Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (159) 30 Январь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Туризм” артыкчылыгы: Ат-Башы районунун туристтик брендин өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле

2024-12-31 / Абалың кандай, район?
“Туризм” артыкчылыгы: Ат-Башы районунун туристтик брендин өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле

Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады

Нарын облусунун Ат-Башы айылында 2024-жылдын 5-ноябрында туристтик сезон фестиваль менен жыйынтыкталды. Бул фестивалга ишкерлер, жергиликтүү турфирмалардын өкүлдөрү, Кыргызстандын башка облустарынан келген коноктор катышты. Алардын арасында Баткен облусунун Кадамжай районунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун, Ош облусунун Ноокат районунун, Талас облусунун Айтматов районунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жана Чүй облусунун Кемин районунун акимдери жана мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери болду.

Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы (EGED программасы) бул иш-чараны өткөрүүдө районго колдоо көрсөттү. Буга чейин Ат-Башы району EGED программасынын пилоттук району катары 2023-2028-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) иштеп чыккан. Бул программага туризм өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты катары кирген эле.

Фестивалдын көргөзмө-жарманкесинде жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган буюмдары, Ат-Башыдагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын сүт продукциясы, этти кайра иштетүүчү комбинаттын консерваланган эт азыктары, дары чөптөр, улуттук суусундуктар көрсөтүлдү.

Аким Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ конокторго районду өнүктүрүү пландалып жаткан жаңы экономикалык кластерлер, СЭӨПда каралган жетишкендиктер жана пландар тууралуу айтып берди.

“Жел тегирмен” эс алуу үйүндө мамадминистрациянын башчысы Ат-Башынын туристтик дараметин өнүктүрүп, туризм чөйрөсүндө өз иши менен алектенип жаткан ишкерлерди сыйлады.

ЖАҢЫ БАШАТ

2023-жылы Ат-Башы туризм секторунун жаңы этабын баштаган эле: бул тармак биринчи жолу алдыдагы беш жылга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына артыкчылыктуу катары кошулган.

Бул да жөн жерден болгон жок. Туризм – бул көп кырдуу жана көп тармактуу чөйрө, аны өнүктүрүү инфраструктуранын жана тейлөөнүн ар кандай өңүттөрүнө олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келет. Бул чөйрөнүн өсүшү менен жолдор оңдолуп, жаңыланып, жаңы мейманканалар курулуп, тейлөөнүн деңгээли да жогорулайт. Тамактануучу жайлар атаандашууга, эмеректерди жаңылоого, ассортиментин кеңейтүүгө жана сунушталган тамак-аштардын сапатын жакшыртууга умтулушат.

“Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы тийгизген таасирге жасалган сереп көрсөткөндөй, Ат-Башыда туризмди өнүктүрүү көптөгөн үмүттөрдү берүүдө. СЭӨПга киргизилген иш-чаралар аткарылса, аймактагы туристтердин саны дээрлик эки эсе көбөйүшү ыктымал: 2025-жылы Ат-Башы районуна 45 миңден ашык, 2026-жылы 60 минден ашык турист келет деп күтүлүүдө. Программада көрсөтүлгөн чаралар ишке ашырылбаса, өсүштүн болжолу кыйла орточо болот (1-сүрөттү караңыз). 

Ошондой эле иш менен камсыз кылууну эки эсе көбөйтүү пландаштырылууда, калктын туризмден түшкөн кирешеси секторду өнүктүрүп жаткан ишкерлердин күч-аракетинин жана зарыл инфраструктураны түзүп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгегинин натыйжасында үч эсе көбөйөт деп күтүлүүдө.

1-сүрөт. Ат-Башы районуна туристтик агымдын өсүшүнүн божомолу, адамдардын саны

ТУРИСТТИК АРТЫКЧЫЛЫК

Ат-Башы районунун туристтик дарамети көп түрдүү. Жалпысынан аймакта 28 республикалык жана 53 жергиликтүү тарыхый-маданий объект бар. Бийик тоолуу жаратылыш – жайыттар, көлдөр жана шалбаалар адамдын колу тийбеген жерлерде жалгыздыкты эңсегендерди өзүнө тартып турат. Улуттук каада-салттарды, оюндарды жана кол өнөрчүлүктү сактоого болгон умтулуу чет элдик саякатчылар үчүн чыныгы атмосфераны жаратууда.

Негизги кооз жаратылыш жерлер – Чатыр-Көл, Көл-Суу жана Көл-Төр көлдөрү. Суу объектилерине жылына бир нече ай гана барууга болот жана бул аларды өзгөчө баалуу кылып жатат. Босого жана Учар тоо жайыттары, Шар шаркыратмасы уникалдуу тажрыйбага ээ болууну каалаган туристтерди өзүнө тартып турат, себеби бул жерлерге жөө гана жетүүгө болот. Таш-Рабат жана Кошой Коргон архитектуралык комплекстер – байыркы тарыхтан маалымат алгысы келгендерди өзүнө тарткан жерлер.

Жибек жолунда жайгашкандыктан бул байыркы соода жолунун тарыхын чагылдырган көп түрдүү каттамдарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, район башка облустар менен кызматташуу үчүн дарамети күчтүү. Алсак, Арпа-Кептеш тараптан Арпа жайлоосу аркылуу Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустары боюнча, ал эми Узун-Куш тараптан Жаңы-Жер аркылуу Ысык-Көл жана Чүй облустары боюнча каттамдарды уюштурууга болот.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: “Биз үчүн туризм – бул маданиятыбызды дүйнө менен байланыштырган көпүрө. Ат-Башы Кыргызстандын нукура кооздугун көргүсү келгендер үчүн кучагын ачууга даяр”.

ТУРИСТТИК ИНФРАСТРУКТУРА

Бирок, бул жерде туризмди өнүктүрүүнүн өз өзгөчөлүктөрү жана чечилбеген көйгөйлөрү бар. Туристтер бул жерлерге жылына 3-4 ай гана каттай алышат.

Мындан тышкары, инфраструктура азырынча жетиштүү өнүкпөгөн бойдон кала берүүдө: райондо конок үйлөрү, боз үй лагерлери жана башка объекттер жетишсиз, бул туристтердин ыңгайлуу эс алуусу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Туристтик өнүмдөр да көп жакшы өнүккөн эмес – сунуштар чектелүү, ал эми жергиликтүү гиддердин даярдык деңгээли дайыма эле саякатчылар күткөндөй боло бербейт.

Дагы бир көйгөй бар – бул райондун туристтик дараметин улуттук жана эл аралык деңгээлдерде натыйжалуу тааныта турган маалыматтык борборлор, сапаттуу жарнамалар жана заманбап веб-сайттар жокко эсе.

Район туристтик рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү боло алышы үчүн туристтик кластерди өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле маанилүү ролду ойношу ыктымал.

ТУРИСТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ 

Нарын мамлекеттик университетинде “Туризм” адистиги 2022-жылы ачылган. Студенттер төрт жыл бою маданий жана тарыхый туризм, саякат туризми, маркетинг, бизнес моделдөө, мейманкана жана туристтик бизнести пландаштыруу, дестинациялардын менеджменти, кризистик кырдаалдарды жана табигый кырсыктарды башкаруу, гастрономиялык туризм өңдүү предметтерди өздөштүрүшөт. Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр каалаган туристтик тармакта иштей алышат.

Мындан тышкары, университет туризмде иштөө үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү үйрөнүүнү каалагандар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды окутат. Курстун катышуучулары экологиялык туризм боюнча инструктор, мейманкана бизнеси, туризмдеги этика, натыйжалуу жарнама өңдүү көндүмдөрдү өздөштүрө алышат. Адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн окуулар, стажировкалар, практикалык турлар өткөрүлүп турат.

