Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (163) 10 Июнь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары

2025-06-10 / Аймактарды өнүктүрүү
Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо  экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары

Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти

МАЛИНА ӨНДҮРҮҮ

Кадамжай районунун СЭӨПсынын үстүнөн жасалган иштердин жүрүшүндө анын өкүлдөрү өздөрү эксперттерден малинаны өндүрүүнү өзүнчө тармактык профиль катары кароону өтүнүштү, себеби алар бул багытты райондун экономикалык адистешүүсүнүн негизги багыттарынын бири деп эсептешет. Кадамжай районунун малинасы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу климаттык шарттардан улам өзгөчө сапатка ээ. Көптөгөн кожолуктар короолорунда малина жана кулпунай өстүрүп келишет. “Кадамжайдын малинасы” акыркы жылдары өзүнүн өтө сонун даамынан жана жагымдуу товардык түрүнөн улам өзгөчө брендге айланды. Райондо Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттоого багытталган жемиштерди тоңдуруучу цехтер түзүлгөн. 2024-жылы малинанын экспортунун көлөмү болжол менен 85 млн сомду түздү.

Рыноктун жогорку ликвиддүүлүгүнө карабастан, малинаны өндүрүү динамикасы 2021-жылдан 2024-жылга чейин бир деңгээлде калып келген. Буга эки фактор себепчи болгон – акыркы үч жылда малина өстүрүлгөн аянттар көбөйгөн жок. Малинанын түшүмдүүлүгү да бир түшүмдүн гектарына 4 тонна деңгээлинде кала берген. Ошентип, келечектүү тармакты өнүктүрүү боюнча экстенсивдүү да, интенсивдүү да чаралар көрүлгөн эмес.

Малина отургузулган аянттын олуттуу өсүшүн караштырбаган базалык линияны божомолдоонун жыйынтыгы боюнча өндүрүштө бир кылка өсүш күтүлүүдө: 2024-жылы 2 200 тоннадан 2027-жылы 2 900 тоннага чейин, б.а. болжол менен 30 пайызга жакын.

Кадамжай районунун СЭӨПсында экономикалык жана мейкиндикти өнүктүрүү маселелерин байланыштырууга мүмкүндүк берген СЭӨПны даярдоонун жаңы методикасынын жардамы менен аныкталган ооздуктоочу факторлор эске алынды. Программада мейкиндикти пландоо жаатындагы бир катар чаралар каралган, мында райондун айыл чарбасын адистештирүү багыты болгон келечектүү маданиятка кошумча аянттар бөлүнөт. Мындан тышкары, дыйкандардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чаралар пландалган, алар баштапкы баалоо боюнча малинанын түшүмдүүлүгүн бери дегенде  5 пайызга жогорулатууга жардам бермекчи. Сунушталган чаралардын негизинде өндүрүштүн динамикасынын жаңы божомолу жана отургузуу аянттарын пландаштырылган көбөйтүү динамикасы төмөндөгү 3-сүрөттө көрсөтүлдү.

3-сүрөт. Кадамжай районунда малина өндүрүүнүн көлөмүнүн болжолу, тонна менен

3-сүрөттөн программалык чаралардын таасирин эске алуу менен болжолдоо базалык болжолдон канчалык айырмаланарын көрүүгө болот. Малина өндүрүүнүн көлөмү 2027-жылы базалык болжолго карата 30 пайыздан ашык көбөйөт, ал эми 2027-жылдын көлөмүнүн көрсөткүчү 2024-жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 74 пайызга жогорулайт.

Ошентип, экономикалык факторлорду пландоону караган СЭӨПнын жаңы методикасынын айкалышкан ыкмасынын эсебинен (алдыңкы тармакты өнүктүрүү зарылдыгы жана өндүрүштү интенсификациялоо боюнча чаралардын зарылдыгы) мейкиндик факторлору менен айкалышта (тармакты өнүктүрүү үчүн мейкиндик негиздерин түзүү) айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө жетишүүгө болот.

КҮРҮЧ ӨНДҮРҮҮ

Күрүч дагы жагымдуу жаратылыш шарттарын эске алуу менен райондун экономикасын өнүктүрүү үчүн келечектүү өсүмдүк болуп саналат. Райондо бул тармакты өнүктүрүү боюнча учурдагы пландардын өзгөчөлүгү бар: бул тармакта жумуштуулукту өнүктүрүү боюнча сунушталган чаралар райондо иш менен камсыз болгон калктын санынын олуттуу өсүшүнө алып келмек, бирок ошол эле учурда мейкиндик прогнозу дээрлик өзгөрбөйт. Эгерде учурдагы божомолго ылайык, тармакта иштеген жеке адамдардын саны 2024-жылы 3 500 адамдан 2027-жылы 4 840 адамга чейин, же 30 пайызга көбөйсө, анда күрүч эгүү үчүн жердин аянты божомолдо көбөйбөйт, ал тургай 2 пайызга азаят. Ошол эле маалда базалык божомолдо күрүч өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүү ыргагы жылына 1 пайызды гана түзөт. Жаңы методиканын аналитикалык аспаптарын колдонуу кырдаалды комплекстүү карап чыгууга жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын пландуу көбөйтүүдө күрүчтү эгүү үчүн аянттар бери дегенде 20 пайызга көбөйүшү керектигин болжолдоого мүмкүндүк берет. Ушундан улам, ошол эле түшүмдүүлүк менен 2027-жылы өндүрүш көлөмүнүн өсүшү дээрлик 25 пайызга өсөт деп болжолдоого болот (3-сүрөттү караңыз).

3-сүрөт. Кадамжай районунда күрүч өндүрүүнүн көлөмүнүн болжолу, тонна менен

Мында инвестицияларга болгон керектөө кыйла өсүшү ыктымал – 2025-жылы буга чейин пландалган 10 млн сом керектөөдө 2,5 эсе көп сумма талап кылынышы мүмкүн.

Ошентип, жаңы методиканын айкалышкан ыкмасынын эсебинен экономиканы өнүктүрүү боюнча бир чаралардын мейкиндикти өнүктүрүү боюнча башка чаралар менен (жаңы дыйкандар үчүн мейкиндик базасын түзүү) өз ара көз карандылыгын эске алууга мүмкүн болду. Ошону менен тармакта өндүрүштүн өсүшү боюнча жаңы болжолдорду жана бул үчүн талап кылынган инвестициялар боюнча кыйла так болжолдоолорду алышты.

 

Окшош материалы: