Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Келечекте маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүктөрүн өткөрүү үчүн мамлекеттик органдардын массалык коммуникацияларды пайдалануусу боюнча сунуштар

2014-05-06 / Коррупцияга каршы опция

“Коррупция” сөзүн айтып коюу менен көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес жана муну ага каршы турууга аракет кылгандардын баары унутпаш керек...

 
Өнөктүккө тартылган эксперттер командасынын баалоосу боюнча, убакытты, географиялык шарттарды жана өнөктүккө бөлүнгөн каражатты эсепке алган шарттарда мүмкүн болгон иштин баары жасалды. Бул өнөктүк буга чейинки коррупцияга каршы туруу боюнча башка өнөктүктөрдүн уландысы,башкача айтканда ишти улантуучулуктун бар экени жакшы болду. Ал кылдаат пландалып, экономикадагы, энергетикадагы, билим берүүдөгү, саламаттык сактоодогу ж.б. мамлекеттин турмуш тиричилигинин маанилүү жактарын камтыды.Анткен менен акыркы жылдары “коррупция” түшүнүгү өтө көп колдонулгандыктан адамдарда белгилүү бир айыптоону жана нааразылыкты пайда кылуу менен, ал мурдагыдай кабыл алынбай жана таасири анча болбой калды. “Коррупция” сөзүн айтып коюу менен көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес жана
муну ага каршы турууга аракет кылгандардын баары унутпаш керек. ӨСИ консультанттары ошондой эле семинардын башка темаларын талкуулоого да катышты: “Мамлекеттин антикоррупциялык саясатын ишке ашыруу” жана “Мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо, ошондой эле семинардын тыянактарын иштеп чыгуу механизмдери”. Эксперттер бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштө массалык коммуникацияларды натыйжалуу пайдаланууга бут тосуп жаткан негизги көйгөйлөрдү бөлүп карашат:
 
  • Чабал фактологиялык база (коркунучтуу окуялар, күрөштүн чыныгы мисалдары жокко эсе, эч кимди түрмөгө отургузган жок – “колун кесип” салган жок). Мамлекет коррупцияга каршы иш жүзүндө чараларды колдонуп жатат деп коомду ишендирүүнү татаалдаштырууда.
  • Коррупцияга каршы билдирүүлөргө таасирдүүлүк жана ишенимдүүлүк берип турган үзгүлтүксүз өлчөөлөр, жеке ишеним рейтингдери, кандайдыр бир башка сандык жана сапаттык маалыматтар жок. Мисалы, коррупция биздин мамлекетке жана коомго кандай зыян тийгизип жатканы тууралуу ачык жана ишенимдүү маалыматтар өтө аз.
  • Антикоррупциялык контентти жараткан орган жок (ведомстволордогу резиденттер маселени чечпейт).
  • Башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен отчеттуулугу жана байланышы үчүн жооптуу орган жок, Акыйкатчы институту, Эсеп палатасы, Жогорку Кеңештин мындагы аракети чабал.
Өзгөчө өлкөдө коррупция анын өнүгүүсүнө бут тоскон, жашоо образына айланган шарттарда дагы да туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн коррупцияга каршы туруу боюнча өнөктүк үзгүлтүксүз болуш керек. Ал бирдиктүү ураан алдында, аны жалпысы ошол замат тааный тургандай өткөнү максатка ылайыктуу. Бул нерсе ушул өнөктүктө болгон жок. Өлкөдө коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эксперттер жетишсиз болгону аныкталды. Мындай жарчылардын, үндөрдүн саны көп болушу үчүн алардын катарын кеңейтүү зарыл. Жаш аудитория менен ишти да кылдат ойлонуштуруу зарыл. Жаштар талкуу процессине тартылгысы келет, алардын да айтчу сөзү бар. Буга байланыштуу балким келечекте коррупцияга каршы туруу боюнча маалыматтык-билим берүүчү өнөктүктөрдө жаштар менен өз ара аракеттешүүнүн башка дагы жандуу жана заманбап формаларын караштыруу зарыл. Социалдык медиа боюнча окууларды улантуу керек, анткени алар келечекти аныктайт. Коррупциягы каршы келечектеги маалымат өнөктүктөрүнө карата бир нече институционалдык сунуштар бар.Натыйжалардын туруктуулугу боюнча сунуштар.Коррупция менен күрөш жана отчеттуулук үчүн жооптуу орган болуш керек. Ал ошондой эле антикоррупциялык контентти жаратып,аны коммуникациялык чөйрөгө таштап турат(Экономика министрлиги көбүрөөк методология менен алектенип, маалымат себептеринтүзө албайт).
 
  • Бул органдын антикоррупциялык коммуникациялык стратегиясы болушу керек Антикоррупциялык маалымат стратегиясынын принциптери:
  • Түрдүү булактардан (мамлекеттик коопсуздук кызматтардан жана соттордон тарта бейөкмөт уюмдар жана жарандардын кайрылууларына чейин) келген билдирүүлөрдү бириктирүү,аларды текшерүү жана ишенимдүүлүгүн күчөтүү, аларды коммуникациялык каналдар аркылуу жайылтуу.
  • Коррупция жаман деп гана айта бербестен, ага каршы күрөштө эмнелер жасалып жатканы тууралуу айтуу (эгерде чындап иштер жасалса).
  • Бириктирилген маалыматтардын базасында бутага так тийген кыска билдирүүлөрдү формулировкалоо. Мисалы: “Экзамен үчүн пара алууга аракеттенген жогорку окуу жайдын окутуучусунун үй-мүлкү конфискацияланып,10 жылга эркинен ажырады” – ата-энелерден,студенттерден, соттон түшкөн бириктирилген билдирүү.
  • Позитивдүү элестерди жокко чыгаруу,келүүшүчүлүк контент менен күрөшүү (“коррупция кызмат көрсөтүүлөргө жетүү ишин жөнөкөйлөштүрөт”, “коррупция жашоону жеңилдетет”, “коррупция – бул күлкү келтирген көрүнүш”). Бул коррупция келтирген зыян ал менен күрөшкө кеткен чыгашалардан ашпаган өлкөлөр үчүн гана мүмкүн. Бул жагынан алып караганда, талашсыз учур – сынакка берилген плакаттардын мүнөзү. Талаштуу учур – таракандар тууралуу тасма.
  • Өзүнөн өзү кайра өндүрүлгөн контент, төмөндөгү схемада көрсөтүлгөндөй, жарандардын түздөн-түз жана бейөкмөт уюмдар аркылуу катышуусу. М