Бирок НМУда Ат-Башы районунан туризм багытында билим алып жаткан студенттер жок. Аким Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ окуу жайдын жетекчилигине жергиликтүү абитуриенттерди тартууну сунуштады. Ат-Башыда туризм өнүккөн сайын туристтик кызматтарды жогорку деңгээлде көрсөтө ала турган гиддерге муктаждык пайда болоору талашсыз.

“Ат-Башы районунда кадрларды даярда-майынча туризмди өнүктүрүү мүмкүн болбойт. Бизге аймагыбыздын өзгөчөлүктөрүн гана эмес, анын кайталангыстыгын сыймыктануу менен конокторго айтып бере алган кесипкөй адистер керек.  Жаштар келечекке көзү жетип, бул процесске катышуусу керек”, – деди АБДЫКАДЫРОВ.

ТУРИСТТИК ОБЪЕКТТЕР 

Таш-Рабат – Борбордук Азиядагы уникалдуу архитектуралык эстеликтердин бири, анын курулушу XV кылымга таандык. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Кошой Коргон – көлөмү 245-250 метр болгон тик бурчтуу формадагы байыркы Ат-Башы шаарынын калдыгы. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган дубалдардын бийиктиги 4 метрден 8 метрге чейин жетет.

Чеч-Дөбө – бул “Манас” эпосунда айтылган, жердин жана суунун символикасы менен байланышкан жер. Эпосто Чоң казатта курман болгон Алмамбет баатырдын сөөгү Чеч-Дөбөдө көмүлгөнү айтылат. Бул жер “Алмамбет мазар” катары да белгилүү. Чеч-Дөбө Ат-Башы районунда жайгашкан, ал эми эпосто айтылган Кошойдун жашаган жери азыркыга чейин Кошой-Коргон деп аталат.

Босого – Ак-Муз айылынын четинде орун алган жайлоо. Бул жер таза абасы жана кооз пейзаждары менен белгилүү. Бул жерде жүзүм, карагат жана кызыл сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү табууга болот, ошондой эле токойлордо арчанын ар кандай түрлөрү өсөт.

Богошту – салкын абасы, ар кандай чөптөр жана булак суулары менен белгилүү жайлоо.

Шар – Борбордук Азиядагы эң ири беш шаркыратманын бири. Ал Баш-Кайыңды капчыгайында орун алган жана бийиктиги 220 метрге, ал эми каскаддары 400 метрге жетет. Ал деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Ак-Сай – Борбордук Азиядагы эң суук жерлердин бири жана кыргыздар үчүн ыйык жер. Манас Алтайдан кайтканда Кошой менен Ак-Сайда жолугуп, анын даанышман кеңештерин алып, ошондон кийин Ала-Тоого жол тарткан.

Деңиз деңгээлинен 3514 метр бийиктикте, кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан Көл-Суу көлү эң кооз бийик тоолуу көлдөрдүн бири болуп эсептелет. Көл борбордон 460 чакырым алыстыкта жайгашкан, ага Бишкек-Нарын-Торугарт жолу менен жетүүгө болот. Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө да белгилүү болуп, көптөгөн туристтерди өзүнө тартып турат.

Чатыр-Көл – түштүктөн жана түндүктөн тоолор менен курчалган, эриген мөңгүлөрдөн суулары агып келген, көптөгөн булактары бар көл. Ал Кыргызстанда гана эмес, ошону менен бирге Борбордук Азияда да суу-саз канаттууларынын 9 түрү уялаган жалгыз бийик тоолуу көл болуп саналат. Канаттуулар күзүндө жер которгондо бул жерде алардын 50дөн ашык түрү кездешет. Уя баскандан кийинки түлөө мезгилинде көлдө 20 миңден ашык кызыл өрдөк топтолот, бул дүйнөлүк популяциянын 40 пайызын түзөт.

 

Окшош материалы: