Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6-7 (176-177) 30 Июнь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү

2026-06-29 / Абалың кандай, район?
Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты

2026-жылдын 14-апрелинде Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында “Ишкер аял - өнүккөн коом” аттуу ишкер аялдардын форуму өттү. “Семетей” кинотеатрында өткөн иш- чаранын негизги максаты аялдардын ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын продукцияларын жайылтуу, жаңы билимдерди берүү, тажрыйба алмашуу жана аялдардын экономикалык жигердүүлүгүн колдоо болду.

Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мира СЕЙДИКЕРИМОВА форумдун катышуучулары менен учурашып, буларды белгиледи: “Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй райондун экономикасын чыңдоого да көмөктөшөт. Биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү жана ишкер аялдарга колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Бүгүнкү форумга социалдык контракттын алкагында мамлекеттен кайтарымсыз жардам алган же быйыл ала турган аялдар катышууда. Аларга бул форум тажрыйба алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк”.

Форумдун алкагында ишкер аялдардын көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, анда тигүүчүлүк буюмдары, улуттук кол өнөрчүлүк, азык-түлүк, гүл өстүрүү жана башка жергиликтүү товарлар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматов районундагы ишкер аялдардын дарамети тууралуу баяндама жана “Социалдык контракт – алгачкы кадамдар” презентациясы жасалды. Ошондой эле “Ишкердикке кадам” деп аталган видеоролик көрсөтүлүп, жергиликтүү ишкер аялдардын ийгилик окуяларын бөлүшүү боюнча онлайн жана оффлайн сессиялары өттү. Алардын арасында Башарат МОЛДОКУЛОВАнын “Аялдар үчүн тигүү бизнеси: мүмкүнчүлүктөр жана өсүү жолдору” жана Кадамжай районунан ишкер Нургүл ИСАКОВАнын “Мөмөдөн жасалган өнүмдөрдүн баалуулугун кантип жогорулатуу керек: аялдардын бизнесин өнүктүрүү жолдору” темасында жеке кейстер берилди.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек КЕРИМБАЕВ буларды белгиледи: “Аймактардагы аялдардын ишкердик демилгелерин колдоо өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө көмөктөшөт. Мындай форумдар өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бүгүнкү аянтча ишкер аялдардын продукциясын таанытып, жаңы кардарларды табуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду”.

Мындан тышкары, мастер-класстар, консультациялык сессиялар жана тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулар уюштурулуп, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 2026-жылы социалдык контрактты алгандарга сертификаттарды тапшырды.

Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти Айнура БАЛАКУНОВА буларды белгиледи: “Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Билим берүү жана колдоо механизмдери бул багытта өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан биз Улуу Британиянын колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” (EGED) Программасынын алкагында техникалык колдоо көрсөтүп жатабыз. Бул форум ошондой эле EGED программасынын колдоосу менен иштелип чыккан Айтматов районунун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилген. Биз жергиликтүү өнүгүүгө багытталган демилгелерди жана иш-аракеттерди дайыма колдоп келатабыз”.

 

Окшош материалы: