Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар
Салия АКУЛОВА, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) долбоорлор боюнча менеджери
2025-жылы БАЖБА “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызстандын алты пилоттук районунда аял депутаттардын саясий катышуусуна комплекстүү изилдөө жүргүзүп чыккан. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен биргеликте Хельветас Кыргызстан уюму аткарууда. Изилдөө тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктап гана тим болбостон, ошону менен бирге ӨСИ 2021-жылы жүргүз-гөн ушул сыяктуу изилдөөгө салыштырмалуу динамиканы талдоо максатын көздөгөн. Фокус-топтордогу талкууларды жана онлайн-сурамжылоону колдонуп, изилдөө аялдардын жергиликтүү саясатка катышуусундагы олуттуу өзгөрүүлөрдү да аныктай алды.
КВОТАДАН МЫЙЗАМДУУЛУККА ЧЕЙИН: КАБЫЛДОО КАНТИП ӨЗГӨРҮҮДӨ
2021-жылы 30 пайыздык гендердик квотаны киргизүү аялдардын жергиликтүү кеңештердеги өкүлчүлүгү үчүн бурулуш учур болуп калды. Ошондо аялдардын кеңештеги үлүшү 11 пайыздан 32 пайызга чейин өскөн. Бирок, 2021-жылы көпчүлүк адамдар аялдарды “квота боюнча келгендер” деп кабыл алышкан, мындан улам алардын компетенттүүлүгү шек жараткан.
Төрт жылдан кийин кырдаал өзгөрдү. 2025-жылы аялдар жөн гана мандаттардын ээси эмес, алар көпчүлүк аймактарда шайлоодо жеңишке жетишип, квотага таянбастан, шайлоочулардын добуштарынын саны менен кеңешке өтүп жатышат. Айрым кеңештерде, мисалы, Жети-Өгүз районунда аялдардын үлүшү 50 пайызга жетти. Ушул тапта аялдар натыйжалуу саясатчылар катары кабылданууда. Ал тургай, калктын аларга ишеними артты: аял депутаттардын 71,5% жамааттардын колдоосу күчтүү болгонун белгилешти.
АЯЛДАРДЫН КҮН ТАРТИБИ: СОЦИАЛДЫК ТЕМАДАН СТРАТЕГИЯГА ЧЕЙИН
2021-жылы аялдар негизинен социалдык чөйрө менен алектенишет деп күтүлсө, 2025-жылы аялдар өз катышуусун кеңейтишти. Жарымынан көбү – 52,2% мурдагыдай эле назарын социалдык саясатка (билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданиятка) бурганы менен, 33,3% инфраструктуралык маселелерди чечүүдө, ал эми 21% экономика жана иш менен камсыз кылуу маселелеринин үстүнөн иш алып барууда. Бул стратегиялык жана системалуу мамиледен кабар берип жатат. Аялдар жамаатка багытталган ой жүгүртүүсүн көрсөтүшөт, алар өз айылдарын гана эмес, бүтүндөй айылдык аймакты өнүктүрүү маселелерин да ойлонушууда. Алар ошондой эле бюджетти бөлүштүрүүдө ачыктыкка, мыйзамдуулукка жана натыйжалуулукка өзгөчө маани беришет. Алардын демилгелери турмуш-тиричиликтин ыңгайлуу болушуна да, санариптештирүүгө да, экологияга жана аялдардын ишкердигин колдоого да тиешелүү болуп жатат.
КӨМҮСКӨ ТОСКООЛДУКТАР: ҮЙ-БҮЛӨ, БЕЙФОРМАЛ ТАЖРЫЙБА ЖАНА ПАССИВДҮҮЛҮК
Формалдуу теңчилик чыныгы таасирге бирдей жеткиликтүүлүктү билдирбейт. Аялдар мурдагыдай эле бир катар чакырыктарга туш болуп жатышат. Негизги тоскоолдуктар төмөнкүлөр:
- үй-бүлөнүн кысымы жана жолдошунан колдоо таба албоо;
- депутаттык эмгек үчүн акынын жоктугу;
- тажрыйбанын, билимдин жетишсиздиги;
- аялдар кошулбаган бейформалдуу чечимдерди кабыл алган каналдар.
Жаңы чакырыктар да пайда болду. Алардын арасында аял депутаттардын ички пассивдүүлүгү жана горизонталдык колдоонун чабалдыгы бар. Эркектер туруктуу бейформал коалицияларды түзүп жаткан чакта аялдар көбүнчө өз алдынча иш алып барышат. Бул айрыкча ресурстарды бөлүштүрүүдө аялдардын күн тартибин илгерилетүү мүмкүнчүлүгүн азайтып жатат.
ИШЕНИМДЕН – ИЙГИЛИККЕ
2021-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө салыштыруу аял депутаттардын өздөрүнүн ийгиликтин шарттарын кабыл алуусунда оң динамиканы көрсөтүүдө. Анда ийгиликтин өзөктүк фактору деп үй-бүлөнүн колдоосу эсептелген. Ал эми 2025-жылы укуктук сабаттуулук, бюджеттик процессти билүү, лидерлик жана коммуникациялык көндүмдөр өндүү кесиптик сапаттар биринчи планга чыгып жатат.
Мандат алганга чейин эле жамааттын жашоосуна жигердүү катышып келген аялдарга шайлоочулар чоң ишеним артып, алар олуттуу жыйынтыктарга жетип жатышат. Дал ушул алардын ийгилиги аялдардын катышуусунун мыйзамдуулугун бекемдөөдө.
СУНУШТАМАЛАР: АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИНЕ КОМПЛЕКСТҮҮ КОЛДОО КӨРСӨТҮШ КЕРЕК
БАЖБАнын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштар даярдалды. Бул сунуштар жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине аялдардын катышуусун колдогон уюмдардын иш практикасына интеграцияланып, ошондой эле башкаруунун ыйгарым укуктуу органдары аларды көңүлгө алууга тийиш.
Компетенцияларды өнүктүрүү. Башкаруу, укук, бюджет менен иштөө, сүйлөшүүлөр боюнча аялдар үчүн билим берүү программаларын даярдап, аларды ишке киргизүү зарыл.
Аялдардын катышуусун кеңейтүү абзел. Башкаруу органдары аялдарды кеңештин негизги комиссияларына (бюджеттик, экономикалык), ошондой эле стратегиялык маселелерди чечүүгө байланышкан депутаттык жумушчу топторго, мисалы, муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо боюнча топторго киргизүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле аял депутаттарды райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештерге кошууга көбүрөөк көңүл бурушу керек.
Горизонталдык колдоо зарыл. Аял депутаттар өздөрү, ошондой эле аларга колдоо көрсөткөн уюмдар аялдардын тармактарын, платформаларын түзүү, тажрыйбалуу жана жаңы аял депутаттардын ортосунда насаатчылыктын ар кандай түрлөрүн киргизүү багытындагы күч-аракеттерин көбөйтүүгө тийиш. Аял депутаттар финансылык стимулга, компенсацияларга, айрыкча материалдык эмес мотивацияга, сыйлыктар жана коомдук иш-чаралар аркылуу эмгеги таанылышына муктаж.
Жамааттар менен иштөө зарыл. Бардык кызыкдар тараптар үчүн үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн, өзгөчө эркектердин ичинен пикир лидерлерин жана жарандык коомду эркектер менен аялдар үчүн мыкты жашоо шарттарын сүрөөгө тартуу маселеси актуалдуу бойдон калууда.
КОРУТУНДУ
2025-жыл аялдардын Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу үчүн маанилүү учур болуп калды. Квоталар эшикти ачты, бирок дал ушул аял депутаттардын компетенттүүлүгү, өжөрлүгү жана стратегиялык ой жүгүртүүсү алардын жергиликтүү өнүгүүгө туруктуу катышуусунун өзөгүнө айланды. Биротоло сандан сапатка өтүү максатында структуралык жана маданий тоскоолдуктарды четтетип, ошондой эле Кыргызстандын региондорун өнүктүрүүнү тездетүүгө жана анын жыйынтыктарын эки эсе көбөйтүүгө жөндөмдүү аялдар үчүн колдоо көрсө-түүчү чөйрөнү түзүп берүү зарыл. Жергиликтүү саясаттагы аялдар – бул убактылуу көрүнүш эмес, ал өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Региондорго алынган багыт: 2030-жылга перспектива
-
№2 (160) / 2025-03-03 Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген
-
№2 (160) / 2025-03-03 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)
-
№2 (160) / 2025-03-03 ЖӨБ органдарынын ишине тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин айрым сунуштарынын тизмеги
-
№1 (159) / 2025-01-30 “Муниципалитет” журналы окурмандарын Жаңы жыл менен куттуктап, өз жазылуучуларына – салттуу жаңы жылдык электрондук ойнотуунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды!
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Улуттук Урбан форуму-2024: Кыргызстан үчүн шаардаштыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги