Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду

2026-06-29 / Абалың кандай, район?
Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты

2026-жылдын 27-мартында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Аймактагы бизнес – 2026” инвестициялык форуму өттү. Форум инвестицияларды тартууга, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Иш-чараны Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук Координациялык кеңеш EGED Программасынын техникалык колдоосу менен уюштурду. Аталган Программаны Улуу Британия Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда.

Райондун инвестициялык жагымдуулугун күчөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоодон конкреттүү долбоорлорду ишке киргизүүгө өтүү форумдун максаты болду. Туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү, агроөнөр жай секторун колдоо, кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү жана жеке инвестициялар үчүн шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди. Катышуучуларга райондун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар берилип, “Жети-Өгүз районунун жети керемети” аттуу видеоролик көрсөтүлдү.

Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Эрмек БАХАВАДИНОВ 2025-жыл район үчүн мындан аркы өсүш үчүн бекем негизди түзүп берген этап болуп калганын белгиледи.

“Жети-Өгүз району социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу динамикасын көрсөтүп, 2025-жылдагы жыйынтыктардан 2026-жылы демилгелердин масштабын кеңейтүүгө ырааттуу түрдө өтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча райондо инвестициялык жигердүүлүк өсүп, ишкердик кеңейип, негизги инфраструктуралык долбоорлор ишке киргизилди. Мунун натыйжасында 300 миллион АКШ долларынан ашык суммага жеке инвестициялар жана 300 миллион сомдон ашык суммага демилгелер ишке ашырылды. Райондун негизги жаратылыш объектилерин бирдиктүү туристтик өнүмгө бириктирген “Жети-Өгүздүн жети керемети” брендин таанытуу аркылуу туризм тармагындагы позициялар бекемделди”, – деди Эрмек БАХАВАДИНОВ.

Акимдин айтымында, 2026-жылы район жарыяланган демилгелерди ишке ашырууга назарын бурат. Ири долбоорлор жигердүү фазада турат: наркы 150 млн АКШ долларын түзгөн ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу, 110 млн сом жана 50 млн АКШ долларын түзгөн туристтик инфраструктураны, анын ичинде сафари-паркты өнүктүрүү, 150 млн сомго курулуш материалдарын кайра иштетүү, 55 млн сомго катуу тиричилик калдыктарынын полигону, ошондой эле инвестициялардын жалпы көлөмү 26,8 млн АКШ долларын түзгөн үч чакан ГЭСти ишке киргизүү.

“Натыйжада жумуш менен камсыз болгондордун көрсөткүчү көбөйүп, салык базасы кеңейип, инфраструктура өнүгүп, энергетикалык көз карандылык азайып жатат. Ошол эле учурда жеңилдетилген каржылоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу жергиликтүү ишкерлер көбүрөөк колдоо таап жатышат. 2026-жылы биздин милдетибиз – башталган долбоорлорду ишке ашыргандан тышкары, алардын жыйынтыктарын райондун ар бир жашоочусу сезе ала тургандай кылуу”, – деп белгиледи райондун башчысы.

Райондук администрациянын, айыл өкмөтүнүн жана инвесторлордун ортосунда 16 үч тараптуу меморандумга кол коюу форумдун негизги жыйынтыгы болуп калды. Жарыяланган инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 600 млн АКШ долларын түздү. Долбоорлор төрт багыт боюнча бөлүштүрүлдү: 

  • 6 долбоор – туризм, анын ичинде эко жана этнокомплекстер, эс алуу зоналары жана сафари-форматы;
  • 6 долбоор – мөмө-жемиштерди сактоо жана кайра иштетүү;
  • 2 долбоор – өндүрүш, анын ичинде кумду жана шагылды кайра иштетүү;
  • 2 долбоор – айыл чарбасы, анын ичинде тез өскөн бактар жана кооперативдер.

Кол коюлган демилгелердин арасында Барс-коон, Жеңиш, Кызыл-Суу жана Саруу айылдарында мөмө-жемиштерди сактоо боюнча комплекстер, Жеңиш, Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Дөбө, Кара-Булуң жана Кызыл-Суу айылдык аймактарында туристтик эс алуу зоналары, Ырдык айылында кумду жана шагылды кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк долбоорлор, ден соолукту чыңдоочу туристтик борборлор, интенсивдүү багбанчылык, ошондой эле Саруу айылында “Саруу-Орток” айыл чарба товардык-тейлөө кооперативи бар.

“Саруу-Орток” кооперативинин бизнес-долбоорунун жетекчиси Салтанат КАЛЫКОВА долбоор Саруу айылында сыйымдуулугу 1000 тонна болгон заманбап мөмө-жемиш кампасын курууну караштырып жатканын айтып берди. Зарыл болгон инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 33,8 млн сомду түзөт, аларды 2026-жылы ишке киргизүү пландалууда, финансылык болжол 2035-жылга чейин эсептелген.

“Негизги максат – кооперативдин мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын түшүмүн сактоо үчүн натыйжалуу инфраструктураны түзүү, түшүмдү жыйнагандан кийинки чыгымдарды азайтуу жана дыйкандардын кирешесин көбөйтүү. Биз бул объектке жөн гана кампа катары эмес, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам катары карап жатабыз. Кампа Саруу айылы үчүн өсүш чекитине айланат, аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат жана айыл чарба продукциясын сатуунун туруктуу системасын түзөт”, – деп белгиледи Салтанат КАЛЫКОВА.

КАЛЫКОВАнын айтымында, долбоор сактоо, жабдууларды тейлөө, таңгактоо, логистика жана башкаруу жаатында туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзөт. Дыйкандар продукцияны сезон бүткөндөн кийин да кыйла пайдалуу баада сата алышат, түшүмдүн жоготуулары азаят, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кирешеси өсөт, ички жана тышкы рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.

“Райондук мамлекеттик администрациянын колдоосу менен бизге жер участогун бөлүп берүү, уруксат берүүчү документтерди даярдоо, тиешелүү түзүмдөр менен координациялоо жана ыктымалдуу инвесторлорду тартуу маселелеринде жардам көрсөтүлдү. Мындай өнөктөштүк долбоорду ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, бизнестин жана финансы институттарынын ишенимин арттырат”, – деди ал.

Райондун башчысынын орун басары Жыпаркүл БЕКТЕМИРОВА долбоорлордун 70 пайызга жакыны инвесторлорду таба алганын, ал эми калгандары каржылоону тартуу баскычында турганын айтты.

“Бүгүнкү күндө меморандумдарга кол коюлган 16 бизнес-долбоордун баарынын документтери 100% даяр жана ишке ашырылыганы турат. Дагы 6 бизнес-долбоор бар, алар азырынча таризделип жатат. Сунушталган долбоорлордун ичинен эң ириси – Евгений ЕГОРОВдун Кара-Булуңда 150 млн АКШ долларына ден соолукту чыңдоо борборун куруу долбоору. Ошондой эле 30 гектар аянтка “сафари” форматындагы долбоорду белгилей кетким келет, аны ишке ашырууга 40 миллион АКШ доллары керек”, – дейт Жыпаркүл БЕКТЕМИРОВА.

Инвесторлордун арасында Орусия Федерациясынын, Германиянын, Корея Республикасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер бар. Жыпаркүл БЕКТЕМИРОВАнын айтымында, ишкерлердин бир бөлүгү иштеп жаткан бизнесин кеңейтүү үчүн өз алдынча инвесторлорду таап, алып келишкен.

Ири туристтик долбоорлордун бирин Евгений МАЛЮТИН сунуштады. Анын долбоору Кызыл-Суу айылдык аймагынын Кара-Булуң участогунда ден соолукту чыңдоо-туристтик борбору үй-бүлөлүк эс алууга, жигердүү эс алууга эсептелген. Аянты 8 гектар болгон участокто аймактын 59 пайыздан ашыгын жашылдандырууга, 1,88 пайызын экологиялык балдар аянтчасына, 9 пайызга жакынын курулмаларга бөлүү пландалууда. Бөлмөлөрдүн фонду 2 566дан ашык орундуу 1 142 бөлмөнү түзөт, ал эми 50 миллион долларлык долбоордун өзү 500 жумуш ордун түзмөкчү.

“Биздин багытыбыз – үй-бүлөлүк эс алуу, жигердүү эс алуу жана ар бир адам үчүн толук релакс. Курулуштун бардык этаптарында биз жергиликтүү подрядчы уюмдарды жана жергиликтүү калкты ишке тартабыз, ал эми курулуш материалдарын жана азык-түлүктү жергиликтүү жеткирүүчүлөрдөн жана дыйкандардан сатып алабыз. Бул жергиликтүү бизнеске дароо капитал салууга мүмкүндүк берет, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтөт жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт”, – деди Евгений МАЛЮТИН.

Форумда ошондой эле жаш ишкер Рустамдын долбоору – Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги тоолордо жайгашкан чакан эс алуу борбору тууралуу маалымат берилди. Долбоордо “Ак илбирстин көз жашы” шаркыратмасынын жанында узундугу 110 метр болгон асма көпүрө, улуттук оюндар жана кийимдер менен этнозона, узундугу 500 метр болгон зиплайн, ошондой эле кофекана каралган. Керектүү инвестициянын көлөмү 180 миң АКШ долларын түзөт.

“Туристтер көңүл ачуу үчүн кооз жерлерди издешет эмеспи. Ошондуктан биз асма көпүрөнү, этнозонаны, зиплайндын жана кофекананы курабыз. Долбоор ашып кетсе эки жылдан кийин, ал тургай бир жылда эле өзүн актай алат. Жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация бизге тиешелүү документтерди тариздөөгө жана жер тилкесин макулдашууда ар тараптуу жардам көрсөтүп жатат. Эгерде өз убагында үлгүрүп калсак, биринчи конокторду июнь айынын башында кабыл алууну пландап жатабыз”, – деди Рустам.

Кол коюлган долбоорлордун ишке ашырылышы районго комплекстүү натыйжа бериши керек: жаңы жумуш орундары түзүлөт, калктын кирешеси көбөйөт, туристтик жагымдуулук артат, кайра иштетүүчү кубаттуулуктар кеңейет жана бизнес менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы кызматташтык бекемделет. Форумдун катышуучулары долбоорлорду коштоодо, айрыкча уруксат берүүчү документтерди даярдоодо жана жол-жоболорду сактоодо райондук администрациянын ролун өзгөчө белгилешти.

“Бүгүн кол коюлган меморандумдар – бул масштабдуу өзгөрүүлөрдүн өзөгү. Биз калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактарыбызды өнүктүрүүгө тикелей таасирин тийгизе турган олуттуу экономикалык жана социалдык жыйынтыктарды күтүп жатабыз”, – деди Эрмек БАХАВАДИНОВ.

Форумдун алкагында жергиликтүү ишкер-лердин – кол өнөрчүлөрдүн, азык-түлүк өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн өнүмдөрүнүн көргөзмөсү да өттү. Ал жергиликтүү продукцияны таанытып, ишкердик байланыштарды түзүү үчүн кошумча аянтча болуп калды.

 

Окшош материалы: