Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району: туризмге инвестиция тартуу туристтердин санынын көбөйүшүнө жана бул тармактагы жумуш орундарынын өсүшүнө алып келет
Максим СЕМЕНЯК, Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
Жети-Өгүз районундагы туризм экономиканы адистештирүүнүн артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат, ал райондогу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы өндүрүшүнүн 17 пайызын ээлейт. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнөн сүттү кайра иштетүүчү “Ак-Жалга” ЖАК ири заводун алып таштасак, анда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү райондун ИДПсында 33 пайызды түзө алмак. Бул район туризмди өнүктүрүү үчүн чоң дараметке ээ. Анын аймагында туризмди, анын ичинде экотуризмди жана тоо туризмин өнүктүрүү үчүн жагымдуу жаратылыш шарттары жана жаратылыш эстеликтери бар. Ушул тапта бир нече ири туристтик объекттер иштеп жатат: атактуу Жети-Өгүз капчыгайында эс алуу жайы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттар жана балдардын ден соолук борборлору бар. Чоң-Кызыл-Суу жана Барскоон капчыгайларында туристтик кызмат көрсөтүүлөр борборлору өнүгүп жатат. 2024-жылы бул районго келген туристтердин саны 58 миң кишиден ашкан. Оргочор айылына жакын жайгашкан Сүттүү-Булак аймагында лыжа базасын куруу боюнча чет элдик өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Бирок инвестициялар бул тармакты өнүктүрүү үчүн гана талап кылынып жаткан жок. Инвестициялар айлана-чөйрөнү коргоого да зарыл, себеби туристтик жайлардын жана туристтердин санынын көбөйүшү дайыма экологиялык тобокелдиктердин пайда болушуна да шарт түзөт. Ошондуктан, таштандыларды жана саркынды сууларды башкаруу системасына да инвестиция салуу зарыл болуп турат, себеби райондун айылдарында тазалоочу курулмалар жок.
Жети-Өгүз районунун 2025-2029-жылдарга СЭӨПсы бир катар чараларды караштырат, аларга жараша инвестицияга болгон керектөө эсептелген жана аларды тартуу булактары да аныкталган: бюджеттик инвестициялар (инфраструктура, анын ичинде туристтик объектилерди тазалоочу курулмалар менен камсыз кылуу) жана жеке инвестициялар (экологиялык таза мейманканалар, коомдук тамактануу жайлары, эс алуу жайлары, транспорт, ижара үчүн жабдуулар). Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар үчүн меймандостук жана туризм боюнча билим берүү программаларын уюштуруу каралууда, бул көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатып, тургундарды жумуш менен камсыз кылат.
1-сүрөт. Жети-Өгүз районунда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инвестициялардын көлөмүнүн өсүшүнүн болжолу, миң сом менен
Базалык линия боюнча тармакты өнүктүрүү божомолу жай өсүштү көрсөтүп келди. Жаңы методиканы колдонуу менен СЭӨПны иштеп чыгууда жасалган божомол туризм чөйрөсүндөгү инвестициялык керектөөлөргө жана аларды каржылоонун ыктымалдуу булактарына байланган, натыйжада 2027-жылга чейин туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 4 эсе көбөйөт деп күтүлүүдө. Бул 1-сүрөттө даана көрсөтүлгөн, мында өзүнчө ийри сызык кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн өсүшү менен салыштыруу үчүн пландаштырылган инвестициялардын өсүшүн көрсөтөт.
2-сүрөт. Жети-Өгүз районунда туристтердин санынын өсүшүнүн божомолу, адамдардын саны
3-сүрөт. Жети-Өгүз районунун туризм тармагындагы жумуш орундарынын санынын өсүү болжолу, адамдарды саны
2-3-сүрөттөр тармак үчүн маанилүү болгон тиешелүү көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүн көрсөтөт: туристтердин санынын өсүшү жана туризм тармагында иштеген адамдардын санынын көбөйүшү.
Ошентип, туризм тармагындагы инвестициялык артыкчылыктарды туура пландоо жана болжолдоо алдыдагы үч жылда туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн эки эсе көбөйтөт.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ош облусунун Ноокат району: туризм – өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине карабастан пландалган өсүш
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кантип жардам бере алат?
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Чүй облусунун Кемин району: өнөр жайды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына кайтуу жана бюджеттин кирешелерин көбөйтүү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кандайча жардам берет?