2012-11-29 / ӨСИ жаңылыктары
2012-жылдын күз мезгили бою Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бир топ аймактарын- да коомдук пикир кызып турду.
2012-жылдын күз мезгили бою Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын бир топ аймактарында коомдук пикир кызып турду. Айыл өкмөттүн кызматкерлери, депутаттар, активисттер “билерман бейөкмөтчүлөр” – эксперт-фасилитаторлордон эч кем эмес ЭКБА-сессияларын жүргүзүп, өз айылындагы көйгөйлөрдүн себеп-натыйжа байланышын аныктап, маалымат өнөктүгүн жүргүзүп, ЭКБА жыйынтыктарынын бет ачарларын өткөрүп жатышты. Элеттик муниципалитеттердин тарыхында биринчи жолу ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү ЭКБА иш-чараларынын комплексин өз алдынча жүргүзүп, калкты маалымдоонун жана аны чечим кабыл алуу процессине тартуунун бир топ аспаптарын колдонушту. Швейцария Өкмөтү Элеттин керектөөлөрүн биргелешип аныктоонун (ЭКБА) жыйынтыгы боюнча айыл жыйындары: каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоору менен кызматташкан 13 аймакта жашаган төрт миңден ашуун адам (4 369) жалпы көйгөй үчүн бирин бири айыптап, чогулуштарда үнүнүн болушунча кыйкырып отурушкан жок. Алар бул көйгөйдүн пайда болгон себептерин талкуулап, аны чечүү жолдорун издешти. Тургундар эгерде эч кандай чара көрүлбөсө, окуя кандай нукта өнүгөөрүн биргелешип божомолдошту.
Бир топ эле көйгөйлөр айтылды. Ошол көпчүлүктүн ичинен эң эле артыкчылыктуулары – башкы айылдын борбордук көчөлөрүнүн тургундарынын гана эмес, көпчүлүк тургундарды тынчсыздандырган көйгөйлөр аныкталды. Ар бир айылдын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Бирок көпчүлүк учурда көйгөйлөр бардык аймак үчүн жалпы мүнөзгө ээ. Жолдордун абалы жана таза суу маселеси эң эле артыкчылыктуу деп табылды, андан кийинкиси эле бюджеттик маалыматка жетүүдө тоскоолдуктар аталды. Кыргызстандын айылдарынын жана шаарларынын тургундары кызматтын сапаты менен бюджеттик маалыматка жетүүнүн ортосунда түздөн түз байланышты көрүшөт. Таза суусу болбогон элет тургуну “эгерде салык төлөөчүнүн акчасы аны тынчсыздандырган көйгөйдү чечүүгө жумшалбаса, анда кайда кетип жатат” деген суроого жооп алгысы келет. ЖӨБ органынын ар бир башчысы бюджет тууралуу маалыматты ачыктоого, айыл өкмөтүнүн карамагында канча акча болгонун ар бир тургунга айтып берүүгө кызыкдар болуш керек.
Албетте тургундар артыкчылыктуу деп эсептеген көйгөйлөрдүн баары эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясындагы жергиликтүү маанидеги маселелерге кире бербейт. Бирок тургундар өз көйгөйлөрүн колу жеткен жакка жеткирип келген, жеткирүүдө жана жеткире бермекчи. Бул – айыл өкмөтүнө. Бирок айыл өкмөтүндө ошол көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражат дайыма эле табыла бербейт. Мындай учурда каржынын жоктугу тууралуу маселени айтпай койбостон, мүмкүнчүлүктөрдү караштырыш керек, тургундардын өздөрү менен диалог жүргүзүп, бардык ички ресурстарды иштетиш керек. Ушул принциптерди карманып, пилоттук аймактар аныкталган көйгөйлөрдү кантип чечсе болот, буга ким жана кантип көмөктөшө алат деген маселелерди тургундар менен биргеликте талкуулашты. Ар бир артыкчылыктуу маселе боюнча аракет планы түзүлдү. Мындай биргелешкен аракеттер пландары 2012-жылдын октябрь айынын ичинде 47 элеттик чогулушта талкууга алынды. Үч миңден ашуун адам (3083) аныкталган көйгөйлөр жана алардын ичинен эң артыкчылыктуусун тандоо боюнча өткөрүлгөн ЭКБА-сессиялары тууралуу отчетторду угуп, Биргелешкен аракеттер планынын долбоорлору менен таанышып чыгышты. Эми планда ЖӨБ органдары менен иш, маселелерди каржылоого бюджеттен каражат бөлүү гана эмес, ошону менен бирге коомдук иштерди жүргүзүү, демөөрчүлөрдү, идеяларды издөө ж.б. бар. Эң негизгиси тургундар мындай пландын ишке ашышы үчүн жеке салымын кошууга даяр. Бул тууралуу 13 аймакта өткөрүлгөн жыйындын катышуучуларын сурамжылаганда маалым болду. Ошентип пландын аткарылышына жеке өзүңүз катышууга даярсызбы деген суроого тургундардын 105и гана “жок” деп жооп кайтарган. Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол АА жана Ысык-Көл облусунун Арал АА сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү “жеке салым кошууга макул ЭМЕСМИН” деп жооп беришкен. Бул эң жогорку көрсөткүч (17 жана 15). Ал эми катышууну каалабагандардын эң аз саны Ысык-Көл облусунун Бостери АА болгон – 3 эле тургун каршы чыккан.
Белгилеп койчу жагдай, респонденттердин дээрлик 10% элеттик чогулушка биринчи жолу катышса, мында 87% чогулушка катышуу пайдалуу деп эсептешет. Биринчи жолу чогулушка катышкан тургундардын көбү Аралда (25 адам), ал эми эң аз Жалал-Абад облусунун Бел-Алды аймагында (1 адам). Чогулуштарга активдүү катышууга айыл өкмөтү тарабынан маалыматтык өнөктүк жардам берди. Анын алкагында алар чакыруу билеттерин, көз көргөн үгүттү – баннерлерди, афишаларды колдонушту. Ошондой эле Долбоор берген үн күчөткүчтөр даабдан жардам берди. ЖӨБнын өкүлдөрү аны менен айылдын көчөлөрүн кыдырып, алдыда боло турган иш-чара тууралуу маалымат берип, катышууга чакырып жатышты.
Жабдууларды, материалдарды жана эң негизгиси ушул убакыт ичинде топтой алган өзүнүн тажрыйбасын аймактардын өкүлдөрү мүмкүн болушунча көбүрөөк тургундарды өзүнүн иши тууралуу маалымдоого, чечим кабыл алууга, талкууга тартууга, ошондой эле айылдын кызыкчылыгындагы иштер тууралуу отчет үчүн чогулуштарга жана жыйындарга чакырууга колдоно алат. Ал эми АӨ жүргүзгөн иштер, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөтү кабыл алган чечимдер тууралуу калкты маалымдоо зарыл. Бул жергиликтүү маанидеги иштерге, тагыраак айтканда жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн ишине кызыгуу жогору болгонун тастыктайт: сурамжылоого катышкандардын 75,7% аларды айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш жасаган иштер кызыктыраарын айтышкан.
Кызыкпагандардын эң эле көбү Аралда – 6,6%. Бирок Бел-Алды менен Бешик-Жондо (Жалал-Абад облусу) “мени жергиликтүү маанидеги иштер кызыктырбайт” деген бирөө да болгон эмес. Атүгүл тургундар ЖӨБ органдары калкты маалымдоо боюнча түрдүү иш-чараларды туруктуу өткөрүп туруш керектиги тууралуу маалыматка укугу бар экенин да билишет. Бул тууралуу эң көп билгендер Бел-Алдыда – 95,1%, эң азы Жалал-Абад облусунун Сумсар аймагында (68,9%). Мында бардык 13 пилоттук аймактар боюнча орточо мааниде – 78,5%.
Чогулуштарды өткөрүү тажрыйбасы маалымдоо, биргелешип талкуулоо жана чечим кабыл алуу биздин муниципалитеттердин эң башкы ресурсун – биздин айылдардын тургундарын мобилизациялоого көмөктөшөөрүн тастыктаганын дагы бир жолу белгилейбиз. ЖӨБ органдары калктын ишенимине ээ болсо, анда өздөрү кабыл алган чечимдерди жана аракеттерди калк колдоп кетет. Бул болсо чектелүү каржы ресурстарында өтө маанилүү.
Искаков Джумалы,
Бостери айылынын аксакалы:
“Силер жакшы иштерди пландаштырдыңар. Бул жерде суу да, жарык да бар. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын туура бөлүштүрүү зарыл. АӨ, грантты утуп алганга аракет жасагыла, бул биздин айыл үчүн жакшы жардам болот. Жаштар айылдык кеңешке жардам бергиле. Биз ойлонгон нерселерди ишке ашыра алаарыбызга ишенем”.
Бостери АА, Ысык-Көл облусу, Бостери а. жыйыны
Эрботоев Рыскул,
пенсионер, Багыш ААнын тугуну:
“Урматтуу жердештер, 22 жылдан бери өз ишибиз менен эле алек болуп келатабыз. Мына, бүгүн бала бакча көйгөйүн көтөрүп жатасыңар. Өзүбүздүн ичибизден эле бирөө аны сатып алып, өзүнө чоң үй куруп салбадыбы. Келгиле, көйгөйлөрдү биргелешип чечели. АӨ бизге план менен кайрылып жатат. Эгерде баарыбыз чогуу киришсек, анда жыйынтыгы жакшы болот”.
Багыш АА, Жалал-Абад облусу
Октябрь а. жыйыны