Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коррупцияга карата жийиркенүү мамилесин кантип тарбиялаш керек?

2014-05-06 / Коррупцияга каршы опция
Коррупцияга карата жийиркенүү  мамилесин кантип тарбиялаш керек?

Өнүктүрүү саясат институту Экономика министрлигине коррупцияга каршы үгүттөөлөрдү өткөрүү,коомду коррупциянын булактары жана кесепеттери,коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү аспаптары, жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүндө укуктары тууралуу маалымдоо аркылуу коомдо коррупцияга карата чыдагыс мамилени калыптандыруу боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүүгө жардам берди...

 
Өнүктүрүү саясат институту Экономика министрлигине коррупцияга каршы үгүттөөлөрдү өткөрүү,коомду коррупциянын булактары жана кесепеттери,коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү аспаптары, жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүндө укуктары тууралуу маалымдоо аркылуу коомдо коррупцияга карата чыдагыс мамилени калыптандыруу боюнча маалымат өнөктүгүн өткөрүүгө жардам берди. Өнөктүк кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ болду (2014-жылдын февраль айынан июнь айына чейин), ошондуктан башынан эле коомдук пикирди калыптандырууга карата туруктуу натыйжаларга жеткире алмак эмес.Анткен менен бул өнөктүк коомдун коррупцияга карата мамилесин өзгөртүү үчүн коммуникациялык мейкиндикте мамлекеттен кандай чаралар күтүлүп жатканын көрүүгө жол ачты. Өнөктүктүн аткарылышына жасалган анализ жана эксперттер чыгарган тыянактар мамлекетке коомдо коррупцияга карата жийиркенүүнү тарбиялоодо максаттуу саясатты түзүүгө жардам берет. Бул өнөктүктүн баалуулугу анын чыгармачыл аткаруучулары Лариса Ли, Елена Баялинова, Айбек Баратов өңдүү Кыргызстандагы белгилүү медиа эксперттер болгонунда.
Лариса Ли: “Ок куру атылган жок”
“Долбоордун баштапкы баскычында максатка жетүүдө бир топ күмөн саноолор жана ишенбөөчүлүктөр болду. Турмушубузда коррупциянын белгилерине баш ийбестен гана, чынын айталы, ага көңүп да калган, маал-маалы менен андан пайда да тапкан коомдук пикирди канткенде өзгөртсө болот? Биз президент Атамбаев өзү мойнуна алгандай, системалык мүнөзгө ээ болуп калган коррупция менен натыйжалуу күрөшкө карата күмөн санообузду, атүгүл келекелөөбүздү жашырган да эмеспиз. Баары эле күмөн санайт – журналисттер жана башка чыгармачыл адамдар гана эмес, бизнес өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдар да, атүгүл мамлекет башчы өз катарын коррупциядан тазалоого чакырган аткаминерлердин өздөрү да. Мындан улам долбоор жыйынтыкталар алдында ок куру атылбаганын көрө алганыбыз огобетер жагымдуу болду. Жок дегенде өнөктүк көптөгөн сынчыл көз караштагы адамдарды коррупцияга, анын экономикага, саясатка,социалдык чөйрөгө гана эмес, маданиятка, адепахлакка карата бүлүндүрүүчү таасирине мурдагыдан да үңүлө кароого түрттү. Өнөктүк өтө чоң көлөмдөгү маалыматтар айтылып, өлкөдөгү кырдаалга анализ жасаганы менен пайдалуу болду. Бардык айып ачууларды жана компроматтарды кантип колдонуу керек, коррупциялык тобокелчиликтер, коркунучтар, схемалар менен баяндамаларда, талкууларда жана өзүнөзү жемелөө аркылуу эмес, иш жүзүндө күрөшүү үчүн жаңы билимдерди кантип пайдаланыш керек – бул башка маселе. Бул суроого жоопту баарыбыз издешибиз керек”.