Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР. 2014” плакаттар сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз!

2014-12-22 / Маалымат алмашуу жана аймактык журналистика
“БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР. 2014” плакаттар сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз!

Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен “Муниципалитет” журналынын атайын долбоору. Сынак дайыма эле «жогорку бийликтен ырайым» күтүү позициясынан (патерналисттик күтүүлөр) жашоону ушул жерде жана азыр жакшыртуу үчүн жигердүү өз алдынча иш-аракеттерге өтүү керек деген маанайда коомдук пикирди өзгөртүүгө көмөктөшүү максатын көздөгөн.

Плакаттардын сынагы 2014-жылдын 15-сентябрынан 15-декабрына чейин өттү. Жалпы байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомдун тегерегинде болду. 200дөн ашык эмгек түштү. Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселе лерди чечүүгө катышуусун көзгө урунгандай, актуалдуу жана түшүнүктүү кылуу максатын көздөгөн плакаттардын сынагы өз муниципалитеттериндеги көйгөйлөргө кайдыгер карап тура албаган замандаштарыбыздын көмөгү менен ийгиликтүү өттү.Кесипкөй жана үйрөнчүк сүрөтчүлөр жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, аны менен катар бюджеттик процесске катышуусу жашоо сапатын жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу ыргагына олуттуу таасир эте алат деген ырастаманы плакатта чагылдырып бере алышты.

Бардык региондордон түрдүү жаш курактагы катышу-учулардан түшкөн эмгектерди ийне-жибине чейин талкуулагандан кийин 2014-жылдын 25-декабрында сынактын калыстары чечим кабыл алышты. КР Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, А.Чуйков ат. Көркөм окуу жайынын директору, ЖӨБЭММА өкүлдөрү, Өнүктүрүү саясат институнун жетекчиси, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлү кирген калыстар тобунун мүчөлөрү “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысынын катышуусунда кызуу талаш-тартыштардан кийин сынактын жеңүүчүлөрүн аныкташты. 

Женуучулор:

  1. I орун - Андрей Гартд. “Өз алдынча башкаруунун өзүнүн эле колунан келет”, триптих,Бишкек;
  • II орун –“Хара-Бара” студиясы “Түнкү Бишкек”, Бишкек;
  • III орун – Дүйшөбек Искаков. “Тырмооч”, Чолпон-Ата;
  • III орун – Сонун Толукбаева. “Бала бакча”, Чолпон-Ата;
  • III орун – Рейхан Турдиева. “Сен кайсышаарды тандайсың?”, Бишкек;

Атайын байге (ЖӨБ де\гээлинде жарандардын бюджеттик процесске катышуу)

  • Алексей ЛЫСОГОРОВ.«Попрошу я у бюджета улицам дать больше света»; Бишкек.
  • Шыктандыруучу байгелер
  • Алексей Скачков. “Балдар аянтчасы токтот-мо эмес”;
  • Саламат Жумалиев. “Орун жок”, Бишкек;
  • Камал Жалалов. Эмгектердин сериясы, Жалал-Абад;
  • Дмитрий Фёдоров. “Өзүбүз башкаруудабыз”, Бишкек;
  • Бегаим Бекболотова. “Кургакчылык”, Токмок;
  • Самидин Жоробаев. “Таштанды”, Ош.
  • Атайын байгелер (15-18 жаштагы авторлор):
  • Алтынбек уулу Улукбек –“Cуу”, Чолпон-Ата;
  • Кубанычбек уулу Асан –“Аткаминердин портрети”, Жалал-Абад;
  • Байыш уулу Эрлан – “Жамбаштап жаткан кандай сонун”, Жалал-Абад;
  • Темирбек уулу Фархат – “Бош кудук”, Чолпон-Ата;
  • Жылдызбек Болотбеков – “Ысык-Көлдөгү таштанды”, Чолпон-Ата.

Уюштуруучулардан атайын байге:

  • Тургунбай Ташкузиев – “Ош: кечээ, бүгүн, эртең”, Ош;
  • Инна Пискарева – “Мэрге салам”, Бишкек;
  • Карыпбек Рыскелдиев – “Таштаба”, Бөкөнбаев айылы (Ысык-Көл обл.);
  • Александр Верещагин – “Санитардык кыйып алуу”, Каракол;
  • Аделина Бекенова – “Ар бир кечте менин ойлорум”, Токмок;
  • Виктория Кулик жана Влас Комков – “Маршрутка”, Бишкек.