Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитет – бул КМШ өлкөлөрүндө социалдык тапшырыкты жайылтуунун негизги плацдармы

2014-04-01 / «Дүйнөдө талкууланган тема»
Муниципалитет – бул КМШ өлкөлөрүндө социалдык тапшырыкты жайылтуунун негизги плацдармы

Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы

 
Социалдык тапшырык жарандардын социалдык жашоону уюштурууга жана жамааттын күчү менен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышуусунун табигый түрү катары постсоветтик мейкиндикте пайда болду жана бекемделип келатат. Жакынкы мезгилге чейин эли мамлекет социалдык жактан коргоп, муктаж болгондордун баарына жардам берип, колун сунат деген бактылуу кыялдар менен жашап келаткан көптөгөн мамлекеттер калктын мына ушундай патерналисттик күтүүлөрдүн жагымсыз туруктуулугуна күбө болушту. Акыры жарандык коомду өнүктүрүү боюнчакөп жылдан берки аракеттердин акыбети кайтып, мына ушул өлкөлөрдө социалдык маселелердин олуттуу бөлүгүн чечүүдө өзүнө жоопкерчилик алууга даяр болгон бейөкмөт уюмдардын структурасы калыптанды. Бирок кызыгы – буга ушул өлкөлөрдүн мамлекеттик башкаруу органдары даяр эмес экен... Мунун далили: Орусияда, мисалы, практика кеңири жайылганы менен, атүгүл социалдык тапшырык жөнүндө мыйзамда да жок. Мындай практиканын орун алышын демилгени өзүнө муниципалитеттер алганы менен түшүндүрсө болот: алар федералдык мыйзамдын кабыл алынышын күтпөстөн эле ушундай демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү нормативдик шарттарды түзүштү. Бул факт болсо, муниципалитеттер өнүктүрүү жана социалдык тапшырыкты жайылтуу процессинин локомотиви боло алат жана болуш керек дегенден кабар берет. Социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жасалган маанилүү тыянактардын бири мына ушундай болду. Бул жолугушуу 2013-жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Одессада постсоветтик мейкиндиктеги 9 өлкөнүн -Армениянын, Беларустун, Грузиянын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Молдованын, Орусиянын, Тажикстандын жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү. Одессадагы жолугушууга катышкан Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери айрым суроолорду жана талкуу үчүн темаларды сунуштап, алар Кыргыз Республикасында социалдык тапшырыкты өнүктүрүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт. Бирок чынын айтканда, азырынча даяр жоопторго караганда суроолор көбүрөөк болуп турат.
 
Тапшырыкчы ким – бийликпи же коомбу?
 
Социалдык тапшырыкты ишке ашырууда түрдүү өлкөлөрдүн практикасын талкуулагандан кийин жолугушуунун катышуучулары өз өлкөлөрүндөгү мыйзамдык базаларда жөнгө салынбаган, бирок бийлик үчүн да, коом үчүн да принципиалдуу мааниге ээ болгон маселелерди көтөрө башташты. Биринчи болуп, социалдык тапшырык процессинде чыныгы тапшырыкчы ким болуп эсептелет – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан бийликпи, же коомбу деген суроо “калкып” чыкты. Натыйжада кимдин проблемасы чечилип жатат? Бийликтин отчеттуулук проблемасыбы же жамааттын чыныгы көйгөйлөрүбү? Бул өтө маанилүү суроо. Анткени ошого жараша социалдык долбоордун натыйжалуулугу өлчөнүш керек болгон критерийлер бул суроого көз каранды. Анын үстүнө долбоордун дизайны да бул суроого “байланган”. Катышуучулардын пикири экиге бөлүндү. Бир тараптын баамында, бийлик өз иш-милдетине кирген, бирок аны өз алдынча, жетиштүү түрдө натыйжалуу ишке ашыра албаган маселелерди чечүүнү тапшырат.
 
Проблеманы чечүүдө ким чыныгы тапшырыкчы?
 
Шаардагы райондордун биринде кыш мезгилинде өлгөн селсаяктардын саны өскөнү байкалып, мындан улам коомчулук тараптан бийликтин аракетсиздигине нааразылык да пайда болгон. Райондук администрация көйгөйдү чечүүгө аракет жасады – райондун аймагында өлгөн селсаяктардын санын азайтуу үчүн социалдык тапшырыкты жайгаштырды жана мунун алкагында бейөкмөт уюм үй-жайы жокторго ысык тамак, түнөк жай жана медициналык тейлөө уюштурду. Натыйжада шаардын башка бөлүктөрүндөгү жана шаар сыртындагы селсаяктар кыш мезгилинде бул районго агылып келди жана көбүнүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду. Бирок өлгөн селсаяктардын жалпы саны өстү. Суроо: райондун администрациясы бул маселени чече алдыбы?
 
Андрей КРУПНИК, Украина, Одесса
 
 
Бул болсо социалдык тапшырыкты жайгаштырууда бийликтин максаты өз көйгөйүн чечип, иш-милдетин аткаруу болсо, жарандык коом аспап катары каралып, эптеп-септеп колдоого алынат дегенди түшүндүрөт. Мындай турумдун оппоненттери болсо маселеге башка жагынан карашат: коом өз кызыкчылыгында, өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн, бирок жарандар үчүн маанилүү маселени гана чечпестен, ошону менен бирге бейөкмөт секторду, жарандык коом уюмдарын күчтөндүрүп, муну менен чечимдерди кабыл алууга чындап катышуу үчүн шартты камсыздап, бийликтин колу менен маселени чечип берүүнү тапшырат. Орусиядагы социалдык тапшырыкты өнүктүрүү демилгечилеринин бири Нодар ХАНАНИШВИЛИ социалдык тапшырык – бул шиш, жарандардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусунун туу чокусу, социалдык тапшырык институтунун өзү бюджеттеги акчанын эсебинен, бирок жарандардын өз күчү менен жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кызмат өтөйт деп эсептейт. Бул макаланын автору Нодардын айткандарына макул болбой коё албайт: социалдык тапшырыкты мына ушул өңүттөн чечмелөө Кыргыз Республикасында демократиянын, жарандык коомдун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүү контекстине көбүрөөк жооп берет. Чыныгы тапшырыкчы ким болуп эсептелет деген суроо башкасы менен тыгыз байланышта – социалдык тапшырыкты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо маселеси.
 
Баалоо жана мониторинг: өз ара аракеттешүүнүн эки “кити”
 
Социалдык тапшырыкты баалоо жана ага мониторинг жүргүзүү – бул жалпысынан бардык механизмдин маанилүү жалганма бөлүгү болгону далилди талап кылбайт. Ошону менен бирге долбоорду ишке ашыруунун этабына жараша баалоо да, мониторинг да өз алдына түрдүү тапшырмаларды коёт (1-диаграмманы караңыз). Баары максаттуу топтун керектөөлөрүн баалоодон башталат. Алардын көйгөйлөрүн социалдык тапшырык аркылуу чечүү пландалууда (бул болсо Кыргызстанда Со-циалдык өнүктүрүү министрлигинин линиясы боюнча социалдык тапшырыкты жайгаштыруу практикасында жокко эсе).
 
Баалоонун экинчи бөлүгү бейөкмөт уюму сунуштаган көйгөйдү чечүү усулу канчалык максатка жетүүгө жана бюджеттик каражатты натыйжалуу пайдаланууга жол ачарын түшүнүү үчүн бейөкмөт уюму даярдаган долбоорду баалоо дегенди болжойт.Баалоонун үчүнчү этабы – натыйжаларды баалоо – максаттар орундалдыбы жана каражаттар канчалык натыйжалуу сарпталган, социалдык тапшырыкты калыптандырган, аны мамлекеттик сатып алуулардан айырмалаган социалдык натыйжалу улуктун көрсөткүчтөрү канчалык деген суроолорго жооп берет.Баалоонун төртүнчү этабы жыйынтыктоочу – максаттуу топтун керектөөлөрүнө долбоордун таасирин баалайт. Бул этап долбоор аяктагандан кийин бир кыйла убакыттан кийин жүзөгө ашырылат. Мында социалдык тапшырыктын суроосун же темасын жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүнүн тизмесинен чыгарып салуу соңку баалоонун натыйжасы болуп калыш керек. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылдыбы? Демек, маселе да чечилди!
 
Маалымат ачкычтары
 
БӨУну бюджеттик акчанын эсебинен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуунун формалары ортосундагы айырма постсоветтик мейкиндик үчүн маанилүү маселе бойдон кала берүүдө. Одессадагы жолугушуунун катышуучулары өз өлкөлөрүндө түрдүү системалар жана механизмдер иштеп жатканын мойнуна алышты – бейөкмөт уюмдар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү тапшырыкты жайгаштыруу, сатып алуулар жана гранттарды берүү жолу менен ишке ашырат. Анткен менен адатта мыйзамдарда процедуралык жагынан алып караганда бул формалар ортосунда так чектөө жок. Бул болсо бейөкмөт уюмга да, техникалык тапшырманын мазмуну кандай болуш керектигине баш катырган башкаруу органдарына да көйгөй жаратат. Ал статистикалык көрсөткүчтөрдү, формулировкаланган натыйжаларды, кызмат көрсөтүүнүн жана каржылоонун стандарттарын камтыш керекпи? Төмөнкүдөй тыянак пайда болууда: форманы аныктап алып, бейөкмөт уюмду социалдык кызмат көрсөтүүгө жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү процессине тартуунун механизмдерин так чектеп алуу. Мисалы, Кыргызстанда эксперттер социалдык тапшырык – бул биринчи кезекте идеялардын сынагы, алардын жардамы менен бейөкмөт уюмдар көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн стандарттык эмес, новатордук чечимдерин сунуштайт деген бүтүмгө келишти. Анткен менен дүйнөдө стандарттар боюнча көрсөтүлгөн кызматтарды алууга жана сатып алууга ваучерлер кеңири колдонулуп келет. Техникалык тапшырманы формулировкалоо үчүн биринчи кезектеги нерсе – маалымат. Ал эми маалыматтын сапаты жана аны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү көп учурда ошол маалымат алынган булакка көз каранды болот. Одессадагы жолугушуунун эксперттери маалыматтын негизги үч булагын аташты: статистика, социология (эксперттик баалоо жана сурамжылоолор) жана максаттуу топтордун өзү (өзүн өзү баалоо).
 
 Мына ушул жерден төмөнкүдөй суроолор пайда болот: техникалык тапшырманы калыптандыруу процессине бирдиктүү мамилени сүрөттөсө,кодификацияласа болобу? Мисалы, маалымат булактарынын маанилүүлүгүнүн салмагын, алардын ырааттуулугун жана өз ара аракеттешүүсүн аныктаса болобу, кайсы булакты өзөктүү деп эсептеш керек? Ошону менен бирге дагы төртүнчү булак – бейөкмөт уюмдар да болгонун эсепке алыш керек.Алар бийлик органдары түзгөн артыкчылыктардын сызгычын баалап, түзөтө алышат.
 
Социалдык тапшырыкты каржылык жана техникалык жактан камсыздандыруу
 
Социалдык тапшырыктын маңызынын өзү анын каржылык камсыздандыруусу бийликтин камкордугу, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттер экенин айгинелейт. Бюджеттик таңсыктыктын шарттарында Кыргызстан үчүн бул кайсы булактардын эсебинен болот деген маселе актуалдуу. Буга байланыштуу бир нече пикир бар.
 
Биринчиден, бул негизинен тоо-кенди иштеткен компаниялардан түшкөн каражаттын эсебинен калыптанган Аймактарды өнүктүрүү фондунун каражаттары болушу мүмкүн. Бул каражаттарды жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн социалдык тапшырык жолу менен бөлүштүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн жакшы иш болмок. Анткени алар бүгүнкү күндө райондордун аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  маселесин чечүүдө башкаруунун жаңы усулдарына байланыштуу бир кыйла тартыштыкты сезип жатат.
 
Экинчиден, бул эл аралык донор уюмдардын каражаттары болушу мүмкүн. Алар бүгүнкү күндө жамааттын көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир топ автономиялык долбоорлор – туруксуз жана конъюктуралык структуралар тарабынан башкарылып
жатат. Донорлордун долбоорлору башкарууга карата жаңычыл көз караштагы мамилени жайылтуу менен алектениш керек, ал эми жамааттардын демилгелерин колдоо жана гранттарды бөлүштүрүү менен башкаруу органдары, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектениш керек. Үчүнчүдөн, демөөрчүлөрдүн жана камкорчулардын акчасы да булак болуп бере алат. Ал акча жамаатка түздөн-түз эмес, жергиликтүү бюджеттерге жиберилиш керек жана социалдык тапшырыктын негизинде ЖӨБ органдары тарабынан бөлүштүрүлүш керек.Дагы төртүнчү вариант бар – калктын түрдүү топторунун өзү белгилеген төлөмдөрдү жыйноосу, же өз ара салык. Мисалы, жамаат жалгыз бой кары-картаңдарды багуу үчүн жыл сайын бюджетке акча төлөөнү чечти дейли. Мындай “карылык үчүн” салыктык эмес жыйым кандайдыр бир сумманы калыптандырат. Ал социалдык тапшырык аркылуу карылар үчүн кызмат көрсөтүүлөргө айланат.
 
Дүйнөдө мындай тажрыйба бар. Анткен менен балким ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу толугу менен айкын жана отчеттуу болгон шарттарда мүмкүн жана натыйжалуу болмок. Социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун техникалык жагы да суроолорду жаратууда. Мисалы, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды эсепке алганда, Украинанын өкүлдөрү ЖӨБ органдарынын балансына мүлктү сыйлыкка өткөрбөөнү сунушташат – алып коюушу мүмкүн. Ошондуктан Украинада сыйлыкка же социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун алкагында алынган мүлктү бейөкмөт уюмдун менчигине өткөрүп берүү сунушталат. Ошентсе да баары жекече жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, же долбоордун мүнөзүнө жараша болот. Кыргызстан үчүн да бул суроо маанилүү: социалдык долбоор жыйынтыкталгандан кийин анын мүлкү кимдин менчигинде жана башкаруусунда калат – бейөкмөт уюмдунбу, же ЖӨБнынбы? Бул өзгөчө аны андан ары пайдалануу жана кармоо үчүн жоопкерчилик жактан алганда маанилүү. Бул жерде майда-чүйдө деген жок, атүгүл социалдык тапшырыктын натыйжаларын тартып алуу үчүн бейөкмөт уюму бюджеттик каражатка сатып алган фотоаппараттын да мындан аркы тагдырын бирөө чечиш керек. Жабдуулардын жана инфраструктуралык инвестициялардын сакталышына карата бир вариантты колдонсо болот: мында баары муниципалдык менчик болуп эсептелет, бирок бейөкмөт уюмдараткаруучулардын карамагында кала берет. Бирок анда ЖӨБ органдары жыл сайын инвентаризация жүргүзүп, жабдууну же объектти кармоого каражат бөлүп туруш керек, ал эми бул үчүн каражат жергиликтүү бюджеттерде каралыш керек. Суроо: бул туруктуулуктун фактору болуп эсептелеби жана Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болгон ченемдик негиздерге киргизилеби?
 
Муниципалдык ченемдик актылар
 
Кыргызстан үчүн бул чөйрөдө изилдене элек жерлер көп. Муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык социалдык өнүктүрүүнүн жана жергиликтүү жамаатты колдоонун кандайдыр бир программасына формулировкаланып, калктын артыкчылыктарына негизделиш керектиги дээрлик айкын болуп турат (жана муну мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө жаңы мыйзам долбоорунун авторлору караштырууда). Бул программа үзгүлтүксүз кайра каралып чыгып, түзөтүүлөр киргизилип туруш керек, ал эми артыкчылыктуу көйгөйлөр чечилген сайын бири-бирин алмаштырып турушу шарт экени белгилүү. Анда муниципалитеттердин деңгээлинде жыл сайын кандайдыр бир ченемдик акт кабыл алынып, ал так өлчөнгөн критерийлердин негизинде ошол алмашууну белгилеп турушу керек. Башкача айтканда, бул социалдык көйгөй андан ары артыкчылыктуу деп эсептелбей кала тургандай деңгээлде чечилгенин кантип аныктаса болот деген суроо жаралат.
 
Ошондой эле ЖӨБ органдары үчүн социалдык тапшырыкты кызматтардын конкреттүү түрлөрүн көрсөтүү процессине жайылтуу боюнча колдонмолор, ошондой эле социалдык тапшырыкты ишке ашырууга байланыштуу ЖӨБнын кызматкерлеринин өзгөртүлгөн кызматтык көрсөтүүлөрү да маанилүү. Баса, адегенде ЖӨБ органдарынын системасында социалдык тапшырыкка карата ким кандай роль ойной турганын аныктап алган жакшы болмок. Андан ары муниципалдык ченемдик базада муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусунун жоопкерчилигинин алкактары да аныкталыш керек.
 
БӨУ жок болсо, эмне кылыш керек?
 
Соңунда жөнөкөй, бирок маанилүү суроо: эгерде муниципалитеттин аймагында социалдык тапшырыкты аткарууга даяр жана жөндөмдүү бейөкмөт уюм болбосо, анда эмне кылыш керек? Үч жообу бар: социалдык тапшырыкты жайгаштырбаш керек, өз бейөкмөт уюмду “тарбиялап өстүрүү” зарыл, же облустан, борбордон “варягдарды” чакырса болот. Биринчи вариант боюнча Одессадагы жолугушуу бир маанилүү жооп берди: бейөкмөт уюмдун тийиштүү дарамети болбосо да социалдык тапшырыктан эч качан баш тартпаш керек. Баш тартуу жарандардын башкарууга катышуусунун негиздерин кыйратат, ал эми ансыз чыныгы жана натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мүмкүн болбойт. Ал эми экинчи жана үчүнчү варианттардын ортосунда тандоо бар, бирок “калыс” жана “каршы” үчүн бир топ жүйөлөрдү келтирсе болот. Бул жүйөлөрдү жалпылаштыруу менен, мунаса табуу туура болмок: жергиликтүү БӨУну “тарбиялап өстүрүү”, алардын дараметин күчтөндүрүү, анын ичинде жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга билимдерин өткөрүп бере турган “варягдарды” чакыруу жолу да каралыш керек. Өз түйүнүнүн ичинде социалдык тапшырыкты аткаруу боюнча тажрыйбаны өркүндөтүп, жайылта турган бейөкмөт уюмдардын секторалдык (тармактык) түйүндөрүн күчөтүү да “тарбиялап өстүрүүнүн” натыйжалуу ыкмасы боло алат. Мындай түйүндөрдүн мүчөлөрү ачык көрүнгөн секторалдык багыттуулугу жок, бирок өз аймагында кайсы бир социалдык топтун көйгөйлөрүн чечүүгө карата жогорку мотивацияга ээ болгон жергиликтүү аймактык бейөкмөт уюмдар менен ийгиликтүү консорциумдарды түзө алышат. Мисалы, балдар укугун коргоо боюнча түйүн бардык социалдык көйгөйлөр менен алектенген, бирок муну өз аймагында гана ишке ашырган чакан элеттик бейөкмөт уюмдар менен натыйжалуу консорциумду түзө алат.
 

Кыргызстанда мындан аркы теориялык жана практикалык иштелмелерди талап кылган багыттар

2013-жылдын ноябрь айында Одессада өткөн эки күндүк социалдык тапшырыкка “чөгөрүүнүн” жүрүшүндө автордо Кыргыз Республикасында социалдык тапшырыкты теорияда жана практикада колдонуу жагын караштырууну талап кылган багыттар тууралуу бир нече идея пайда болду. Өнүктүрүү саясат институту өз долбоорлорунун алкагында ушул багыттардын бөлүктөрүн иштеп чыгууга киришти. Алардын айрымдары боюнча ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун кеңири катышуусу, ошондой эле эл аралык донор уюмдардын жана долбоорлордун колдоосу зарыл.

  • Жарандык коом уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн социалдык тапшырыкты жайгаштыруу жолу менен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун толук циклине үйрөтүү. Үйрөтүү бардык этаптарды,ошону менен бирге маселени артыкчылыктуукөйгөйлөрдүн арасынан чыгарып салууга чейинки этапты камтып, Кыргыз Республикасынын практикасынан алынган конкреттүү мисалдардын базасында түптөлүш керек.
  • Муниципалдык деңгээлде социалдык долбоорлоо, анын ичинде балдар жана аярлуу топтор үчүн социалдык долбоорлоо практикасын кеңири жайылтуу.
  • Милдеттүү жана кошумча деген тизмеге кирген социалдык кызматтарды көрсөтүүгө социалдык тапшырыкты жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн жана изилдөө практикасын иштеп чыгуу. Суроо: муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринде муниципалитеттин бейөкмөт уюмуна кызмат көрсөтүүнү социалдык тапшырык жолу менен өткөрүп берүү укугун бериш керекпи?
  • Социалдык тапшырык практикасын талкуулоо жана жайылтуу процессине Эсеп палатасын, анын ичинде социалдык тапшырыктын натыйжалуулугуна аудитти кошуу.
  • Социалдык тапшырыкты жайгаштырууда сынактык жол-жоболор үчүн социалдык долбоорду баалоонун критерийлер системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу.
  • Социалдык тапшырык боюнча муниципалдык ченемдик базаны, анын ичинде көйгөйдү чечүүнү аныктоо критерийлерин өнүктүрүү жана аны артыкчылыктуулардын тизмесинен чыгаруу, ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык көрсөтмөлөр жана жолдомолор ж.б.
  • Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын дараметин күчтөндүрүү үчүн секторалдык (тармактык) БӨУ ичинде социалдык тапшырыкты ишке ашыруу тажрыйбасын жайылтуу. М

Бардык кызыкдар тараптарды ушул  багыттарды талкуулоого жана кызматташтыкка чакырабыз!  Төмөнкү электрондук дарекке кат жазыңыз: NDobretsova@dpi.kg