Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Студенттер үчүн мастер-класс: «Кыргызстан Евразияда: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар»

2013-05-31 / ӨСИ жана өнөктөштөрүнүн жаңылыктары
Студенттер үчүн мастер-класс: «Кыргызстан Евразияда: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар»

Саясат темасы Кыргызстанда өзгөчө актуалдуу, ошондуктан улуу муундун да, жаштардын дакызыгуусун жаратып келет.

2013-жылдын 19-апрелинде өткөн мастер-класс геосаясатка арналды. Семинардын темасы төмөнкүдөй болду: Кыргызстан Евразияда: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар», ал эми баяндаманы Борбор Азиядагы Америка университетинин улук окутуучусу Азамат Темиркулов жасады. Мастер класска 24 студент катышты (19 кыз жана 5 жигит).
 
Өз баяндамасында лектор карталарды колдонуп, алардын жардамы менен борбор азиялык региондун маанисин ачыктап, Европа менен Азия өлкөлөрү өз ара кандай байланышта болгонун чечмелеп берип, туруктуу эл аралык мамилелердин маанисин түшүндүрүп берди. Мындан тышкары мастер-класстын уюштуруучулары студенттер өткөн көп айлык процессти, алардын экономикалык журналистикага таштаган алгачкы кадамдарын толугу менен айтып берген жана көрсөткөн слайд шоуну даярдашты.
 
Саясат темасы Кыргызстанда өзгөчө актуалдуу, ошондуктан улуу муундун да, жаштардын да кызыгуусун жаратып келет. Андыктан мастер-класстын жүрүшүндөгү дискуссия абдан кызуу болуп, суроолор да жаады. Өзгөчө чоң кызыгууну жигиттер көрсөттү, алар тиги же бул маселеге карата эксперттин пикирин билгилери келишти.
 
Лариса ЛИ , ӨСИ медиа-эксперти: «Мурда Кыргызстан сөз жок эле туңгуюктагы өлкөлөрдүн катарына кирчү. Республика Борбор Азиянын чордонунда жайгашкан. Географиялык пландан алганда маанилүү орунду ээлейт, бирок кошуналарынан
абдан көз каранды. Кандайдыр бир окуя болсо эле коңшулар чек арасын бекем жаап, өлкө изоляцияда калат. Мына ошондуктан эксперттер аны «Туңгуюктагы» деп аташкан.
 
Кемчиликти артыкчылыкка кантип айландырабыз, Кыргызстанды транзиттик, ашуу түйүнү, бардык жолдор жана кызыкчылыктар кесилишкен кайсы бир деңгээлде хабга айландырабыз? Мына ушул суроолор калктын алдыңкы катмарынын башын оорутуп келет. Анткени чакан тоолуу өлкө абдан маанилүү жерде жайгашкан, бул жерде эки ири державанын – Орусия менен АКШнын геосаясий кызыкчылыктары бекеринен эле кесилишпесе керек. БААУ улук окутуучусу Азамат Темиркуловдун «Евразиядагы Кыргызстан: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар» аттуу кызыктуу бет ачары биздин республиканын саясий жана экономикалык ролуна арналды.
 
Мастер-класс студенттерге алар туулуп-өскөн өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири көз чаптырууга, бул дүйнөдө баары бири-бири менен чырмалышканын, саясий артыкчылыктар кээде экономикага үстөмдүк жасаарын сезүүгө мүмкүнчүлүк берип, мамлекетти акыл-эстүү башкарган учурда атүгүл чакан Кыргызстан да Евразиянын интеграциялык процесстеринде маанилүү ролду ойной алаарын, Өзбекстан аркылуу Кытайга темир жол курулушу, Ооганстанга Түркмөнстандан жана Казакстандан газ куурун өткөрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга да катыша алаарын студенттерге көрсөттү».