Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы

2022-04-23 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы

МАШАЕВА Анаркуль, Аялдар коомитетинин төрайымы.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Мигранттардын көйгөйү бир эле Сузак районундагы айыл аймактардагы көйгөй эмес. Кыргызстанга тиешелүү болгон бул көйгөй өзгөчө COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өтө курчуп кетти. Багыш айыл аймагынан чет өлкөгө жумуш издөө максатында кетип жаткан мигранттардын саны кескин көбөйүүдө. Болжолдуу түрдө айыл аймакта жашаган калктын дээрлик ар бир үйдөн бери дегенде бир адам чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Мисалы, 2021-жылы Багыш айыл аймагында эмгек мигранттарынын саны 3 700 – 3 800 адамды түзгөн, бирок бул сандар жыл сайын өзгөрүлүп турат. Алар кандай көйгөйгө туш болушкан? Эч кандай маалымат албай, даярданбай эле, таанышы чакырса, билет алып учуп кетип, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, кээ бири кайра келүүгө мажбур болушкан. Балдарын эч ким менен келишим түзбөй, тааныштарына таштап кеткен ата-энелер да болгон. Маалымат албай туруп, кымбат баага билет алып Орусияга барганда, “кара тизмеге” түшүп калганын билип, кайра учуп келген мезгилдер көп катталган. Кээ бирлери жарнамалардан окуп алып, ал жерге барганда, андай ишкана жок болуп чыккан. Бул көрүнүштөрдүн натыйжасында азыркы кымбатчылык учурда жашоочулардын экономикалык абалын начарлатып, жумушсуздук көбөйүп, жаш үй-бүлөлөр бузулуп, элдин эртеңки күнгө жана келечекке ишеними жоголуп бара жатканы байкалууда.

Көйгөйдү чечүү үчүн эмнелер жасалды?

Жогоркудай көйгөйлөрдүн алдын алып азайтуу максатында Багыш айылдык аймагында 2019-жылдын 25-февралындагы №14 буйруктун негизинде Кичи коомдук кеңеш (ККК) түзүлгөн. Пандемиядан улам 2019-202-жылдары толук ишке ашырылбай, 2021-жылы тиешелүү деңгээлде жүргүзүлө баштады. Анын курамында 17 жаран бар: айыл өкмөтүнүн кызматкерлери (айыл башчылары) - 11 киши; күч органдын өкүлдөрү - 1 киши; паспорт столдун кызматкери - 1 киши; мектептерде социалдык педагогдор - 1 киши; айлдык кеңештин депутаттары - 1 киши; ички коомдук уюмдар (аялдар, жаштар, уюмунан) - 2 киши. Кичи коомдук кеңеш тарабынан жеңилдетүүгө багытталган миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында жыл ичинде (450-500 адам менен) төмөнкүдөй иштер жасалды: 

  • Атайын жылдык план түзүлгөн, ар кварталда бир жолу отурум өткөрүлөт, мигранттардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын абалын жакшыртуу максатын көздөйт. 
  • Ар айда 9 айыл боюнча мигранттардын келип кетүүлөрү талданат. 
  • Мигранттарга консультациялар жана даректер жазылган таратмалар берилет (колдонмолор, визиткалар, байланыш маалыматтары жазылган уюмдардын даректери – “Карылардын ресурстук борбору” Коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган). 
  • Айыл аймак боюнча мигранттардын балдарынын базасы түзүлүп, компьютерге киргизилди. Базада 987 мигранттын балдарынын тизмеси жана дареги камтылган.
  • Ата-энеси чет жакка кетип, балдары туугандарында калган 27 үй-бүлө кооптуу деп аныкталып, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкери менен бирдикте иш алып баруунун негизинде эки үй-бүлө кооптуу деген тизмеден чыгарылды. Орусиядан апасы чакыртылды. Азыркы мезгилде мигранттардын балдары жашап жаткан ар бир үй-бүлөнү камкордукка алуу боюнча иш алып барылууда. Ар бир үй-бүлөгө айыл өкмөтү тарабынан буйруктар чыгарылган.

Чыгымдар

Иш жүргүзүүгө бардык тараптар жардам берип, айыл өкмөт тарабынан кабинет бөлүнүп берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине мамлекеттик социалдык заказ боюнча долбоор жазылып, ал колдоого алынып, 900 миң сомго компьютер техникасы каржыланды. Калган бардык чыгымдарды (канцелярдык товар, таратмалар, буклеттер, визиткалар) “Карылардын ресурстук борбору” каржылады (ай сайын 4 000 сомдун тегерегинде бөлүнүп турат).

