Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Кыргыз Республикасынын көпчүлүк райондорунун экономикалык адистешүүсү кайсы бир деңгээлинде айыл чарбасына багытталган, ошондуктан бул үчүн шарттар жана чийки базасы бар жерде өнөр жайды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү катары аныкталганы маанилүү. Кемин району тоо-кен өнөр жайын экономикалык адистешүүнүн башкы тармагы катары тандап алган. Райондо бул үчүн зарыл болгон табигый ресурстар жана негизги инфраструктура бар, себеби анын аймагында бир нече тоо-кен объектилери иштеп жатат. Азыртадан эле тоо-кен өндүрүшүнүн үлүшү райондун жалпы ИДПсында 50 пайызга жакындап баратат. Бул жерде алтын, сейрек кездешүүчү металлдар, сурьма, көмүр, коргошун, цинк, курулуш материалдарынын (кум, майда топурак, чопо) кендери иштетилет.
Тармакты өнүктүрүү пландары райондун СЭӨПсынын буга чеийнки версияларында так чагылдырылган эмес. Жаңы методика тармакты экономикалык адистешүү категориясына бөлүп гана тим болбостон, бул багыттын артыкчылыктарын белгилеп, аларды жакынкы үч жылда 3,3 млрд сомдон ашары күтүлүп жаткан инвестициялык муктаждыктардын эсептерине байлады. Кемин районунда кен казууну өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына төмөнкүлөр кирет:
- иштеп жаткан ишканалардын кубаттуулугун өркүндөтүү жана кеңейтүү;
- жаңы кендерди чалгындоо жана сейрек кездешүүчү металлдарды кен калдыктарында жана буга чейин кайра иштетилген рудалардын калдык сактагычтарында андан ары иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо;
- жаңы ишканаларды түзүүгө колдоо көрсөтүү: кытай инвесторлору алтын кенин иштетүүгө, ал эми орусиялык компаниялар коргошун-цинк долбоорлоруна кызыгышууда.
Бул артыкчылыктарга райондун мейкиндик пландары, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү артыкчылыктары – чакан ГЭСтерди жана күн электр станцияларын курууну колдоо да байланышкан. Тармакты өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле өндүрүштүн көлөмүн 2027-жылы 2024-жылга салыштырмалуу 58 пайызга көбөйтүүгө жардам берет (1-сүрөт).
1-сүрөт. Кемин районунда кен казуу тармагында өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнүн болжолу, миң сом менен
Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери да тиешелүү пропорцияларда – 2024-жылы 7,2 млрд сомдон (жалпы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге кошуп караганда) 2027-жылы 11,5 млрд сомго чейин өсөт (2-сүрөт).
2-сүрөт. Кемин районундагы кен казуу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге жалпы түшкөн каражаттын болжолу, миң сом менен
Тармакты өнүктүрүүдөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин өсүшү болжол менен 118 млн сомду түзөт, бул райондун аймактарынын дотациялуулугун төмөндөтүүгө кыйыр түрдө таасирин тийгизмекчи, ушундан улам республикалык бюджетке түшкөн жүктү азайтат. Бул КР Финансы министрлигинин болжолдоолоруна дал келет, аларга ылайык Кемин районуна бөлүнүүчү теңдештирүүчү трансферттердин 2024-жылдагы жалпы суммасы 17,5 млн сомдон 2027-жылдагы 1,7 млн сомго чейин же 10 эсе төмөндөйт.
Ошентип, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоонун жаңы методикасы тармактык пландардын координацияланбагандыгы көйгөйүн жеңүүгө жардам берет. Тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн дарамети жогору болуп, район өз пландарында негизинен энергетиканы өнүктүрүүгө басым жасаган, бирок бул тармактарды натыйжалуу байланыштырууга болот.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси