Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү айыл чарба өндүрүшүнөн жана өнөр жайынан кыйла артта калууда, бирок райондун туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн уникалдуу активи бар – бул жапайы жаңгак өскөн Арстанбап жаңгак токойлору. Мындан улам Арстанбап айылы ири туристтик борборго айланды. Жаңгак токойлорунан тышкары, жакын жердеги шаркыратмалар жана тарыхый-маданий комплекстер да туристтерди өзүнө тарткан жерлер болуп саналат.
2024-жылы Арстанбапка жергиликтүү 24 386, КМШ өлкөлөрүнөн 4 618 жана алыскы чет өлкөлөрдөн 118 турист келген. Райондогу эл көп барган башка туристтик жайлар – Чарбактагы Чеке-Мазар, Кызыл-Үңкүрдөгү Ак-Коргон, ошондой эле Шами-Шейит, Даут-Пирим жана Бала-Мазар тарыхый эстеликтери. Туристтер үчүн райондо 700 орундуу 67 конок үйү бар, коомдук тамактануу жайлары көп. Ошентип, аймактын туристтик дарамети жөө, тоо, этнотуризм жана экотуризм багыттарында өнүгүүнү улантууда.
Ошону менен бирге райондун 2026-2029-жылдарга СЭӨПсынын көрсөткүчтөрү катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылууда олуттуу артта калганынан кабар берүүдө. Таштанды көйгөйү аймактагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Ушул тапта уруксат берилген таштанды таштоочу жайлардын жоктугу, атайын техниканын жетишсиздиги жана калдыктарды башкаруу процесстеринин талаптагыдай эместиги көйгөйдү курчутуп жатат. Натыйжада аймакта туш келди жерлерде таштандылар пайда болуп, экосистемага олуттуу зыян келтирүүдө. Эгерде маселени комплекстүү карап көрсөк, бир нерсе айкын болот: таштандыларды натыйжалуу башкаруу болмоюнча туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес, антпесе райондун экологиясына жана анын кайталангыс табиятына олуттуу коркунуч жаралууда. Экономикалык өнүгүүнүн, социалдык инфраструктуранын жана айлана-чөйрөнүн факторлоруна жасалган комплекстүү талдоонун жыйынтыгы бир тыянакты жасоого шарт түзөт: катуу тиричилик калдыктарын башкарууга инвестиция салмайынча туристтик тармакты өнүктүрүүнү инвестициялоо мүмкүн эмес.
3-сүрөт. Базар-Коргон районунда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүш болжолу, миң сом менен
3-сүрөттө кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүндө туристтик тармактын өнүгүү динамикасы – базалык сценарийдеги айырма жана программалык чаралардын таасири көрсөтүлгөн, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бизнести өнүктүрүү жана туризм тармагына, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Муну менен атайын түзүлгөн Инвестициялар боюнча кеңеш алектенет, ал өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде туризм чөйрөсүндө жаңы инфраструктураны жана бизнес-долбоорлорду түзүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле бул чөйрөдө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө байланышкан маселелерди чечет;
- туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды даярдап, ишке ашыруу, анын ичинде туристтерди кабыл алуу, жолдорду оңдоо, жол жана багыт көрсөтүүчү белгилерди, таштанды челектерин орнотуу, заманбап мейманканаларды куруу үчүн түз инвестицияларды тартуу боюнча жергиликтүү тургундар үчүн окуу курстарын өткөрүү;
- туристтерди тарткан жерлерди – аймактагы региондогу эсте каларлык жана кайталан-гыс туристтик жайларды, анын ичинде жол жээгиндеги базарларды өнүктүрүү боюнча пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; этно жана экотуризмди таанытуу үчүн жаңы каттамдарды иштеп чыгуу;
- “Арстанбаптын жаңгагы” брендин эл аралык рынокто таанытуу жана “Жаңгак жолу” туристтик каттамы боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- райондогу туристтик жана кооз жерлер үчүн жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана социалдык тармактарда туристтик жерлерди таанытуу;
- туристтик объекттерде күн жана шамал энергиясын пайдаланууну өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу;
- туризмди өнүктүрүү боюнча форумдарды, семинарларды жана фестивалдарды уюштуруу.
Ошону менен бирге, калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн бир катар чаралар пландаштырылууда, алардын арасында төмөнкүлөр бар:
-
жайкы туризм объекттеринде санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө;
-
КТК полигондорун башкаруу жана аларды модернизациялоо боюнча атайын программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу;
-
муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштер;
-
туристтер көп чогулган жерлерге таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү. Туристтик объекттерде жана эс алуу зоналарында мыйзамдуу таштанды таштоочу жайларды уюштуруу, калдыктарды өз убагында ташып чыгуу үчүн атайын техникаларды сатып алуу, калдыктарды сорттоону жана кайра иштетүүнү уюштуруу.
Бул иштердин натыйжасында жакынкы үч жылда КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн деңгээли олуттуу түрдө жогорулашы керек: 2027-жылдагы базалык болжол боюнча 23 пайыздан ошол эле 2027-жылы 60 пайызга чейин (4-сүрөттү караңыз).
4-сүрөт. Базар-Коргон районунда кожолуктарды катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү менен камтуунун өсүшүнүн болжолу, % менен
Ошентип, өнүгүү маселелерин пландоого комплекстүү мамиле талдоодо бир эле маал даүч маанилүү факторду камтыйт: экономикалык өнүгүү; социалдык инфраструктура жана айлана-чөйрө – натыйжада бир сектордогу коркунучтардын тобокелдиктери башка сектордун өсүшүнүн эсебинен азайтылат.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси