Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык деӊгээлде социалдык тапшырык – социалдык саясаттын чыныгы түбөлүк кыймылдаткычы

2014-04-01 / «Дүйнөдө талкууланган тема»
Муниципалдык деӊгээлде социалдык тапшырык – социалдык саясаттын чыныгы түбөлүк кыймылдаткычы

Андрей КРУПНИКтин «Постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө социалдык тапшырык»1 жарыялоосундагы макалалардагы материалдар боюнча

 
Муниципалдык социалдык тапшырык Кыргыз Республикасындагы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн санын жана сапатын радикалдуу түрдө жогорулатууга жол бере турган революциялык аспап болуп калууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Мунципалдык социалдык тапшырык жашоо сапатына жана адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарга мультипликативдик таасир тийгизүүгө жөндөмдүү. Социалдык тапшырыктын артыкчылыктары ушунчалык олуттуу жана айкын болгондуктан, аны негизги механизм – улуттук да, муниципалдык да деңгээлдерде мамлекеттин бардык социалдык саясатынын кыймылдаткычы, «скелети» кылса болот жана кылыш керек.
 

Социалдык программалардын даректүүлүгү, жетимдүүлүгү жана көпчүлүктүүлүгү

Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу социалдык программалардын даректүүлүгүн, жетимдүүлүгүн жана көпчүлүктүүлүгүн арттырууга алып барат. Бул биринчи кезекте максаттуу социалдык пландоонун жана социалдык тапшырыкты жүзөгө ашыруунун бардык этаптарындагы коомчулук үчүн маалыматтык жетимдүүлүк менен камсыздалат: программаларды жана долбоорлорду демилгелөө, калыптандыруу, ишке ашыруу, айкын аткаруу, натыйжаларды баалоо. Болгондо да өткөрүлгөн сынактар жана алардын жыйынтыктары тууралуу материалдарды гана жарыялабастан, ошону менен бирге тапшырыкчы жана социалдык тапшырыкты аткаруучу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү ортосундагы маалыматтардын эркин кыймылына мүмкүнчүлүк берүү. Мындай мамиле жасалганда аткаминерлерде бул маселелерди жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эсепке албастан, өз кызыкчылыгында чечүүдө мүмкүнчүлүгү бир кыйла азыраак болот.

Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кошумча ресурстарды тартуу 

Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу сөзсүз түрдө социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда коомдук ресурстарга таянычты кеңейтүүгө алып келет. Бул коммерциялы эмес уюмдардын социалдык тапшырыкты аткаруу укугуна ээ болуу үчүн өткөн сынактын шарттары менен камсыздалат. Бул шарттарга ылайык, коммерциялык эмес уюмдардын өз ресурстарын мүмкүн болушунча көбүрөөк мобилдештирүүнү жана бул заказды аткарууга жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө кошумча бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууну караштырат.
 
Социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жаӊы идеялардын, усулдардын пайда болушу
 
Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу калктын социалдык, чыгармачыл активдүүлүгүн бир кыйла арттырат. Бул тапшырмаларды аткаруу сынактардын ачык болушу менен камсыздалат. Бул ачыктык ар бир адамга анын кызыктуу идеясы, сунушу айтылып, көңүлгө алынат деген ишенимди тартуулайт. Ошону менен бирге өз учурунда «Жарандардын бирикмелери жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу үчүнчү сектордун олуттуу өнүгүүсүнө алып келген сыңары, социалдык тапшырык жөнүндө мыйзамды кабыл алуу калктын чыгармачыл активдүүлүгүнүн жогорулашына дем берет.демилгелөө, калыптандыруу, ишке ашыруу, айкын аткаруу, натыйжаларды баалоо. Болгондо да өткөрүлгөн сынактар жана алардын жыйынтыктары тууралуу материалдарды гана жарыялабастан, ошону менен бирге тапшырыкчы жана социалдык тапшырыкты аткаруучу менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү ортосундагы маалыматтардын эркин кыймылына мүмкүнчүлүк берүү. Мындай мамиле жасалганда аткаминерлерде бул маселелерди жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эсепке албастан, өз кызыкчылыгында чечүүдө мүмкүнчүлүгү бир кыйла азыраак болот.
 
Аярлуу топтордун социалдык корголгондугун күчөтүү
 
Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу калктын бардык категориясынын социалдык корголгондугун жогорулатууга эсептелген. Анткени коомчулуктун социалдык программаларды аткарууга катышуусу алардын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатат, ал эми коомдук уюмдар жана башка коммерциялык эмес уюмдар дагы да мобилдүү жана кесипкөй болуп калмакчы. Мунун баары коомдук демилгелердин жаңы булактарын активдештирүүгө жол берет жана социалдык өз ара жардам принциптеринин негизинде калктын азыраак корголгон аярлуу катмарларына чыныгы таянычты табууга жардам берет.
 
Бийликтин ишмердигине коомдук көзөмөлдү күчөтүү
 
Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу бийлик органдарынын ишмердигине коомдук көзөмөлдү олуттуу түрдө кеңейтүүнү камсыздайт. Бул болсо социалдык тапшырык механизминин милдеттүү принциптери болуп эсептелеген ачыктык,маалымат кыймылынын максаттуу мүнөзү жана ага карата бийликтин адекваттуу реакциясынын зарылчылыгынан улам ишке ашат. Мындай көзөмөлдүн зарылчылыгы бир катар мыйзамдык актыларда да белгиленген, аны менен катар Украинанын “Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” (2004-ж.), “Калктуу конуштарды абаттоо жөнүндө” (2005-ж.), “Ички жана тышкы саясаттын негиздери жөнүндө” (2010-ж.) ж.б. мыйзамдарында да айтылат.
Социалдык мунасага жетүү
 
Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу социалдык өнөктөштүктүн жана коомдо социалдык мунасага жетүүнүн эң натыйжалуу түрлөрүнүн бири болуп эсептелет. Жергиликтүү жамааттардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө КЭУ бийликтин тең укуктуу өнөктөшү болуп калууда. Коомдук сынактарга катышууга жана социалдык тапшырыктарды ишке ашырууга коммерциялык эмес уюмдарды, коомчулукту кеңири тартуу калктын калың катмарынын социалдык муктаждыктарга бөлүнүп жаткан каражаттар максатсыз пайдаланылды, коррупция жана мамлекеттик кызматчылардын протекционизми болгон деген шектенүүлөрүн жок кылат. Мунун баары жарандык коомду калыптандыруу жолунда белгилүү бир социалдык мунасага жетүүдө социалдык өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жардам берет жана акыр соңунда экономикалык, саясий жана административдик кайра түзүүлөрдү чындап жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн коомдо социалдык жана руханий плацдарм түзөт.
 
Бийлик менен коом ортосундагы социалдык жоопкерчиликти шайкеш кайра бөлүштүрүү
 
Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу бийлик менен коом ортосундагы социалдык жоопкерчиликти дагы да шайкеш кайра бөлүштүрүүгө жеткирет. Тажрыйба көрсөткөндөй, базар экономикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базарында оператордун иш-милдеттери мамлекет үчүн зарыл болуп эсептелбейт. Бул маселелерде мамлекеттин иш-милдеттери белгиленген социалдык стандарттарга ылайык, сынактын негизинде керектөөчүлөргө алардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, анын ичинде бекер дагы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө коммерциялык эмес уюмдарга жол ачкан укуктук базаны түзүүдө камтылган. Көптөгөн социалдык көйгөйлөрдү чечүү милдетин биринчи кезекте коомдук, кайрымдуулук уюмдар, калктын өзүн-өзү уюштуруу органдары жана башка КЭУ аркылуу өзүнө коом алат. Социалдык тапшырык механизмин жайылтуу бул багытта чыныгы жана натыйжалуу кадам болуп эсептелет. Ал башка актуалдуу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттин убактысын жана каражаттарын бошотот.
 
Жарандык коомдун институционалдык күчтөнүүсү
 
Экинчи жагынан жарандык коом, КЭУ социалдык тапшырыкты алып, аны аткаруу менен толук өлчөмдө өз миссиясын ишке ашырат, коомдун өнүгүүсүнүн жана биригүүсүнүн чыныгы чордону болуп калышат. Жарандардын көзүндө алар коргоочу жана жардамчы деген абройго ээ болуп, адамга өзүнүн коомдук дараметин дагы да ыңгайлуу шарттарда ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн беришет.КЭУ өз ишмердиги үчүн саясий жана социалдык жактан жүйөлүү каржылоого ээ болот, алардын чет элдик гранттарга болгон көз карандуулугу азаят жана жалпысынан коммерциялык эмес тармакка ишеним өсөт. Бул болсо коомдун биригүүсүнө жана социалдык туруктуулукка көмөктөшөт. М