2015-10-06 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
2015-жылдын жай мезгилинде Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору Чүй облусунун максаттуу муниципалитеттери менен кызматташа баштады. Жамаат менен иш алып барууда маалымат берүүчү жолугушуулар алгачкы кадам болуп калды. Ошол жолугушууларда муниципалитеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун жана калк алдындагы отчеттуулугун жогорулатуу боюнча алдыда болчу иштер, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү жамааттын өзүнүн катышуу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар тууралуу маалымат алышты.
Алгачкы жолугушуулардын алкагында бардык 12 муниципалитетте тең сурамжылоо жүргүзүлдү. Баары болуп сурамжылоого 550 киши катышты. Жамааттардын өкүлдөрүнө жана ЖӨБ органдарына – айыл өкмөтүнүн жана мэриянын кызматкерлерине да, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына да анкетадагы суроолорго жооп берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калктын өз ара аракети тууралуу айтып берүү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде берилген бир катар кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо сунушталды.Калктын ойпикирин дагы да деталдуу изилдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечим кабыл алууда ага жарандардын катышуу Моделин жайылтуу үчүн ар бир муниципалитетте иштердин комплекси өткөрүлдү. Аларга ЖМБА-иш-чаралары – фокус-топтор, жумушчу жолугушуулар камтылды.
Ошол жолугушуулар маалында ЖӨБ органдарынын окуудан өткөн адистери калктын керектөөлөрүн терең изилдеп, өзгөчө курч маселелерди ийне-жибине чейин аныктап алышты. Бул иш-чараларга 4000 киши катышты. Бул изилдөөлөрдө белгилүү болгон маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жакын арадагы ишинин өзөгүн түзмөкчү. Жергиликтүү жамааттын активисттери АӨ аппараты (мэрия) жана депутаттар менен өнөктөштүктө Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышат. План коомчулукка жыйындарда тааныштырылат жана талкууланат. Сурамжылоонун жыйынтыктарын ӨСИнин кызматкерлери карап, талдап чыгышты. Жыйынтыктар бардык муниципалитеттерге мындан ары да бул багытта иштөө жана ЖӨБ органдарынын калк менен өз ара аракетинин сапатын жогорулатууда алгачкы кадам катары маалымат бюллетени түрүндө калк арасында таратылат.
Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкарууга оптимизм менен карашат Сурамжылоонун жыйынтыктары бардык муниципалитеттер боюнча жагымдуу жагдайды көрсөтүүдө.Калк ЖӨБ органдары менен өз ара аракетти бир кыйла жогору баалап, маалымат алмашуу, коомдук мааниге ээ болгон иштерде өз пикирин билдирүү, ЖӨБ органдарынын ишинин сапатына таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин тастыктады. Калк ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча аракеттерин да бир топ жогору баалаган. Жергиликтүү өз алдычна башкаруу дегенде сурамжылоого катышкандарда оң эмоциялар пайда болгону өтө маанилүү. Бул бийликке болгон ишенимди күчөтүү, бийлик менен калктын конструктивдүү диалогу, кабыл алынып жаткан чечимдер үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүү үчүн өтө маанилүү.
Айталы, “жергиликтүү өз алдынча башкаруу дегенде кандай эмоциялар пайда болот?” деген суроого “оптимизм” деген жооп көп, “кыжырдануу” деген сейрек тандалган.Оптимисттик маанайдагы респонденттердин эң жогорку деңгээли Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык аймагында катталган – 74%. Ушул айылдык аймакта оптимисттер катардагы адамдардын арасында көп болгон – 69,4%. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жарандардын ортосундагы анчалык чоң эмес айырманы да белгилесе болот: терс эмоциялар көп учурда катардагы адамдарда эмес, ЖӨБдүн өкүлдөрүндө болгон. Ошону менен бирге ЖӨБдүн өкүлдөрүндө терс эмоциялардын арасынан аёо сезими да билинген – 30%. 12 муниципалитеттин ичинен экөөндө дал ушул ЖӨБ органдары алар жасаган иш терс эмоцияларды – жана көңүл кайтуу сезимдерин пайда кыларын белгилешкен.
Бирок ошол эле аймактарда катардагы жарандар ЖӨБдүн өкүлдөрүнө салыштырмалуу позитивдүү маанайда болгону билинген – аларда ЖӨБ дегенде позитивдүү эмоциялар салыштырмалуу көбүрөөк болгон – 35 пайыздан 70%га чейин. Сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, Чүй облусунун муниципалитеттеринде оптимизмдин жогорку деңгээлин ЖӨБ органдарынын жакшы иши, ЖӨБ органдарынын калк менен жакшы өз ара аракети, өз иши тууралуу калкты өз убагында кабардар кылып турган ЖӨБ органдарынын ачыктыгы, кызмат көсөтүүлөрдүн дурус сапаты менен түшүндүрсө болот.Калк тарабынан баа берүүгө караганда, ЖӨБ органдарынын өз ишине канааттануусунун деңгээли жогору Айыл өкмөтүнүн (мэриянын) ишине канааттанууну бардык респонденттер жогору баалашкан. Ал эми 45% толук канааттанарын айтышкан. Жөнөкөй жарандарга караганда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өздөрү жогорку баа беришкен. Бирок толук канааттангандар менен айырма 20% түзөт. Жергиликтүү кеңештин иши тууралуу суроого “толук канааттандырат” дегендер 30% болгон жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү тарабынан баалоонун ортосундагы айырма 10% түзөт. АӨнүн (мэриянын) да, кеңештин да иши “жарым-жартылай канааттандырат” деп баалагандар карапайым адамдар арасында көбүрөөк.
ЖӨБдогу бийликтин түрдүү бутактарынын өкүлдөрүнүн өзүнө өзү жана кесиптештери берген баанын ортосунда айырма да кызыктуу. АӨ (мэрия) кызматкерлери арасында өзүнө ишенгендер көбүрөөк – 70%. Ошол эле маалда депутаттар арасында мындайлар болгону 44% түзөт. Бирок ошонун өзүндө да бул жергиликтүү жамаат берген баадан жогору. Анткени ЖӨБдүн ишине толук канааттанган жамаат өкүлдөрүнүн үлүшү 41 пайызды түзөт. ЖӨБ менен калктын кызматташтыгы жана ЖӨБ органдарынын калктын сунуштарын колдоосу мүмкүн болгон он баллдын ичинен дээрлик 6 баллга бааланган. Жарандардын баштапкы баасына караганда объективдүү жагдай начар Жергиликтүү жамааттар жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз муниципалитеттерин мына ушинтип сүрөттөп беришти. Бул жагдай жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишеним бир кыйла жогору деңгээлде болгонунан кабар берет. Мындан артык эмне бар?
Анткен менен, тышта жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыктары, аны менен катар имараттардагы, же ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын имараттарындагы маалымат керегелерин текшерүүнүн жыйынтыктары башка жагдайды көрсөттү. Ошондой эле жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралар да башка жагдайды ортого салды. Мисалы, ЖӨБ органдарынын ишине, алардын калк менен өз ара аракетине канааттануу жогорку деңгээлде деп бааланган муниципалитеттердин биринде “орто мектептер” кызмат көрсөтүүсү өтө жогору бааланган. Бирок жамаат муктаждыктарын изилдөө процессинде дал ошол орто мектептердин абалын жамаат чукул арада чечилүүгө тийиш көйгөй катары аныктаган. ЖӨБ органдарынын калк менен маалымат алмашуусунун абалына байланыштуу да ушундай жагдай түзүлгөн.
Баштапкы сурамжылоо ЖӨБ органдарынын ачыктыгына, маалымат алмашууга жана катышууга канааттануу деңгээли жогору болгонун көрсөткөн – респонденттердин 34% маалымат алмашууга толук канааттанарын айткан жана 50% жигердүү катышарына ишенерин белгилешкен. Анткен менен бардык муниципалитеттерде калк менен жолугушуу маалында жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун алкагында жашоочулар жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматка ээ болбогону тууралуу маселе көтөрүлгөн. Маалымат керегелери да бюджеттик маалыматка жеткиликтүүлүк чектелүү болгонунан кабар берет. Ал жакта бюджет тууралуу маалымат жок, же илинген документтер жергиликтүү бюджеттин абалы тууралуу реалдуу маалыматты камтыбайт.Маалымат керегелеринин мазмуну да купулга толбойт. Айталы, мыйзамдарга ылайык коомчулукка жеткирилиш керек болгон маалыматтын түрлөрүнүн кыска тизмесинен 12 муниципалитеттин экөөндө гана шайкештик деңгээли 55% түзгөн. Ошол эки муниципалитетте тең сурамжылоодо ЖӨБ органдары өз иши тууралуу калкка маалымат бергени анчалык жогору бааланган эмес.
Тескерисинче, ачык деп жогору бааланган АӨнүн керегеси болгону 15% гана толтурулган. Ошентип, сурамжылоонун жыйынтыктары, ЖМБА-иш-чаралары, жеринде жүргүзүлгөн изилдөө, калк менен жолугушуулар маалындагы байкоолор, ЖӨБ органдары менен жумушчу жолугушуулар төм. тыянак чыгарууга жол берет: калк да, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү да маалымат менен алмашуунун жана жарандардын катышуусунун маңызын көп жакшы түшүнүшө бербейт. Жергиликтүү жамааттар (жашоочулар жана ЖӨБ органдары) маалыматты ачыкка чыгарууга болгон талапты, жарандарды жеринде чечим кабыл алуу, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүнү талкуулоо процессине тартууну толук биле беришпейт.