Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинде СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана инвестициянын өсүшү талкууланды

2026-06-29 / Абалың кандай, район?

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты

2026-жылдын 30-мартында райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель САНСЫЗБАЕВАнын төрагалыгы астында Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Ага кеңештин 15 мүчөсү катышты, алардын 8и – аялдар.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жыл жана 2026-жылдын башынан март айына чейинки мезгил үчүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) ишке ашыруунун жыйынтыктары талкууланды. Районду туруктуу өнүктүрүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана дараметти натыйжалуу пайдаланууга багытталган комплекстүү чаралар ишке ашырылганы белгиленди. Инвестицияларга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана долбоорлорду коштоого өзгөчө көңүл бурулду.

“СЭӨПны ишке ашыруу бизге районубузду өнүктүрүүгө системалуу мамиле жасап, инвестициялык жагымдуулукту күчөтүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган туруктуу жыйынтыктарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мисалы, 2025-жылы инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү 180 584 900 сомду түздү – 2024-жылы инвестициялардын көлөмү 1 364 279 500 сомду түзгөн”, – деп белгиледи акимдин орун басары Асель САНСЫЗБАЕВА.

Инвестицияларды тартуу боюнча айтылган маалыматка ылайык, 2025-жылы облуска 1 миллиард 544 миллион 864 400 сом тартылган, анын ичинен:

  • республикалык бюджеттен – 420 756 550 сом;
  • жергиликтүү бюджеттен – 47 126 470 сом;
  • эл аралык уюмдардан – 824 516 100 сом;
  • жеке ишкерлерден жана демөөрчүлөрдөн – 252 465 380 сом.

Ишкердикти өнүктүрүү жаатында да оң динамика байкалууда: 2025-жылдын 12 айында 228 чакан жана орто ишкана ачылып, 601 жумушчу орун түзүлдү, анын ичинен:

  • өнөр жайда – 112;
  • кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө – 105;
  • соодада – 190;
  • айыл чарбасында – 149;
  • социалдык чөйрөдө – 45.

Туризм чөйрөсүндө да өсүш байкалууда: 2025-жылы районго 104 055 турист (2024-жылы – 99 100), анын ичинде алыскы чет өлкөлөрдөн 3 334 турист келген. Туристтик ишмердиктен бюджетке түшкөн киреше 1 091 000 сомду түздү.

Жыйындын соңунда катышуучулар инвестицияларды тартып, райондун экономикасынын негизги тармактарын өнүктүрүү боюнча координацияны андан ары күчөтүүнүн жана конкреттүү чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

 

Окшош материалы: