Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?
Уландысы. Макаланын башын 2025-жылы чыккан №5 (май) сандан табасыз. Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Региондорду өнүктүрүүнү пландоонун жана божомолдоонун жаңы ыкмалары Кыргыз Республикасынын айрым райондорундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө кандай таасир тийгизерин түшүнүү максатында Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери EGED Программасынын пилоттук райондордун абалына жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн келечегине жасаган аналитикалык баалоону жана таасирин болжолдоону төмөнкү параметрлер боюнча даярдап чыгышты:
- 1) райондун экономикалык адистешүүсү аркылуу жергиликтүү экономикага дем берүү;
- 2) социалдык инфраструктурага жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, өзгөчө артта калып жаткан жана райондук мамлекеттик администрациялардан жана муниципалитеттерден көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган тармактарда;
- 3) өнүктүрүү саясатын пландоодо маалыматтарды пайдалануу аркылуу кыйла сапаттуу пландоо жана секторлордун өз ара байланыштарын эске алуу.
Сереп 2025-жылдан 2027-жылга чейин болжолдонгон мезгилде мындай таасирди талдоо үчүн тандалып алынган Кыргыз Республикасынын 7 облусунан 7 райондун экономикалык адистештирилген тармактарын же социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө EGED Программасы соңку жыйынтыктар деңгээлинде кандай таасир эткендигин же тийгизе турганын көрсөткөн мисалдарды камтыйт.
Талдоонун жүрүшүндө жасалган болжолдор жана эсептөөлөр төмөнкүдөй тыянактарды жасоого мүмкүндүк берди: EGED Программасынын колдоосу менен иштелип чыккан социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун жаңы методикасын ишке киргизүүнүн жардамы менен райондордун деңгээлинде болжолдоолордун тактыгын жана пландардын ырааттуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүн болду.
Журналдын бул санында Кемин жана Базар-Коргон райондорунун мисалдары келтирилет.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
-
№9 (167) / 2025-09-21 ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары
-
№9 (167) / 2025-09-21 Инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары калктын аярлуу жана артта калып жаткан топтору үчүн шарттарды түзүүдө















