Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында муниципалдык кепилдик фонддор

2014-09-11 / Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Кыргыз Республикасында муниципалдык кепилдик фонддор

2014-жылдын августунда Кепилдик фонддор ассоциациясы (КФ) “Кара-Балта” КФ түзүлүшүнүн жана өнүгүүсүнүн беш жылдыгын майрамдоого катышты. “Кара-Балта” КФ 2009-жылы катталган, ал эми ишин 2011-жылы эл аралык донордук долбоордун жардамы менен баштаган. Дал ушул “Кара-Балта” кепилдик фондунан Кыргызстанда- гы кепилдик фонддор системасы түптөлө баштаган. Кара-Балта шаарынын мэриясы жана кеңеши КФ капиталына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүшкөн жана ишкерлер насыя алууда зарыл болгон жардамды көрө баштаган. Ошондон кийин дагы беш кепилдик фонду ачылып, ишин ийгиликтүү алып кеткен. Кепилдик фонддору шаарлардын,элеттик региондордун жана облустун масштабында ишке ашырылып,ишкерчиликти өнүктүрүүгө иш жүзүндө жардам берип келатат.

Аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү маселе болуп ишкерлердин каржылыкка жетүүсү эсептелет.Кыргызстанда каражатка жеткиликтүүлүк маселеси бир катар себептерден улам өзгөчө элеттик ишкерлер үчүн көйгөйлүү болуп турат: банк инфраструктурасынын жана микрокаржы түзүмдөрүнүн (МКТ) жетишсиздиги; МКТнын пайыздык коюмдарынын өтө жогору болгону; кепилдикке жогорку талаптар коюлганы; ишкерлерде кепилдиктин жетишсиздиги.Ишкерлердин банкка насыя сурап кайрылганына жасалган анализ көрсөткөндөй, банк кардарларынын жалпы санынан 40-50% насыянын зарыл болгон суммасын алуу үчүн жетиштүү даражадагы кепилдиги жок болуп чыгат (банктын 150 миң зайымчысынан 50дөн 75 миңге чейинкилеринде).МКТнын кардарлары болуп 420-450 миң ишкер эсептелет. Алардын көбүндө да кепилдик жок.Ошентип банктын жана МКТнын 600 миң зайымчысынын 200 миңге жакынында кепилдик берүүдө маселе жаралат (банктын 50-75 миң кардары жана МКТнын 125-150 миң кардары). Экономиканын өсүшүн жана ишкерлердин абалынын жакшыра башташын эске алуу менен алардын насыяга болгон керектөөсү жыл сайын өсүүдө, ал эми банктардын кепилдиктин наркын баалоосу анын базар баасынан орточо 50-60% бойдон калууда.Ишкерлердин кошумча кепилдикке болгон керектөөсү Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонддорун (КФ) түзүүгө себеп болду. Кепилдик фонддору ишкерлерге насыянын зарыл болгон суммасын алуу үчүн кепилдиктин жетпей жаткан бөлүгүн берүү менен ишкерлерде кепилдиктин жетишсиздиги өңдүү маселени чечүүдө.Донордук жардам боюнча эл аралык долбоордун колдоосу алдында Кара-Балта, Жалал-Абад,Каракол шаарларында жана Сарай айылдык аймагында төрт пилоттук кепилдик фонду түзүлдү.Кепилдик фонддорунун негиздөөчүлөрү болуп аталган шаарлардын мэриялары жана Сарай айыл өкмөтү болуп эсептелет.Андан кийин кепилдик фонддору Ош жана Кант шаарларында түзүлдү. Бул фонддорго жардамды Кыргыз Республикасынын Кепилдик фонддор ассоциациясы көрсөттү.Кепилдик фонддорунун ишинде тобокелчиликти азайтуу максатында жана фонд насыя мекемеси болбогонун эсепке алуу менен бардык кардарлар фондго банк аркылуу келет деген чечим кабыл алынды. Банктарда кардарлардын насыя төлөө жөндөмдүүлүгүнө, насыяны натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө толук анализ жасалып, ишкердин колунда болгон кепилдик камсыздандыруусуна баа берилет. Насыя берүү тууралуу чечим бекитилгенден кийин жана ишкер үчүн зарыл болгон көлөмдө насыя алуу үчүн кепилдик жетишсиз деген милдеттүү шарттан соң алар КФке кепилдик сурап кайрылышат.
Кепилдикти ким берет? Эгерде ишкерлерге зарыл болгон сумманы алуу үчүн кепилдик жетпей жатса, алар аны кантип алышат? Мисалдын негизинде түшүндүрүп берели.Ишкер 500 миң сом насыя алгысы келет дейли.Бул үчүн ал банкка кайрылат. Банк анын бизнесин баалап, бизнес-планын, насыя таржымалын карап чыгып, кепилдикти баалагандан кийин 400 миң сом сунуш кылат. Бирок ишкерге 500 миң сом керек да.Мындай учурда банк ишкерге 100 миң сом суммасына кепилдик суроо үчүн Кепилдик фондуна кайрылууну сунуштайт.Кепилдик берүү тууралуу өтүнүч келтирилген табыштама банктан КФке түшөт. Ал жерде конкреттүү зайымчыга байланыштуу банк филиалынын насыя комитетинин чечими, бизнес-планга жасалган анализ, колдо болгон кепилдиктин канчага бааланганы жана башка материалдар болот.КФ беш жумушчу күндүн ичинде табыштаманы карап чыгат жана кепилдикти берүү же баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. 100 миң сомго кепилдик берген учурда ишкер банктан зарыл болгон 500 миң сом насыяны алат.КФ кепилдикти берүүдө негизги шарттар төмөнкүлөр:
 
  • кепилдиктин суммасы насыя суммасынан 30% ашпаш керек;
  • кепилдиктин суммасы кепилдик фондунун капиталынан 5% ашпаш керек;
  • кепилдик бир жылга чейин берилет (бул КФ жогору капитализацияга жеткенге чейинки убактылуу шарт);
  • кепилдик КФтин Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген экономиканын белгилүү бир тармактарына берилет.
Бүгүнкү күндө артыкчылыктуу багыттар болуп төмөнкүлөр эсептелет: өндүрүш, айыл чарбасы жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү,кызмат көрсөтүүлөр жана соода.Кепилдик фондунун пайдасы эмнеде?КФ кепилдик бергенден кандай пайда көрөт? КФ ишкерден 1 жылдык мөөнөткө кепилдик берүү менен кепилдик суммасынан 1,5% алат. Ал эми ишкер банкка бардык 500 миң сомдун пайыздык коюмун төлөйт.КФ туруктуулугунун максатында алгач алардын өзүн өзү актаганы башкы тапшырма болсо, учурда бардык кепилдик фонддор өзүн өзү толук актап,кирешелүү болуп калды. Пайдалуулук кирешелердин төмөнкү түрлөрү менен камсыздалат:
 
  • жылдык мөөнөткө берилген кепилдиктин суммасынан 1,5% көлөмүндө комиссиялык киреше, аны бир жолку тартипте кепилдик алып жаткан ишкер төлөйт;
  • өнөктөш банктын депозиттик саясатына жана депозиттин мөөнөттөрүнө жараша жылына 8ден 15% чейинки коюм боюнча депозит боюнча пайыздар;
  • убактылуу эркин каражаттарын КФ жогорку өтүмдүүлүгү жогору болгон баалуу кагаздарды – КР Улуттук банкынын ноталарын же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдерин сатып алууга жумшай алат. Кирешенин жогоруда аталган түрлөрү бардык административдик чыгымдарды жабуу үчүн киреше алууга жол берет. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын каржы базарынын шарттарында КФ ишинин туруктуу, натыйжалуу жана кирешелүү болуусу үчүн минималдык капитал 6,0 млн. сом өлчөмүндө болуш керек. Ошондуктан “Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө” Мыйзамда КФтин талап кылынган минималдык капиталы жогоруда аталган көлөмдө белгиленген.Банктардын өздөрүнүн демилгеси менен алар кепилдик 1 жылга болгон учурда да насыяны 2-3  жылга беришет. Бир жылдан кийин берилген кепилдиктин суммасы КФке кайтарылат жана башка ишкерге кепилдик берүү үчүн колдонулат. Банк менен болгон бардык өз ара мамилелер КФ менен банк ортосундагы макулдашууда көрсөтүлөт. КФтин өнөктөш банктары болуп “РСК-Банк” ААК, “Азия банкы” ЖАК жана “Кыргызстан” банкы эсептелет.Өнөктөш банктардын санын кеңейтүү маселеси күн тартибинде турат.
  • Келечекте КФ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү программаларынын катышуучусу болуп эсептелет: 2014-2017-ж.ж. Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы;элеттик ишкерлер үчүн пайыздык коюмду субсидиялоо боюнча программалар; Экспортту өнүктүрүү стратегиясы;“2014-2017-ж.ж. банк системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары” ж.б.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-жылдын 18-декабрында №678 токтомду кабыл алды. Анда муниципалитеттерге ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн өз аймактарында кепилдик фонддорун түзүү сунушталат. Ушундан улам Кант шаары бул сунушту колдонууга алды, ал эми Нарында, Лейлек районунда, Токмокто, Балыкчыда ж.б. КФ түзүү маселеси каралууда.КФтин практикадагы иши мыйзамдардагы кемчиликтерди аныктоого жардам берди жана “Кыргыз Республикасындагы Кепилдик фонддору жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Кыргыз Республикасында кепилдик фонддор системасы “жогору жактан” таңууланбастан жана модалуу бир көрүнүш болбостон, муниципалитеттерде, аймактарда чакан жана орто бизнестин керектөөлөрүнөн түзүлгөнү анын артыкчылыгы болуп саналат. М