Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сегиз күндүн ичинде 60 маалымат бюллетени

2014-12-22 / Маалымат алмашуу жана аймактык журналистика
Сегиз күндүн ичинде 60 маалымат бюллетени

Айыл өкмөттүн көптөгөн өкүлдөрү маалымат бюллетенин чыгаруу– бул татаал жана көп чыгашалуу процесс, жакшы окутулган журналисттерден турган редакцияга ээ болуш керек, аймак жашоочуларына чакан гезит чыгаруу үчүн көп акча кетет деп ойлошот. Көрсө, каалоо, компьютер, Word программасында иштөөдө баштапкы көндүмдөр жана көчүрүү үчүн бир аз акча болсо эле бюллетенди эки күндө чыгаруу мүмкүн экен. ЖӨБ органдары менен жарандар ортосундагы маалымат алмашууну күчтөндүрүү, ЖӨБ органдарынын ишмердигинде ачык-айкындуулукка жана ачыктыкка жетүү максатында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Жалал-Абад жана Каракол шаарларында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 61 элеттик муниципалитетинин 158 өкүлү үчүн (анын ичинде 131и – жамааттын өкүлдөрү, 17си – ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жергиликтүү консультанттары).

“ЖӨБ органынын маалымат бюллетенин уюштуруунун, иштеп чыгуунун жана чыгаруунун практикалык көндүмдөрү” деген аталышта семинарлар өттү.Уюштуруучулар компьютери бар айыл өкмөттүн ар бир кызматкерине жеткиликтүү болгон MS Word программасынын жардамы менен маалымат бюллетенин чыгаруу процессин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү максатын көздөштү. ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жетишерлик деңгээлде иштерди аткарып келишет, жакшы жыйынтыктарга жетет.Бирок, тилекке каршы, баары эле өз жетишкендиктерин калкка туура жеткире албайт, алар формалдуу, же “кабинеттик” отчетторду берүү менен чектелип калышууда. Натыйжада калк өз оюнан кайтпай турат, ЖӨБ органын иштебейт жана бюджеттик каражаттарды “чачат” деп айыптап келет.

Мунун натыйжасында калк менен ЖӨБ органдары ортосунда маалымат ажырымы күчөп кетет. Ошондуктан Долбоор маалымат бюллетенин чыгаруу боюнча семинарга ЖӨБ органдарынын жетекчилерин гана эмес,айыл өкмөттүн катардагы адистерин, ошондой эле компьютерде иштөө боюнча жөнөкөй көндүмдөргө ээ болгон жамаат өкүлдөрүн чакырды. Катышуучулар өз аймактарында бюллетендин чыгарылышы үчүн жооптуу болот деп белгиленди.Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ЖӨБорганынын маалымат бюллетенинин мазмунун уюштуруу, иштеп чыгуу, даярдоо жана түзүү, соңунда чыгаруу боюнча теориялык билимге ээ болушту.

Бюллетендердин түрлөрүн, аларды жасалгалоону, максаттуу аудиторияны, түрмөктөрдү, маалымат булактарын, редакцияны түзүү процессин жана маалымат бюллетенин жайылтууну үйрөнүштү. “КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон маалыматка жетүү тууралуу” КР Мыйзамынын 16, 17, 18, 19 жана 20-беренелерине кененирээк токтолушту. Аталган беренелерде ЖӨБ органдарынын маалымат берүү ыкмалары, ошондой эле жарыяланууга тийиш болгон маалыматтын түрлөрү так көрсөтүлгөн. Белгилүү америкалык дизайнер Рожер С.ПАРКЕРдин “Канткенде кагазда кооз жасаса болот” деп аталган китебинен үзүндүлөр окулду. Ал китепте бюллетендин ийгилигинин сырлары тууралуу сөз болот. Анын негизги милдети – окурмандын керектөөлөрүн канааттандыруу аркылуу маалымат бюллетенинин таасирин күчтөндүрүү.

Окутуунун мыкты ыкмасы – жеке мисал

Семинарда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айылдык аймагынын салыктар боюнча инспектору, өз муниципалитетинде бюллетенди чыгаруу демилгесин көтөрүп чыккандардын бири Паризат НАЙМАНОВА сөз сүйлөдү. Чакан жергиликтүү бюджетке ээ болгон (790 миң сом) Көк-Ирим айылдык аймагы ай сайын толук кандуу маалымат бюллетенин чыгарып келаткан Кыргызстандагы алгачкы айылдык аймактардын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу Паризат “Маалымат алмашууну уюштуруу: муниципалдык ай сайын чыкчу маалымат бюллетени” деп аталган баяндамасында кеңири айтып берди.Паризат редакциялык кеңешти түзүү жана аны АӨ чечими менен расмий бекитүү, маалыматты чогултуу, редакциялоо, чыгаруудан баштап, даяр продукцияны калк жана өнөктөштөр арасында таратуунун түрдүү механизмдерине чейинки процесс тууралуу билгендери менен бөлүштү. Иш-чаранын катышуучулары редакциялык кеңеш, маалымат булактары, чыгашалар, бюллетенди жайылтуунун жолдору, кайра байланышуу каналдары, окурмандардын ой-пикирлери тууралуу билгилери келип, баяндамачыга суроолорду жаадырышты. Сөзүнүн соңунда баяндамачы буларды айтты: “Эгерде мурда айыл тургундары жүк ташуучу машинелердин айдоочулары өз демилгеси менен жолдорду оңдоп, адамдарга жардам берүүдө деген ой менен аларга ыраазычылык билдирип келсе, бюллетендин жардамы менен алар ЖӨБ органынын иши жана жергиликтүү бюджеттин бардык чыгашалары тууралуу билип калышты. Калк тарабынан ЖӨБ органына карата мамиле 100% өзгөрдү, коомдук жайларда жарандар АӨ иши жана бюллетень тууралуу оң пикирлерди айтып жатышат”.

Көз коркок, кол баатыр

Практика – маанилүү учур болуп калды. Катышуучулардын көңүлү бюллетенди түзүү процессинде MS Word программасынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун мисалдарына бурулду. Убакыттыннегизги бөлүгү маалыматтарды иштеп чыгуунун практикалык көндүмдөрүнө жана жергиликтүү калк менен башка максаттуу аудиториянын арасында андан ары жайылтуу үчүн башка маалыматтарга арналды. Ошондой эле катышуучулар сүрөттөрдү, сандарды, таблицаларды жана башка графикалык элементтерди даярдоо жана иштеп чыгуу боюнча кошумча билимге ээ болушту. Практикалык көнүгүүлөр маалында уюштуруучулар бир нерсени байкашты: катышуучулардын компьютердик билим жана көндүм деңгээли ар башка болуп чыкты.

Эгерде теориялык бөлүккө белгиленген убакыт кетсе, практикалык бөлүккө эки эсе көп убакыт кетти. Анткени айрым катышуучулар MS Word менен иштөөдө элементардык нерселерди билишкен эмес. Ошол эле маалда айрым бир муниципалитет-тердин жетекчилиги тарабынан кызыкдарлыктын жогорку деңгээли байкалды: Кетмен-Дөбө АӨ башчысы (Токтогул району) Советбек ЖАНАЛИЕВ, Жаңы-Жол АӨ (Токтогул району) башчысынын орун басары Анара КУЛЖАБАЕВА практикалык семинарга өздөрү катышты. Ал эми Ленин АӨ (Сузак району) башчысы Чолпон МУРЗАКАНОВ жана Багыш АӨ (Сузак району) башчысынын орунбасары Казыбек КАЛДЫБАЕВ өз өкүлдөрүнө көз салып, жардам берип, алдын ала даярдалган маалыматтын деталдарын жеринде тактоо менен аларга колдоо көрсөтүп турушту. Бул болсо кызматкерлерге кошумча моралдык колдоону камсыздап турду.

Натыйжада компьютерде иштөө билиминин салыштырмалуу төмөн деңгээлине карабастан көпчүлүк катышуучулар жогорку жигердүүлүктү жана маалымат бюллетендери менен ишти улантууга кызыгууну көрсөтө алышты. Катышуучулар тренерлер менен биргеликте түнкү саат 2-3кө чейин иштеп, өз бюллетендеринин ди-зайнын жакшыртканы буга далил болуп берет. Катышуучулардын арасынан компьютерде жак-шы иштей албаганына карабастан көктүгүн жана аракетчилдигин көрсөтүп, консультанттар менен эксперттерге жардам сурап кайрылып, өз идеяларын адегенде кагаз бетине түшүрүп, андан кийин компьютерге көчүрүп турган Ак-Шыйрак муниципалитетинин өкүлдөрү өзгөчөлөнө алышты. Бул жагдайлардын баары адамдар ушундай практикалык маалымат берүүчү-окутуучу программаларга “суусап” калганын көрсөтүүдө. Себеби күн сайын кайталана берчү, шыктандырбаган, кандайдыр бир жаңы көндүмдөрдү жана билимди бербеген жумуш прогрессивдүү жаңычыл чечимдерге жана ишти жаңы стилде жүргүзүүгө болгон каалоону жок кылып коёт.

Жеке окуя

Руслан ЖУМАЕВ, Кызыл-Туу айылдык аймагынын жооптуу катчысы, Жалал-Абад облусу боюнча II топтун жеңүүчүсү башка катышуучулар ага караганда мыкты даярдыкта болгонун жана компьютерди жакшы колдоноорун көргөндөн кийин жеңиш тууралуу кыялдана да алган эмес: “Мен атүгүл дизайн деген эмне экенин да жакшы түшүнчү эмесмин, эч качан бул чөйрөдө иштеген эмесмин, компьютерди кадимкидей эле колдоном. Бирок эки күндүн ичинде көп нерсеге үйрөндүм: дизайндын негиздерине, тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырганга,ариптерди тандаганга; маалымат бюллетенинин беттеринде кандай маалыматты калк үчүн жайгаштырса маанилүү болорун өздөштүрдүм. Ушунчалык кызыктуу болгондуктан бул иштерди өзүмдүн айыл өкмөтүмдө да улантмакчымын. Негизгиси кесиптештерим жана ЖӨБ органынын жетекчилиги колдосо болду”.

Журналдын бул чыгарылышы даярдалып жаткан чакта Руслан биз менен байланышып, кесиптештери анын окуудагы жетишкендиктерине кызыгып, маалымат бюллетенин иштеп чыгуу жана чыгаруу боюнча демилгесин оң баалашканын кабарлады. Атүгүл айылдык кеңештин кезектеги сессиясында Руслан ЖУМАЕВ семинардын жыйынтыгы боюнча атайын баяндама жасап, ал эми айыл өкмөт башчысы биринчи жолу отчетту сүрөт жана инфографика түрүндө тапшырган экен.Кеңештин депутаттары ай сайын Кызыл-Туу айылдык аймагынын маалымат бюллетенин чыгаруу за-рыл деген бир пикирге келишкен. Ал эми тийиштүү чыгашаларды жергиликтүү бюджетке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү кеңештин кийинки сессиясында каралмакчы.

Коркушту , бирок жасашты!

Натыйжада 8 күнгө созулган тренинг маалында катышуучулар 60 муниципалдык маалымат бюллетенин даярдай алышты. Маалыматка бай болгону, актуалдуулугу, эстетикалык, дизайн жа- гынан алып караганда айрымдар жаңычыл чечимдерди таба алышты. Атүгүл айрым бюллетендер кесипкөй басма маалымат бюллетендеринен да айырмаланган жок. Бул иш-чара ар бир аймакта айыл жашоочуларынын арасында да, айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ичинде да таланттуу, чыгармачыл адамдар бар болгонун дагы бир жолу тастыктады. Мындай адамдарга өзүнүн дараметин ачып берүү үчүн шарт түзүү зарыл.

Теңтайлашуучулук жана атаандаштык аракети көптөгөн катышуучуларга өз жөндөмүүлүктөрүн ачып, көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берди; алар колдо болгон материалдардын баарын колдонуп, ыкчам иштеп жатышты. Мисалы, кээ бир катышуучулар сүрөттөрүнүн сапаты начар экенин байкаар замат айыл өкмөтүндөгү кесиптештеринен жакшы сапаттагы башка сүрөттөрдү жүктөп жиберүүнү суранып жатышты, же дизайнды жакшыртуу үчүн улуттук оймо-чиймелердин түрүн интернеттин жардамы менен табышты. Катышуучуларды шыктандыруу, ошондой эле мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү үчүн мыкты маалымат бюллетенине сынак жарыяланды. Анын жеңүүчүлөрү санарип фотоаппарат, USB–модем, флэш-диск жана бюллетенди даярдоо жана басып чыгаруу процессинде зарыл боло турган органайзерлер түрүндө белектерге ээ болушту. Долбоордун жергиликтүү консультанттарынан жана эксперттеринен турган сынактык комиссия өз иштерин төмөнкүдөй критерийлер боюнча баалады: маалымдуулук, актуалдуулук, жалпак тилде баяндалышы, кооз жасалгалоо, креативдүүлүк (чыгармачыл мамиле), сүрөттөрдүн болушу жана алардын сапаты. Натыйжада көпчүлүктүн добушу менен байгелүү орундар жана шыктандыруучу байгелер 1-таблицада көрсөтүлгөндөй бөлүштүрүлдү.

Мындан ары эмне болот?

Семинардан кийин катышуучулар бюллетендерди ийнине жеткире иштеп чыгышты. Андан кийин ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ар бир муниципалитет үчүн бюллетендердин 200дөн 500гө чейин нускасын (тираж аймактын калкынын санына жараша болду) басып чыгарууга кеткен типографиялык чыгашаларды төлөп берди. Натыйжада практикалык семинарга катышкан 60 айылдык аймак (61дин ичинен) жарандар арасында жайылтуу үчүн даяр маалымат бюллетендерин алышат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бул жардам айылдык аймактардын жамаатка зарыл болгон, мазмундуу маалыматты үзгүлтүксүз жеткирүү режимине өтүүсү үчүн ЖӨБ органдары маалымат алмашуунун жаңы натыйжалуу механизмин – маалымат бюллетенин – мындан ары да колдонуп, өнүктүрө баштоо үчүн аларга дем болуп берет деп ишенет. Андан кийин бардык нерсе ЖӨБ органдарынын жетекчилерине көз каранды болот. Алар бюллетенди чыгарууга кеткен чыгашаларды бюджетке кошуу мүмкүнчүлүгүн караштыра алат. Бирок бюллетенди түзүү, иштеп чыгуу, чыгаруу жана жайылтуу маселелери боюнча адегенде айыл өкмөттүн кызматкерлеринин жана жамааттын мүчөлөрүнүн ичинен жумушчу топту түзүп алуу керек.