Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды

2026-06-29 / Абалың кандай, район?
Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды

Айнура БАЛАКУНОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун консультантыя

EGED Программасынын пилоттук райондорунда Координациялык кеңештер акырындык менен кадимки “администрацияга караштуу кеңешме” форматынан чыгып, жумушчу аянтчага айланды. Мында райондук мамлекеттик администрация, бизнес, жарандык коом, жаштар, ишкер аялдар, фермерлер жана кызмат көрсөтүүчүлөр жалпы каалоолорун гана эмес, конкреттүү долбоорлорду талкуулашат: кайсы жерде куруш керек, эмнени кайра иштетсе болот, кандай туристтик каттамдарды таанытууга болот, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды канткенде азайтууга болот, кайсы социалдык объектилер көзөмөлдү талап кылат, кайсы жерде суу тартыш, жолдор, таштандыларды чыгаруу же түшүнүктүү уруксат берүүчү жол-жоболор.
EGED Программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институту райондордо бийлик, бизнес жана коом бир столдун үстүндө районду өнүктүрүү үчүн биргелешип иш алып барган моделди киргизүүгө жардам берди. Бул пилоттук райондордо иштин негизги институционалдык жыйынтыктарынын бири болуп калды. Төрт жылдын ичинде EGED Программасы тикелей же кыйыр түрдө колдоого алган бери дегенде 50 иш-чара өттү; аларга бир нече миң адам катышты. Сандардын өзүнөн да маанилүүсү – бул жолугушуулар аркылуу бизнестин жана жарандардын сунуштары райондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына киргизилип, Координациялык кеңештер болсо пландарды талкуулап эле тим болбостон, алардын аткарылышын да көзөмөлдөй башташты.
“Мурда ар бир тарап өз-өзүнчө иштеп, координациялоо дээрлик жок болсо, азыр өнөктөштүк түптөлүп келатканын көрүүдөбүз. Бул эми чачыранды күч-аракеттер эмес, райондун экономикасынын өнүгүшүнө жана адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тикелей таасирин тийгизген биргелешкен иш”, – дейт Ноокат РМА башчысынын-акиминин орун басары Мамажунус АБИЛОВ.

Талкуудан инвестициялык портфелге чейин

2025-жылы Координациялык кеңештердин иши инвестицияларды тартуу багытына кыйла бурулган. Сентябрда пилоттук райондордо түз инвестициялар жана инвестициялык климат тууралуу дайындар чогултула баштаган, ал эми сунуштардын формалары бизнес-ассоциациялардын, туристтик дестинациялардын жана тиешелүү уюмдардын арасында таратылып чыккан. Октябрда инвестициялык фокус-сессиялар өтүп, анда катышуучулар райондордун экономикалык адистешүүсүн, озуп кетүүчү өнүгүү тармактарын жана өсүш чекиттерин аныкташкан. Ал тармактар: экотуризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүк, кайра жаралуучу энергетика, логистика жана чакан инновациялык өндүрүштөр.

Бул жерде жергиликтүү башкаруунун сапатында маанилүү өзгөрүү байкалды. Райондор инвесторлор менен “бизде дарамет бар” деген тилде гана эмес, долбоорлордун, аянтчалардын, дайындардын, тобокелдиктердин жана колдоонун тилинде сүйлөй башташты. Консультациялардын жыйынтыгы боюнча Кемин району кайра иштетүүнү, энергетиканы, логистиканы, күнөскана чарбасын, агро өнөр жай кластерин жана күн станцияларын; Базар-Коргон району продукцияны кайра иштетүүнү, логистиканы, альтернативалык энергетиканы, чакан жана орто ишканаларды; Ат-Башы району этнотуризмди, экологиялык брендди жана аялдардын ишкердигин; Жети-Өгүз району IT-коворкингди, логистикалык борборду, кол өнөрчүлүк борборлорун, туристтик каттамдарды жана күн панелдерин; Кадамжай району айыл чарбасын, туризмди, кайра иштетүүнү жана кайра жаралуучу энергияны; Айтматов району чакан ГЭСти, помидор жана төө буурчакты кайра иштетүүнү, жол жана гидроинфраструктуралык долбоорлорду тандап алды.

“Инвестициялык жагымдуулук – бул жаратылыш ресурстары же инфраструктура гана эмес, бул ошондой эле башкаруунун сапаты, бийликтин ачыктыгы, диалогго даярдыгы жана адамдык дараметти натыйжалуу колдонуу”, – деп белгиледи эксперт Айнура БАЛАКУНОВА.

ЖЕТИ-ӨГҮЗ: “жети керемет” райондун инвестициялык таңгагы катары

Идеядан инвестициялык сунушка өтүүнүн эң ынанымдуу мисалдарынын бири – Жети-Өгүз району. EGED Программасынын буга чейинки фазасында эле “Жети-Өгүздүн жети керемети” туризмди таанытуу программасы иштелип чыккан. Бул программада жаратылыш жана маданий объекттер, туристтик каттамдар жана аймактын маркетингдик багыттары бөлүп көрсөтүлгөн. Район бул ыкманы кийин имидж үчүн гана эмес, инвесторлор менен сүйлөшүү үчүн да колдонду.

“Кеңеш жөн гана консультация берүүчү орган эмес, районду өнүктүрүүнүн реалдуу механизмине айланышына аракет кылып жатабыз. Райондук администрация менен биргеликте 2025-2030-жылдарга СЭӨП иштелип чыгып, бекитилген, ошондой эле райондун инвестициялык профили даярдалган. Бул инвестицияларды мындан ары тартуу үчүн маанилүү негиз болуп саналат”, – деди Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы Кадырбек АДЖИЕВ.

2026-жылдын март айында Координациялык кеңештин мүчөлөрү райондук администрация менен биргеликте “Аймактагы бизнес–2026” инвестициялык форумун даярдашты: баштапкы талкууларды өткөрүштү, материалдарды даярдашты, “Жети-Өгүз районунун жети керемети” брошюрасы үчүн маалыматтарды чогултушту, элдик кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкесин, социалдык контракттар боюнча колдоо алган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурууга катышты. 27-марттагы форумга 90го жакын адам катышты, алардын 35и – аялдар. Райондук администрация, айыл өкмөтү жана инвесторлор ортосунда 600 миллион АКШ долларына жакын суммага 16 үч тараптуу меморандумга кол коюу негизги жыйынтык болду. Долбоорлор туризмди, жемиштерди сактоону жана кайра иштетүүнү, өндүрүштү жана айыл чарбасын, анын ичинде туристтик-рекреациялык комплекстерди, сафари зоналарын, ден соолукту чыңдоочу борборлорду, интенсивдүү бактарды жана кайра иштетүүчү ишканаларды камтыйт (кененирээк “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы макаладан окуй аласыз).

Жети-Өгүз району үчүн инвестициялар экологиялык күн тартибинен бөлүнгөн эмес. 2025-жылдын декабрь айында Координациялык кеңештин мүчөлөрү жаштарды Барскоондо өткөн “Ысык-Көлдү сактайлы” семинарына тартышты, ал жерде 25 катышуучу экологиялык туруктуулукту жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты. 2026-жылдын январында райондо “Ак илбирсти коргоо” фестивалы өткөрүлүп, анда кышкы туризм, айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу маалымат берилип, жергиликтүү продукциялардын жарманкеси уюштурулган. Мындай формат маанилүү: туризм бул жерде бир жолку таасирлерди сатуу катары эмес, жаратылышка түшкөн жүктү, тейлөөнүн сапатын жана жергиликтүү тургундардын кирешесин алдын ала эске алган чөйрө катары каралууда.

“Акыркы жылдары Координациялык кеңеш өсүп, бекемделди. Мурда көптөгөн маселелер жөн эле талкууланып келсе, бүгүнкү күндө Кеңеш бийликти, бизнести жана жергиликтүү жамаатты бириктирип, районду өнүктүрүүгө жигердүү катышууда”, – деп белгиледи Өнүктүрүү саясат институтунун Жети-Өгүз районундагы аймактык консультанты Зулайка ЖАМАНКУЛОВА.

КАДАМЖАЙ: инвестициялык форум, күн энергетикасы жана айыл чарбасы үчүн суу

Кадамжай району Координациялык кеңеш экономикалык, социалдык жана экологиялык күн тартибин кантип бириктире аларын көрсөтүүдө. 2026-жылдын 13-мартында райондук администрация жана Координациялык кеңеш “Кадамжай – инвестициялардын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагы” аттуу инвестициялык форумду уюштурушту. Ага 121 адам, анын ичинде 54 аял: бизнес өкүлдөрү, ыктымалдуу инвесторлор, бийлик органдары, банктар, донордук жана коомдук уюмдар, жаштар кеңештери катышты.

Форумда район үчүн гана эмес, бүтүндөй жашыл өсүш күн тартиби үчүн да маанилүү болгон долбоорлор сунушталды. KCE Group компаниясы кубаттуулугу 500 МВт болгон күн электр станциясынын курулушу менен тааныштырды; мөмө-жемиштерди терең тоңдуруу боюнча айрым долбоорлор дыйкандарга колдоо көрсөтүүгө жана экспортко багытталган; Ак-Суу дарыясындагы экотуризм долбоору модулдук үйлөр жана улуттук ашкана менен жыл бою туристтик аймакты түзүүнү караштырат. Форумдун жүрүшүндө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, “Мобилдик прокурор” тиркемесин колдонуу, ишкерлер үчүн “Бирдиктүү терезе” системасынын иши, кооперативдерди өнүктүрүү, туризмдеги тейлөө стандарттары жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр талкууланды. “Охна ГЭС” жана KCE Group компаниялары менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлуп, жаш ишкерлер үчүн насаатчылык кылуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

“Программа Кадамжай районунун экономикалык дараметин жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган маанилүү стратегиялык документ болуп калды”, – деп белгиледи Кадамжай райондук экономика бөлүмүнүн башчысы Марат ЭШАТОВ.

Кадамжайдын тажрыйбасы дагы бир себептен улам маанилүү: бул жерде инвестициялык күн тартиби ири долбоорлор менен гана чектелбейт. 2025-жылдын ноябрь айында райондо айыл чарба жарманкелери, көчөттөрдү отургузуу боюнча “Жашыл мурас” акциясы өткөрүлүп, Айдаркенде 10 туруктуу жумуш ордун түзүү менен майдалоо-сорттоо комплекси жана бетон заводу ачылды, ошондой эле “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктады. Декабрда айыл чарбасы, суу менен камсыздоонун сапаты жана дыйкан чарбасынын өндүрүмдүүлүгү үчүн маанилүү долбоор – Нургазиев каналын модернизациялоо иштери башталды. Иш-чарага КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Дүйнөлүк банктын, Shandong Zhongjie Engineering Group Co. Ltd компаниясынын жана Координациялык кеңештин мүчөлөрү катышты.

“Бүгүнкү күндө райондун инвестициялык чөйрөсүндө оң өзгөрүүлөр байкалууда: жергиликтүү ишкерлердин активдүүлүгү жогорулап, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуу күчөп жатат”, – деди Өнүктүрүү саясат институтунун Кадамжай районундагы аймактык консультанты Нургүл ЫСАКОВА.

Кеңештин коомго кошкон салымы да конкреттүү иш-аракеттерден билинип жатат. Алсак, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте майыптыгы бар адамдар үчүн иш-чара уюштурулуп, ага кеңештин курамындагы бизнес өкүлдөрү демөөрчүлүк кылышты. Иш-чарага майыптыгы бар 120 адам катышты. Бул Координациялык кеңештин курамындагы бизнес социалдык жоопкерчиликти сырттан коюлган коюлган талап катары эмес, райондук өнүгүүнүн бир бөлүгү катары кабыл ала баштаганынын жакшы мисалы.

БАЗАР-КОРГОН: инвестициялар, ишканалар жана жумуш орундары

Базар-Коргон району экономикалык жыйынтыктар боюнча эң айкын сандарды көрсөтүүдө. 2026-жылдын февралында СЭӨПтүн аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө 2025-жылы 2,767 млрд сомдон ашык суммага өнөр жай продукциясы өндүрүлгөндүгү белгиленген, 2024-жылга салыштырмалуу көлөм 1,069 млрд сомго өстү, өсүш ыргагы 162,9 пайызды түзгөн. Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 1,544 млрд сомго жетти, бул 2024-жылга салыштырмалуу 180,6 млн сомго көп дегенди билдирет. 12 айдын ичинде жеке ишкерлер 228 чакан жана орто ишкананы ачып, 601 жумуш орду түзүлдү.

“EGED долбоору чындыгында эле “жоктон бар кылса болорун” көрсөттү. Билим, колдоо жана натыйжалуу өз ара байланышты түзүү менен жеринде реалдуу жана сезилерлик өзгөрүүлөргө жетишүүгө болот”, – деди Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү Меңдайым АРЗИЕВА.

Координациялык кеңеш бул жерде жыйынтыктарды чыгарган аянтча катары гана эмес, келечектеги өнүгүүнү тууралоочу механизм катары да маанилүү. EGED Программасынын мурунку фазасында район туристтик брендди түзүүнүн, Арстанбапты жана Кызыл-Үңкүрдү таанытуунун, транспорттук жана маалыматтык инфраструктураны жакшыртуунун үстүнөн иш алып барган. Жаштар коомчулугу экологиялык маданиятты жогорулатып, токойлорду сактоого көңүл буруу максатында “Жаңгак токою – жаштарга жашыл мурас” деген ураан менен түшүм майрамын өткөрүүнү сунуштады. 2025-жылдын ноябрь айында жыл сайын өтүүчү “Жаңгак токою – жаштарга жашыл мурас!” фестивалына 100дөн ашык адам катышып, ал туруктуу туризмге, экологиялык өнүгүүгө, органикалык айыл чарбасына жана “жашыл” технологияларга арналды.

2026-жылдын мартында Базар-Коргон районунун Координациялык кеңеши 2025-2030-жылдарга СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын талкуулады. Сунуштардын арасында туризмди өнүктүрүү, эко жана этнотуризмди кеңейтүү, күзгү “Жаңгак фестивалын” бренд түзүү менен өткөрүү, чакан жана орто бизнести колдоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу бар. Мындай жыйындар жана кеңештин райондук иш-чараларга катышуусу үзгүлтүксүз, дээрлик квартал сайын болуп жатканы маанилүү.

АТ-БАШЫ: туризм, тейлөө жана ишкердик ассоциациясы

Ат-Башы району EGED Программасынын алгачкы пилотторунун бири болгон жана анын тажрыйбасы башка райондорго олуттуу таасирин тийгизди. EGED Программасынын буга чейинки фазасында туристтердин саны жана туризм тармагында эмгектенген калктын кирешеси эки эсе өскөн. СЭӨПнын болжолу мындан ары да дарамет бар болгонун көрсөтүүдө: туристтердин саны 2024-жылы 30 718 болсо, 2027-жылы 56 937 адамга чейин, ал эми туристтик тармакта иштеген калктын кирешеси 181,9 млн сомдон 437,3 млн сомго чейин өсүшү мүмкүн. Ошол эле учурда өсүш морт бийик тоолуу экосистемаларга рекреациялык жүктү эске алууга тийиш.

“Биз үчүн EGED долбооруна катышуу айрым демилгелерди ишке ашыргандан тышкары, Ат-Башы районун комплекстүү өнүктүрүүнүн маанилүү этабы да болуп калды. Долбоордун жардамы менен биз туристтик дараметти бекемдөөгө, чакан жана орто бизнести активдештирүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жетиштик”, – деп белгиледи Ат-Башы РМАнын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы ТОКОН уулу Жеңишбек.

Бул жерде Координациялык кеңештин практикалык иши кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын мисалында жакшы билинүүдө. 2026-жылдын январь айында кеңештин мүчөлөрү райондук администрация менен биргеликте ресторандарга, кафелерге жана конок үйлөрүнө мониторинг жүргүзүп, “Ат-Башы” ресторанын, “Ат-Башы” кафесин жана “Жибек-Жолу” конок үйүн HoReCa Awards конкурсуна катышуу үчүн тандап алып, документтерди жана өтүнмөлөрдү даярдоого жардам беришти. Жыйынтыгында 56 конок үйдүн ичинен “Жибек-Жолу” “Мыкты конок үйү” номинациясында биринчи орунду ээледи. Конкурска жалпысынан 500дөн ашык ресторан жана мейманкана катышкан. Жеңишке жеткен конок үйүнө республикалык деңгээлде акысыз жарнама жасалып, конок үйлөрүнүн картасына киргизилип, тейлөө боюнча окуу программаларына катыша алат.

“Координациялык кеңеш СЭӨПны иштеп чыгууга, талкуулоого жана ишке ашырууга, ошондой эле иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө жигердүү катышты. Биз Таш-Рабатты өнүктүрүү, чакан жана орто ишканаларды колдоо, инвестицияларды тартуу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарды сүрөдүк”, – деди Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары жана Ат-Башы ишкерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Сымбат АТТОКУРОВА.

2025-жылдын декабрь айында Казыбек жана Баш-Кайыңды айылдык аймактарында Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында ишкерлердин конференциясы өттү. Бул конференцияда туристтик бизнеске коюлган экологиялык талаптар, айлана-чөйрөнү коргоо жана көрктөндүрүү, “Теңир-Тоо” Өнүктүрүү фондунун туристтик долбоорлорду колдоо багытындагы иши, ошондой эле жети артыкчылыктуу кластер боюнча айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Конференцияга 27 ишкер, анын ичинде 8 ишкер аял жана жергиликтүү жамааттын 73 өкүлү, анын ичинен 24 аял катышты. Ат-Башы Ишкерлер ассоциациясы маанилүү уюштуруучу болду, ал эми Координациялык кеңештин мүчөлөрү талкууларды координациялап, сунуштарды даярдоого көмөктөштү.

“Экономикалык өсүш инвестицияларды тартуудан гана эмес, биринчи кезекте мамлекет менен бизнестин ортосундагы тоскоолдуктарды жоюудан башталат. Координациялык кеңеш мамлекет көзөмөлчү эмес, бизнестин өнөктөшү болгон аянтчага айланды”, – деди ӨСИнин Ат-Башы районундагы аймактык консультанты Тынчтыкбек ТӨЛӨМҮШЕВ.

НООКАТ: туризмге, социалдык объектилерге жана жеткиликтүүлүккө инвестициялар

Ноокат району инвестициялык күн тартибин коопсуздук, социалдык инфраструктура жана тургундардын укуктары менен кандайча байланыштырса болорун көрсөтүүдө. EGED Программасынын буга чейинки фазасында бизнестин сунуштары боюнча район туристтер үчүн убактылуу курулмаларды куруу жана орнотуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, эс алуу жайларында таштандыларды тез-тез чыгарууну, медициналык пунктту ачууну, жергиликтүү каттамдарды, агротуризмди өнүктүрүүнү, туристтик картаны түзүүнү жана туристтик агенттиктер менен кызматташууну талкуулай баштаган. 2025-жылдын июнь айында Кара-Кой паркында туризм боюнча эл аралык форум өтүп, анда инфраструктурага инвестицияларды тартууга, туристтик объектилерди түзүүгө жана экотуризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

2026-жылдын февралында Координациялык кеңеш Ноокат районунун экономикалык, социалдык жана экологиялык дараметин ачууга, ишкердикти колдоого жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган бизнес-форумду өткөрүүнү ырастаган. Форум мамлекет, бизнес жана коом үчүн аянтча болуп, анда райондун атаандаштыкка жөндөмдүү артыкчылыктары, ишкерлердин көйгөйлөрү, аялдарды жана жаштарды колдоо маселелери талкууланды.

Мартта кеңеш социалдык объектилерге мониторинг жүргүзүүгө өттү: райондо 2026-жылы 19 объект, анын ичинде мектептер, бала бакчалар, спорттук курулмалар, медициналык мекемелер жана комплекстүү объектилер ишке ашырылып жатат. 6-марттан 9-мартка чейин Координациялык кеңештин өкүлдөрү беш объектке – ооруканага, бала бакчага жана орто мектепке барышты, объекттердин даярдыгы 70-80 пайызды түздү. 25-мартта Координациялык кеңеш Ишкерлер ассоциациясы менен биргеликте 36 адамдын, анын ичинде 14 аялдын катышуусунда “Идеядан ишкердикке – ишкердиктен ийгиликке” аттуу тегерек стол өткөрдү. Ал жерде даяр инвестициялык долбоорлор, ишкерлердин, инвесторлордун жана бийликтин түз диалогу өттү, ошондой эле кайра жаралуучу энергетика жана энергиянын натыйжалуулугу, анын ичинде микрогенерация, жылуулук насостору жана электр энергиясын 60-75 пайызга чейин үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

“Мониторингдик сапарлар маанилүү практикалык жыйынтыкты берди. Биз башынан эле СЭӨПны иштеп чыгууга катышканбыз жана эми биздин чечимдерибиз иш жүзүндө кандай иштеп жатканын көрдүк. Бул жөн гана көзөмөл эмес, райондун өнүгүүсүнө аң-сезимдүү катышуу”, – деди Ноокат районунун Координациялык кеңешинин орун басары Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ.

Апрелде Ноокат Кара-Кой жана Абшыр-Ата туристтик объектилерине 12 жол көрсөткүчүн алды. Бул масштабы боюнча чакан, бирок жеткиликтүүлүккө маанилүү инвестиция: түшүнүктүү навигациясы болбосо туристтик объект конокторду, ал эми район кирешелерди жоготот. Ошол эле айда Координациялык кеңештин мүчөсү Сапарали ОРОЗОВ Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр ЖАПАРОВ менен жолугушууда беш жылдан ашык убакыттан бери укук белгилөөчү документтерди тариздей албай келген Кара-Кой эс алуу зонасындагы 74 кожолуктун көйгөйүн айтты. Талкуунун жыйынтыгында Президент маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Инвестициялык климат үчүн бул принципиалдуу маселе: жер жана мүлк маселелери чечилбеген жерлерде мыйзамдуу туризмди өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү бизнести тартуу кыйын болот.

“Кара-Кой жана Абшыр-Ата туристтик объектилерине 12 жол көрсөткүчтү орнотуу жөнөкөй, бирок абдан натыйжалуу инвестиция болду. Туристтер жолду оңой табышат, анча адашпайт жана объекттерде көбүрөөк убакыт өткөрүшөт. Бул туризмди өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын жана бизнестин кирешесин жогорулатууга кошулган тикелей салым болуп саналат”, – деди ишкер, Ноокат районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү Сапарали ОРОЗОВ.

КЕМИН: ири бизнес, кайра иштетүү жана пландоого болгон ишеним 

Кемин районунда инвестициялык иштер ири өнөр жай долбоорлору менен да, СЭӨПны калк менен талкуулоо менен да байланыштуу болгондуктан кызыктуу. EGED Программасынын буга чейинки фазасында 200дөн ашык тургун, мамлекеттик органдардын, Координациялык кеңештин өкүлдөрү жана жергиликтүү активисттер 2025-2027-жылдарга районду өнүктүрүү программасын талкуулашкан. Катышуучулар СЭӨП бардык тармактарды камтып, райондун экономикалык дараметин 50 пайызга жогорулата аларын белгилешти. Ишкер, Координациялык кеңештин мүчөсү жана “МОЛСҮТ” ЖЧКсынын өкүлү Күлүкан КЕМЕЛОВА жаңы ыкмага “программа бизди бардык субъекттер менен байланыштырды” деген баасын берди.

2025-жылдын октябрында Кеминде “АгроКуш Кемин” негизги канаттуулар комплексинин пайдубалына эстелик капсуласы салынган. Иш-чарага 110 адам, анын ичинде инвестордун, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Эл аралык финансы корпорациясынын, Кыргызстандын Банктар ассоциациясынын, райондук түзүмдөрдүн, ЖӨБ органдарынын, Координациялык кеңештин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Долбоор СЭӨПнын артыкчылыктары менен байланышкан. Алар: азык-түлүк коопсуздугу, кайра иштетүү, аялдар, жаштар жана аярлуу топтор үчүн туруктуу жумуш орундары. Ал “талаадан баштап даяр продукцияга чейинки” чынжырды түзүп, жергиликтүү дыйкандардан дан сатып алууга түрткү берет жана жаңы жумуш орундарын түзөт.

Декабрда Кеминде бийликтин, Координациялык кеңештин, бизнестин жана инвесторлордун 25 өкүлүнүн катышуусунда диалогдук жолугушуу өттү. Бизнес негизги тоскоолдуктарды санап берди. Алар: бюрократиялык кыйынчылыктар, бизнести баштап жатканда колдоонун бирдиктүү форматынын жоктугу, башында жеңилдетилген деп жарыяланган насыялардын жогорку ставкада болуп чыкканы. Ошол эле учурда инвесторлор калк арасында бизнестин ролу, жергиликтүү тургундарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү, аяр абалдагы үй-бүлөлөрдү колдоо жана майыптыгы бар адамдардын ичинен кадрларды тандап алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну өтүнүштү.

