Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пресс-сессиялар

2014-05-06 / Коррупцияга каршы опция

Пресс-сессиялар ММК арасында популярдуу болуп калды. Анткени алар атүгүл каршы тараптан да комментарий алуу, көптөн бери “карматпай” жүргөн аткаминер менен маектешүү мүмкүнчүлүгүн берет.

“Коррупциянын метастазалары саламаттык сактоону иритүүдө” деген темада пресс-сессия.
Журналисттер менен бетме-бет жолугушуп, биздин саламаттык сактоо системабыздагы эң курч көйгөйлөрдү талкуулоо ниетин билдирген кийинки министр Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген Динара САГЫНБАЕВА болду. Социалдык маанисинен улам бул маанилүү маселеге даярдык дээрлик бир ай жүрдү. Аракеттер текке кеткен жок. Саламаттык сактоо министри өзү бул көйгөйлүү маселени талкуулоого катышуу ниетин билдирди. Саламаттык сактоонун бардык системасы коррупциялык схемалар менен ооруп жатат. Уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө жана колдонууда, жетекчилерди дайындоодо, лицензияларды берүүдө, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө ж.б. аныкталган. Мына ушулардын баары тууралуу жана кемчиликтер менен кыянат пайдаланууларды жок кылуу үчүн ведомство кабыл алып жаткан чаралар жөнүндө саламаттык сактоо министри Динара САГЫНБАЕВА ачык айтып берди. Өз баяндамасында күңүрт схемалар тууралуу КР Ооруканалар ассоциациясынын төрагасы Кубанычбек ЖЕМУРАТОВ айтып берсе, Саламаттык сактоонун дарылоо-про-филактикалык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башчысы Анара ЕШХОДЖАЕВА журналисттердин көптөгөн суроолоруна жооп берди. Талкуу жана дискуссия курч гана эмес, ошону менен бирге ачык да болду. ММКнын бир дагы ыңгайсыз суроосу жоопсуз жана биздин эксперттердин комментарийлерсиз калган жок. Баарлашуу жандуу болуп,катышуучулардын ар бири саламаттык сактоонун абалы баарына тиешелүү экенин түшүнүп турганы кубандырат. Демек метастазалар менен күрөшкө аткаминерлер жана коомдук уюмдар гана эмес,журналисттер да аралашыш керек.
“Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү коррупция же өлкөнүн ресурстары жана активдери кимге иштеп жатат?”аттуу пресс-сессия журналисттердин үмүттөрүн толугу менен актады.Журналисттер көп кызыктуу маалыматтарды угуп,көптөгөн суроолорго жооп алып, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдө, күмөндүү тендерлерде ж.б. мыйзам бузууларга байланышкан бир топ маалыматка ээ болушту. Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин эксперттеринин баамында, Маммүлк фонду эң эле “ачык эмес” мамлекеттик ведомстволордун бири болуп эсептелет жана мунун натыйжасында Фонддун жаап-жашырганы бар деген тыянак чыгарса болот. Мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун ишмердигинин бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстүү анализ жүргүзүлгөн эмес, стратегиялык пландоо практикасы жок, башкаруунун так максаттары аныкталган эмес, компаниялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун критерийлери аныкталган эмес, мамлекеттик ишканалардын каржылык-чарбачылык ишмердигине жана алардын мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануусуна көзөмөл жетиштүү деңгээлде камсыздалган эмес жана башка кемчиликтер. Жогорудагы көйгөйлөрдөн улам КР өкмөтү мамлекеттик менчиктин толук наркы жана көлөмү тууралуу ишенимдүү маалыматка ээ эмес. Статистика, юстиция органдары, мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматтар чачкын, толук эмес жана өлкөдөгү мамлекеттик активдердин абалы тууралуу чыныгы көрүнүштү чагылдырбайт. Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа МУКАНОВАнын жана көз карандысыз эксперт Иван ДРОБИТЬКОнун баяндамасы мына ушул теманын тегерегинде болду.Баяндамага АИК эксперттери жүргүзгөн ММФдеги коррупциялык схемаларды изилдөө себеп болду.Биздин пресс-сессиядан кийин жарык көргөн жана обого чыккан материалдар ошондон кийин актанууга мажбур болгон айрым бир аткаминерлердин арасында резонанс жаратты. Биз мына ушуга – кыргыз өкмөтүнүн структурасындагы эң жашыруун ведомствонун сырларын ачыкка чыгарууга умтулганбыз.«Мамсатып алуулардагы коррупцияны кантип токтотсо болот?» пресс-сессиясы. Журналисттер бул теманы көптөн бери күтүп келишкен.Анын үстүнө сатып алууларга жана бюджеттик каражаттарды сарптоого байланышкан коррупциялык схемаларды Коргоо кеңеши бардык мамлекеттик структуралардан аныктап чыккан. Баяндамачы жана эксперттер катары Эсеп палатасынын аппарат жетекчиси Самат КЫЛЖИЕВ, бөлүмдүн аналитиги Илим ИСАКОВ чыгышты. Алар менен чогуу ММКнын суроолоруна мамсатып алуулардын усулдар жана анализ бөлүмүнүн жетекчиси Айбек ШАЙБЫЛДАЕВ, ошондой эле Дүйнөлүк банктын эксперти Азамат СЫРГАЕВ жооп беришти. Тема популярдуу болгону менен, иш жүзүндө кабылдоо үчүн татаал болуп чыга келди. Коноктор өтө көп процедуралык учурларга ашкере эле көңүл бурушту, кээде мыйзам бузуулар кантип болорун жана аларды болтурбоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын ийне-жибине чейин билүүгө умтулган журналисттердин курч суроолорунан ачык эле качып коюшту.«КРда КОРРУПЦИЯ: биз күрөшүп жатабызбы,же ордубузда эле турабызбы? – кырдаалга сереп” пресс-сессиясы. Ош шаары. Кырдаал тууралуу журналисттерге Дүйнөлүк банктын экспертиЭркаим МАМБЕТАЛИЕВА айтып берди. Мойнубузга алалы, биз Ошко жөнөкөй эмес күнү барып калдык. Дал ошол учурда саясий кырдаал курчуп, оппозиция митингдерге даярданып жаткан. Катышуучулардын саны аз болгонун ушуну менен түшүндүрө алабыз. Бирок катыша алгандардын көңүлү калган жок. Эркаим МАМБЕТАЛИЕВА өлкөдөгү кырдаалды жана коррупциянын деңгээлин азайтуу үчүн баарыбыз көрүшүбүз керек болгон чараларды жалпак тил менен, турмушта кездешчү мисалдарды келтирип сүрөттөп берди.
“КРда КОРРУПЦИЯ: биз күрөшүп жатабызбы,же ордубузда эле турабызбы? – кырдаалга сереп” пресс-сессиясы. Талас шаары. Бул жерде гезиттер, ТВ-компаниялар азыраак. Анткен менен Ошко салыштырмалуу пресс-сессиянын катышуучулары бир топ көп болду. Иш-чарага журналисттер гана эмес, коррупциялык көрүнүштөрдү жана схемаларды изилдөө, аларга мониторинг жүргүзүү менен алектенген жарандык сектордун өкүлдөрү да катышты. Атүгүл облустук администрациянын атынан губернатордун биринчи орун басары Байышбек ЖУМАНАЗАРОВ да облустагы көйгөйлөрдү ачык жана айкын талкуулап алуу ниетин билдирди. Ал жалгыз келген жок. Аны саламаттык сактоо жана билим берүү үчүн жооп берген бир кыйла аткаминерлер коштоп келди. Буга журналисттер өзгөчө кубанды. Анткени облус жетекчилеринен комментарий алуу жана маектешүү чанда болчу көрүнүш. Баяндамачылар Эркаим МАМБЕТАЛИЕВА менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу иштери боюнча бөлүм жетекчиси Медербек ИСМАИЛОВ ар бири өз темасы боюнча баяндама жасашты. Алар көптөгөн маселелер боюнча түшүндүрмө беришти. Бирок Жуманазаров башында турган жергиликтүү аткаминерлер журналисттердин чабуулуна көбүрөөк кабылды. Таластык журналисттер курч көйгөйлөрдү эрктүүлүк менен көтөрүп чыгышты. Атүгүл айрым бир учурларда адаттагыдан айырмаланып бул жолу баарлашуу үчүн ачык болгон аткаминерлерди актанууга мажбурлашты. Бир сөз менен айтканда пресс-сессия ойдогудай өттү, талкуу кандай болуш керек болсо, ошондой болду.
“Кымбат – дайыма эле сапаттуу эмес, же кантип билим берүү чөйрөсүндөгү коррупция бардык системанын кунарсыздануусуна алып келди?” пресс-сессиясы. Президент Алмазбек АТАМБАЕВ жогорку билим берүү системасын оптималдаштыруу боюнча эксперттик жамааттын сунушун жактырды. Өз чечимин ал «Кыргызстандын келечегинин кызыкчылыктары билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылып жатканы, ал өлкөгө зарыл болгон адистерди чындап сапаттуу даярдоону камсыздоону максат кылышы керектиги менен»
түшүндүрдү. Билим берүү системасынын абалына жасалган анализ көрсөткөндөй, акча максатсыз сарпталып жатат, же болбосо жөн гана уурдалууда. Паралардын суммасы жана коррупциялык схемалар ЖОЖдордо гана эмес, мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде да орун алган.Бейформал төлөмдөр кыргызстандыктарды бала бакчалардан тарта ЖОЖго өтүү үчүн бүтүрүүчү сынактарга чейин, айрым бир учурларда кандидаттык же доктордук даражаны коргоого чейин коштоп жүрөт. Ошентип коомдо «акчанын жардамы менен баарын сатып алып, бардык маселелерди чечүүгө болот»деген пикир калыптанып калган. Биздин аянтчага коррупциялык схемалар тууралуу баяндама менен Коргоо кеңешинин Жумушчу тобунун мүчөсү Алмаз НАСЫРОВ чыкты. Бул ачык жана баары үчүн түшүнүктүү баяндама болду. Ушул схемаларды аныктоого оппонент катары эмес, адискатары катышкан билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл КЕНДИРБАЕВА да келди. Ал бүгүнкү күндө туш тараптан сындалып жаткан билим берүү системасындагы бардык көйгөйлөр жана кемчиликтер үчүн жооп берүүгө мажбур болду. Убакытка жараша биз бала бакчалардын көйгөйлөрүн, мектептердеги жана жогорку окуу жайларындагы паракорчулукту, дипломдордун жана кандидаттык даражалардын девальвациясы ж.б. маселелерди талкуулап алганга жетиштик. Баары үчүн зарыл болгон баарлашуу болду. Эми чара көрүү гана калды. Елена Баялинова:«ММК-аудитория менен баарлашуунун ийгиликтүү формалары табылды» Көптөгөн пресс-сессиялар жана ММК аркылуу өлкө жарандарынын көйгөйлөрүнө кошумча көңүл бурулуп, коррупциянын өзү жана ага каршы туруу усулдары тууралуу аларга кошумча билим берилди. “Коррупция” деген сөздүн өзү мурда болуп көрбөгөндөй тешилип, тозгон кырдаалда аудитория менен баарлашуунун жаңы формалары табылды. Менин баамымда, бул формалар – мамлекеттик органдардын жетекчилери ММК өкүлдөрү менен ачык диалог жүргүзүп, алар менен маалымат бөлүшө ала турган пресс-сессиялардын алкагында таза, айкын талкуу. Пресс-сессиялардын ачык чырайы менен өткөн маанайы буга чейин жабык деп эсептелген маселелерди камтыганга жол ачты. Пресс-сессиялар Бишкекте гана эмес, аймактарда да өткөрүлгөнү жакшы болду. Бул маалыматтын бардык өлкөнүн масштабында жайылуу алкагын кеңейтти. Мындан тышкары көп сандагы журналисттерди, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерин пресс-сессияларга катышууга тартуу мүмкүн болду. Бул болсо иш-чаранын маанисин жогорку деңгээлге көтөрө алды. Коррупцияга каршы туруу боюнча пресс-сессияларды улантуу жана аларды республиканын калган облустарында да өлкөнүн турмуш тиричилиги үчүн маанилүү тармактары боюнча өткөрүү зарыл.Балким бул өңдүү талкууларды көптөгөн коомдук бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын ж.б. чөйрөсүндө өткөрүү керектир. Анткени дал ошолор “тынч жатпай”, элге маалымат жеткирип бере алышат. Мындай жолугушуулар эмоционалдуу болуш керек, ал жерде видеопродукцияны көрсөтүп, аны чогуу талкуулап, социалдык плакаттарды тартууласа болот,талкуулардын убактысын да узартуу зарыл.
Маркетинг эмнеге мүдүрүлүп  жатат?
Көпчүлүк маалымат өнөктүктөрдүн кедергиси – телевидение жана видеонун катары. Ушул өнөктүктүн алкагында рейтинги жогору жыштыктарда – КТРКнын “Биринчи радиосунда”, “Кыргызстан обондорунда” жана “Ретро ФМде” үч сааттык интерактивдүү радио берүүлөр өттү. Ошондой эле КТРКда жана НБТда төрт телевизиондук интерактивдүү эфир болду. НБТдагысы ток-шоу форматында өттү. Ушул иштердин жыйынтыгы боюнча республиканын жарандарын баарынан да тиричилик коррупциянын жайылышы тынчсыздандырып жатканы көрүнүп турду. Анткени эксперттер дал ошол суроолорго көбүрөөк жооп берип жатышты. Буга байланыштуу ар бир ушундай жооп жаран үчүн аны коррупцияга байланышкан жана чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн лабиринтинен алып чыга турган жол көрсөткүч болуш керектигин эске алуу зарыл.Коррупцияны алдын алуу боюнча видео тасмаларды жаратуу боюнча сценарийлерди жана тапшырыкты аткаруучуларды тандоо жүйөлүү себептер менен узарып кетти. Балким бул электрондук ММКдагы эң эле чыгармачыл жана жооптуу бөлүгү. Обого чыгаруу үчүн даярдалган видеопродукция курч, кыска, оңой эсте калаарлык жана бир көргөндө таанылгандай болуш керек. Ушул максатка жетүү үчүн тандоо өтө кылдат жана туураланган болушу абзел.Жаш жана чыгармачыл продакшн адистердин пикирине кулак салуу менен, көрүүчүнү кандайдыр бир ойго салуу, андан соң коррупцияга каршы аракеттерге түртүү үчүн тасмалардын бирин вирустук кылып даярдоо тууралуу туура чечим кабыл алынды. Бул максатыбыз ишке ашып, “вирус” баарын ойго салып, коррупцияга бөгөт коюу маанайын жуктурат деп үмүт артабыз.Коррупцияга каршы туруу темасы ММКда улантылыш керек. Биздин жарандардын көздөрүнө жана кулактарына маалымат агымы үзгүлтүксүз жетип туруш керек.М