Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Прокуратура башкаруунун аймактык органдарындагы коррупциянын рейтингин жарыялады. Акимиаттар алдыда

2014-03-07 / ЖӨБ ресурстары
Прокуратура башкаруунун аймактык органдарындагы коррупциянын рейтингин жарыялады. Акимиаттар алдыда

«453 айыл өкмөттүн жана 31 мэриянын кызматкерлерине карата 594 акт жазылган, 40 акимиаттын кызматкерлерине карата 205 кылмыш иши козголгон – 86 акт жана 11 кылмыш иши»

 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда эң коррупциялык чөйрө деп салтка айланып калгандай жерлерди берүү эсептелет. Өнүктүрүү саясат институту ЖӨБ органдарында коррупцияны болтурбоо боюнча бир катар алдын алуучу иш-чараларды өткөрүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылды. Жооп күтүлүүдө. Ал эми азырынча жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциялык кылмыштардын статистикасына көз жүгүртүп көрөлү.
 
Булстатистиканы маалымат агенттиктери 2014-жылдын 17-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн башкы прокурор Аида САЛЯНОВАга шилтеп жазып чыгышты. Эмесе, башкы прокурордун айтымында, коррупциялык белгилердин көп бөлүгү айыл өкмөтүндө,мэрияларда, акимиаттарда жана билим берүү тармагында катталган.
 
«453 айыл өкмөттүн жана 31 мэриянын кызматкерлерине карата 594 акт жазылган, 40 акимиаттын кызматкерлерине карата 205 кылмыш иши козголгон – 86 акт жана 11 кылмыш иши», – деп маалымдаган башкы прокурор жер, экология, эмгек жана курулуш нормалары жаатында мыйзамдарды көбүрөөк акимдер жана мэрлер бузаарын кошумчалады. (АКИ Пресс)
 
Өткөн жылга салыштырмалуу айыл өкмөтүндө аныкталган укук бузуулардын саны 23 пайызга төмөндөдү (2012-жылы 253 кылмыш иши, 2013- жылы 205 иш). Өткөн жылдары Башкы прокуратура бул органдардын саны тууралуу маалыматтарды бербестен,жөн гана кылмыштардын санын атап келсе, бул жолу кылмыштардын санын органдардын санына байлаганы көңүлдү бурдурган факт болду. Бул болсо коррупциянын деңгээлине карата дагы да объективдүү жагдайды көрүүгө жардам берет. Санды санга бөлүү башкаруунун 1 органына канча кылмыш туура келерин көрсөтүүдө.
 
Диаграммада көрүп тургандай, ресурстарды башкаруу боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ болбосо да акимиаттарда дээрлик эки эсе көп коррупциялык кылмыштар аныкталган. ЖМАга караганда ЖӨБ кызматкерлерине карата кылмыш иши көбүрөөк козголгон. Бирок ЖМАда мыйзамдуулук ашкача бузулат жана алар кылмыштык-укуктук мүнөзгө ээ эмес. М

Окшош материалы: