Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Абалың кандай, район?
Ат-Башы районунда өнүгүүнү координациялоо күчөтүлдү
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын байланыш боюнча консультанты
2026-жылдын 23-мартында Нарын облусунун Ат-Башы районунда 2025-2030-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Көңүл чордонунда артыкчылыктарды макулдашып, инвестициялык жигердүүлүктү күчөтүп, инклюзивдүү жана туруктуу өсүштү камсыз кылуу турат.
Жыйындын жүрүшүндө Программанын Иш-аракеттер планынын аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары, анын ичинде 2025-жыл үчүн жана 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары жарыяланды. Аларда негизги багыттар боюнча олуттуу жылыштар белгиленген: райондо 48 чакан ишкана жана 217 жаңы жумуш орун түзүлдү, ал эми жеке инвестициялардын көлөмү 101 млн сомдон ашты. Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 1,1 млрд сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүштү көрсөтө алды.
Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Мухтар ШЕРБАЕВ: “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) райондун туруктуу өсүшүнүн өзөгү болуп саналат. Көрсөткүчтөргө жетишүү гана эмес, инвестициялык жагымдуулукту күчөтүп, климаттык чакырыктарга көңүл буруу менен артыкчылыктарды ыңгайлаштыруу да маанилүү”.
Катышуучулар бизнес үчүн ачык-айкын жана божомолдоого мүмкүндүк берген чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жеке сектордун өкүлү: “Бийлик менен ачык диалог жана инклюзивдүүлүк маселелерине көңүл буруу райондун бизнесин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү негизди түзүп жатат”, – деп белгиледи.
Инклюзивдүү өнүгүү жана климаттык туруктуулук маселелерине – калктын бардык топтору үчүн мүмкүнчүлүктөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда Ат-Башы районун туруктуу жана инклюзивдүү өнүктүрүү үчүн алдыдагы мезгилге артыкчылыктуу багыттар аныкталды: инвестицияларды мындан ары да тартуу, адамдык дараметти өнүктүрүү, ишкердик климатты жакшыртуу, долбоорлорду туруктуулук принциптерин эске алуу менен колдоо.
Окшош материалы:
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Айтматов районунда “Ишкер-аял – өнүккөн коом” форуму өттү
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинде СЭӨПга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана инвестициянын өсүшү талкууланды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Кемин районундагы инвестициялык форум: өсүшкө, өнөктөштүккө жана жаңы долбоорлорго басым жасалды
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Жети-Өгүз районунда дээрлик 600 миллион АКШ долларына 16 инвестициялык меморандумга кол коюлду
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-29 Райондордун Координациялык кеңештери: райондук диалог платформалары кантип инвестициялардын жана өнүгүүнүн аспабына айланды
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандагы пробация кеңештери: жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара байланышы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-13 Ат-Башы районунун СЭӨПсы: “кабинетте” эмес, коомдун жана бийликтин күчү менен түзүлгөн өнүгүү программасы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Жети-Өгүз районундагы майрам: “Жети керемет” концепциясынын башталышы жана дестинацияны түзүү жөнүндө меморандум

















