Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жалал-Абад жана Ысык- Көл облустарындагы жаңы жамааттык ММКга дем берет

2014-12-22 / Маалымат алмашуу жана аймактык журналистика
ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жалал-Абад жана Ысык- Көл облустарындагы жаңы жамааттык ММКга дем берет

2014-жылдын ноябрында Жалал-Абад жана Каракол шаарларында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 35 элеттик муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамаатынын 68 өкүлү үчүн “Жарандык коомду өнүктүрүү үчүн жамааттык ММК” деген аталыштагы практикалык семинарлар өттү. Семинарлар Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулду.

Семинарлар ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана жергиликтүү жамаатка жамааттык ММКнын түзүлүшү жана иши тууралуу маалымат менен технологияларды берүүнү гана эмес, жамааттык мультимедиа-борборлорду түзүүгө даяр болгон көбүрөөк кызыкдар муниципалитеттерди аныктоо максатын көздөдү. Ошол муниципалитеттерге кийин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун атынан бир аз техникалык колдоо көрсөтүлөт.Тренер катары Жамааттык ММК ассоциациясынын (ЖММКА) директору Назира ЖУСУПОВА жана ЖММКАнын мүчөсү, “Суусамыр” жамааттык радиосунун директору Айзада КАЛКАНБЕКОВА чакырылды. Ал эми баяндамачы-практик катары Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу аймагындагы коомдук мультимедиа-борборунун (“Кара-Суу” КМБ) координатору Султанаалы ЧАКЧАГАЕВ чыкты. 

Убакыттын негизги бөлүгү теорияга арналды. Анткени Кыргыз Республикасында жамааттык ММК жаңы модель болуп эсептелет, бирок жамааттык ММК түшүнүгү жана аталышы талаштуу бойдон кала берүүдө. Кээ бирлер бул радио башка радиостанциялардан эч айырмаланбайт деп эсептейт. Ошондуктан катышуучуларга жамааттык радио түшүнүгүн жеткирүү маанилүү болчу. “Адатта элеттик жашоочулар жергиликтүү өзалдынча башкаруунун иши тууралуу кошуналарынан угушат, же мындай кабарды көчөдөн, базардан угуп калышат, дейт Назира ЖУСУПОВА.

  1. Көп учурда мындай маалымат чындыктан алыс болот, же бурмаланган болуп чыгат. Натыйжада элет тургунунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши тууралуу дайыма эле жакшы пикир калыптанбайт. Жергиликтүү бийлик өз кезегинде алар тууралуу элет тургундары эмне деп ойлооруна кызыкпайт. Мындай түшүнбөстүктөр кээде конфликттик кырдаалга алып келет, айылдын өнүгүүсүнө тоскоол болот.
  2.  
  3. Радио репортаждарды жана сүрөттүү жаңылыктарды даярдоо ар-кылуу жамааттык мультимедиа-борборлор элеттиктерге аларды тынчсыздандырган көйгөйлөрдү айтып алуу, алардын үнүн жергиликтүү бийликке жеткирүү мүмкүнчүлүгүн беришет. Экинчи жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылда кайсы көйгөйлөр өзгөчө маанилүү болгонун жана чукул арада чечүүнү талап кылганын билип калышат; ошондой эле тигил же бул маселеничечүү боюнча элеттиктердин сунуштарын жана пикирлерин көңүлгө түйүп коюшат”.
  4.  
  5. Жаңы теманы өздөштүрүүдө мүмкүн болушунча көбүрөөк таасир алуу жана натыйжалуулукка жетүү үчүн эки облустун катышуучулары шарттуу түрдө төрт топко бөлүнгөн. Эки күн бою катышуучулар ЖМБ ишиндеги чабал жана күчтүү жактарды аныкташып, жергиликтүү ресурстарын баалашып, өздөрүнүн сунуштарын көрсөтө алышты. Жамаатка тийиштүү болгон керектөөлөрдү, кызыкчылыктарды жана чектөөлөрдү түшүнүү үчүн, ошондой эле жамааттык мультимедиа-борборунун ишинде жергиликтүү калктын колдоо жана катышуу деңгээлин аныктоо үчүн “Аймактын картографиясы” тапшырмасын аткарышты.
  6.  
  7. Ысык-Көл облусунун Улахол, Күн-Чыгыш, Ак-Суу, Тогуз-Булак айылдык аймактарынан келген катышуучулар жана Жалал-Абад облусунун айрым айылдык аймактарынан катышкандар өзгөчө жигердүүлүгү жана кызыгуусу менен айырмаланышты. Мисалы, Авлетим айылдык аймагынан келген катышуучулар жергиликтүү калк ЖМБ ишин колдоого даяр экенин көрсөтө алгандан кийин айыл өкмөтү жылуу жай бөлүп берип, электр энергиясы менен камсыздап, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен айлык акысын бөлүп берүүгө даярдыгын билдирди. Токтогул районунун Жаңы-Жол муниципалитетинен келген Айжан УСЕНКАНОВАНЫН тобу биринчилерден болуп тренерге долбоордук сунушту көрсөттү, оозеки консультация алып, долбоордук сунуштар боюнча комиссияга жибере алды. Сумсар ААнын тобу да мультимедиа-борборунун ачылышына жогорку кызыгуусун көрсөтө алды.
  8.  
  9. Семинардын соңунда катышуучулар өз аймактарынын территориясында борборлорду түзүүгө техникалык колдоо алуу үчүн болжолдуу бюджетти эсептөө менен табыштамалардын долбоорлорун иштеп чыгышты.Ошондой эле семинардын катышуучулары жаңы медиаканалдардын бирин өздөштүрүштү –“Твиттер” микроблог платформасы, анын иштөө системасын жана мүмкүнчүлүктөрүн, аны менен катар «twitter to sms» системасын да. Катышуучуларга СМС-жөнөтмөгө кошулгандардын баарына жаңылык жана билдирүү жиберүү процесси көрсөтүлдү. Айрым катышуучулар жеринде элеттиктерди мобилдештирүү үчүн телефон номерлерин “Твиттерге” каттай алышты. Ошондой эле “Айылдын үнү” мобилдик тиркемеси да көрсөтүлдү. Аталган тиркеме Кыргызстандын тоолуу өрөөндөрүндө жашаган конкреттүү элеттик жамааттардын керектөөлөрүнө жараша орнотулат.
  10.  
  11. Тиркеме жети облусту камтыйт жана жамааттык мультимедиа-борборлору менен колунда мобилдик телефону бар айрым элеттиктерге “Андроид” операциялык системасынын базасында айылдын кабарларын алып турууга, талкууга катышууга жана маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Биринчи жумушчу күндүн соңунда катышуучуларга тапшырма берилди: kyrgyzmediа.com сайтында бөлүшүүгө боло турган темалар, көйгөйлөр жана окулар тууралуу ойлонуп келүү. “Айрым муниципалитеттерден келген катышуучулар материалды андан ары жайылтуу максатында өздөштүрүүгө терең кызыгуусун көрсөтө алышты, - деп айтып берди Назира ЖУСУПОВА.
  12.  
  13. Айрым катышуучулар Тогуз-Торо өңдүү алыскы аймактардан келгенине карабастан, алар семинардан кийин түнкү саат 11-12ге чейин иштешип, тренерден ЖМБ иши тууралуу сураштырып, ин-тервью уюштуруп, аны диктофонго жаздырып, андан кийин аны өздөрү угуп чыгып, каталарынын үстүнөн иштеп жатышты”.
  14.  
  15. Семинардын практикалык бөлүгүнүн жүрүшүндө катышуучуларга өзүн диктордун, маектештин, жамааттын, ЖӨБ органынын маек берген өкүлүнүн ролунда сынап көрүү мүмкүнчүлүгү берилди. Диктофонду колдонуу, маек жүргүзүү техникасы жана Adobe Audition базасында монтаждык программалар менен иш алып баруу боюнча кыска көрсөтмөлөр берилди. Даяр материалдар жана радиорепортаждар kyrgyzmedia.com сайтына жайгаштырылды. Катышуучулар сайтка жергиликтүү жаңылыктарды өз алдынча жүктөп туруусу үчүн аларга Wordpress программасын колдонуу боюнча көрсөтмө берилди; сайттагы программаларды күүлөө, каттоо жана жаңылыктарды жайгаштыруу жолдору көрсөтүлдү. Калган убакытты катышуучулар тренерлер менен биргеликте долбоордук жашоонун циклинин негизги учурларын ийне-жибине чейин үйрөнүп чыгып, долбоордук сунуштарды жазууга арнашты.
  16.  
  17. Акыл чабуулу ыкмасын колдонуу менен катышуучулар жамааттын өнүгүү циклин түзүп, карап чыгышты; долбоордун жашоосунун ар бир баскычында, башында да, ишке ашыруу процессинде да мониторингдин маанисин баалашты. Бул сессияны бекитүү үчүн тренерлер тараптан ЖМБ түзүү боюнча ийгиликтүү долбоорлордун мисалдары колдонулду. Семинарлардын жыйынтыгы боюнча www.kyrgyzmedia.com сайтында семинар маалында даярдалган аймактардагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер, ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге даярдык тууралуу 13 макала жайгаштырылды. Мындан тышкары катышуучулар жамааттык ММКнын функциясы жана табияты тууралуу билимге ээ болушту, 16 адам телефондор аркылуу “Твиттер”-жөнөтмөлөргө катталды, дагы 4 адам келечекте колдонуу үчүн “Айылдын үнү” тиркемесин жүктөй алышты.
  18.  
  19. Анарбек ОСМОНАЛИЕВ, Авлетим АА башчысынын орун басары:
  • “Жамааттык мультимедиа-борборлор айыл өкмөттүн кызматкерлеринин калк алдындагы жоопкерчилигин арттырат: адамдар айыл өкмөтү аткарылган иштер тууралуу эмне деп айтаарын күтүшөт. Эгерде бизде мультимедиа-борбор ачылса, биз жай бөлүп берүүгө, атүгүл кызматкерлердин айлыгын төлөп берүүгө да даярбыз”.

    Чынара КАДЫРАЛИЕВА, «Эрайым» БӨУ,

  1. Чоң-Сары-Ой АА: “Көрсө жамааттык мультимедиа жарандарды чогултуп, же кайсы бир маалыматты бериш керек болгондо ишти олуттуу түрдө жеңилдетет экен. Учурда ар бир адамды негизинен “кагаз” жолу менен же жеке кайрылып чакырыш керек. Көптөр билбей деле калышы мүмкүн. Көрсө “коңгуроо” жана “Твиттер” аркылуу жергиликтүү калкты өз убагында маалымдаса болот экен. Биз муну өзүбүздө милдеттүү түрдө киргизишибиз керек. Мисалы, бизде ички фонддору эки миллион сомго чейин жеткен жамааттар көп–бул жакшы ресурс”.
  2.  
  3. Тойгонбай МОЛДОБАЕВ, Сары-Булуң АА башчысы: 
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүдө чындыгында эле көп иштерди аткарууда. Бирок калк баары бир ыраазы эмес. Бул айыл өкмөтү жарандарга өз ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат бербегендиктен болуп жатат. Бул семинардан мен аткарылган иштер тууралуу адамдарга өз убагында маалыматты кантип жеткирсе болорун үйрөндүм. Болгондо да муну тез, заманбап технологияларды, интернетти колдонуу менен ишке ашырса болот экен”. Урмат ОМУКЕЕВ, элеттик клубдун кызматкери, Атай АА: “www.kyrgyzmedia.com сайтында жарыяланган жаңылыктар аркылуу чет өлкөдө жашаган замандаштарыбыз жана айылдаштарыбыз өз айылында болуп жаткан окуялардан кабардар боло алат. Бул сонун! Эгерде биз мунун баарын өзүбүздө жайылта алсак, анда алар биздин үнүбүздү угуп, сүрөттөрүбүздү көрүп, бизде болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турушат”.

Бекжан БЕЙШЕКЕЕВ, жамааттын өкүлү, Тору-Айгыр АА:

  1. “ЖМБга байланышкан идея мага абдан жакты. Биз өз аймагыбызда болуп жаткан нерселер тууралуу кошуналарыбызга маалымат жеткире алабыз. Бул бизге ыкчам иш алып барууга жардам берет. Жакында эле ушул өңдүү долбоорду Балыкчыда башташкан. Биз да өзүбүздө ушуну ишке ашыргыбыз келет.