2026-жылдын мартында Координациялык кеңеш 2025-жылга жана 2026-жылдын мартына чейинки мезгилде СЭӨПны ишке ашыруунун жыйынтыктарын, анын ичинде жумуш орундарын, инвестицияларды жана долбоорлорду карап чыкты. 31-мартта райондо бийликтин, бизнестин 200гө жакын өкүлүнүн, инвесторлордун жана адистердин катышуусунда инвестициялык форум өттү. Апрелде Кемин району Чүй облусунун инвестициялык дараметин Президенттин Аппаратынын жана Министрлер Кабинетинин деңгээлинде тааныштырды: төрт инвестициялык долбоор андан ары кароого кабыл алынды, он беш долбоор боюнча кошумча материалдар суралды. Район инвестициялар үчүн келечектүү аймак катары оң бааланды.

АЙТМАТОВ: аялдардын ишкердиги жана адамдык капитал

Айтматов районунда Координациялык кеңештин салымы аялдарды, жаштарды жана ишкерлерди социалдык жана экономикалык жактан мобилизациялоодо өзгөчө байкалууда. Буга чейинки фазада район Координациялык кеңештин катышуусунда артыкчылыктарды аныктаган. Алар: өсүмдүк өстүрүүдө жаш ишкерлерди жана аялдарды колдоо, жаштарга айыл чарбасында техникалык билим берүү, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, таштандыларды чыгаруу. Район ошондой эле монокультура катары буурчакка ашыкча көз карандылыктан арыла баштады, себеби бул жерлердин деградациясына жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөшүнө алып келди; консультанттар багбанчылыктын, сактоонун, логистиканын жана кооперациянын келечегин аныктоого жардам беришти.

2026-жылдын январында Айтматов районунда финансылык сабаттуулук жана инвестицияларды башкаруу боюнча семинар өттү: ага 41 адам катышты, алардын 19у – аялдар. Февралда район инвестициялык форумду даярдоо боюнча уюштуруу максатындагы жолугушууларды өткөрүп, инвестициялык дараметти таанытуунун максаттарын, форматын, программасын, артыкчылыктуу багыттарын жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосун макулдашты.

2026-жылдын 14-апрелинде Кызыл-Адыр айылында “Ишкер аял – өнүккөн коом” аттуу ишкер аялдардын форуму өттү. Форумду райондук администрация Координациялык кеңеш менен кызматташтыкта уюштуруп, ага 70ке жакын ишкер аял катышты. Көргөзмө-жарманкеде тигилген буюмдар, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк, гүлдөр жана башка жергиликтүү продукциялар көрсөтүлдү. Программа ийгиликтүү кейстерди, мастер-класстарды, консультацияларды жана 2026-жылдагы социалдык контрактты алгандарга сертификаттарды тапшырууну камтыды. Ошол эле айда райондо үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 100дөн ашык адамдын катышуусу менен жаштардын конкурсу, 50дөн ашык аялдын катышуусунда жаш курагы 40тан ашкан аялдар арасында волейбол мелдеши, кесиптик лицейде Ачык эшик күнү жана 16 китепкананын катышуусунда “Китеп күнү” фестивалы өткөрүлдү.

“Бүгүнкү күндө ишкер аялдарды колдоо боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Форум жана жарманке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын алып чыгууга, сатуу рыногун кеңейтүүгө жана аларды таанытууга мүмкүндүк берди. Мунун баарына өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүүнүн натыйжасында жетип жатабыз”, – деди Айтматов районунун акиминин орун басары Мира СЕЙДИКЕРИМОВА.

Социалдык жана экологиялык салым: инвестицияга кошумча эмес, бул анын шарты

Пилоттук райондордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, инвестициялык климат жеңилдиктерден, аянтчалардан жана презентациялардан гана турбайт. Инвестор жолдорго, сууга, түшүнүктүү эрежелерге, жумушчу күчтүн сапатына, калктын бизнеске болгон мамилесине, экологиялык тобокелдиктерге жана бийликтин долбоорду колдоо жөндөмдүүлүгүнө карайт. Дал ошондуктан Координациялык кеңештер барган сайын экономикалык өнүгүүнүн бир бөлүгү катары социалдык жана экологиялык маселелерди көп талкуулап жатышат.

Ноокатта мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана спорттук объектилерге жүргүзүлгөн мониторинг айыл калкы үчүн негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен байланышкан. Айтматов районунда ишкер аялдарды жана жаштарды колдоонун чаканнатыйжасында  бизнести баштоого жөндөмдүү адамдардын саны көбөйүүдө. Кадамжайда каналды модернизациялоого жана кайра жаралуучу энергияга байланышкан долбоорлор айыл чарба өндүрүмдүүлүгү жана экологиялык туруктуулук менен тикелей байланышта болуп жатат. Жети-Өгүздө Ысык-Көлдү, илбирсти коргоо жана кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорлору бири-бирин толуктап турат. Базар-Коргондо “Жаңгак фестивалы” жана райондун бренди жаңгак токойлорун табигый жана экономикалык ресурс катары сактоо идеясынын айланасында курулган. Ат-Башыда туризмди өнүктүрүү бийик тоолуу экосистемалардын чектөөлөрү менен байланышкан.

“Кайталангыс жаратылышы жана бийик тоолуу экосистемасы менен белгилүү Ат-Башы району үчүн туруктуу өнүгүү өзгөчө мааниге ээ. Биз табигый жана маданий мурастарды сактап калып, ошол эле учурда райондун тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен туризмди өнүктүрүүгө умтулуп жатабыз”, – деп белгиледи ТОКОН уулу Жеңишбек.

Финансылык сабаттуулукка өзгөчө көңүл бурулуп жатат. 2026-жылдын январь жана февраль айларында Координациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн суроо-талабы боюнча калк жана бизнес үчүн финансылык сабаттуулук, инвестициялык ой жүгүртүү, инвестицияларды тартууга бизнес-идеяларды даярдоо жана инвесторлор менен өз ара байланыш түзүү боюнча семинарлар уюштурулду. Жети-Өгүздө 51 адам, анын ичинде 28 аял; Айтматов районунда 41 адам, анын ичинде 19 аял; февралда бир семинарга 103 адам, анын ичинде 52 аял катышты, ал эми ушундай эле иш-чаралар Базар-Коргон, Жети-Өгүз, Ат-Башы, Айтматов жана Кадамжай райондорунда да өткөрүлдү. Бул бир жолку билим берүүчү иш-чара эмес, бул – инвестициялык даярдыктын маанилүү элементи: кирешелүүлүктү эсептей албаса, бизнес-план даярдабаса жана гранттын, зайымдын жана инвестициянын ортосундагы айырманы түшүнбөсө, жергиликтүү бизнес инвестор үчүн чабал өнөктөш бойдон кала берет.

Негизги жыйынтык: райондор өнүгүүнү коштоп жүргөндү үйрөнүшөт

EGED Программасынын пилоттук райондорундагы Координациялык кеңештер СЭӨПны даярдоого катышуудан аны ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө чейин олуттуу кадам жасашты. Алар дайындарды чогултууга, инвестициялык профилдерди даярдоого жардам берип, форумдарды өткөрүп, модераторлук кылышууда, жергиликтүү продукциялардын жарманкелерин уюштуруп, аялдарды жана жаштарды тартып, жер жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүп, экологиялык чектөөлөрдү талкуулап, социалдык объектилерге мониторинг жүргүзүп жатышат. Бул райондук өнүктүрүү программасын документтен процесске айландырган иштер.

“EGED Программасы биз үчүн окутуунун, өз ара байланыш түзүүнүн жана кесипкөй өсүштүн маанилүү аянтчасына айланды, жергиликтүү жамааттын бакубатчылыгы үчүн иштөөгө, инвестицияларды тартууга жана аймакты өнүктүрүүгө ишенимди, жаңы билимди жана практикалык аспаптарды берди”, – деди Меңдайым АРЗИЕВА.

Инвестициялар район өзүнүн артыкчылыктарын түшүндүрүп, долбоорлорун көрсөтүп, жооптууларды атап, белгисиздик маанайын азайтып, бизнес менен туруктуу диалог жүргүзө алган жерге келет. Пилоттук райондор азырынча ар кандай этапта турат: айрым жерлерде жүздөгөн миллион долларлык меморандумдар бар, башка жерлерде чакан жана орто ишканалардын жана жумуш орундарынын өсүшү байкалууда, дагы бир жерлерде инвестициялык портфелдер даярдалып, административдик тоскоолдуктар жоюлуп жатат. Бирок жалпы жылыш бар: Координациялык кеңештер практикалык механизмге айланды, ал аркылуу жергиликтүү өнүгүү пландарды гана эмес, ошону менен бирге өнөктөштөргө, инвестициялык сунуштарга, коомдук көзөмөлгө жана ишенимге ээ болот. 

 

Окшош материалы: