Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Теманын визуализациясы: плакаттардын сынагы

2014-05-06 / Коррупцияга каршы опция
Теманын визуализациясы: плакаттардын сынагы

Плакаттардын сынагы биз жүргүзгөн өнөктүктүн эң жаркын барагы болуп, чоң эмоционалдык жана тарбия берүүчү натыйжага жеткирди...

 
Баары болуп сынакка Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 130 кесипкөй сүрөтчүлөрдөн,үйрөнчүктөрдөн, балдардан 282 иш түштү. Мындай активдүү катышуу жарандар коррупция тууралуу кандай ойдо болгонун көрүүгө жардам берди. Авторлордун активдүүлүгү сүрөтчү-плакатчылар үчүн Бишкек, Каракол жана Жалал-Абад шаарларында көрсөтмө берүүчү семинарлар уюштурулганы менен шартталды. Семинарга катышкандардын жалпы саны 60ка жакын адамды түздү. Көрсөтмө берүүчү семинарлар сүрөтчүлөргө коррупция темасына “сүңгүп кирүүгө” жардам берип, бул көрүнүштүн зыяны жана коркунучу эмнеде камтылганы тууралуу багыт берди. Көрсөтмө берүүчү семинарлар сынак тууралуу маалымдоонун жакшы ыкмасы катары да кызмат өтөдү.Сынактык комиссия долбоордун байге фондунун алкагында жеңүүчүлөрдү тандап алды. Бирок иштердин жогорку деңгээлде жасалганын жана көп санда болгонун эсепке алуу менен уюштуруучулар кошумча байгелерди белгиледи.Ошондой эле уюштуруучулар Г. Айтиев ат. Улуттук искусство музейинде плакаттардын көргөзмөсүн уюштуруу чечимин кабыл алышты. Анын ачылышы 30-майда болуп, ага министр Т. Сариев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы А. Кремер катышты. Андан кийин музей өзү көргөзмөнү июлдун аягына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Ал эми Өнүктүрүү саясат институту көргөзмөнү Ош шаарында өткөрүүнү пландап жатат.Жалпысынан плакаттар сынагы өнөктүктүн авторлорунун ийгиликтүү чечими болуп калды. Плакаттын тили – бул коомдук балекет тууралуу баарлашуу үчүн эң түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилдердин бири болуп саналат. Сынак коомдо коррупцияга карата жалпы мамилени да, ошол эле кезде конкреттүү ооруга чалдыккан жерлерди да аныктоого, ошондой эле КРдагы коррупциялык процесстерди адамдар кантип элестете турганын билүүгө жол ачты.