Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Буга чейинки пландарды көчүрүп чыгаруунун ордуна көрсөткүчтөрдүн негизинде социалдык- экономикалык өнүгүүнү пландоо
Максим СЕМЕНЯК, ӨСИнин эксперти
Пландоонун азыркы системасы жана аны жакшыртуу зарылчылыгы тууралуу
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык пландаштыруу тутуму борбордук жана аймактык деңгээлде кирешелерди чыгымдарга дал келтирүү принцибинде курулган, ал тургай макроэкономикалык көрсөткүчтөр практикалык көз караштан алганда гана талданат – казынаны толуктоо деңгээлин аныктоо үчүн гана. Башкача айтканда, пландаштыруу өнүгүү максаттарын коюуга эмес, өзүбүзгө жана балдарыбызга каалаган келечекке эмес, учурдагы киреше бизге мүмкүнчүлүк берген алкакта гана жүргүзүлөт.
Тармактык өнүгүү пландары даярдалып жатат, бирок алар мамлекеттик органдардын тар чөйрөсүнүн менчиги бойдон калууда жана утилитардык тармактарды (суу менен камсыздоо, таштандыларды иштетүү, транспорт) колдоо үчүн донорлордун каражаттары пайда болгондо гана алардын “жаңырыгы” аймактардын деңгээлине жетет. Социалдык-экономикалык пландаштыруунун бирдиктүү интеграцияланган тутуму жок, ал иштеп жаткан салык базасынын маалыматтарына гана эмес, өнүгүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө (өсүү факторлоруна) жана мейкиндик параметрлерине таянып, регионалдык көйгөйлөргө жооп издөөгө жардам бермек.
Мурда 90-жылдардын аягында, Кыргыз Республикасында борборлоштурулган региондук талдоо жана биринчи кезекте инвестицияларды пландоо практикасы болгон, аймактарды региондорду өнүктүрүү профилдери иштелип чыккан. Азыр бул практика бюджеттик инвестицияларды пландаштырууга программалык мамиле практикасы (акырындык менен өсүп жаткан экономиканын өнүгүшүнүн негизги фактору) сыяктуу дээрлик унутулуп баратат. Аймактардын өнүгүүсүнө жүргүзүлгөн мониторингди түзүү тутуму да заманбап пландаштыруу тутумусуз ишке ашпайт. Дал ушул пландаштыруу баскычында мониторинг тутуму курулган индикаторлордун же өнүгүү индикаторлорунун керектүү топтому түзүлөт.
Пландаштырууга жаңыча ыкмалар эффективдүү болушу үчүн, ишенимдүү сандык жана сапаттык маалыматтар, алардын ишенимдүү булактары керек. Эгерде сапаттуу маалыматтар мезгил-мезгили менен өкмөттүк эмес уюмдардын күчү менен чогултулуп келатса, анда сандык маалыматтар, ЖӨБ органдарынын карамагында калуу менен, КР Улуттук статистика комитетинин аракеттерине карабастан өтө начар топтолууда.
ӨСИ долбоорлорунун биринин тажрыйбасы буга мисал болуп бере алат. Анын алкагында төрт пилоттук айылдык ЖӨБ органдары бир топ убакыттан бери алар үчүн жеткиликтүү болгон маалыматтарды топтой алышкан эмес, мисалы, жумуш менен камсыз болгон калктын экономиканын тармактары боюнча бөлүштүрүлүшү, тармактар боюнча негизги фонддордун наркы ж.б.
“Чарба китеби” жана “Санарип Аймак” сыяктуу республиканы глобалдуу камтыган аймактардын жана региондордун деңгээлинде жаңы маалыматтык тутумдарды киргизүү бул маселенин оң чечилиши болуп саналат. Бул тутумдарда талдоо чөйрөсүн кеңейтип, экономикалык өсүүнүн факторлорун жана программалык ниеттерин, ошондой эле мейкиндик пландарын эске алуу менен экономикалык жана социалдык өнүгүүнү моделдөө, ар кандай ыкмаларды колдонуучу сандык көрсөткүчтөрдүн кеңири чөйрөсү болот.
Социалдык-экономикалык пландоонун модели
Жергиликтүү деңгээлде экономикалык өнүгүү чараларын иштеп чыгуу максатында салттуу маалыматтарды чогултуу жана талдоо ыкмаларынан тышкары, социалдык-экономикалык пландаштыруунун динамикалык регрессиялык модели (“Модель”) колдонулган. Анын жардамы менен пилоттук айыл аймактардын жергиликтүү экономикасынын өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүлдү. Бул модель ЖӨБ органынан алынган маалыматтардын негизинде өнүгүүнүн негизги тенденцияларын жана божомолун сүрөттөөгө арналган.
1-диаграмма. Мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүндө өзгөрүүлөрдүн динамикасы (бодо мал, эт, центнер)
Модель ЖӨБ органынын статистикалык маалыматтарына негизделген жана көпчүлүк параметрлер боюнча иш жүзүндөгү маалыматтар болгондо, ал ар кандай факторлордун (калктын өсүшү, жумуш менен камсыз кылуу, инвестициялар, каражаттар ж.б.) жашоо сапатына, аймакта өндүрүштүн жана керектөөнүн өсүшүнө, жергиликтүү бюджеттердин киреше базасынын өзгөрүүсүнө жана калктын кирешелерине тийгизген баалай алат. (Дүйнөлүк Банктын буйрутмасы менен ӨСИнин катышуусу менен иштелип чыккан). Моделдин өзү да, айрыкча, келечекте маалыматтык тутумдарга интеграциялоо көз карашынан алганда, олуттуу өркүндөтүүлөргө муктаж экендигин белгилей кетүү керек. Маалыматтарды талдоо али таза автоматташтырылган мүнөзгө боло элек, ал эксперттердин катышуусун талап кылат.
2-диаграмма. Мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүндө өзгөрүүлөрдүн динамикасы (кой, жүн, кг)
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылдык аймагында мал чарбасын өнүктүрүүнүн моделин түзүү1
Жогоруда баяндалган маалыматтарды чогултуудагы көйгөйлөргө карабастан, анализ жүргүзүлүп, анын натыйжалары бир катар пилоттук облустардын жергиликтүү экономикалык өнүгүү программаларынын бөлүмдөрүндө “Моделдөөнүн жыйынтыктары” бөлүмчөлөрүндө чагылдырылган. Моделдөөнүн жыйынтыктары экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет жана мүмкүн болушунча жергиликтүү экономикалык өнүгүү планында аныкталган артыкчылыктуу багыттардын өнүгүшүнүн потенциалдуу артыкчылыктарын болжолдойт. Тогуз-Торо ААда моделдин жардамы менен мал чарбасынын өнүгүүсүнө жасалган анализди буга мисал катары келтирсек болот.
Мал чарбачылыгы Тогуз-Торо ААнын өндүрүшүнүн негизги тармагы болгондуктан, ал моделдин жардамы менен анализденген. Бул анализ бир максатты көздөгөн – мал чарбасынын негизги көрсөткүчтөрүн жөнөкөй регрессиялык анализинин жыйынтыктарын бул тармак экономикалык өнүгүүгө багытталган чаралардын жардамы менен жете алышы ыктымал жыйынтыктар менен салыштыруу.
Мал чарбасын өнүктүрүү багытында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программалары асыл тукум чарбасын жана асыл тукум жылкы чарбасын түзүүнү гана карайт, анын жалпы инвестициялык талабы 10,0 миллион сом (тез-тез салынган инвестициялар). ӨСИнин колдоосунун алкагында иштелип чыккан кошумча чаралар кошумча инвестицияларды караштырбайт. Бирок ЖӨБ органдарынын жана бизнес жамаатынын түздөн-түз катышуусу менен кыйла уюшкан мамилени сунуш кылат. Бул 2023-жылга чейин тармакты өнүктүрүүнүн кеминде эки сценарийин кароого мүмкүндүк берет (1-таблицаны жана төмөндөгү 1-2-диаграммаларды караңыз).
