Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
Бакай МОЛДОШЕВ, EGED Программасынын ассистенти, Өнүктүрүү саясат иституту
2025-жылдын 23-майында көздүн жоосун алган Кемин районунда жайкы туристтик сезондун расмий ачылышы болду. Бул окуя мамлекеттик жана жеке тармактардын өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө тартылган эксперттерди жана активисттерди чогултту. Иш-чара Кемин районунун туристтик дараметин ачуу, аймактардын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салып, бизнестин, бийликтин жана туристтик дестинациялардын өкүлдөрүнүн ортосунда диалог түзүү максатын көздөдү.
Катышуучулар үчүн маданий таанышуу программасы даярдалды: алар родельбан жайкы трассасына жана Орловкадагы аркан жолуна барышты – бул Чүй облусундагы уникалдуу аттракциондордун бири; райондун тарыхый-маданий мурастары, анын ичинде Шабдан баатырдын күмбөзүндө, Карабек уулу Жантайхан менен Шабдан баатырдын эстеликтеринде болушту; “Терек-Таш” ЖЧКнын клинкер заводунда болуп, аймактын өнөр жай дарамети жөнүндө маалымат алышты; кол өнөрчүлөрдүн жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты, кыргыздын салттуу ат үстүндөгү оюндарына күбө болушту.
Сезондун ачылышынын расмий бөлүгү “Кемин” конок үйүндө башталды.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ШАКИРОВ Кутпидин коноктор жана иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып, жалпысынан аймак үчүн туризмди өнүктүрүүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи: “Кемин районунун табияты өзгөчө кооз, ресурстары бай жана ыңгайлуу транспорттук жеткиликтүүлүгү бар, ушундан улам район туризм чөйрөсүндө зор потенциалга ээ. Районду туристтер жана инвесторлор үчүн жагымдуу кылуу максатында биз бардык күч-аракетибизди бириктирип, бардык ресурстарды бириктирип жатабыз”.
Иш-чарага Жети-Өгүз районунан келген коноктордун бири өз таасирлери менен мындайча бөлүштү: “Мен эмнегедир дайыма Кеминди Ысык-Көлгө барчу жолдун ортосундагы бир пункт катары кабылдап келген экенмин. Бирок бул тарыхы бай, укмуштуудай зор туристтик дарамети бар район турбайбы. Эми бул жакка үй-бүлөм менен келгим келет”.
Иш-чарада өзгөчө көңүл EGED Программасынын алкагында өнүктүрүлүп келаткан “Алтын Сары-Өзөн” туристтик дестинациясына бурулду. Ал бийлик органдарынын, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү аркылуу жергиликтүү ресурстардын дараметин биргелешип күчөтсө болорун көрсөткөн үлгү болуп калды.
Иш-чара майрамдык тамактануу менен жыйынтыкталды. Дасторкон үстүндө катышуучулар өздөрүнүн таасирлери менен бөлүшүп, мындан аркы өз ара байланыш түзүүнүн жолдорун белгилешти.
Ошондой эле коноктор сезондун ачылышы жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, ага аймактардын ортосунда тажрыйба алмашуунун жандуу аянтчасы катары баа беришти.
Уюштуруучулар Кеминдеги туристтик сезондун ачылышы сыяктуу иш-чаралар жакшы салтка айланып, ал эми аймактардын ортосундагы кызматташуу туризм тармагын өнүктүрүүнүн туруктуу багытына айланып калат деген ишенимин билдиришти.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргызстандагы региондордун келечеги: региондорду социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын негизги кадамдары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Баткен облусунун Кадамжай району: мейкиндикти пландоо экономикалык артыкчылыкты өнүктүрүүгө стимул катары
-
№5 (163) / 2025-06-10 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин болжолдоого кандайча жардам берүүдө?
-
№5 (163) / 2025-06-10 Талас облусунун Айтматов району: социалдык инфраструктурага салынган инвестициялардын мааниси