Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маалымат бюллетенин чыгаруу: ченемдик укуктук негиздеме жана каржылоонун аспекттери

2014-12-22 / Маалымат алмашуу жана аймактык журналистика

Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында маалымат бюллетенин туруктуу негизде басып чыгаруу ниети болсо, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мыйзамдардагы талаптарды карманууну сунуштайт. Анткени “Басып чыгаруу иши жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, басма продукцияны жарыкка чыгарууга даярдыкка жана чыгарууга багытталган уюштуруучулук, чыгармачыл, өндүрүштүк иш-чаралардын жыйындысы басылма иши болуп эсептелет.

Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында маалымат бюллетенин туруктуу негизде басып чыгаруу ниети болсо, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору мыйзамдардагы талаптарды карманууну сунуштайт. Анткени “Басып чыгаруу иши жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, басма продукцияны жарыкка чыгарууга даярдыкка жана чыгарууга багытталган уюштуруучулук, чыгармачыл, өндүрүштүк иш-чаралардын жыйындысы басылма иши болуп эсептелет. Басылма продукциясын даярдоону жана чыгарууну жүзөгө ашырган юридикалык жак (анын ичинде айыл өкмөтү) же жеке ишкер басып чыгаруучу болуп эсептелет.

Аны менен катар басылма продукциясы өз кезегинде эки түргө бөлүнөт:

  • мезгилдүү эмес басылма продукциясы жана
  • мезгилдүү басылмалар. 

Мезгилдүү эмес басылма продукциясына мыйзам боюнча китептер, брошюралар, альбомдор, плакаттар, буклеттер, куттук каттар жана башка полиграфиялык өндүрүштөгү тиражына жана даярдоо ыкмасына карабастан өз алдынча жасалгаланган басылмалар кирет. Мезгилдүү басылмаларга туруктуу аталышы бар, үзгүлтүксүз, жылына бир жолудан кем эмес чыгып турган гезиттер, журналдар, альманахтар,бюллетендер жана башкалар кирет. 

Мындан улам ЖӨБ органдары чыгарып турган бюллетендер автоматтык түрдө мезгилдүү басылмаларга кирип калат. Ошол эле Мыйзамдын талаптарына ылайык, басылма продукциясын басып чыгаруучу КР Юстиция министрлигинин аймактык (облустук) бөлүмчөсүндө мамлекеттик каттоодон өтүп, күбөлүк алгандан кийин гана басма иши менен алектенүүгө укуктуу. Күбөлүк болбогон учурда ЖӨБ органдарынын бюллетендерди чыгаруу боюнча бардык ишмердиги мыйзамсыз деп эсептелет.

ЖӨБ органдары “Басма иши жөнүндө” КР Мыйзамын кылдат үйрөнүп чыгышы керек. Себеби басып чыгуучулар чыгарган бардык басылма продукциялар аталган мыйзамда көрсөтүлгөн эл аралык жана улуттук стандарттарга ылайык маалыматтарды камтыш керек.“Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө ”КР Мыйзамына ылайык, ЖӨБ органдары мыйзамда белгиленген тартипте жана санда тираждын алгачкы партиясы жарыкка чыккан күнү басылмалардын бардык түрлөрүнүн милдеттүү бекер нускаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына жеткириш керек.

Акыркысы: ЖӨБ органдары бюллетендерди чыгарганда басылма продукциясында басып чыгарууга тыюу салынган материалдарды жана маалыматтарды колдонбоо тууралуу мыйзамдын нормаларын катуу карманыш керек. Мамлекеттик же башка мыйзам менен атайын коргоого алынган жашыруун сырды, бийликти күч менен басып алууга, же учурдагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырган, согушка, зордук-зомбулукка жана мыкаачылыкка үгүттөгөн, расалык, улуттук жана атеисттик сабырсыздыкты, порнографияны, ошондой эле башка кылмыш жоопкерчилигине тарткан чакырыктарды камтыган маалыматтарды басып чыгарууга жана жайылтууга жол берилбеш керек.

Каржылоонун аспекттери

Маалымат бюллетенин чыгарууну каржылоо маселелерине келе турган болсок, баары колдогу ресурстарга жана анын көлөмүнө көз каранды болот. 1-вариант: айыл өкмөтүндө зарыл болгон жабдуулардын баары бар жана кагазга, картриджге жана канцелярдык товарларга гана чыгашалар талап кылынат. Мындай учурда бюллетенди чыгаруу ыйгарым укугу аткаруучу органда болот. Ошондуктан жооптууну дайындоо менен маалымат бюллетенин чыгаруу тууралуу АӨ башчысынын буйругу талап кылынат.

Аталган вариант боюнча чыгашалар 3-5 миң сомдон ашпайт, аны айыл өкмөтү бюджеттик классификациянын төмөнкүдөй элементтери аркылуу тариздөө менен сарптай алат: 22155 │Күнүмдүк чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу, 22156200 │Бланктарды чыгарууга кеткен чыгашалар, 22156300│Маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү (эгерде кимдир бирөөнү ишке алуу керек болсо). Болбой калды дегенде бул чыгашаларды “башкалар” беренеси аркылуу “алып өтсө” болот. 2-вариант: жабдууларды сатып алуу зарыл.Эгерде бюджетте жабдууну, товарларды сатып алууга белгилүү бир сумма каралса жана бул сумманы көбөйтүү зарылчылыгы пайда болбосо, анда бардыгы биринчи вариантка ылайык жасалууда. Эгерде сумма олуттуу болсо жана бюджет боюнча бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашса, анда бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн айылдык кеңештин сессиясы чогулат. Өзгөртүүлөр булакка жана тийиштүү чыгашаларга жараша кирешелерге тиешелүү болгонун эстей жүрүү маанилүү.