2014-04-02 / Дүйнөдө талкууланган тема
“Кыргызстандагы мамлекеттик социалдык тапшырыкка анализ жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштар”1 жарыялоосунун материалдары боюнча Лариса ЛИ даярдады
Мамлекеттик социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча чет өлкөлүк тажрыйбалардын ичинен Кыргызстан үчүн Болгариянын мисалы көрүнүктүү жана өзгөчө пайдалуу. Бул өлкө жакында эле соцлагердин мүчөсү болгон жана анын социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын реформалоо тарыхына он жылдан бир аз ашты. Ага карабастан болгарлар мындай кыска убакыт ичинде европалык мамлекеттердин бай практикасын өзүнө сиңирип алып, калктын аярлуу топторун социалдык жактан коргоо боюнча өзүнүн моделин түзө алышты.
Болгария 28 облустан турат, ал эми алар болсо өз кезегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн бардык укуктарга ээ болгон 264 муниципалитетке бөлүнгөн. Коллегиалдык орган – муниципалдык кеңеш – менеджердин ролун аткарат.Көптөгөн башка өлкөлөрдөгүдөй эле Болгариянын ЖӨБ органдары Социалдык жардам агенттигинин (биздин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир түрү) атынан мамлекет менен тыгыз өз ара байланышта болуп, кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрдү аныкташат. Анткени жеринде жамааттын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын жакшыраак билишет. Дал ушул ЖӨБ тапшырыкчы болот, ал эми Агенттиктин 28 облустук өкүлчүлүктөрү болуп кызмат көрсөтүүлөргө зарылчылык болуп-болбогонун, ошондой эле аларга керектөөнүн көлөмүн аныкташат.
Мамлекеттик социалдык тапшырыкты (МСТ) калыптандыруу боюнча иштер узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ. Ар бир муниципалитет Социалдык жардам боюнча жергиликтүү агенттик менен биргеликте социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясын (СКӨС) иштеп чыгат. Бул стратегияга бардык керектөөлөр,муниципалитеттин аймагында максаттуу топторго көрсөтүлгөн кызматтардын сүрөттөлүшү, ошондой эле өнүктүрүүнү талап кылган кызмат көрсөтүүлөр да кирет.
Ушул беш жылдык пландардын жыйындысы облустук стратегияларды калыптандыруу үчүн маалымат базасы болуп берет. Жергиликтүү бийликтин мамструктуралар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жардамы менен өкмөт тиги же бул кызмат көрсөтүүгө болгон керектөө тууралуу так элес алат, демек зарыл болгон каржылоонун көлөмүн да аныктай алат. Белгилей кетчү нерсе, стратегиялардын структурасы бардык аймактар үчүн бирдей жана региондун социалдык-экономикалык абалына анализди (калкы, жумуштуулугу, жумушсуздук, калктын кирешеси), иштеп жаткан социалдык кызмат көрсөтүүлөргө инвентаризацияны, алар ээлеген топторду, адам, материалдык, каржылык өңдүү зарыл ресурстарды, ошондой эле региондогу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн абалы жана жетимдүүлүгү тууралуу жалпы тыянакты камтыйт. Документ максаттарды жана тапшырмаларды камтыйт, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жаатында эл аралык, улуттук жана жергиликтүү саясатты эсепке алат, калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүнө баа берет (аярлуу топтордун, тобокел топтордун жана обочодо калган жамааттардын тилигинде). Бул түрдүү ооруларга чалдыккан, психологиялык жактан жабыркаган адамдар, мекемелерде жашаган мүмкүнчүлүгү чектелүү кары адамдар, же кароого жана камкордукка муктаж жалгыз бой кары-картаңдар. Бул ошондой эле жумушсуздар, этникалык жактан обочодо калган жамааттар, бойго жете электер жана жаш үй-бүлөлөр ж.б. болушу мүмкүн.
Стратегия кызмат көрсөтүүлөргө жетимдүүлүктүн чектелүү болушунун себептерине анализди жана муктаж болгондорго жардам берүү үчүн аракеттер планын, талап кылынган адамдык жана материалдык ресурстардын көлөмүн, ошондой эле жалпы регион үчүн каржылоонун зарыл болгон көлөмүн да берет. Маанилүүсү, анда стратегияны ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын – социалдык жардам боюнча агенттиктин структураларынын, муниципалитеттердин, коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) жана жергиликтүү ишканалар менен уюмдардын жоопкерчилиги жана ролу көрсөтүлгөн.СКӨС секторлор аралык өз ара аракеттешүүнүн механизмдерин – мамлекеттин, жеке сектордун, жарандык коомдун өнөктөштүгүн жана өз ара аракеттешүүсүн камтыйт. Кыргызстан үчүн бул тажрыйба ашыкча болмок эмес, анткени биз жолду жаңыдан гана баштап жатабыз.
Болгарияда мамлекеттик жана муниципалдык органдар калкка 933 кызмат көрсөтөт, алардын ичинен 178и МСТ механизми аркылуу коммерциялык эмес уюмдарга өткөрүлүп берилген. Мисалы, “Балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн критерийлери жана стандарттары тууралуу токтом” ушул категория үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерин жана стандарттарын жөнгө салат, ошондой эле алардын сакталышын көзөмөлдөйт. Талаптарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар да, ошондой эле мамлекеттик реестрде балдарга социалдык кызматтарды көрсөтөт деп катталган бардык адамдар жана уюмдар да аткарууга милдеттүү. Критерийлерди жана стандарттарды иштеп чыгуу зарылчылыгы балдарды тарбиялоо жана алардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн коопсуз жана ишенимдүү чөйрө түзүү; балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жетимдүүлүгүн арттыруу муктаждыгынан улам пайда болду.Стандарттарга ылайык, жеткирип берүүчү Жеке маалыматтарды коргоо тууралуу Мыйзамдын талаптарына ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын эсебин жүргүзүп, көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу баланын ата-энесине (асырап алуучуга же камкорчуга) маалымат берип, баланын керектөөлөрүнө карата күн мурда жүргүзүлгөн баалоонун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн планын баланын ата-энеси менен биргеликте иштеп чыгып, баланын өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыздаш керек.Жамааттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тууралуу айта турган болсок, 14түн ар бири 2ден 9га чейинки сапат критерийлерин камтыйт. Ар бир балага досье даярдалып, ал жакка бардык инцидент жана анын себептери, кандай жардам көрсөтүлүп, натыйжасы кандай болгону ж.б. киргизилет. Эгерде окуя кызматкерлердин айынан болсо, анда тартип бузуучуларга карата административдик чаралар сөзсүз көрсөтүлөт.
Көрүнүктүүсү, ар бир социалдык кызмат көрсөтүү боюнча каржылык стандарттар да иштелип чыккан – 1 жылдын ичинде бир адам үчүн конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн наркы. Ага ылайык, мамлекет тиги же бул муниципалитетке канча акча керектигин аныктайт. Каржылоо эки багыт боюнча жүрөт. Субсидиялардын олуттуу үлүшү – 90% жакыны – бул мамлекеттик бюджеттен келген каражаттар. Болгарияда мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн болжол менен 70% муниципалитеттерге өткөрүлүп берилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы стандарттардын негизинде эсептелет, анын ичине айлык акы, кызматкерлердин маянасына салыктар жана тейлөөгө жолдонгон сумма кошулат. Муну менен профилдик министрликтер алектенет, ал эми тизме – бул муниципалитеттердин милдети. ЖӨБга жиберилген акчаны бюджеттен көрүүгө болот. Каржылоонун экинчи каналы – бюджеттик гранттар. Алар жергиликтүү бийлик көйгөйдү кантип чечиш керектигин жана буга канча каражат зарыл болгонун билбей турган учурда кызматтарды көрсөтүүгө арналган. Мындай учурда белгиленген максатка жетүү үчүн бейөкмөт уюмдар чакырылат. Андан ары жайылтуу жана практикалык жактан колдонуу үчүн эң алдынкы, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу максатында бейөкмөт уюмдарды сынактар аркылуу министрликтер тандайт.
Каржылоонун экинчи ыкмасынын айырмасы – социалдык жөлөкпулдарды бенефициарлар алат, ал эми социалдык кызмат көрсөтүүлөргө акчаны улуттук бюджеттен муниципалитеттер алат. Алар өз кезегинде ага өз каражаттарын кошуп туруп жеткирип берүүчүлөргө жиберет. Каржылоонун эки булагы ЖӨБ органдарына агымды улам өзгөртүп, башкаруучулук тонусту дайыма колдоп турууга жардам берет. Жооптуу этап – сынакты уюштуруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоо. Негизгиси, сынак өтөөрү тууралуу жарыядан баштап, жеңүүчүлөр менен келишим түзгөнгө чейинки бардык учурлар так жазылып, катышуучуларга түшүнүктүү болуп, бардык жол-жоболор ачык жана айкын болуш керек.
Комиссиянын курамына 6 адам кирет. Бирок кызыгы, алардын ичинде сынакка коюлган долбоорлордун сапатын баалоого жөндөмдүү профилдик КЭУнун бир дагы өкүлү жок. Алардын ысымдары купуя сакталат жана сынак өтө турган күндүн алдында белгилүү болот. Тендерге катышуу үчүн жеке жеткирип берүүчүлөр атайын реестрде катталып, жыл сайынөз ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип туруш керек. Болгарияда кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү болуп КЭУ жана коммерциялык компаниялар гана эмес, физикалык жактар да каттала алат. Балдарга кызмат көрсөтүүлөр лицензия боюнча жүзөгө ашырылат жана мамлекет жеке жеткирип берүүчүлөрдүн иши үчүн жооп берип, алардын ишин каржылап, ошол эле кезде алардын ишмердигине жана бюджеттик каражаттарды сарптаганына көзөмөл жүргүзүп турат. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүнү тандоодо комиссия табыштаманын мазмунун баалоо матрицасына, талапкерлерди жана алардын сунуштарын баалоонун негизги критерийлерине көп көңүл бурат. Алар: жарыяда айтылган талаптарга шайкеш келүү, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө тажрыйбанын болушу, жакшы аброй жана кызматкерлердин кесипкөй квалификациясы, каржылык камсыздандыруу ж.б. Алууга мүмкүн болгон максималдуу баа – 100 балл. Мындай матрица бардыгы үчүн милдеттүү. Анткен менен кээде ЖӨБ башчылары өз аймагында иштеген коммерциялык эмес уюмдарга жан тартуу менен, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү жергиликтүү болуш керек деген пунктту киргизип коюшат.
Эгерде муниципалитеттин аймагында кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик жеткирип берүүчү ишке ашырбаса, анда муниципалитет күн мурда белгилүү болгон наркын айтып, конкреттүү кызмат көрсөтүүгө сынак жарыялайт. Тапшырык же жеткирип берүүчүлөр ортосунда сынакты өткөргөндөн кийин, же болбосо эгерде бир гана талапкер болсо, макулдашууга жетишкен соң жайгаштырылат. Көңүл бурчу нерсе, социалдык кызматтарды көрсөтүүнү пландоо Социалдык коргоо министрлигинин болжолдуу көрсөткүчтөрүнө эмес, муниципалитеттин деңгээлинде аныкталган чыныгы көрсөткүчтөргө таянат. Ал эми регионду каржылоо ошол жакта ишке ашыруу пландалып жаткан мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөргө негизделет.
Мониторинг жөнүндө азыноолак сөз. Тапшырыкчылар акчанын сарпталышына да, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына да көңүл бурушат. Бизде адатта каражат эмнеге сарпталганын сурашат, ал эми сапат экинчи орунга түшүп калат. Болгарияда эгерде каржылоо жергиликтүү бюджеттен гана жүрсө, анда Социалдык жардам агенттиги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын гана көзөмөлдөйт. Эгерде улуттук бюджеттен болсо, анда агенттик сапатты да, акчаны да көзөмөлдөйт.
Муниципалитеттин мамбюджеттен келген акчаны сарптаганына Каржы министрлиги жана Эсеп палатасы көз салып турат. Жеткирип берүүчүлөргө көзөмөл андан да күчтүү болот. Алар мамлекеттик каражатты кантип коротуп жатканына ЖӨБ органдары, Социалдык жардам боюнча агенттик, салыкчылар, эмгек боюнча инспекция жана башка структуралар көз салат. Көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарга жана критерийлерге жооп берип-бербегени үчүн коммерциялык эмес уюмдар-жеткирип берүүчүлөр муниципалитеттин, Социалдык жардам боюнча агенттиктин, ошондой эле Балдарды коргоо боюнча мамагенттиктин жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын алдында жооп беришет.
Эгерде алар тараптан доомат болуп, жеткирип берүүчү катасын оңдосо, ал кызмат көрсөтүү иштерин уланта берет. Эгерде кемчиликтерди жоюуга кеч болуп калса, же уюм муну жасоодон баш тартса, келишим үзүлөт. Ошону менен бирге эгерде кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуучусу балдар болсо, анда жеткирип берүүчү такыр эле лицензиясынан ажырап калышы мүмкүн. Эрежеге ылайык, жеткирип берүүчүлөр менен келишимдер бир нече жылга түзүлөт. Мисалы, беш жылга. Анткени мамлекет узак мөөнөттүү салымдарга кызыкдар. Бул өз ишмердигин пландоо,келечек жөнүндө ойлонуп, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон уюмдар үчүн да пайдалуу. Коммерциялык эмес уюм жылдын соңуна чейин учурдагы бюджеттен келген акчаны коротушу керек болсо да, ал кийинки төлөмдү келаткан жылдын январында аларын билет. Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн өт баалуу. Анткени ал Болгарияда өкмөттүн бардык структуралары, өзгөчө Каржы министрлиги жана Соцкоргоо министрлиги коомдун социалдык коргоого болгон муктаждыктарын жана керектөөлөрүн жакшы баамдоо менен бул багытта муниципали- теттер менен тыгыз байланышта иштеп жатканын көрсөтүп турат. М