Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ак-Моюн айылдык аймагы: туризм жана экология – муниципалдык СЭӨПнын алкагында айкалыштырылган маселелер
Түрмөктүн материалдарын EGED программасынын алкагында ӨСИнин жана БАЖБАнын буйрутмасы менен Ирена БАЙТАНАЕВА даярдады
Ак-Моюн айылдык аймагынын Ак-Муз айылы жашоочулардын демилгелери жана уюмдардын колдоосу менен жашоо жана туризм үчүн ыңгайлуу жана экологиялык мейкиндикти түзө алаарынын үлгүсү болуп калды. Ал эми Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы таасирдүү жыйынтыктарга жетүү үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирүүгө жардам берүүдө.
ТАШТАНДЫ – ТУРИЗМДИН ПРОДУКТУСУ, БИРОК АНЫ БАШКАРУУГА БОЛОТ
Ак-Муз айылы аркылуу Босого, Ак-Сай, Көл-Суу, Көл-Төр сыяктуу аймактын таанымал жайыттарына жана кооз жерлерине жетүүгө болот. Жыл сайын бул жерлерге миңдеген туристтер келип, өзүнөн кийин жакшы элести гана эмес, ошону менен бирге таштандыларды да калтырып кетишет. Муниципалитет орноткон урналар тез эле толуп, туристтердин жүгүн көтөрө алган жок.
Дал ошондо демилгелүү элеттиктер урналардын сыйымдуулугун жогорулатууну сунушташкан. Куланак ГЭСинде иштеген айыл тургундары бул идеяны колдоп, жаңы контейнерлерди орнотууга өз акчасын чыгарышты. Туристтик сезон үчүн атайын иштелип чыккан бул урналар жаздан күзгө чейин – туристтердин агымы өзгөчө катуу болгон мезгилде гана орнотулат.
Элет жергесинде өзгөрүүлөр EGED программасынын колдоосу менен мүмкүн болду. Өнүктүрүү саясат институту аркылуу программа берген 100 000 сомго турмуш-тиричилик калдыктарын сорттоочу контейнерлер сатып алынды. Мына ушул жагдай таштандыны жок кылуунун заманбап системасын түзүүнүн башаты болуп калды.
2024-жылдын май айында Ак-Музда “Айылыбыз үчүн – тазалык, ал эми айыл – баарыбыз үчүн” акциясы өтүп, бардык курактагы тургундардын башын бириктирди. С. ИСРАИЛОВ атындагы балдар бакчасынын жамааты балдар үчүн таштандыларды сорттоо боюнча агартуучу оюнду уюштурду, ал эми Боогачы атындагы мектепте макулатураны чогултуу боюнча конкурс өттү. Конкурска “Ак-Муз Өнүгүү” муниципалдык ишканасы финансылык колдоо көрсөтүп, жеңүүчү класстарга акчалай сыйлыктарды (10 000 сом өлчөмүндө) тапшырды. Ошондой эле ишкана тазалыкка кам көрүүгө үндөгөн баннер жасап берди.
Тазалыкка арналган акция райондун Социал-дык-экономикалык өнүктүрүү программасын аткаруунун алкагында пландаштырылган.
Ак-Муздун окуясы – бул айыл тургундары туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп гана тим болбостон, экологиялык көйгөйлөрдү да чечип жатканынын мисалы. Ар бирибиз өзүбүзгө “Мен айылым үчүн, өлкөм үчүн эмнелерди жасадым?” деген суроону узата алабыз. Ал эми Ак-Муздун тургундары бул суроого жоопту табышты.
АК-САЙ ӨРӨӨНҮНДӨ ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ШАРТТАР ОҢОЛДУ: ЖАҢЫ ДААРАТКАНАЛАР ОРНОТУЛДУ
Ат-Башы районунда орун алган Ак-Сай өрөөнү көздүн жоосун алган кооз жерлери жана атактуу Көл-Суу көлү менен жыл сайын туристтерди өзүнө тартып келет. Коноктордун эс алуусун ыңгайлуу кылуу үчүн жергиликтүү бийлик инфраструктураны өнүктүрүү ишин улантууда.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек АЛАКУНОВдун демилгеси жана “Ак-Моюн Тазалык” муниципалдык ишканасынын көмөгү менен туристтик каттамдардын негизги жерлерине дааратканаларды орнотуп, ремонт иштери жүргүзүлдү.
Алсак, Кында ашуусунда көптөгөн саякатчылар келген чек ара постунун жанына жаңы даараткана орнотулду. “Арашан” минералдык булагына жакын жердеги даараткана оңдолуп, сырдалып, айланасы таштандылардан тазаланды. Көл-Сууга жетелеген жолдо жаңы даараткана орнотулуп, иштеп жатканы болсо оңдолуп чыкты. Эки дааратканада тең тазалоо жана сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Бул жумуштар “Ак-Моюн Тазалыктын” атайын техникаларын – жүктөгүчтү жана КамАЗды колдонуп жасалды.
Дааратканалар, көрктөндүрүү жана Интернетке кирүү сыяктуу туристтер үчүн шарттарды түзүү туристтердин агымын көбөйткөндөн тышкары, кошумча акча табуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон жергиликтүү тургундарды да колдоп жатат.
“Инфраструктураны жакшыртуу саякатчылар биздин өрөөнгө келгенде жакшы пикирде калышы үчүн маанилүү. Биз Ак-Сайды туристтер үчүн кыйла жагымдуу аймакка айландыруу үчүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын жана туризмди өнүктүрүү боюнча пландын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ушул жааттагы иштерди уланта бермекчибиз”, – деди айыл өкмөт башчысы Нурбек АЛАКУНОВ.
Дааратканаларды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү – коноктордун ыңгайлуулугу үчүн милдеттүү шарттар. Инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди көбүрөөк тартууга, Кыргызстандагы экотуризм борборлорунун бири катары райондун позициясын бекемдөөгө жардам бере алат.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Аймактардын брендинги: Базар-Коргон району өз логотибин жасайт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Айтматов районунун СЭӨПсы: айыл чарбасындагы ишкерликти колдоо
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасы Кыргызстандагы региондорду өнүктүрүүнү башкарууда жаңы методдорду киргизүүгө көмөк көрсөтөт
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү: Ноокаттагы тегерек столдун жыйынтыктары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мамлекеттик органдардын, бизнестин жана жергиликтүү жамааттын үчилтиги туристтик кластерди же “Чоң-Кемин – Чүй облусунун алтын чөйчөгү” кластерин өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерин бириктирүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кемин районунун 2025-2027-жылдарга СЭӨПсы эки эсе өсүштү убада кылып жатат