Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Мөмөлөр” кластери. Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды өстүрсө болот

2024-12-31 / Абалың кандай, район?
“Мөмөлөр” кластери. Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды өстүрсө болот

Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады

Ак-Муз айылынын тургуну Болотбек АСАНАКУНОВ өзүнүн дилгирлиги жана өжөрлүгү менен айрым бейкалыс пикирлерди четке кагып келүүдө. Катаал климаты менен өзгөчөлөнгөн Нарын облусунда картошка, дан жана тоют өсүмдүктөрү гана өсүп, ал эми мөмөлөрү бышпайт деген пикир калыптанып калган. Бирок, негизинен, бул жерде, албетте, мал чарбачылыгы кеңири өнүккөн. Бул идея айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен райондо жайылтылып жатат – “мөмөлөр” кластери жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу болуп калганы да жөн жерден эмес, бул райондун СЭӨПсында өз ордун ээледи.

Идеяларды ишке ашырууга дилгир Болотбек “Ат-Башынын климаты назик мөмөлөрдү аябайт жана күндү сүйгөн кулпунайды өстүрүү мүмкүн эмес” деген пикирди четке кагууну чечкен. Багбандар ассоциациясынын мүчөсү жана келечектеги агроном катары ал кулпунайдын ар кандай сортторун изилдеп чыгып, эксперименти үчүн Альбион сортун тандап алган1. Ал Ат-Башы өрөөнү үчүн дал ушул сорт туура келээрин түшүнүп, аны Түркиядан алдырткан.

Алдын ала жакшылап даярданып алган Болотбек 20 сотик жерге кызыл мөмөнү отургузуп чыккан. Ал топурак нымды жакшы кармагандыгын жана бул өсүмдүккө вегетация мезгилинде жардам берерин байкады. Багбандын үй-бүлөсү колдон келишинче жардам беришти – өсүмдүктү канаттуулардан коргоп, ашыкча мурутчалардан арылтып, жөөктөрдү сугарып турушту.

Ат-Башы районунун башчысы Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ Болотбек менен жолугуп, иши кандай жүрүп жатканына кызыккан. Жигит атайын техникаларды сатып алуу үчүн пайыздык чени азыраак насыялар тууралуу маалыматка муктаж экенин айткан. Аким мөмө-жемиш багыты боюнча атайын насыялар жеткиликтүү болгон банкка кайрылууну, ошондой эле өнүктүрүү фондуна кайрылуу үчүн долбоорду даярдоону сунуштаган.

АСАНАКУНОВ бир аз кеч отургузгандыктан күзгү суук түшкөнгө чейин эле биринчи түшүмүн алганга үлгүрүп калган. Бирок бул мөмөнүн сапатына эч таасирин тийгизген жок – мөмөлөр кыйла чоң болуп, жетишерлик бышкан.

Кийинки сезондо багбан кулпунайды өстүрүү тажрыйбасын күнөсканада улантты. Ал мөмө-жемиштер үчүн жылуу “үй” куруп, бул ишке миллион сом салган. АСАНАКУНОВ биринчи чыныгы түшүмдү жаз мезгилинде, Ат-Башыда дагы деле суук болуп турганда алууну пландап жатат, бирок жергиликтүү тургундар “бакчада” бышкан түшүмдүн даамын татчу учурду чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Ошентип, 2024-жылы аба ырайы көбүнчө “муз” болуп турган Ак-Музда (айыл Ак Муз деп аталып калганы да жөн жеринен эмес) биринчи жолу кулпунай бышты. Бул жаңылык элдин оозуна алынып, кыйла жерге жетти. Болотбектин айылдаштары Нарында кулпунайды өстүрсө болорун өз көзү менен көрүп, өздөрү да ушул идеяга кызыга башташты.

Ал эми Нарын облусунун Ак-Моюн айыл өкмөтүндө башка бир уникалдуу иш болду – бул жакта чычырканак өстүрүлө баштады. Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин активисти жана айыл өкмөтүнүн башкы адиси СУЛТАНБЕК уулу Самат демилгечи болду.

Самат өзүнүн демилгесин мындайча түшүндүрөт: “Чычырканак өстүрүү – бул жөн эле акча табуунун жолу эмес. Бул биздин аймактын саламаттыгына, экологиясына жана келечегине жасалган инвестиция. Мен жаштар бир нерсени түшүнсө дейт элем: экологияга да кам көрүп, ошол эле маалда жаңы киреше булактарын табууга да болот”.

Бул мөмөнү бул жерде “сары алтын” деп аташат, себеби өсүмдүк экономикалык жактан гана эмес, экологиялык жактан да келечектүү – ал топуракты бекемдейт, эрозиянын алдын алат жана айлана-чөйрөнү кычкылтек менен байытат. Мындан тышкары, чычырканак адамдын ден соолугу үчүн пайдалуу касиеттери менен белгилүү.

Саматтын демилгеси айылдаштарынын көңүлүн буруп, Ат-Башы районунда популярдуу ишке айлана баштады. Көптөгөн тургундар бул бадалды өзүнүн же ижарага алган жерлеринде өстүрүүнү чечишти.

Самат сунуш кылып жаткан жашыл ишкердик идеялары көпчүлүк тургундар салттуу түрдө мал чарбачылыгы менен алектенген аймак үчүн өзгөчө маанилүү, ал эми иштин альтернативалык түрлөрү дагы эле сейрек бойдон кала берүүдө.

*** 

Кайсы бир кезде кыргыз саясатчыларынын бири далилденбеген окуя тууралуу сөз болгондо “бул Нарын дарыясынан крокодил тапкан менен барабар” деген эле. Бирок Ат-Башы районунун тургундары Болотбек менен Самат аларга мындай деп жооп кайтара алышмак: “Нарын дарыясынан крокодилди табуу мүмкүн эмес, бирок Нарында кулпунайды жана чычырканакты өстүрсө болот!”.

 

_____________ 

1   Альбион сортун 2006-жылы калифорниялык селекционерлер өстүрүшкөн. Кулпунай анча-мынча үшүккө туруштук берет жана бир сезондо 3-4 түшүм берет. Мөмөлөрдүн орточо салмагы 30 граммды түзөт, ал эми эң чоңу 60 граммга жетет, ошондуктан бир бадалдан 2 килого чейин түшүм алууга болот.

Окшош материалы: