2014-08-02 / Дүйнөдө талкууланган тема
Ушул иште социалдык тапшырык дегенде мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык аныкталган тапшырыкчы менен тийиштүү деңгээлдеги бюджеттен каржылоонун (толугу менен же жарым-жартылай) эсебинен калктын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүүгө мамлекеттик же муниципалдык органдын тапшырмасын ишке ашыруу боюнча аткаруучунун ортосундагы келишимдик мамилелерди түшүнүш керек.
Тарых Орусияда алгачкы жолу социалдык тапшырык термини анын учурдагы экономикалык-укуктук жана социалдык технологиялык түшүнүгүндө 1994-жылдан тарта колдонула баштаган. Бул мамлекеттик жана муниципалдык структуралардын бейөкмөт уюмдар менен өз ара аракеттешүүсүнүн кандайдыр бир жалпы формаларын иштеп чыгуу зарылчылыгына байланыштуу болгон. Мындай зарылчылык орусиялык “Аракечтикке жана баңгиликке жол жок” (АБЖЖ) аттуу кайрымдуулук уюмунун Москвадагы алгачкы жана Орусиядагы биринчилерден болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн жетимдер үйүн (“Үйгө карай жол”) түзүү боюнча ишмердигинин жүрүшүндө пайда болгон. 1992-жылы ачылган жетимдер үйү (жана анын негиздөөчүлөрү) москвалык өкмөттүк структуралар тарабынан узак убакыт бою ар түрдүү кысымдардын объектиси болуп келген. Жетимдер үйүнүн уюштуруучулары анын иштеп кетүүсү үчүн күрөштө ийгиликке жеткени менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракеттешүүсүнүн туруктуу эрежелерин иштеп чыгуу актуалдуулугун күн тартибинен алып салган жок.Дал ошол учурда мамлекеттик (муниципалдык) тапшырыкчы менен тапшырыкты аткаруучу (ал мамлекеттик эмес структурада боло алат) ортосунда түзүлгөн контракт түрүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык структуралардын өз ара мамилелерин жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдоо идеясы пайда болгон. “Мамлекеттик жана жергиликтүү социалдык тапшырык жөнүндө” ушундай мыйзам долбоорунун алгачкы вариантынын тексти 1995-жылы жарыяланган1. Болжол менен дал ошол учурда АБЖЖ фондунун адистери “Москва шаарында социалдык тапшырык жөнүндө” Москва шаарынын мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Орусия Федерациясынын Конституциясынын 72-беренесине ылайык, социалдык кызматтарды көрсөтүү маселесин укуктук жөнгө салуу Орусия Федерациясынын субъекттер деңгээлинде да мүмкүн болгону үчүн бул иш укук ченемдүү болгон. Термин катары социалдык тапшырык “Коомдук бирикмелер жөнүндө” Мыйзамдын да (17-берене)2, “Кайрымдуулук ишмердиги жана кайрымдуулук уюмдар жөнүндө” Мыйзамдын да (18-берене)3 текстинде колдонулган.
Социалдык тапшырык жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкканы тууралуу маалымат Орусиянын аймактарында жайылгандан тарта анын ар кандай аймактык варианттары да пайда боло баштады. Бул мыйзамды кабыл алган ОФ биринчи субъекти – Тюмень облусу. 1998-жылдагы “Тюмень облусунда социалдык тапшырык жөнүндө” Мыйзам башка региондорду мамлекеттик эмес уюмдардын социалдык чөйрөдө кызмат көрсөтүүлөрүн ишке ашыруу процессин жөнгө салуусуна көмөктөшкөн укуктук нормаларды түзүүгө түрттү.Анткен менен түрдүү региондордо регионалдык жана муниципалдык деңгээлдерде социалдык тапшырык жөнүндө мыйзам долбоорлорунун жана жоболордун бара-бара пайда болгонуна жана аталган укуктук нормаларды мамлекеттик жана муниципалдык структуралардын иш практикасына киргизүүгө карабастан орус өкмөтү федералдык мыйзам долбооруна төрт жолу терс тыянагын чыгарган. 2000-жылдын башында долбоорду Мамлекеттик Дума биринчи окууда карап чыгып, четке каккан.Ошону менен бирге федералдык мыйзам чыга электигине карабастан жана “социалдык тапшырык” технологиясы айрым бузуулар менен болсо да чындап колдонулган мисалды сунуштайлы.1997-1999-жылдары Орусияда Парламентаризмди өнүктүрүү фонду федералдык министрликтердин биринин тапшырыгы боюнча “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана муниципалдык башкаруунун негиздери” курсу боюнча орто окуу жайлар үчүн билим берүү Программасын даярдап чыгып, көрсөтүлгөн программага ылайык окуу китептерин жана окуу-усулдук окуу куралын жазып, жарыялаган. Окуу программасын даярдоону, ошондой эле окуу китептерин жана окуу пособияларын жазуу жана жарыялоо 1995-жылдын декабрында кабыл алынган Жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоо боюнча федералдык программанын эсебинен каржыланган. Социалдык тапшырык жөнүндө федералдык мыйзам жок болгон маалда федералдык министрлик менен Парламентаризмди өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн мамилелер “социалдык тапшырык” деген формалдуу аталышка ээ болгон эмес. Бирок иш жүзүндө аталган тапшырык социалдык эле.Өткөн жылдары Орусиянын аймагында иш алып барган көптөгөн бейөкмөт уюмдардын аракеттеринин арты менен социалдык тапшырыкты аткарууда мамлекеттик (муниципалдык) структуралардын өз ара аракеттешүүсүн жөнгө салган укуктук нормаларды олуттуу жайылтуу мүмкүн болду.Белгилей кетчү жагдай, айрым шаарларда муниципалдык грант тууралуу жобо кабыл алынууда (мисалы, Владимирде). Ошентсе да бул маңызы боюнча түрдүү терминдердин чаташып кеткенинен улам болгон жок. Бул социалдык тапшырыкты жайылтуу – узак,муниципалдык структураларды даярдоо жана КЭУнун кесипкөйлүгүнүн тийиштүү өсүшү үчүн убакытты талап кылган процесс. 1998-жылдан тарта дал ушул жол менен Пермь шаарынын бийлиги кадам шилтеди. Андан кийин жалпысынан Пермь облусу кошулду. Шаардык жана аймактык деңгээлдеги социалдык тапшырык жөнүндө ченемдик укуктук акттар адегенде гранттык жол-жоболор аркылуу ишке ашырылган. Ошентип кадам-кадам шилтеп отуруп, бир катар багыттарды табуу мүмкүн болду. Анда эки-үч жылдан кийин бир топ даярдалган жана грант тууралуу келишимге караганда дагы да катаал документ – мамлекеттик контракт режиминде иштөөгө жөндөмдүү кесипкөй бейөкмөт уюмдар пайда болду. Ошондон кийин алардын иштеп жаткан муниципалдык структуралар менен бюджеттик каражаттар үчүн атаандаштыгы тууралуу сөздөр мүмкүн болуп калды.
Маӊызы Социалдык тапшырык үчүн, ошондой эле жарандык коом институттарынын жана коомдук-бийликчил органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн башка формалардын идеологиялык негизи болуп практикада субсидиардуулук принцибин ишке ашыруу болуп эсептелет. ОФ Конституциясынын 7-беренесинде “Орусия – социалдык мамлекет”деп аныкталганынан улам белгилүү бир деңгээлде социалдык тапшырыкты жайылтуу жарандык коом институттарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө карата бийликтин кызыгуусун бекемдөө дегенди билдирет деп ишенимдүү айтса болот. Ушунун эсебинен гана коомдун катышуусу менен демократияны куруу мүмкүн болот.
Социалдык тапшырыктын негизинде жарандык демилгелерди жүзөгө ашырууга курулган натыйжалуу социалдык саясатты түзүү идеясы да жатат.Социалдык технологияларда камтылган “социалдык тапшырык” адепки механизмдерин ишке ашыруу төмөнкү принциптерди катаал сактаганда гана мүмкүн болот: программалык-максаттуу мамиле;сынак өткөрүү; айкындуулук; келишимдин негизинде өнөктөштүк.Мазмуну жана максат коюу көз карашынан алып караганда социалдык тапшырык максаттуу социалдык программаларды ишке ашыруу аркылуу сынактын негизинде түрдүү деңгээлдердеги социалдык маселелерди чечүү жолдорунун бири болуп эсептелет.Социалдык саясатты жүзөгө ашырууга мамлекеттик монополиянын кемтиги сметалык каржылоого басым жасоо менен биргеликте социалдык чөйрөдө мамлекеттин аракеттеринин анда жүрүп жаткан процесстерден жана түзүлүп жаткан терс тенденциялардан артта калуусуна алып келет. Программалык-максаттуу, проблемалык-фокустук каржылоо режимине өтүү байыртадан бери келаткан ведомстволук байланыштын жоктугун жеңүүдөн тышкары, терең ойлонуштурулган жана келечеги туура мамлекеттик социалдык стратегияны курууга жана ишке ашырууга да жол берет. Мындай стратегия муктаж деп саналгандардын баарын тейлөөгө эмес, максаттуу топторду аларда өзүн камсыздоого карата жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү үчүн объективдүү жана субъективдүү шарттарды түзүүгө түртөт. Негизинен муктаж деп таанылса боло турган жарандардын тизмесин каалагандай узун кылып койсо болот.Анткен менен адамдарды муктаж болуп калууга түрткөн себептерди чечмелеп көрүү маанилүү.Демилге көтөрүп чыгууну жана өз алдынча чечим кабыл алууну каалабаган адамдар бар. Бирок алар берилген садагага жашабастан, аткаруучулук же техникалык иштерди аткарып көр тириликке акча табууну туура көрүшөт.
Субъекттер Мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан социалдык тапшырыктын субъекттеринин бири болуп мамлекеттик же муниципалдык тапшырыкчы чыгат. Социалдык тапшырыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон мамилелердин башка субъектиси болуп аткаруучу эсептелет. Аталган статусту ачык коомдук сынакка жеңип алган уюм алат.
Алгоритм Төмөндө сүрөттөлгөн алгоритм социалдык тапшырыкты максаттуу социалдык программанын (мындан ары-МСП) элементи катары аткарууда ишке ашырууга сунушталган иштелме болот.Социалдык тапшырыкты МСПга ушинтип катаал байлоо жөн жеринен эмес. Анткени дал ушул нерсе аталган социалдык технологиянын Батышта көнүмүш жана белгилүү болгон, социалдык чөйрөдө кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган социалдык контракциялоодон принципиалдуу жана оң айырмасын аныктайт.Автор жүргүзгөн изилдөө белгилүү бир даражада социалдык тапшырык менен МСПнын ушундай байламдын алгылыктуулугу жана мыктылыгы тууралуу ишенимдүү айтууга жол берет.Бул иш биринчиден, максаттуу социалдык программа жана социалдык тапшырык өңдүү институттардын маңызынан улам даярдалды. Экинчиден,бул иштелме өзүнчө оң мисалдарга негизделген.Үчүнчүдөн, төмөндө келтирилген текст терс тажрыйбаны кайра баамдап чыгууга да негизделет.Учурда тилекке каржы максаттуу программалар 6башкача жүзөгө ашып калды. Алгоритмди сүрөттөп отуруп, макул болбогон жерлерин белгилеп, өз тандообузга жүйө келтиребиз. Төмөнкүдөй өзөктүү баскычтарды белгилейли.
МСПны жана СТны түзүү демилгеси Социалдык тапшырык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир аракеттерди жүзөгө ашырууда чыныгы керектөөлөрүн чагылдыргандыктан бул керектөөнү баамдоо аталган органдарда пайда болот. Анткен менен социалдык тапшырыктын өзү максаттуу социалдык программанын элементтеринин бири гана болуп эсептелет, ал эми МСПны түзүү демилгесин өз кезегинде каалаган жак көтөрүп чыга алат. Ошентип социалдык тапшырыктын өзөгүндө жарандык демилге, б.а., тигил же бул социалдык маселе күчөп кеткенден улам пайда болгон демилге жатат.Социалдык тапшырыктын өзүн формулировкалоо жана ушул социалдык технологиялардын жардамы менен анын андан кийинки ишке ашуусу мамлекеттик бийлик органдарынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун) тапшырмасы болгону шексиз.Ошондуктан дал ошолорду социалдык тапшырыктын демилгечилери деп эсептеген туура болот.МСПны иштеп чыгуу Эрежеге ылайык, МСПны иштеп чыгууну аткаруу бийлигинин органдары жүзөгө ашырат. Албетте МСПда бардык программаны аткаруу үчүн, ошондой эле айрым бир баскычтарды жана программачаларды ишке ашыруу материалдык ресурстарды (адатта акчалай туюнтмасында) бөлүү каралган.Тийиштүү деңгээлдеги бюджет долбоорлорун даярдоодо жактырылган МСПлар көңүлгө алынат. Ушул баскычында эле күнүмдүк социалдык маселелерди чечүүнү көптөгөн варианттары пайда болушу мүмкүн. Негизи ушул үчүн МСП иштелип чыгат. Биз программаны иштеп чыкчу жамаатты тандоого байланышкан мүмкүн болгон сынактык жол-жоболорго кенири токтолбойбуз. Орусиялык практика азырынча мындай жолжобону караштыра элек. Анткен менен социалдык маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунушталган идеялардын ар түрдүүлүгү рационалдуу тандоонун мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт дегенди билдирет. Ошондуктан жарандык коом институттарынын мындай ишке катышуусу колдоого алынат.
Квалификациялуу кадрлардын таӊкыстыгы Социалдык тапшырыкты жайылтпоонун ушул объективдүү себеби жогоруда аталган субъективдүү себептердин бири менен тыгыз байланышта болгонун белгилей кетүү зарыл. Зарыл болгон даярдыктагы кадрлардын жоктугу социалдык тапшырыктын маанисин түшүнүүгө тоскоол болуп жатат жана атүгүл бул чөйрөдөгү пилоттук долбоорлорду өткөрүүгө бут тосуп жатат.1990-жылдардын экинчи жарымында эле башталган социалдык чөйрөнү реформалоо ишинин токтоп турган себептеринин бири – кадр маселеси. Бул жааттагы бүгүнкү күндөгү көп сандагы адистер алар көнүп калган советтик доордон берки социалдык саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишмердик эмнеси менен айырмаланыш керектигин,жаңы социалдык-экономикалык шарттарда эмнелер талап кылынарын баамдай беришпейт.Жүзөгө ашырылып келаткан социалдык саясаттын иштиктүүлүгү алынган соңку натыйжа жана тийиштүү максаттуу топтордун абалында жетишилген өзгөрүүлөр аркылуу эмес, коротулган аракеттердин алкагынан кабыл алынат. Анткени кызматкерлер мындай натыйжаны баалоого даяр эмес,анын үстүнө муну“табигый монополиянын” шарттарында жасоого умтулушкан деле жок.Аткаруу бийлигинин структураларынын ишмердигинин натыйжалуулугун ичинен баалоо объективдүү боло албайт жана коомдук институттар жүзөгө ашырган тышкы, көз карандысыз баалоо менен айкалышыш керек.
Акыркы он жылдыкта ургалдуу реформаланган өндүрүштүк чөйрөнүн кадрдык негизи (негизинен коммерциялык мүнөздөгү) учурда эмгек базарында көп сандагы жаңы пайда болгон кесипкөй топтор менен бекитилген.Социалдык чөйрө үчүн кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо өзгөрүүлөргө дээрлик дуушар болгон жок.Кайрадан ачылып жаткан мамлекеттик эмес окуу жайлар, мамлекеттик жогорку окуу жайлар жана орточо атайын жайлар мамлекеттик структуралар тарабынан өз бүтүрүүчүлөрүнүн билимдерин жана көндүмдөрүн иш жүзүндө колдонуу жана бекемдөөнүн өнүккөн системасын түзүү жаатында байкаларлык колдоону көрө алышпай келатат.Түшүнүксүз жагдай пайда болот: бир жагынан мамлекет социалдык чөйрөдө практикалык ишмердикти жүзөгө ашырган сабаттуу кадрларга өтө муктаж болсо, экинчи жагынан социалдык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү теория жүзүндө белгилүү бир билим алганы менен, практикалык,“талаа” иштерине даяр эмес болушууда.Социалдык чөйрөдө иш алып барган мамлекеттик илимий-изилдөө уюмдары да тийиштүү кадрларды даярдоо системасы өнүкпөгөндүктөн жана эмгек акынын аздыгынан улам кадрга муктаж.Эң курч таңкыстык социалдык чөйрөдөгү менеджерлердин катарында байкалат. Бюджеттик чөйрөнү сметалык каржылоонун чындыгына негизделген чечимдердин чегинде бул чөйрөдө менеджерлерге муктаждык пайда болбойт. Натыйжада ишке ашырылып жаткан социалдык саясаттын натыйжалуулугуна көз карандысыз анализ, мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн, илимий жактан жүйөлүү болжолдоонун жана социалдык өнүктүрүү стратегияларын ишке ашыруунун (тармактык да,аймактык да) кажети жок болуп калат.Системалык эксперттик иштин жоктугу МСПны көз карандысыз баалоонун системасы,анын ичинде социалдык тапшырыктын механизмдери аркылуу ишке ашыруу Орусияда болуш керек.