Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бийликтин калктан алыстап кетүүсүнө бөгөт коюу

2012-01-31 / Жөб үнү

Акыркы жылы биздин өлкөдө башталган олуттуу реформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө чоң жоопкерчиликти жүктөйт.

 

Адилбек Кыпчаков, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси
 
Акыркы жылы биздин өлкөдө башталган олуттуу реформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө чоң жоопкерчиликти жүктөйт. 
 
Кызыл-Кыя шаары Кыргызстандын түштүгүндөгү ири өнөр жай борбору болуп эсептелет. Бул жердеги реформалардын ийгилиги көпчүлүк учурда шаар мэриясынын улам өсүп жаткан талаптарга жараша ишин уюштуруусуна байланыштуу болууда.Кызыл-Кыя шаары илгертеден бери өзүнүн ыңкылапчыл жана эмгекчил салттары менен белгилүү. Бул жерде жыйырмадан ашуун улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап, бирге эмгектенип келишет. 
 
Советтер Союзу ыдырагандан кийинки 20 жыл бардык Республикада болгондой эле биздин шаарга да таасирин тийгизди. Бирок бир нерсени ишенимдүү айтууга болот: көмүр өнөр жайы өнүккөн башка чакан шаарларга салыштырмалуу Кызыл-Кыя шаары урбанисттик мүнөзүн, инфраструктурасын жана эмгек потенциалын сактап калды.
 
Өлкөнүн жогорку бийлиги тарабынан башталган реформалар шаар мэриясынан да жарандардын турмушун жакшыртуу, этностор аралык ынтымакты бекемдөө, туруктуу социалдык-саясий кырдаалды орнотууда олуттуу чараларды кабыл алууну талап кылат.
 
Өзгөчө көңүл этностор аралык ынтымакка бөлүнөт. Шаар мэри Х.Халмурзаев, мэриянын башка кызматкерлери шаар тургундары менен тез-тез жолугушуп турат жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир топ көйгөйлүү маселелер оперативдүү түрдө чечилет. Адамдар менен жашаган жеринде, көп адам чогулган жерлерде, базарларда, мечиттерде, мектептерде, жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде жолугушуу практикасы өз жемишин берип, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө эффективдүү таасирин тийгизип келет. 
 
Мэриянын кызматкерлери өз ишмердүүлүгүндөгү башкы милдет деп калк арасында төмөнкү маселелерди чечүү боюнча системалык анализ жүргүзүүнү эсептейт:
 
• калктын иш жүзүндөгү кызыкчылыктары тууралуу маалымат алуу,
 
• жергиликтүү маанидеги иштерге адамдардын таасири,
 
• мэрия менен жарандар ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү,
 
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгына карата жарандардын көз карашы.
 
Мэрия ишин төмөнкүдөй нукта алып барууга аракет жасайт:
 
• кайсы бир иш-чараларды өткөрүү боюнча калктан колдоо алуу,
 
• өткөрүлүп жаткан иш-чараларда калктын эмгек активдүүлүгүн жогорулатуу (долбоорлорго катыштыруу),
 
• адамдарды тынчсыздандырган маселелерди иш жүзүндө чечүү менен алардын ишенимине ээ болуу.
 
Жарандардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн шаардагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердүүлүгүн мындан ары да ыңгайлаштыруу керек. Биз аларды мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга, жарандардын көйгөйлөрүн оперативдүү чечүүгө багыттап келатабыз.
 
Бул максатта 2011-жылдын аягынан тарта биз мэриянын структуралык бөлүмдөрүнө функционалдык анализ жүргүзө баштадык. 2011-жылдын декабрь айында “Сууканал” кичи ишканасынын базасында мэрия кызматкерлеринин аппараттык окуусу өттү. Анда аталган ишкананын функционалдык анализинин жыйынтыгы чыгарылып, калкка кызмат көрсөтүүдө жетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленип, ушул муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана башкарууну оптималдаштыруу боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле түрдүү даярдык деңгээлине жана квалификацияга ээ мэрия аппаратынын кызматкерлери менен тажрыйба алмашуу болуп, кызыктуу баарлашуу да орун алды. Ушундай эле анализ шаардын башка мекемелеринде жана уюмдарында жүргүзүлмөкчү.
 
Адамдардын турмуш шартын жакшыртуу маселеси менен алектенип жатып, биз көп учурда пайда болгон маселелерди мындан да сапаттуу чечүүгө жол ача турган өзүнчө маселелерге күбө болобуз. Биздин баамыбызда, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери тууралуу” мыйзамга ылайык, иш жүзүндө ЖӨБнун каржылык өз алдынчалуулугун бекемдөө зарыл. Бул маселеге байланыштуу нормативдик-укуктук актыларда ЖӨБ органдарынын пайдасына нормативдик төлөмдөрдү кайра карап чыгууга болот. Бул болсо жергиликтүү маанидеги маселелерди мындан да эффективдүү чечүүгө жол ачмак.
 
Айрым борбордук органдардын адамдардын керектөөлөрүнө жана талаптарына кайдыгерлигине бөгөт коюу зарыл. Жашыруун эмес, министрликтердин жана ведомстволордун башчылары ошол аймактарга чанда гана барат, кээде жергиликтүү көйгөйлөрдү угуп эле койот. Адамдарды тынчсыздандырган маселелерге көңүл буруу, аларды чечүү тармактык саясатты эффективдүү жүргүзүүгө жол ачмак. 
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамга ылайык, ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет. Бирок иш жүзүндө бул укуктар каражат жагынан камсыздалбайт, ушундан улам ЖӨБ органдары чыгашаны жергиликтүү бюджеттин эсебинен толуктоого мажбур. ЖӨБ органдарына ыйгарым укуктар өткөрүлүп жаткандан кийин аларды аткаруу үчүн каржы булагын да так көрсөтүп берүү зарыл.
 
Муниципалдык кадрларды кайра даярдоо практикасын да кайрадан карап чыгуу зарыл. Кадрлардын квалификациясын сапаттуу жогорулатуу үчүн муниципалдык кызматкерлерди даярдоо программасы так жазылышы керек. Кайра даярдоо программасында муниципалдык кызмат тармагындагы улуттук жана чет элдик тажрыйбалар камтылышы зарыл. Мындай учурда Кыргыз Реуспубликасынын Президентинин алдындагы Академияда кайра даярдоо базасы ачылып, ал республикалык бюджеттен каржыланса, таасирдүү болмок.
 
ЖӨБ органдарынын эффективдүү ишинде алынган тажрыйбаны колдонуу, жаңы ыкмаларды жана критерийлерди иштеп чыгуу, жергиликтүү демилгелерди жана башталыштарды колдоо натыйжада азыркыга караганда адамдарга мындан да ыңгайлуу шарттарды түзмөк. Бул болсо ЖӨБ органдарынын ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн башкы шарты. 
 
Ушул тапта өлкөдө мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу иштери жүрүүдө. Мунун алкагында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикте өзгөрүүлөр болду. Ал Аймакты өнүктүрүү жана курулуш боюнча агенттикке өзүнчө структуралык бөлүм болуп кирди. Бул өзгөрүү канчалык натыйжалуу болоорун убакыт көрсөтөт. Бирок ЖӨББУАга өз убагында  ЖӨБ органдарынын кызыкчылыгына тиешелүү болгон бардык маселелерди координациялоо боюнча өтө маанилүү ыйгарым укуктар жүктөлгөн. Андыктан ЖӨББУАдагы өзгөрүүлөр сапатка терс таасирин тийгизбеши керек. 
 
Аймак тургундарын тынчсыздандырган бардык маселелерди бир макалада чагылдырып берүү мүмкүн эмес. Бирок аларды баскыч-баскычы менен чечүү жарандарды өлкөдө калктын жашоосун жакшыртууга багытталган өзгөрүүлөр башталганына жана уланып жатканына ишендирмек. Адамдарда мамлекетке, бийлик органдарына ишенимин кайтаруу – бул маселе бүгүнкү күндө буга чейин болуп 
көрбөгөндөй курч турат жана анын чечилиши биздин өлкөнүн келечегин аныктайт.
 
Гульнара Исмаилова, Ивановка айылдык аймагынын    жооптуу катчысы:
 
“Менин 17 жылдык айыл өкмөтүндөгү иш тажрыйбамда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кесиби боюнча ЖОЖду аяктаган бүтүрүүчү айыл аймагына иш издеп келген эмес. Мындайды мен башка жакта да уккан эмесмин. Адамдарды биз айла жок эле алып, алар иштеп баштаганда милдеттерин түшүндүрүүгө мажбурбуз. Квалификацияны жогорулатуу курстары бизге өтө зарыл. Муниципалдык кызматтарда у н и в е р с и т е т т и к базаны гана эмес, практикалык тажрыйбаны, техниканы талап кылган иштер абдан көп. Биз өзүбүз ушул билимдерди адамдан адамга өткөрүп берүүдөбүз. Бирок бул туура эмес. Биз өз казаныбызда эле кайнап, муниципалдык башкаруудагы прогресстен артта калып жатабыз, бул болсо өз кезегинде кызмат көрсөтүүнүн сапатына таасирин тийгизип жатат. Бирок экинчи жагынан ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринде өз квалификациясын жогорулатууга стимул жок, анткени алар окусаң да, окубасаң да айлык жогорулабайт, жаңы ишке орноштурбайт деп эсептешет. Мына ушул эки көйгөйдү чечүү зарыл, бул үчүн квалификацияны жогорулата турган борборлорду (курстарды) ачып,  кызматкерлердин окуу жаатындагы натыйжаларын кызматтан жогорулоо жана маянага “байлап” коюу зарыл. Бүгүнкү күндө бизге иш алып баруунун негиздери, технологияны башкаруу, 
жаңжалдарды алдын алуу, жамааттар менен иш алып баруу багытында окутуулар керек”.
 
Нурбек Молдокадыров, Нарын шаарынын вице-мэри:
 
“Муниципалдык кызматта көйгөйлөр абдан көп. Мэриядагы кызматка тиешелүү даярдыгы болбогон адамдар келип жатканын мойнубузга алабыз. Биз мыйктылардын ичинен мыктыларды эмес, болгон нерсенин ичинен жакшыраагын тандоого мажбурбуз. Мындан тышкары, тилекке каршы, ушуга чейин профессионалдык сапатына жана деңгээлине жараша эмес, жогору жактан түшкөн тапшырманын негизинде ишке алынган учурлар кездешет. Көп жакшы даярдыгы болбогон адамды ишке алуу менен, анын квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогонубуз кырдаалды татаалдаштырууда. мына ушунун баары Нарындын мэриясые муниципалдык кызматты жакшыртуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу багытында өз саясатын иштеп чыгууга түрттү. Бирок мунун баарын өз күчүң менен жасай албайсың, ресурстар, эң негизгиси билим жетишсиз болууда. Бул – мамлекеттик саясат маселеси”.