2014-03-07 / ЖӨБ ресурстары
Бектур ОРОЗБАЕВ,
ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи, ӨСИ
СУРОО:
Кандай жерлер капиталдык курулуш жүргүзүү укугу менен ижарага берилет, ал эми кайсы жерлерге мындай укук берилбейт?
ЖООП.
ЖӨБ органдары капиталдык курулуш жүргүзүү укугу менен жана капиталдык курулуш жүргүзбөө укугу менен муниципалдык жерлерди ижарага берүүгө укугу бар. Бирок мыйзамдарда жерлердин айрым бир категориялары боюнча чектөөлөр бар. Айталы, эгерде Жер кодексин жана КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобону кылдаат окуп чыкса, кайсы жерлер капиталдык курулуш укугу менен, ал эми кайсы-лары мындай укуксуз бериле турганын түшүнүүгө болот.
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, тооруктар (аукцион, сынак) өткөрүлбөй турган төмөнкүдөй эки жагдайды кошпогондо,ЖӨБ органдары жер участокторун менчикке же колдонууга (ижарага) тоорукта сатуу жолу менен, акынын негизинде, берүүгө милдеттүү:
-
жер участогун түз сатуу жолу аркылуу ижарага берүү шарттары менен колдонууга берүү;
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жер участогун колдонууга берүү.
Мындан тышкары ЖӨБ органдары жер участокторун бекер, тооруктарды өткөрбөстөн Кыргызстандын жарандарынын менчигине бир жолу өлкөнүн бардык аймагында берет:
-
турак жай курулушу үчүн жер участоктору,
-
айыл чарба максаттарында колдонуу үчүн жер үлүшү.
Андан ары жер участокторун пайдалануунун мөөнөттөрүн тактап алуу керек. Алар мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн), же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн. Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу), аны менен кошо ижара келишиминин шарттарында пайдалануу деп жерди 50 жылга чейин чектелүү мөөнөткө пайдалануу таанылат.Бирок Типтүү жобого ылайык, өзгөчө бир учурларда калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери ЖӨБ органдарына 5 жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага берилсе болот. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт, бул жерлерде чатыр, күркө, павильондор, жарнак курулмалар же башка капиталдык эмес объекттер өңдүү жеңилдетилген типтеги курулуштар жана курулмаларга гана уруксат берилет. Бул жерлерде капиталдык курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган.Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар,автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери,бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер,көлмөлөр кирет.
Ошентип ЖӨБ органдары жалпы колдонуудагы жерлерди кошпогондо, муниципалдык жерлери капиталдык курулуш укугу менен 50 жылга чейинки мөнөткө бере алат. Ошону менен бирге жерди пайдалануучу тийиштүү уруксат документтерди алган күндөн тарта ижарага алынган участокто курулуштарды жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Кошумча маалымат: КР Жер кодексинин 7, 13, 25, 29, 32, 50, 78-беренелери, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобо.
СУРОО:
Бардык жерде жер участоктору мечиттердин курулушу үчүн берилип келеген жана берилүүдө. Мындай курулмалардын ээсин аныктоо маселеси курч турат. Анткени жер участокторун берүү процессинде өтө көп укук бузуулар болуп келет. Мындай кырдаалда ЖӨБ органдарынын аракеттеринин алгоритми кандай болуш керек?
ЖООП.
ЖӨБ органдары жер участокторун физикалык же юридикалык жактарга менчикке же колдонууга (ижарага) мечиттерди курууга же башка максаттар үчүн тооруктарда сатуу жолу менен акынын негизинде берип келет. Төмөндө көрсөтүлгөн учурларда гана тооруктар (аукцион, сынак) өткөрүлбөйт:
-
жер участогун түз сатуу жолу аркылуу ижарага берүү шарттары менен колдонууга берүү;
-
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жер участогун колдонууга берүү.
Турак жай курулушуна жер участоктору, ошондой эле айыл чарба максаттарына пайдалануу үчүн жер үлүштөрү бекер берилет. Ар бир жаран же болбосо диний уюм тооруктарга катышууга жана акы төлөөнүн негизинде 5 жылга чейинки мөөнөткө капиталдык курулуш жүргүзүүгө уруксат берилбеген жалпы колдонуудагы категориядагы жерлерди кошпогондо, жер участогун менчикке же мечиттин курулушу үчүн пайдаланууга алууга укуктуу.
Ошону менен бирге динге ишенгендердин диний керектөөлөрүн канааттандырууга, диний тарбия берүүгө, сыйынууга, намазга чогулууга, үгүт насаат айтууга багытталган диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өлкөнүн мыйзамдары менен мечиттин курулушу үчүн жер участокторун алууда аларга өзүнчө атайын укуктар каралган эмес. Ошондуктан ЖӨБ органдары диний имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн физикалык жана юридикалык жактарга жер берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн же акысыз берген кандайдыр бир механизмдерин караштырбаган жер мыйзамдарынын жалпы талаптарын карманышы керек.
Кошумча маалымат: КР Жер кодексинин 7,13, 25, 29, 32, 50, 78-беренелери, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобо; «КРда динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР мыйзамынын 8-бер., 15-бер.
СУРОО:
Муниципалдык башкаруунун бүгүнкү практикасы мындай: негизги каражатка, анын ичинде кыймылсыз мүлккө бардык амортизациялык чегерүүлөрдү ЖӨБ органдары күндөлүк чыгашаларга коротушат.Бул каражаттар топтолбойт, анткени эгерде ошол топтолгон каражат кийинки жылга өтүп кетсе, анда ЖӨБ бул суммага теңдештирүүчү грантты албай калат. Капиталдык салымдар үчүн каражат топтоонун башка кандай мыйзамдуу жолдору бар?
ЖООП.
Теңдештирүүчү гранттын көлөмүн эсептөө алынган кирешелерди гана эмес, бар болгон чыгашаларды да эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Формула мындайча иштейт: түз эмес пропорциядагы теңдештирүүчү гранттардын көлөмү өткөн жылдагы кирешелерди иш жүзүндө аткарганына жараша болот. Мындан тышкары индекстер жана коэффициенттер да чоң таасирин тийгизет, алар Кыргыз Республикасындагы бардык айылдык аймактардын киреше потенциалын эсепке алуу менен эсептелип чыгат. Бул болсо конкреттүү муниципалитеттен эсептөөлөрдүн көз карандуулугунун деңгээлин азайтат. Бирок бул ой толгоолордун өз чындыгы бар.
Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше табууга болгон мотивациясын арттыруу үчүн теңдештирүүчү гранттарды эсептөө формуласына өзгөртүү киргизүү зарыл.Бул маселени ченемдик укуктук акттарга жана теңдештирүүчү гранттарды эсептөө формулаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен чечүү зарыл. Амортизациялык чегерүүлөрдү топтоонун башка мыйзамдуу жолдору жок жана бул ЖӨБгө акча топтоодо жана инвестицияларды башкарууда чоң кыйынчылыктарды жаратып жатат.
СУРОО:
Жер астындагы кендерди мыйзамсыз иштеткендерге (физикалык жактар) салык салууну уюштурса болобу?
ЖООП.
Суроону башкача берүү зарыл. Жер астындагы кендерди мыйзамсыз иштеткендерди көмүскөдөн чыгарып, алардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салыктарды жергиликтүү бюджетке жиберсе болобу?
КР мыйзамдары, өзгөчө Салык кодексинин талаптары салыктык каттоого тургузуу жана салыктын айрым бир түрлөрүн төлөтүү фактысын текшерүү максатында салыктык көзөмөлдүн айрым бир түрлөрүн түздөн-түз жүзөгө ашырууга ЖӨБ органдарына уруксат берет. Эгерде ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жетишсиз болсо, анда ЖӨБ органынын суроо-талабы боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмчөлөрү каттоого мажбурлап тургузууну жана административдик таасир көрсөтүүнү жүзөгө ашыра алат.
СУРОО:
үч жыл аяктагандан кийин гана чыга турган соттун чечимине чейин эле эээлери таштап кеткен кароосуз калган объекттерди экономикалык жүгүртүүгө кантип өткөрсө болот?
ЖООП.
Менчик ээси болбогон, же ээси белгисиз болгон,же анда ээси баш тарткан буюм ээсиз деп аталат.Эгерде кыймылсыз мүлктүн ээси болуп эсептелбеген ЖӨБ органы ошол мүлккө 15 жылдан бери өзүнүн кыймылсыз мүлкү катары ак ниеттүүлүк менен мамиле жасап, ага ачык жана үзгүлтүксүз ээлик кылып келатса, анда КР Жарандык кодексинин 265-беренесинин негизинде ал ошол мүлккө менчик укугун алат. Бул болсо көптөн бери ээлик кылуу болуп саналат. Мунун негизинде мүлктү муниципалдык менчик деп таануу үчүн соттун чечими талап кылынат.Ошону менен бирге КР Жарандык кодексинин 257-беренеси ЖӨБ органдарына 3 жылдын ичинде ээсиз буюмду муниципалдык менчикке өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн ЖӨБ органы ээсиз кыймылсыз буюмду кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органында (Мамкаттоодо) каттап коюш керек жана 3 жыл аяктагандан кийин бул буюмду муниципалдык менчик катары таануу талабы менен сотко кайрыла алат.
Ошентип, эгерде айылдык аймактын (шаардын)территориясында жайгашкан кыймылсыз мүлк (объект) чындап эле кароосуз/ташталган болуп эсептелсе, анда ЖӨБ органдары аны экономикалык жүгүртүүгө киргизип, андан пайда көрсө болот. Ошону менен бирге мүлккө муниципалдык менчик укугу же 15 жыл өткөндөн кийин ээлик кылгандын негизинде, же мамкаттоого каттагандан кийин 3 жыл өткөн соң пайда болот. Экөөндө тең ээсиз мүлк соттун тийиштүү чечими күчүнө киргенден кийин гана муниципалдык менчикке өтөт. (кошумча маалымат үчүн төм. караңыз: КР Жарандык кодексинин 257, 265-бер., «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» КР мыйзамынын 5-беренеси). М