Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Чарба» – сооданы өнүктүрүүнүн акысыз мүмкүнчүлүгү!

2016-06-27 / Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
«Чарба» – сооданы өнүктүрүүнүн акысыз мүмкүнчүлүгү!

Саламатсызбы, Кыргызстандын кереметтүү элет жергесинин жооптуу кызматкери! “Ааламга жол айылдан башталат” муну түшүнбөгөн кыргыз болбосо керек. Анткени биздин элеттин эли кыргыздын нарктуулугун, уюткусун кармап турат. Глобалдык экономикалык өзгөрүүлөр алдыдагы беш-алты жылдын ичинде экономикалык өсүүнүн очогун региондорго алып келерине толук ишенем. Анткени биздин экономика буга чейин алып-сатуунун негизинде жүрүп келсе, эми бир нерсени өздөштүрүп чыгаруунун форматына өтөт. Ал эми адамдардын алгачкы муктаждыгы бул экологиялык таза тамак-аш экенин баарыбыз билебиз.

Ушул жагынан Кыргызстандын потенциалы өтө зор. Биздин жайыттарда оттогон малдар эң таза жана даамдуу этти экспорттогонго мүмкүнчүлүк ачат, ошондой эле жашылча-жемиштер, кайра иштетилип чыгарылган азыктар бар. Тоо балыбыз эл аралык конкурстарда татыктуу биринчи орундарды алганына күбө болуп эле жүрөбүз. Туризм потенциалы тууралуу да көп айтылып жүрөт. Кол өнөрчүлөрүбүздүн жыгач, жүн жана кайыштан жасаган буюмдары Европа дүкөндөрүндө сатылат. Бирок биз азыр узун, кыйыр жолдун башындабыз. Эл аралык рынок бул чоң атаандаштыктын жери жана сапаттын жогорку стандартын, мыкты уюштуруучулукту талап кылат. Мыкты уюштуруучулуктун маанилүү белгиси – бул үнөмдүүлүк. Ал эми эң кымбат жана кайтарылгыс ресурс – убакыт. Азыркы доорду 50 жыл мурун эле окумуштуулар маалымат доору деп белгилешкен экен.
 
Анткени биз жашап жаткан доордо технологиялардын жардамы менен маалымат көз ирмемде алыскы аймактарга тарап жатат.Кыргызстандыктар пайда болгон технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн 100 пайызга колдонуп калганга умтулуш керек. Ошондо гана убактыбызды үнөмдөп, мыкты уюштуруучуларга айланып, эл аралык экономикалык мейкиндикте өзүбүздүн татыктуу ордубузду ээлейбиз. Урматтуу мырзалар жана айымдар, биз айтчу сөздүн ток этээр жерине келдик. Сиздердин назарыңыздарга “Чарба” аттуу мобилдик телефондордо колдонуучу маалымат системасын тартуулайбыз. “Чарба” тиркемесин каалаган адам телефонундагы Google Play Market'тен жүктөп, Кыргызстандын булуң-бурчунан өз продукциясын калың журтка акысыз жарыялай алат. Бул тиркеме аркылуу дыйкандар менен соодагерлер, усталар менен кардарлар жана сунуштоочулар менен керектөөчүлөр бири-бирин оңой таап, элет жергесинде бизнес чөйрөнүн өсүшүнө өбөлгө түзүлөт.
 
“Чарбага” сиз айыл же шаарыңызды көрсөтүп, сунуштап жаткан продукция тууралуу толук кандуу маалымат бере аласыз (мисалы, картошка, пияз, алма же мал жандыктары, же сувенир жана башка өндүрүлгөн буюмдар, алар тууралуу кыска маалымат, телефон номер жана сүрөттөрү менен). Кардарлар да телефону аркылуу керектүү продукцияны сунуштагандарды айыл же район боюнча заматта таба алышат. Жүктөп колдонуу акысыз, болгону Play Market'ке “Чарба” деп киргизиңиз жана орнотуп алыңыз. Жарнамалар кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат. “Чарба” өзгөчө элет тургундарына керектүү тиркеме. ЖӨБ органдарынын, өзгөчө айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңештердин кызматкерлерине кайрылабыз - “Чарба” тууралуу өз аймагыңыздагы жашоочуларга маалымат жеткирип коюңуз. Бул биздин долбоордун толук кандуу ишине абадай керектүү, чоң салым болмокчу.