Экономикалык натыйжалуулугу

Кичи коомдук кеңештин 2021-жылдан бери жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде мигранттардын эсебинен түшкөн каражат 5 пайызга жогорулады. Ошондой эле мигранттардын “кара тизмеге” түшүүсү 30 пайызга төмөндөдү.

Социалдык натыйжалуулугу

Жергиликтүү калк мигранттар жөнүндө тартылган социалдык ролик менен таанышып, анын негизинде үй-бүлөлөрдө чыр-чатактар, бала төрөө жана ажырашуу тобокелдиктери азайды. Мигранттардын 987 баласынын базасы түзүлдү. 27 үй-бүлө кооптуу деп аныкталып, алар менен Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Багыш айыл өкмөтүнүн адистери иш алып барууда. Сыртка кетүүгө даярданган адамдар үзгүлтүксүз маалыматка ээ болушууда.

Административдик натыйжалуулугу

Мигранттардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жөлөкпул, социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрү өңдүү базалык кызматтарды алууга айыл өкмөтү жакшы шарт түздү. Ошондой эле мигранттардын үй-бүлөсүнө жакыр үй-бүлө деген статус алууга мүмкүнчүлүк берилди. Экономиканы өнүктүрүү боюнча окууларга катышып, аймакта жашаган мигранттардын жашоосунда өзгөрүүлөр болду. 130 үй-бүлө окуудан өтүп, күнөскана менен болжолдуу түрдө 20 үй-бүлө ишкердик алып барууда. Натыйжада үй-бүлөлүк киреше 2-3% жогорулады.

Катышуучулардын пикирлери

Айыл өкмөт башчысынын орун басары ЖОЛБОРСОВ Узакбай: “Кичи коомдук кеңештин түзүлгөнү абдан жакшы болду. Аймак боюнча мигранттарга Кичи коомдук кеңеш үзгүлтүксүз, туура маалымат берип иштеп жатат. Мигранттар менен иштөө оор, анткени алар көп учурда угуп, туура кабыл алып иш алып барбайт, акча бергиле деп эле туруп алышат. Ошондой үй-бүлөлөр менен Кичи коомдук кеңеш иштеп, мигранттарга мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып, балдар менен ата-эне кандай мамиле түзүш керектиги тууралуу түшүндүрүп берип жатышат. Биз да колдоп, бардык шарттарды түзүп берип турабыз”.

Бенефициарлардын пикирлери

Мигранттын апасы ЮСУВАЛИЕВА Миргүл: “Менин балам достору айтканбы же жарнамадан көргөнбү, айтор Кореяга жумушка чакырган жарыяны окуптур. Барып иштейм дегенде, биз макул болдук, бирок айыл өкмөттө жайгашкан Кичи коомдук кеңешке бир кайрылып кет деп кеңеш бердик. Эртеси барып кайрылса, адистер тактоочу суроолорду берип сураштырса, ал заводдун жабылганына бир ай болгондугу анык болуп чыкты. Ошентип балам барбай калган. Бул маалыматты тактап, анын анык-төгүнүн билгенге Кеңештин жардамы абдан чоң болду”. Жергиликтүү ЧУАлардын, ЖӨБ органдарынын программаларынын жана жарандардын артыкчылыктарына шайкештиги. Айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын түзгөндө, анын бир бөлүгүндө мигранттар менен иш алып барууну камтуу сунушталган. Ал сунуш айыл өкмөтү, депутаттар тарабынан колдоого алынып, айыл аймактын 2020-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген. “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, 2021-жылдын 29-январы ПЖ №4 Кайра келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча Колдонмо даярдалды (Эл аралык миграция уюму тарабынан чыгарылган).

Каталар жана алынган сабактар

МАШАЕВА Анаркуль, Аялдар коомитетинин төрайымы: “Миграция боюнча атайын министрликтин же өкүлчүлүктүн жоктугунан улам көптөгөн маалыматтарды мигранттарга туура жана өз убагында жеткире албай жүрдүк. Мигранттардын көйгөйү боюнча кайрылуубузду эч ким кабыл албагандыктан, натыйжалуу иш жүргүзүү башында оор болду. Бул тажрыйба токтобой, айыл аймакта уланышы зарыл. Анткени миграция өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө таасирин тийгизген олуттуу фактор экендигин эске алып, мигранттар кайра келгенден кийин аларды коомго реинтеграциялоонун зарылдыгына көңүл бурулмакчы. Мисалы: жумушка орноштуруу; социалдык жөлөкпул; маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу; медициналык (анын ичинде психологиялык тейлөөлөр); экономикалык тейлөө; укуктук тейлөөлөр. 

Окшош материалы: