Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас облусуна пресс-тур: «Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги кандай? Мамлекет экономикага жана бизнеске кандай таасир этүүдө?»

2013-05-31 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары
Талас облусуна пресс-тур: «Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги кандай? Мамлекет экономикага жана бизнеске кандай таасир этүүдө?»

2013-жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин Кыргызстандын түрдүү аймактарынан 22 журналист Талас облусуна болгон пресс-турга катышты.

2013-жылдын 17-апрелинен 19-апрелине чейин Кыргызстандын түрдүү аймактарынан 22 журналист Талас облусуна болгон пресс-турга катышты. Анын жүрүшүндө журналисттер бизнес жана башкаруунун 14 объектисин кыдырып, төмөнкү суроолорго жооп издешти: Талас облусу расмий статистика маалымдагандай эле жакырбы? Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги кандай? Талас облусунда мамлекет жана башкаруу органдары экономикага жана бизнеске кандай таасирин тийгизүүдө?
 
Журналист-катышуучулар жана иш-чаранын уюштуруучулары жасаган айрым тыянактар төмөнкүдөй:ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары Талас облусуна пресс-тур: «Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги кандай? Мамлекет экономикага жана бизнеске кандай таасир этүүдө?»
 
• Пресс-тур журналистке объекттерди, тармактарды, региондорду салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен анын аналитикалык шыгын өнүктүрөт
 
• Пресс-тур маалымат булактарын жана журналисттин экономикадагы тенденцияларын түшүнүүнү кеңейтет
 
• Статистика жалган айтат жана Талас облусу Кыргызстандын эң жакыр аймагы эмес
 
• Башка облустардын ишкерлери таластыктардан сүттү кайра иштетүү жана асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү үйрөнө алат
 
• Таласта өнүккөн туризмге карата комплекстүү мамилени Ысык-Көл облусунда колдонуш керек
 
Максат Жыйынтык
Иштеп жаткан журналисттерди
материалдар жана тажрыйба менен камсыздоо үчүн 
алардын чеберчилигин жакшыртуу
Журналисттер төм.салыштырды:
• түрдүү аймактардагы кайра иштетүүчү тармактардын деңгээлин,
• бир тармактагы кичи жана ири бизнестин өнүгүүсүнүн деңгээли,
• башкаруу сапатына жараша масштабы боюнча окшош ишканалардын абалы.
Өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө мамлекеттин
таасирин изилдөө
Журналисттер «Бирдиктүү терезе» бизнес үчүн шартты чындап жакшырта алаарын көрдү. Аймактардан келген көпчүлүк журналисттер үчүн бул таптакыр жаңы маалымат
болду
Өзөктүү адамдар менен байланыш түзүү, кеңири
перспективаны жана байкоонун кеңири диапазонун алуу, негизги булактан маек, ошондой эле макала үчүн сүрөт тартуу жана материал алуу мүмкүнчүлүгү
Журналисттер бери дегенде 26 адам жана 14 уюм менен таанышып, аларды маалымат булагы катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышты (1-тиркеме. Объекттердин жана пресс-турдун баяндамачыларынын тизмеси). Журналисттер 12 объектти кыдырып, сүрөткө тартып, аудиого көчүрүп, тасмага тартышты.
 
Пресс-турдун программасына ылайык, журналисттер 14 экономикалык жана бизнес объекттерде, ошондой эле башкаруу органдарында, анын ичинде бажы жана чек ара бекеттеринде, ишкерлерге кызмат көрсөтүүчү «Бирдиктүү терезеде» болушту. Бизнес-объекттердин ичине төмөнкүлөр кирет: ун тартуучу комбинат, томат пастасын жасоочу завод, сүт азыктарын кайра иштетүүчү завод, уяң жүндүү койлорду төлдөтүү боюнча фермердик чарбачылык, ошондой эле кичи жана орто бизнестин башка объекттери. Ошондой эле пресс-турдун катышуучулары атайын уюштурулган маалымат жыйынын жүрүшүндө Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева менен маек курушту.
 
