Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АЛМАЗ БАКЕТАЕВ: коррупцияга даттанган ар бир муниципалитетке жеке өзүм жооп берүүгө даярмын

2015-06-16 / Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
АЛМАЗ БАКЕТАЕВ: коррупцияга даттанган ар бир муниципалитетке жеке өзүм жооп берүүгө даярмын

“Муниципалитет” журналынын редакциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына “МФ Борбордук казыналыгы – ЖӨБ органдарына” аттуу жаңы рубрикасын кубануу менен тартуулайт.Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыгынын директору Алмаз БАКЕТАЕВ жана анын аппараты менен июндагы жолугушуу аталган мекеме ЖӨБ органдары менен тыгыз кызматташууга ачык экенин көрсөттү. Тилекке каршы, борбордук аппарат ар бир муниципалитет менен күн сайын байланышты кармоого чамасы жетпейт, бирок жетекчилик менен кызматкерлери мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттин кармалбастан жана тартип бузууларсыз аткарылышына умтулат. ЖӨБ органдарынын адистеринин билиминин жана казыналыктын иши жөнүндө маалыматынын жетишсиздигин билген Бакетаев мырза жана “Муниципалитет” журналы мекеме менен ЖӨБ органдары ортосундагы алакаларга арналган атайын рубрика ачууну чечишти. Биз Борбордук казыналыктын жана анын жер–жерлердеги бөлүмдөрүнүн ишиндеги коррупцияга каршы туруу темасынан баштамакчыбыз. Мекеме башчысы Алмаз БАКЕТАЕВ куттуктоо иретинде: “Биз ЖӨБ органдары менен алака–катышыбызда көйгөйлөрдү болтурбоонун үстүндө иштеп жатабыз. Жер–жерлерде көйгөйлөр бар болгонун, ЖӨБ органдарына гана эмес, казыналыктын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине да билим жетишпесин билем. Журнал мамлекеттик жана муниципалдык финансыларды башкарууга жетишүүгө баарыбызга көмөктөш болот деген үмүттөмүн”, — деп айтты.

Борбордук казыналыктын милдеттери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы министрликтин түзүмдүк бөлүмчөсү болуп саналат жана “Кыргыз Республикасында бюджеттин укуктун негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10–беренесине ылайык мамлекеттик бюджетти аткаруунун тейлөөсүн жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы туруу боюнча Программасын жана Планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруунун алкагында казыналыктын системасында коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо боюнча да иш чараларды жүргүзүүдө.
 
Атап айтканда, казыналыктын коррупцияга көп аралашты делген аймактык бөлүмдөрүнүн ишин текшерип, ишеним деңгээлин баалоо максатында өлкөнүн төмөнкү аймактарынын бюджеттик мекемелеренин өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык–экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү: Бишкек ш. (Биринчи май, Ленин, Свердлов, Октябрь райондору);
 
  • Чүй облусу (Аламүдүн, Сокулук райондору);
  • Ош облусу (Ош ш., Кара–Суу, Араван райондору);
  • Жалал–Абад облусу (Жалал–Абад ш., Сузак, Базар–Коргон райондору)
Жолугушуулар бетме–бет пикир алышуу иретинде өтүп, КР финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Алмаз БАКЕТАЕВ ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин 123 өкүлү — айыл өкмөттөрүнүн финансылык–экономикалык бөлүмдөрүнүн башчылары, башкы бухгалтерлери, бухгалтерлери, кассирлери менен баарлашты.Баарлашуу маалында төмөнкүдөй курч маселелер айтылды:
 
  • бюджеттик мекемелердин келишимдерин жана милдеттенмелерин каттоо көйгөйлөрү;
  • казыналыктын аймактык бөлүмдөрү тарабынан бюджеттик мекемелердин өздүк эсептеринен көчүрмөлөрдү өз маалында бербөө фактылары;
  • казыналыктын автоматташтырылган системасы өз убагында кошулбагандыктан, операциялар өз убагында өткөрүлбөй калат.
Буга кошумча чакырылгандарга купуя сурамжылоо барактары таркатылып, казыналыктын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине анализ жүргүзүү үчүн суроолор камтылды.Сурамжылоонун жыйынтыкталган натыйжалары буларды көрсөттү:
 
  • Катышкандардын 81 пайызы казыналыктын иш режимине канааттанат;
  • 71 пайызы казыналыктын райондук бөлүмдөрүндө кабыл алууну оң баалашкан.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучуларына КРБда коррупция деңгээлин кабыл алуусун баалоо иретинде “чагымчыл” суроо берилди. Мисалы, жолугушуунун катышуучуларынан “КРБнын кызматкерлери өз кызматтык милдетин аткарууда түз же кыйыр түрүндө белек, акча талап кылган учурлар болгонбу?” деген суроо узатылды. Сурамжылоо 17 пайызы ушундай учурлар тууралуу билерин аныктады . Бул тыянаты ар башка бааласа болот. Бир жагынан көпчүлүгү — 83 пайызы талап кылуу фактыларын четке кагат. Бирок буга башка жагынан карасаң да болот — дээрлик ар бир бешинчи кызматкер мындайды башынан өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы алдында учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген мамлекеттик кызматтын принциптеринин кызматкерлер тарабынан бузулуусуна жол бербөө милдети турат.
 
Казыналык системасынын органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана болтурбоо боюнча кыска мөөнөттөгү чаралар иретинде казыналык системасынын кызматкерлери үчүн Эскертме мамлекеттик жана расмий тилде иштелип чыгып, ар бир кызматкерге таратылып берилди.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бюджеттик процесстин бардык катышуучулары менен мындан ары да ишенимге негизделген мамилелерди түзүүгө багыт алган жана министрликтин казыналык системасынын органдарында кандайдыр бир коррупциялыккөрүнүштөрдү жок кылуу максатында өз ара аракеттенүүнүн башталган форматын уланта бермекчи.