Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды

2026-06-29 / Абалың кандай, район?
Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты

2026-жылдын 31-мартында Кемин шаарында “Кемин Инвест – 2026: Өнүгүү жана мүмкүнчүлүктөр” инвестициялык форуму өтүп, анда райондун 2025-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары да чыгарылды. Форум мамлекеттик органдардын, бизнестин жана инвесторлордун ортосундагы диалог аянтчасына айланды. Катышуучуларга 2025-жылдын жыйынтыктары, өнүгүүнүн артыкчылыктары, райондун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана 15тен ашык инвестициялык долбоор тууралуу маалымат берилди. Бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга жана мамлекеттик-жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Форумдун алдында 27-мартта Координациялык кеңештин жыйыны өткөн болчу. Жыйында Социалдык- экономикалык өнүктүрүү программасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, инвестициялык активдүүлүктү күчөтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери каралган.

Координациялык кеңештин жыйыны

Жолугушуу учурдагы экономикалык чакы-рыктарга жараша өнүгүүнүн артыкчылыктарын макулдашып, алдыдагы инвестициялык форумга конкреттүү инвестициялык сунуштарды даярдоо максатын көздөдү.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар программанын ишке ашырылышы менен таанышып чыгып, кийинки кадамдарды аныктап алышты. Негизги багыттардын арасында туризмди, айыл чарбасын, энергетиканы жана инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана инклюзивдүү өсүштү камсыз кылуу боюнча чараларды киргизүү бар.

Координациялык кеңештин төрагасы А. ДУБАНАЕВ: “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу райондун туруктуу өсүшүн камсыз кылуунун негизги аспабы болуп саналат. Биздин милдетибиз – пландалган көрсөткүчтөргө жетишүү гана эмес, ошону менен бирге аймактын инвестициялык жагымдуулугун күчөтүп, артыкчылыктарды өз убагында ыңгайлаштыруу”.

Кабыл алынган чечимдерге төмөнкүлөр кирет:

  • учурдагы артыкчылыктарды эске алуу менен өнүктүрүү программасын жаңылоо;
  • инвестициялык долбоорлордун портфелин кеңейтүү;
  • мониторинг жана баалоо системасын күчтөндүрүү;
  • 2026-жылга иш-чаралардын планын тактоо;
  • инвесторлорго сунуштоо үчүн инвестициялык демилгелерди даярдоо.

Жетишилген жыйынтыктар оң динамиканы көрсөтүүдө:

  • 667 жумушчу орун түзүлдү,
  • 3,5 миллиард сомдон ашык суммага инвестиция тартылды,
  • тышкы инвесторлордун катышуусу менен 8 долбоор ишке ашырылды,
  • Районду өнүктүрүү фонду аркылуу 115 демилге каржыланды.

Инвестициялык климаттын жакшырышы, жумуштуулуктун өсүшү жана артыкчылыктуу долбоорлорду натыйжалуу координациялап, ишке ашыруу аркылуу калктын жашоо сапатын жогорулатуу күтүлүп жаткан таасирлердин айрымдары гана.

Бизнес өкүлдөрү да диалог маанилүү болгонун белгилешти: “Координациялык кеңештин алкагында ачык өз ара байланыш түзүү жана чындап ишке ашырылып жаткан долбоорлорду биргелешип толуктоо мүмкүнчүлүгү бар болгону маанилүү”, – деди кеңештин мүчөсү К.КЕМЕЛОВА.

“Кемин Инвест – 2026: Өнүгүү жана мүмкүнчүлүктөр” инвестициялык форуму

Форумду ачып жатып, акимдин орун басары Алмазбек ДУБАНАЕВ райондун 2025-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал белгилегендей, Кемин районунда стратегиялык пландоо күчөтүлдү: 2030-жылга чейинки Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы актуалдаштырылып, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча артыкчылыктар жана чаралар аныкталды. Райондун экономикасы бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, бардык деңгээлдер боюнча ашыкча аткарылганын, салык көзөмөлү күчөтүлгөнүн жана карыздар азайганын көрсөтүүдө.