Пресс-турдун соңунда Бишкекте иш сапарынын уюштуруучулары менен ага катышкан ММК өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө пресс-турдун жыйынтыктары чыгарылды: катышуучулар сапарды уюштурууга, программага жана алар болуп келген объекттерге карата өз ойлорун билдиришти. Алгачкы сапардын жыйынтыктарына дыкат анализ жасоо үчүн журналисттерге пресстурду айрым маселелер боюнча баалоо, ошондой эле сын пикирлерин көрсөтүп, сунуштарды киргизип, жалпы таасирлерин баяндап берүү сунушталды. Бул үчүн атайын иштелип чыккан анкета таратылды.
 
Катышуучулар пресс-тур алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө пайдалуу болду деп, ага жогорку баасын беришти. Журналисттер макала жана материалдары үчүн орточо 5 тема тандагандарын, аймактарда баалуу булактар жана башка региондун журналисттери менен жаңы байланыштарды түзгөнүн тастыкташты. Сурамжылоонун дагы да кеңири натыйжалары төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө сапар учурунда кандай максаттар ишке ашып-ашпаганы, кайсы таасирлер өзгөчө эсте калып, журналисттер пресс-турдан кандай пайда алганы тууралуу жандуу, формалдуу эмес талкуу болду. Катышуучулардын өздөрү буларды айтты:
 
Галина Лунева, «Слово Кыргызстана» гезити, Бишкек: СТАТИСТИК А ЖАЛГАН АЙТАТ: «Пресс-турдун программасы абдан жакшы тандалган. Биз Талас облусунун базар экономикасы өнүгүп жатканына күбө болдук. Өз материалдарымда мен эми Талас облусу – өлкөдөгү эң жакыр аймак деген расмий статистиканы четке кага алам. Бул туура эмес. Биз адамдар ресурстарды эбин таап башкарып, жаңы кайра иштетүүчү иш-каналарды куруп, эскилерин калыбына келтирип, жаңы бизнестер ачылып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Ал эми статистика балким калп айтып жатат. Мен улуттук продуктуну жасап, жумуш орундарын түзүп, иш жүзүндө жакырчылык менен күрөшүп жаткан, чыныгы рынок адамынын үлгүсү болгон, ишканалардын жана бизнес-компаниялардын жетекчилерин көп көрдүм. Пресс-турдун уюштуруучуларына мыкты программа үчүн ыраазычылыгымды билдирем, эми мен бир нече макала жазып, акча таба алам. Программа ушунчалык ийгиликтүү болгондуктан, жаш курагыма карабастан эч чарчабастан, үйүмө сергек жана күчкө толуп кайтып келдим жана макала жазууга даярмын. Каалоо катары айтаарым, кийинки жолу сапардын жүрүшүндө орус тилине котормо уюштурсаңар жакшы болмок. Журналист кесиптештериме да спикерлерге жана кесиптештерине карата дагы да сыпайы мамиле жасашын каалайм, дайыма эле бири-бириңердин сөзүңөрдү бөлө берген болбойт».
 
Анархан Жаныбаева, «КАБАР» МА, Жалал-Абад: ТЕҢ УКУКТУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДӨ БИРДЕЙ ӨНҮГҮҮ: «Баарынан да Талас менен Жалал-Абад облустарынын кайра иштетүүчү тармактарынын абалын салыштыруу таң калтырды. Жалал-Абад облусунда сүт азыктары чыкпайт, калк сүт азыктарын колдон эле сатып алат, сырье базасы сүт өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол бергени менен, экспорт тууралуу сөз да жок. Ал эми Таласта биз бир нече иштеп жаткан сүт өндүрүштөрүн көрдүк. Сүт продукциясынын 18 түрүн, анын ичинде май, быштак, балмуздак чыгарган «Талас Сүт» заводу өзгөчө таасир калтырды. Ишкана продукция менен Талас облусунун тургундарын гана камсыздабастан, ошондой эле Казакстанга, Бишкекке, Кыргызстандын түштүк аймактарына, атүгүл Тажикстанга да экспорт жасайт экен. Мен бардык нерсе адамдардын жаратуу, сапаттуу иштөө, бизнести сабаттуу башкаруу каалоосунан көз каранды болгонуна ынандым. Жалал-Абад облусунун ишкерлери да ушул тажрыйбаны өздөштүрсө деп каалаар элем. Ошондой эле Таласта багылган асыл тукумдуу уяң жүндүү меринос-кочкорлор абдан жакты. Бизде, Жалал-Абадда адамдар эт алуу үчүн жарамдуу гана жөнөкөй кочкорлорду багышат. Ал эми асыл тукумдуу мериностор биздин облустун айыл чарба бизнеси, экспорт үчүн абдан жакшы болмок».
 
Дархан Капаров, «Вести Иссык-Куля» гезити, Каракол: ТУРИЗМДЕГИ КО МПЛЕК СТҮҮ МАМИЛЕНИ ЫСЫК -КӨЛ ОБЛУСУНДА ДА КОЛДОНУШ КЕРЕК: «Туристтер эң көп келген Кыргызстандын облусу – Ысык-Көлдүн ММК өкүлү катары мен үчүн «Байбол» туристтик комплекси абдан кызыктуу болду. «Байбол» ТБ ийгилигинин башкы фактору – бул туристтерге кызмат көрсөтүүдө комплекстүү мамиле болгонун байкадым. Мейманканадан тышкары ал жерде атайын иштелип чыккан туристтик маршруттар бар экен. Алардын бири Сары-Челек көлүнө жетет; ал жерде туристтерди жаңы продукттар менен камсыздаган көмөк чарба бар; ал жердин тейлөөсү да мыкты. Мунун баары Таластын кооз жаратылышы менен үндөшүп, туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Албетте ушундай кереметтин өзөгүндө ишкерлик демилге, өз жашооңду жана айлана чөйрөнү жакшы жагына өзгөртүү каалоосу жатат. «Байбол» ТБ тажрыйбасын Ысык-Көл облусунун туристтик компаниялары алышы керек деп эсептейм. Анткени, тилекке каршы, облустун аймагында мындай комплекстүү туристтик объекттер дээрлик жок. Мен Талас менен Ысык-Көл облустарындагы туризмди өнүктүрүү тууралуу салыштырмалуу аналитикалык макала жазайын деп турам. Макаламда биздин ишкерлерге жакшы тажрыйбаны көрсөтүүгө аракет жасайм. Ушул өңдүү пресс-турлардын программасын жакшыртуу тууралуу айта турган болсом, журналисттергебир объектте иштөө үчүн көбүрөөк убакыт берилиш керек. Бул пресс-турда программа абдан тар болгондуктан айрымдар зарыл болгон маалыматты алууга, керектүү суроолорду узатууга, натыйжалар боюнча кандай макала жазаарын ойлонууга жетишпей калып жатышты».
 
Маргарита Лазуткина, «Чуйские известия» гезити, Бишкек: МАМЛЕКЕ Т КААЛАГАН УЧУРДА ЖАРАТУУЧУ КҮЧ БОЛО АЛАТ!: «Мага Таластагы «Бирдиктүү терезенин» иши жакты. «Бирдиктүү терезе» – ишкерлер үчүн мамлекеттик кызматтардын борбору, ал жерде алар бир эле учурда 7 кызматка жете алат, бул болсо алардын ишин жеңилдетет. Мамлекет каалоосу болсо жаратуучу күч болуп бере алат экен! Дагы башка тең шарттарда бизнесте көп нерсени ишкердин өзүнүн чыгармачылыгы чече турганы көзгө урунду: биз салыштырмалуу потенциалга ээ болгон эки сүт заводун көрдүк, бирок «Талас Сүт»– ийгиликтүү базар өндүрүшү, ал эми «Арашан» – араңдан зорго жашап келатат. Кептин баары ишке жасалган мамиледе! Бул журналисттер үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк – эки окшош ишкананы салыштыруу жана салыштыруунун негизинде ийгиликтин факторун жана бизнесте жол болбостукту бөлүп кароо».
 
Мырзакат Тыналиев, «Кыргыз Туусу» гезити, Бишкек: САЛЫ ШТЫРУУ ЖУРНАЛИСТТИН АНАЛИТИК АЛЫК ШЫГЫН ӨНҮКТҮРӨТ: «Бардык журналисттер-катышуучулар салыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону маанилүү: бирдей тармактагы ишканаларды салыштыруу, аймактардагы жана министрликтердеги тармактардын өнүгүү деңгээлин салыштыруу. Биздин күнүмдүк ишибизде ушулар жетишпей келет, биз салыштыруу үчүн ылайыктуу объекттерди табууга жетишпей калабыз. Анын үстүнө каерден издеш керектигин деле дайыма биле бербейбиз. Бул жагынан алганда пресс-тур материалдарды жазууда аналитикалык мамиледе кесипкөйлүктү арттыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мен пресс-турдун жүрүшүндө алган маалыматтарды дагы көпкө колдоном. Сапарды натыйжалары боюнча макала жазууда гана эмес, болочок макалаларымда да колдоном. Эч нерсе жоголбойт».
 
Нургазы Жайнаков, Баткен телевидениеси, Баткен: ЭКОНО МИК АДАГЫ ӨЗ ОРДУҢДУ ТУУРА ТАНДОО – ӨЗ ЖАШООҢДУ МЫКТЫ ЖАГЫНА ӨЗГӨРТҮҮ: «Мен буга чейин эч качан Таласта болгон эмесмин. Сапар Таластын эли Баткенге салыштырмалуу жакшы жашаарын көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анткени алар өндүрүшкө жана туризмге негизделген базар экономикасын өнүктүрүүнүн туура жолун тандап алышкан экен. Пресс-турду уюштурууга байланыштуу айта турган болсом, уюштуруучулардан телевидениенин өзгөчөлүгүн эске алуу менен бир объектте иштөө үчүн көбүрөөк убакыт берүүсүн өтүнөт элем. Анткени телевидение үчүн тасма да тартыш керек, маекти да жаздырып алуу керек, кадр артындагы текст үчүн кошумча маалымат да алыш керек».
 
Максат Абдракунов, «Теңир Тоо» гезити, Нарын: МЕНИН МАКАЛАЛАРЫМ НАРЫН ДАГЫ ИШКЕРЛЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРИШ КЕРЕК: «Талас менен Нарын облустарындагы айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы өнүгүү үчүн окшош шарттарга ээ. Андыктан мен үчүн адамдар бул тармактарда кандай натыйжаларга жетип жатканын салыштыруу кызык болду. Өзгөчө томат пастасын өндүрүү боюнча ишкана жакты – бизде, Нарында ушундай бир ишкана ачылган, эми кезекте экинчиси турат. Биздин ишкерлерге товарды сатуу кантип уюштурулганын, маркетинг кызматы кантип иштээрин билүү абдан маанилүү. Дегеле Таласта кайра иштетүүчү өндүрүштү сактап гана калбастан, аны өнүктүрүп, жаңы иш орундарын түзүп жатканы абдан жакты. Сапар тууралуу бир нече материалдарды даярдап, алар Нарындагы ишкерлер үчүн абдан пайдалуу болот деп үмтөтөм».
 
Өзгөчө чоң таасирди «Талас Сүт» сүт заводунун директору Мырзакан Давлета лиев (журналисттердин 43% аны абдан кызыктуу деп табышты) жана «Байбол» туристтик борборунун ээси Данияр Абылаев (23%) калтырды. Үчүнчү орунда асыл тукумдуу уяң жүндүү койлорду төлдөтүү боюнча алектенген фермер Муратбек Байтиков (9%) турат. Өзгөчө кызыктуу объекттер катары журналисттер «Талас Сүт» сүт заводун белгилешти – пресс-турдун катышуучуларынын 26%, «Байбол» туристтик борбор – 21%, уяң жүндүү койлорду төлдөтүү боюнча «Кызылак» фермердик чарбачылыгы – 13%, «Бирдиктүү терезе» кызмат борбору – 11%. Анткен менен томат заводун, чек ара жана бажы бекеттерин, буурчакты кайра иштетүүнү, ВЕРТЕКС тоо-кен компаниясын эң кызыктуу деп эсептеген журналисттер да болду.
 
Кийинки пресс-тур 2013-жылдын май айында өтөт жана болжол менен Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы объекттерди камтыйт.