Маалыматтарга негизделген пландоо модели кантип иштейт?
Модель белгилүү бир тармакта, экономикалык сектордо, социалдык программаларда жана башкаларда болгон өнүгүү программаларынын негизинде сценарийлерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Жөнөкөй болжолдуу экстраполяцияга негизделген болжолдуу баштапкы сценарийден (базалык линиядан) тышкары (мисалы, акыркы бир нече жылдагы орточо өсүш темпин аныктоо жана ушул орточо мааниге таянуу менен кийинки жылдардагы өсүштү божомолдоо) моделге түзөтүүчү коэффициенттерди киргизсе болот. Алар болжолду түзөтүп, өнүгүү программаларынын таасирине негизделген башка сценарий үчүн материал беришет.
Моделдин жардамы менен көрсөтүлгөн сценарийлер бодо малдын (эт жана сүт) жана койдун (жүндүн) өндүрүмдүүлүгүндөгү (диаграммаларды карагыла) жана айрым колдоо чараларынын болжолдуу жыйынтыктарын эсепке алган баштапкы сценарийдин (колдоо чаралары жок) ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды көрсөтүүдө. Моделдөө КР Айыл чарба министрлигинин 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында мал чарбасын өнүктүрүүнүн программасынын максаттуу көрсөткүчтөрүнө негизделген: 2023-жылга чейин үйүр структурасындагы жаныбарлардын породалык курамын 10 пайызга жакшыртуу; эттин союлушун 60-65% чейин жогорулатуу; сүт багытындагы үйүрдүн өндүрүмдүүлүгүн (ар бир уйдан сүт саап алуу) 10 пайызга жогорулатуу; бир койдон жогорку сапаттагы ичке жүндүн орточо кыркылышын 0,2 кг көбөйтүү.
Ошентип, моделди колдонуу төмөнкүлөргө жол ачты: 1) учурдагы кырдаалдын жана перспективалардын (ЖӨБ органынын саясатынын чараларын эске алуу менен) пилоттук ААда калктын иш менен камсыз болушунун өсүшүнө таасирин баалоого; 2) тармактын ичиндеги факторлорду СЭӨПга караганда бир кыйла кеңири чагылдыруу менен камсыз кылуу, анткен менен талданган секторлордун саны маалыматтардын жетишсиздиги менен чектелген; 3) тармактардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жагындагы артыкчылыктарын ачык-айкын көрсөтүү менен, өнүгүү сценарийлерин колдоо чараларсыз көрсөтүү. Келечекте сандык жана сапаттык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу менен жана модель өркүндөтүлгөндөн кийин, колдонулган ыкма моделдин бир бөлүгү болуп саналган экономикалык өнүгүүнүн факторлорунун негизинде социалдык-экономикалык пландаштырууга өтүүгө мүмкүндүк берет, бирок алар боюнча сандык маалыматтардын жетишсиздиги бар.
Окшош материалы:
-
№4 (126) / 2022-05-09 Үйрөнгөн уят эмес, билбеген уят! Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мисалында туруктуу кызмат көрсөтүүлөр жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү
-
№2 (112) / 2021-03-04 Жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү деген эмне?
-
№5-6 / 2016-06-27 «Чарба» – сооданы өнүктүрүүнүн акысыз мүмкүнчүлүгү!
-
№5-6 / 2015-06-16 АЛМАЗ БАКЕТАЕВ: коррупцияга даттанган ар бир муниципалитетке жеке өзүм жооп берүүгө даярмын
-
№9(34) / 2014-09-11 Кыргыз Республикасында муниципалдык кепилдик фонддор
-
№9-10 (22-23) / 2013-12-23 Липенканын балык өст үрүүчү адистери
-
№1(2) / 2012-01-31 Бийликтин калктан алыстап кетүүсүнө бөгөт коюу