Райондо энергетикада, өнөр жайда жана агроөнөр жай комплексинде жалпы көлөмү 200 млн АКШ долларынан ашкан жана 600дөн ашык жумуш ордун түзгөн 8 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Өнөр жай тармагы өндүрүш көлөмү боюнча 42,5 пайызга өстү, бирок экспорт жана импорт менен байланышкан түзүмдүк дисбаланстар жана тышкы чектөөлөр бар. Айыл чарбасы негизги сектор бойдон калууда: сугат өнүгүүдө, айрым өсүмдүктөр жана мал чарбасы өнүгүүдө, сууну үнөмдөөчү технологиялар киргизилип жатат. Жолдор, транспорт, энергетика жана интернет жаңыланууда, ал эми бюджеттин чыгымдары социалдык чөйрөгө жана инфраструктурага багытталган. Туризм жана курулуш, анын ичинде экотуризм жана Кемин-Ситинин өнүгүүсү өсүш чекиттери катары каралууда.

“Ошентип, районубуз туруктуу экономикалык активдүүлүктү сактап, инфраструктурага жана кадрларга байланыштуу кыйынчылыктар болсо да инвестицияларга, инфраструктурага жана экономиканы диверсификациялоого басым жасап жатат деп айта алабыз”, – деди Алмазбек ДУБАНАЕВ.

Райондун башчысы-аким Канболот ТУТУЕВ Кемин районунун 2026-жылга инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн планы, анын ичинде алты муниципалитеттин ыктымалдуу инвестициялык объекттери менен тааныштырды. Ал туризмди жана инвестицияларды стратегиялык багыттар катары белгиледи. Алардын жалпы максаты – жеке инвестицияларды тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана райондун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Туризм чөйрөсүндө район үч ири маданий-экологиялык иш-чараны өткөрүүнү пландаштырууда. Алар: “Ак илбирс-2026” экофестивалы, “Каттама Fest” фестивалы жана “ЭКОдем” фестивалы. Бул иш-чаралар райондун туристтик жагымдуулугун арттырып, аброюн көтөрөт деп күтүлүүдө.

Инвестициялык багытта район бизнести колдоонун төрт аспабын сунуштайт: “Бирдиктүү терезе”, “Инвест-инфостенд”, жеке куратор жана дэшборд менен ачык мониторинг. “Бирдиктүү терезе” маселелерди кароо мөөнөтү азайтышы керек: жер маселелери боюнча 30 күндөн 10-15 күнгө чейин, архитектура боюнча 20 күндөн 10 күнгө чейин, башка багыттар боюнча 45 күндөн 20-30 күнгө чейин кыскарары күтүлүп жатат. “Инвест-инфостенд” жерлер, ресурстар, логистика жана инфраструктура жөнүндө соңку маалыматтарды камтыйт. Ар бир инвестициялык долбоорду башынан ишке киргизгенге чейин жеке куратор коштоп жүрүшү керек, ал эми ачык мониторинг процесске реалдуу убакыт режиминде көз салууга мүмкүндүк берет.

“Биздин негизги милдет – инвестицияларды тартуу гана эмес, ошону менен бирге бизнес үчүн жагымдуу шарттарды, жаңы жумуш орундарын түзүү менен райондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Келечекте Кемин району инвестицияларды тартуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жергиликтүү ишкердикти колдоо боюнча жигердүү иштерди улантууну пландап жатат. Бул өз кезегинде туруктуу экономикалык өсүш жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн негиз болуп берет”, – деп белгиледи Канболот ТУТУЕВ.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жана “Шанфэн ЗЭТ Цемент” ЖЧКсынын ортосунда цемент заводун куруу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюу форумдун негизги жыйынтыгы болду. Долбоор 2026-жылы ишке ашырылат деп пландалган. Баштапкы эсептер боюнча, бул 1000ге жакын жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Форумдун алкагында инвестициялык демилгелер жана туруктуу кызматташтык аркылуу районду өнүктүрүүгө салым кошкон уюмдар жана өнөктөштөр да белгиленди. Алардын арасында “Алтынкен” ЖЧКсы, «“Алакуш” этно-комплекси» ЖЧКсы, “Альбир” Регионалдык коомдук кайрымдуулук фонду, “Евро Шпал” ЖЧКсы, “Kemin Guest House” конок үйү, “Кемин Ордо” эс алуу борбору, Орловка тоо лыжа базасы, “Салют Компани” ЖЧКсы, “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси, “Терек Таш” ЖЧКсы, “Учкун ВМ” ЖЧКсы, “Этернал Энергия” ЖЧКсы жана “Юнайтед Фут Альянс” ЖЧКсы бар. Өнүктүрүү саясат институту өз кезегинде өнөктөштөргө – райондун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

 

Окшош материалы: