Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Жарандар өнүгүүнүн кошо жаратуучулары болгондо: Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы аракетте
Алия МЫРСАЛИЕВА, “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын менеджери, ӨСИ
Октябрдын акыркы жекшембиси – бул жамааттарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанилүүлүгүн таануу үчүн маанилүү дата. Кыргызстанда тарыхта чечимдерди акылдашып кабыл алуу салты бар, мисалы, курултай түрүндө, анда жарандар айылды, айыл өкмөттү же шаарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алууга катыша алышат. Ошондуктан, Жергиликтүү жамааттардын күнүн белгилөө колдонуудагы мыйзамдарды сактоо гана эмес, ошону менен бирге салттарга урмат көрсөтүү да болуп саналат. Майрам Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-январындагы №44 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы №107 токтому менен бекитилген.
2025-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Жергиликтүү жамааттар күнүнө карата Жергиликтүү жамааттар жумалыгы уюштурулду. Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) "КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн" Өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү – КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу) жана Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды уюштурду. Иш-чаралар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда ар кандай форматта өттү.
Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, жарандардын катышуусу, регионалдык экономиканы өнүктүрүү механизмдери жана муниципалитеттердин бири-бири менен жана жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүсүнүн заманбап моделдери боюнча кесипкөй маалымат, пикир жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды. Эки календардык жуманын ичинде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, эксперттер, ЖОЖдор, ЖМКлар, аял депутаттар, активисттер жана жаштар тематикалык жыйындарга, сапарларга, тегерек столдорго жана коомдук талкууларга катышты.
20-октябрда Жумалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-эртең мененки тамак менен ачылды. Анда КР Экономика жана коммерция министрлиги аймактарды ар тараптуу өнүктүрүү жана “өсүш тиректерине” көрсөтүлүп жаткан колдоо тууралуу маалымат менен бөлүштү. Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлери менен жолугушуу күндүн логикалык уландысы болуп калды. Жолугушууда ӨСИ ишке ашырып жаткан жана шаардык мэриялардын дараметин жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган Шаарларды колдоо долбоорунун бет ачары болду.
Эртеси күнү, 21-октябрда, республиканын аймактарында тажрыйба алмашуу жана көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар өттү. Алсак, Ош облусунда айыл өкмөт башчылары менен муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин тажрыйба алмашуу иш сапары болуп, алар “Датка” муниципалдык ишканасынын иш тажрыйбасы менен тааныша алышты. Ошону менен бирге Ош шаарында EGED долбоорунун (FCDO каржылайт) фокус сессиясы өттү, ал жергиликтүү деңгээлде инвестицияларды тартууга арналды – бул тема азыр көптөгөн региондор үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.
Жумалыктын уюштуруучулары жаштарды да көз жаздымда калтырбай, 22-октябрда Улуттук статистика комитети студенттерге эшигин ачты. Жаштар болжолдоодо жана пландаштырууда дайындар кандайча колдонуларын көрө алышты, ал эми “Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз” мини-квизи натыйжалуу башкарууда статистиканын маанисин жана ролун көрсөттү.
23-октябрда КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн колдоосу менен ӨСИнин атынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоо боюнча расмий иш-чара уюштурду. Иш-чара Өнөктөштүктүн мүчөлөрү өткөргөн түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен коштолду. Конкурсанттар сунуштаган демилгелер жарандардын катышуусу инфраструктурада, башкарууда жана социалдык чөйрөдө туруктуу өзгөрүүлөргө алып келерин көрсөттү.
24-октябрда "Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору (Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен) тегерек стол өткөрдү, анын катышуучулары гендердик теңчиликти жана коммуналдык калдыктарды башкаруу системасында инклюзияны талдоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн ачык, адилеттүү жана калктын бардык топторунун муктаждыктарына даректелген системаларды түзүүнүн аспаптары талкууланды.
Жаштар арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө маалымдоону уланткан дагы бир иш-чара 27-октябрда Бишкектеги “Парк Отель” мейманканасында өттү – 100дөн ашык жаштын башын бириктирген “Data driven governance” аттуу квиз-найт уюштурулду. Катышуучулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө билимин гана сынабастан, ошону менен бирге дайындарга негизделген чечимдерди кабыл алуунун заманбап ыкмалары менен да тааныша алышты.
Аялдардын катышуусуз бир дагы жамаатты туруктуу өнүктүрүү мүмкүн болбойт. Ошол себептен Жумалыктын алкагында бир эле учурда аялдардын ролуна арналган бир нече иш-чара өттү: 23-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна аймактардан чогулган аял депутаттардын жана активист аялдардын тажрыйба алмашуу сапары, ал эми 28-октябрда Бишкекте жамааттарды өнүктүрүүдөгү аялдарга арналган жолугушуу өттү. Бул жолугушуунун жүрүшүндө билим берүүдө, ишкердикте жана жергиликтүү кеңештердин ишинде маанилүү жыйынтыктарга жетишкен аялдардын окуялары жаңырды. “Аял депутаттардын мыкты демилгеси” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи башкаруудагы жана чечимдерди кабыл алуудагы аялдардын ролунун маанилүүлүгүн көрсөттү.
"Жергиликтүү жамааттардын жумалыгы-2025" жарандардын, муниципалитеттердин, мамлекеттик органдардын, лидер аялдардын жана жаштардын диалогу үчүн ачык жана өз убагында уюштурулган аянтча болуп калды. Форматтардын ар түрдүүлүгү башкаруу, экономика, инклюзия жана жарандардын катышуусу маселелерин бириктирүүгө мүмкүндүк берди.
Окшош материалы:
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Үчүнчү сессия. Аймактарды өнүктүрүүдө жана борбор азиялык интеграцияда муниципалдык ассоциациялардын жана санариптик платформалардын ролу
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Биринчи сессия. Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун заманбап тенденциялары
-
№11 (169) / 2025-11-29 Күчтүү шаарлар – күчтүү өлкө: Кыргызстанда Шаарларды колдоо долбоору башталды
-
№11 (169) / 2025-11-29 Бүгүнкүнү өлчөө менен, өлкөнүн аймактарын өнүктүрөбүз: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Ачык эшиктер күнү
-
№5 (163) / 2025-06-10 Аял депутаттар: квотадан сапаттуу катышууга чейинки жол. Тенденциялар, чакырыктар жана жаңы стратегиялар


















