл арасындагы чыңалууну азайтып, пикир лидерлери, жарандар менен иштешип, жашоочуларга долбоорду ишке ашыруунун келечегин түшүндүрүп берди. Эми коомдук макулдуктун шартында соода жана транспорт менен ташып жеткирүү үчүн маанилүү болгон Ат-Башы эл аралык логистикалык борборунун курулушу улантылат. Ири автомобиль рыногун ачуу жана трансформаторлорду чогултуу боюнча өндүрүштү ишке киргизүү жакынкы пландарда каралган.

АТ-БАШЫГА ИНВЕСТИЦИЯЛАР

2023-жылы районго 444 миллион сомго инвестиция тартылган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 64 миллион сомго көп дегенди билдирет. Маанилүү жетишкендиктердин катарында Казыбек жана Кара-Булуң айылдарындагы бала бакчалардын, ошондой эле Большевик айылындагы А. ТАБЫЛДИЕВ атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүү да бар. Учурда Жаңы-Күч айылындагы Ж. КАЙЫПОВ атындагы мектептин, Баш-Кайыңды айылындагы бала бакчанын жана Өзгөрүштө спортзалдын курулушу улантылууда.

Өзгөчө көңүл “Ат-Башы Кургак порт” эл аралык логистикалык борборун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорго бурулган. Ошондой эле автоунаа базарын, эт комбинатын, трансформаторлордун өндүрүшүн жана 100 жумуш ордун түзө турган тигүү фабрикасын ачуу пландалууда.

Ишкерлер райондун экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойноп жатышат. Координациялык кеңеш бийлик менен жеке сектордун ортосунда диалог үчүн платформаны түзүп, анда координацияны тереңдетүү тууралуу маселе көтөрүлгөн, бул үчүн райондук бизнес-ассоциацияны негиздеген Ишкерлер кеңеши түзүлдү. Бизнесмендер сунуш кылган долбоорлор толук колдоого ээ болуп, аларды ишке ашыруу үчүн 20 гектар жер бөлүп берилди. Мындай жыйынтык жердин ээлери болгон ЖӨБ органдары менен координациялык иштин алкагында мүмкүн болду.

2023-2024-жылдардын аралыгында 27 чакан ишкана, анын ичинде тигүү жана кондитердик цехтер, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү цехи ачылган. Ат-Башы айылында 50 орундуу эки тигүү цехинин жана ири соода борборлорунун курулушу жүрүп жатат. Тигүү цехтерин Ат-Башы районунун ишкерлери куруп жатышат, аларда Нарын, Бишкек шаарларында жана Орусиянын шаарларында ушул өңдүү ийгиликтүү өндүрүштөрү бар. Демилгелерди ишке ашырууда жергиликтүү мамлекеттик администрация чоң роль ойноду: райондун аймагында цехтерди куруу жана жумуш орундарын түзүү сунушу менен бул ишкерлер менен байланышкан, уруксат документтерин алууда жана ишканаларды курууда тоскоолдуктар жаралганда ыкчам чара көрүлдү.

Бул күч-аракеттердин баары өз жыйынтыктарын бере баштады: тартылган инвестициялардын, экономикалык долбоорлордун жана айыл чарба продукциясынын натыйжасында аймактын дүң продуктунун көлөмү 2024-жылы 7 млрд сомдон ашты, ал эми өсүү ыргагы 6,1 пайызга жетти (2023-жылы өсүш 2,6 пайызды түздү).

АТ-БАШЫДАГЫ ЖОЛ

Жол инфраструктурасын өнүктүрүү район үчүн маанилүү артыкчылык болуп саналат, себеби жолдор адамдардын жана товарлардын мобилдүүлүгүн камсыз кылат, кошумча чыгымдарды азайтат, өндүрүштүк байланыштарды колдойт жана бекемдейт. Райондун аймагында 716 км автомобиль жолдору бар, анын ичинен 172 км эл аралык, 350 км республикалык, ал эми 194 км жергиликтүү мааниге ээ. Бардык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу ушул жолдордо гана жүргүзүлөт, ошондуктан алардын абалы товарлардын жүгүртүүсүнө жана адамдардын жашоо сапатына тикелей таасирин тийгизет.

Акыркы эки жылда айылдардын ортосундагы 20 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 36 километр жолго шагыл төгүлдү. Алдыдагы эки жылда айылдардын ортосундагы жолдорго толугу менен асфальт төшөп чыгуу пландалууда.

Көпүрөлөрдү курууда да жылыштар бар, аларга райондун СЭӨПсында өзгөчө көңүл бурулган, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрация аларды колдоо, каржылоо жана курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп чыкты. Ак-Сай (Көк-Кыя) капчыгайында, Ак-Муз (Көк-Күмбөз) айылында жана Казыбек менен Жаңы-Күч айылдарынын ортосунда бир нече көпүрө курулду. Ак-Муз (Көк-Күмбөз) айылындагы жана Казыбек менен Жаңы-Күч айылдарынын ортосундагы көпүрөлөр мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулду.

Калган көпүрөлөр жергиликтүү бюджеттин жана АРИСтин грантынын эсебинен курулду. Анын ичинде Жаңы-Жер жайыт участогуна узундугу 22 метр көпүрө курулуп, ал СЭӨПны жана туризмди өнүктүрүү планын ишке ашыруунун алкагында 25 гектар бийик тоолуу жайытка жол ачты. Ат-Башы – Ача-Кайыңды көпүрөсүнүн капиталдык ремонту эми коопсуздуктун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн бардык талаптарына жооп берет.

Келечекте Талды-Суу жана Ак-Муз айылдарын бириктире турган көпүрөнү куруп, Ак-Сай өрөөнүндөгү Терек-Сай дарыясындагы көпүрөнү калыбына келтирүү пландалууда. Долбоорлор даярдоо баскычында турат.

СУУ РЕСУРСТАРЫ ЖАНА ИРРИГАЦИЯ – АТ-БАШЫНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Акыркы жылдары район климаттын өзгөрүшүнө жана сугат суунун тартыштыгына байланыштуу олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Мунун натыйжасында сугат системасын башкаруу ыкмаларын кайра карап чыгуу талап кылынууда. Каналдар шарттуу түрдө үч категорияга бөлүнгөн: суу пайдалануучулар ассоциациясынын, райондук суу чарба башкармалыгынын жана айыл өкмөтүнүн башкаруусунда тургандар деп.

Ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу үчүн 205 км канал тазаланып, төрт жаңы курулма курулуп, 10 объект капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 100 метр жээк габион торчосу менен бекемделип, 2,2 км канал бетондолгон. Сугат системасында негизги ролду ойногон Сары-Гоо насостук станциясын капиталдык ремонтко өзгөчө көңүл бурулду.

Узундугу 2335 метр болгон Шамбет каналынын курулушу аяктады, ал учурда Кара-Суу айылынын дыйкандарынын 772 гектар жерин сугат суу менен камсыз кылууда. Долбоордун жалпы наркы 48 млн сомду түзгөн, бирок ашардын эсебинен каражат үнөмдөлүп, республикалык бюджеттен 24,7 млн сомго каржылоо бөлүнгөн. Бул күч-аракеттердин бардыгы дыйкандар үчүн суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган, бул өз кезегинде түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана райондо айыл чарба өндүрүшүн жакшыртууга жардам берет.

2023-жылы маанилүү өзгөрүүлөр болду: буга чейин суу пайдалануучулар ассоциациялары көзөмөлдөгөн бардык ички чарбалык каналдар айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилген. Бул процесс чек араларды жана финансылык эсептөөлөрдү тактоо боюнча кылдат ишти талап кылды.

АТ-БАШЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫНЫН САЛАМАТТЫГЫ

Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү район үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат, себеби тоолуу аймактын шарттары жана климат жергиликтүү калктын ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү мамлекеттик администрация донордук уюмдар менен 100 орундуу жаңы оорукананы куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө – долбоор СЭӨПга чара катары киргизилген жана администрация аны пландуу түрдө ишке ашырууга умтулуп жатат. Ошондой эле хирургия бөлүмүндөгү операциялык жана реанимациялык палаталар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, бул үчүн 1,7 миллион сом бөлүнүп берилди (райондук өнүктүрүү фондунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен).

Райондук ооруканадан диагностиканы жана дарылоону жакшыртуу үчүн заманбап медициналык аппараттар сатып алынды. Алар: 4,5 миллион сомдук УЗИ аппараты, 7,5 миллион сомдук лапароскоп жана 8,5 миллион сомдук рентген аппараты. Ак-Сай капчыгайындагы ФАПка баасы 3 миллион сомдук жаңы санитардык машина берилди, ал эми Казыбек айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун имараты 3,2 миллион сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Дарыгерлердин тартыштыгы башкы көйгөйлөрдүн бири бойдон кала берүүдө, аны чечүү үчүн Кыргыз медициналык академиясы менен кызматташуу жүргүзүлүүдө. Медакадемия жыл сайын КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана беш райондук мамлекеттик администрациянын башчыларынын катышуусунда бүтүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп турат. 2023-жылы районго эки жаш хирург жана алты клиникалык ординатор келген. Аларды колдоо максатында батирлер берилет, ошондой эле жаш адистер акысыз жашай турган жатакана бар. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен эки батир сатып алынды, алардын коммуналдык чыгымдары да жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылат. Ал эми КР Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинен райондук оорукананын аймагына чакан жатакана курулду.

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын, кан басымынын көтөрүлүшү жана рак ооруларынын көбөйүшү аймакта өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, бул оорулар жаштар арасында дагы кеңири жайылууда. Ушундан улам комплекстүү кардиологиялык борборду ачуу пландаштырылууда жана бул долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр райондун башкы дарыгери менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.

УЛАМЫШТАР ЖЕРИНИН МАДАНИЯТЫ ЖАНА МУРАСЫ

Район маданий мурастарды, каада-салттарды жана кол өнөрчүлүктү сактап калып, кеңири таанытуу багытында жигердүү иш алып барууда.

Алсак, 2023-жылы жергиликтүү мамлекеттик уюм Сары-Тал жайлоосунда “Кыргыз даамы” этнофестивалын уюштурган. Бул фестиваль кыргыздын улуттук ашканасынын байлыгын, анын азык-түлүк коопсуздугу жана элдин маданий аң-сезими үчүн маанисин көрсөтүүгө шарт түздү. Фестивалдын алкагында мыкты улуттук тамак-аштарга, кол өнөрчүлүккө жана көркөм эмектерге конкурстар, ошондой эле спорттук мелдештер өткөрүлдү. Асанкан ЖУМАКМАТОВ атындагы симфониялык оркестрдин аткаруусу өзгөчө көңүлдү бура алды. Жергиликтүү мамлекеттик администрация Президенттин кыргыздын улуттук тамак-аштарын колдоо жөнүндө Жарлыгын демилгелөө мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Райондун мектептеринде жергиликтүү мамлекеттик администрация “Баалуулуктардын кербени” долбоорун демилгелеп чыкты. Бул долбоорду КР Маданият министрлигинин райондук бөлүмү ишке ашырууда. Долбоор балдарды улуттук каада-салтты, улууларды, кичүүлөрдү жана тарыхый мурастарды урматтоого тарбиялоо максатын көздөйт. Долбоор 21 мектепти камтыды, анда слайддар жана сахна оюндары аркылуу кайдыгерлик, аракечтик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү сыяктуу маанилүү социалдык темалар көтөрүлүп турат.

Республикалык деңгээлде район маданий конкурстарга жигердүү катышып келет. 2023-жылы КР Маданият министрлигинин райондук бөлүмү жергиликтүү мамлекеттик уюм менен биргеликте 65 жаштан жогору курактагы аксакалдар үчүн “Сармерден”, “Айыл наркы” конкурстарын өткөрүп, аларга 100дөн ашык аксакал катышкан. Бул иш-чаралар улуу муундун тажрыйбасынын жана даанышмандыгы канчалык баалуу болгонун баса белгилеп турат.

2024-жылы Босого жана Селкинчек жайлоолорунда “Кыргыз көчү” жана “Кыргыз даамы” өңдүү ири улуттук фестивалдар өтүп, жергиликтүү тургундардын да, чет элдик туристтердин да назарын бура алган.

Окшош материалы: