Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

12 пилоттук муниципалитет социалдык тапшырык үчүн артыкчылыктарды аныктап алышты

2014-04-04 / «Пилот : Кыргызстандагы муниципалдык социалдык тапшырык»

Сабина ГРАДВАЛЬ, Өнүктүрүү саясат институту

 
2013-жылдын ичинде Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасындагы 12 муниципалитет менен жамааттын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнүн жаңы механизмдерин – муниципалдык социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча иш алып барды. Муниципалдык социалдык тапшырык ЖӨБ органдарына социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү жергиликтүүбюджеттен каржылоого жардам берет. Бирок аларды чечүү боюнча иштер жарандык коом уюмдарынын күчү менен аткарылат. Бул социалдык көйгөйлөрдү башкаруу органдары эмес (бул, мисалы, Социалдык өнүктүрүү министрлиги формулировкалаган мамлекеттик социалдык тапшырыкка карата болуп келгендей), колдоого муктаж болгон социалдык топтордун өздөрү формулировкалайт. Долбоордун биринчи этабы жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрүн аныктап алуу болду. Муну ЖӨБ органдары социалдык тапшырыктын жардамы менен чече алмак. Иштер Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) "Жарандык коомду колдоо фонду" ("МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоору") каржылаган “Муниципалдык социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБнын өнөктөштүгү” Долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
 
Муниципалдык социалдык тапшырыкка кириш
 
12 пилоттук муниципалитет үчүн муниципалдык тапшырыкка кириш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамааттар жана жарандык коом уюмдары менен ориентациялык жолугушуулардан башталды. Бул жолугушууларга 300дөн кем эмес киши катышты. Бул жолугушуулар муниципалитеттерде социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө болгон муктаждык өтө жогору экенин көрсөттү. Ошону менен бирге бир катар муниципалитеттерде ушундай маселелерди чечүү үчүн канааттандырарлык дараметке ээ болгон бейөкмөт уюмдардын саны жетиштүү. Алгачкы жолугушуулардын маалында айрым ЖӨБ органдары (өзгөчө шаарларда) долбоордун маңызын түшүнгөнүн жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык коом менен кызматташтыкка даярдыгын көрсөтүштү. Ошол эле учурда ЖӨБ органдары чечим кабыл алууда жарандардын ыктымал катышуусуна, социалдык маселелерди чечүүдө жарандык коом менен өнөктөш катары диалог түзүүгө жетиштүү көңүл салбаган муниципалитеттер да бар. Социалдык тапшырыктын негиздери менен таанышып чыккандан кийин ЖӨБ органдарынын кызматкерлери жана жетекчилери элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо (ЭКБА) боюнча иш-чаралардын комплексин кантип өткөрсө болоорун үйрөнүштү. Тренинг учурунда жана элет тургундарынын көйгөйлөрүн биргелешип аныктоодо биринчи кадамдар жасалган маалда социалдык чөйрөдөгү артыкчылыктар гана аныкталган жок. Ошондой эле жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдары ортосундагы мамилелерде, жарандык коомдун ичинде, ЖӨБнын аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдары ортосунда, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөн башка структуралар ортосундагы мамилелерде да көптөгөн “көйгөйлүү зоналар” аныкталды. Бирок айрым учурларда өз ара жактырбоо орун алганы менен, конфликттик дарамети жогору маселелерди талкуулоодо долбоордук иш-чаралардын катышуучулары мунаса таап жатышты. Башталган диалог биринчи кезекте анын катышуучуларына эки тарап тең, мында жергиликтүү жамаат – коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар жана ЖӨБнын өкүлчүлүктүү органдары – жеткирип берүүчүлөр,өзгөрүүлөргө даяр болгонун, жерлеринде кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө өз салымын кошууга жөндөмдүү экенин далилдеди.
 
Муниципалдык социалдык тапшырык үчүн артыкчылыктуу темалар бар!
 
Долбоор менен кызматташуунун алкагында ар бир муниципалитет ЖӨБ чөйрөсүндөгү көптөгөн эксперттердин Кыргызстанда ар бир муниципалитет уникалдуу деген пикирин дагы бир жолу ырасташты. Активдүүлүктүн, билимдин, дараметтин, ЖӨБ органдары (аткаруучулар жана кеңештер) тарабынан саясий эрктин деңгээли ар башка. Жергиликтүү жамааттар да жалпысынан, анын ичинде жарандык коом уюмдары да өзүн ар башка көрсөтүүдө. Бирок ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар алпурушуп келаткан көйгөйлөр адатта окшош. 2013-жылдын соңунда 12 пилоттук муниципалитетте ЖӨБ органдары өз алдынча ЭКБА-сессияларын өткөрүп, активисттер менен биргелешип социалдык мүнөздөгү жергиликтүү көйгөйлөрдү аныктап, артыкчылыктуусун тандашты, аныкталган артыкчылыктардын себептик байланышын аныктоо боюнча фокус-топторду калыптандырып, процесске тартылган бардык жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөр кантип чечилиш керектиги тууралуу ой-пикирлерин чогултушту. Шаарларда жана аймактарда ЭКБА-ишчараларынын активдүү катышуучуларынын ичинен “тематикалык” жумушчу топтор түзүлдү. Бул катышуучулар Долбоордун кийинки этаптарына, анын ичинде 2014-жылдын жай мезигилинде өнөктөш бейөкмөт уюмду тандоо боюнча сынакты уюштуруу жана өткөрүү этаптарына да активдүү катышмакчы. Ошондо учурда эң курч турган социалдык көйгөйдү чечүү боюнча жергиликтүү тургундарга ылайыктуу болгон программаны сунуштаган бейөкмөт уюм тандалат.
 
Ар бир 12 пилоттук муниципалитеттин өзгөчөлүгүнө карабастан, жалпы “фавориттер”– социалдык мүнөздөгү көйгөйлөр аныкталды.Графиктен көрүнүп тургандай, спорт, мектепке чейинки тарбия, маалымат жана окуу борборлорун түзүү аркылуу улуу муунду жана жаштарды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү эң көп талап кылынган социалдык маселелер болуп калды. Эмесе, бардык 12 муниципалитет тең социалдык чөйрөдөгү өзгөчө курч турган көйгөйлөрдүн негизги тизмесин аныктап алышты (жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын түшүнүгүндө), конкреттүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча деталдуу керектөөлөр тууралуу максаттуу топтордун пикирлерин угуп чыгып, аларды жалпылаштырды. Бардык жерлерде техникалык тапшырмаларды иштеп чыгууга, долбоорду аткаруучуларды тандоо үчүн сынактарды уюштурууга, өткөрүүгө жана андан ары долбоордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катыша турган жумушчу топтор түзүлдү. Биригүү жана конструктивдүү талкуулар үчүн олуттуу стимул (дем) болуп артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү жамаатка кошумча ресурстар (каржыны) алып келиши мүмкүн болгон "МСТ боюнча GIZ/Фонд долбоору" катышуу болуп эсептелет. 12 пилоттук ЖӨБда муниципалдык социалдык долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу болжол менен 2014-жылдын соңунда башталат. М